presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Тарбия сааты

Кыргыздагы 7 сан
Сабактын максаты:
а) Кыргыздагы сан маанилери эмнени түшүндүрөөрүн чечмелөө;
б) Окуучуларга 7 санынын кыргыз элинде ээлеген ордун көрсөтүү;
в) Элдик адатты сактоого, сыйлай билүүгө үйрөтүү.
Сабактын жабдылышы: Түстүү сүрөттөр, плакаттар, макалдар.
Сабактын жүрүшү:
1. Кыргыздын жети саны эмнени билдирет?
- "Манас" эпосунун жети осуяты;
- Жети атаң;
- Бир жумада жети күн;
- Жетинин бири кыдыр;
- Адам каза болсо, жети күнүн белгилейт.
Жети жок нерсе, алар:
- Көлдө көпүрө жок;
- Асманда тирөөч жок;
- Ташта тамыр жок;
- Балыкта тил жок;
- Жыланда бут жок;
- Жылкыда өт жок;
- Кушта сүт жок.
Мына балдар, силер билген жети деген санынын дагы бир жагын ачып көрөлү.
Жети саны кыргыз элинде дагы төмөнкүдөй мааниге ээ экен.
1. Манас - кыргыз сыймыгы.
2. Ысык-Көл - кыргыз бермети.
3. Ак калпак - кыргыз келбети.
4. Боз үй - кыргыз бермети.
5. Комуз - кыргыздын "Чоң кербези".
6. Жылкы - кыргыздын канаты.
7. Сөз - кыргыздын санжыралуу казынасы.
Кыргызстан - жашыл жери, жашыл бакча жергеси,
Жайыт төрү, дан талаасы сан байлыктын энеси.
Кен казынасы, көл сулуусу, тунук суунун атасы.
Ак пейилдин, мартчылыктын, ырыскынын кемеси.
Гүлзада:
Кыргызстан - соолук айлы, таланттардын эшиги,
Тунук акыл, чебер колдун түгөнбөгөн кесиби.
Заманына, өз калкына ой-пикири санаалаш,
Кыргызстан - ыр калаасы, рахаттын бешиги.
Ыр: "Кыргызстан"
Мугалим: Кыргыз элинин маданияты миңдеген жылдардан бери өсүп келе жатат. Ар бир сандын өз мааниси бар. Ошол сандардын бири - 7 саны. Кыргыз эли барктаган 7 санынын ээлеген ордуна көңүл коюп, алардын ордун карап көрөлү.
Кыргыз эли дүйнө элине зор Манасты, Токтогулдай ырчыны, Толубайдай сынчыны, Карамолдодой комузчуну, Саякбайдай манасчыны, Чыңгыздай залкар жазуучуну берип отурат.
Тилин да, дилин да сактаган кыргыз эл кылымдан кылымга кала турган илим менен билимин, маданиятын, искусствосун, ата-тегин, баба мурасын жоготпой келет.
Ислам:
Бийикти жайлайт кыргыздар,
Бийикте бийик турмуш бар.
Көйкөлүп жатсаң бийикте,
Көрүүгө болбойт ким куштар.
Мугалим: Бийикти жайлап жаткан кыргыз элинин калтырып кеткен 7 санына кезек берели.

1. "Манас - кыргыз сыймыгы"
Мээрим: Эр жигит деп эл четинде туулган,
Калкан, найза жоо бетине сунулган.
Бабам Манас калкып чыккан күнгө окшоп,
Ала-Тоодой чеп өңдөнүп жаралган.
Кымбат: Зор Манас көлөмүнө жетпес ченем,
Чарчабай үч күн айтса түгөнбөгөн.
Кыргызды дүйнө элине тааныткан да,
Чынында алп Манастын күчү белем.
Айжамал: "Манас" эпосунун эң негизги идеясы: калайык калкты ынтымакка, биримдикке чакырат, жаштарды ажал менен өлүмдөн коркпой, нечен кан төгүлгөн кармаштарды, кызыл кыргын согуштарды баштан кечирип, кылымдардан бери ата-бабалардан мураска калган эл-жерди коргоого, сактоого үндөйт.
Эрбол: Ата-бабалардын баа жеткис байлыгы катары бизге мураска калган "Манас" эпосу дүйнөдө көлөмү, мазмуну, маңызы жагынан теңдешсиз чыгарма экенин баарыбыз билебиз.
Мээрим: Ал дүйнөдө атагы чыккан гректердин "Илиада" менен "Одиссеясын" кошконунда 20 эсе, индустардын "Маxабxаратынан" эки жарым эсе, фарсы тилиндеги "Шаxнаамеден" 5 эсе, Карелфин эпосу "Калевалдан", армян эпосу "Давид Сасунскийден" 5 эсе чоң.
Гүлзада: Унутулбайт улам кыргыз конушу,
Күү коштогон комузумдун добушу.
Миң жыл эмес миң кылымга айтылаар,
Ай ааламга Саякбайдын жомогу.
Хор: Эр Манас!

2. Ысык-Көл - кыргыз бермети
Мугалим: Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун,
Толкуса толкунуна мен ортокмун.
Турмушта канча жолдош күтсөм дагы,
Бир сырдуу мындай жолдош күткөн жокмун.
Майрамбек: Көл эне деп, Ысык-Көлүм аталган,
Касиетин анын айтса түгөнгүс.
Бабам Манас көл берметин жактырып,
Бир боорундай тумар туткан бөлүнгүс.
Нурсултан: Ысык-Көл кыргыз көлдөрүнүн эң чоңу. Анын тереңдиги 668 метр, узундугу 182 км.
Көл эне деп кыргыз элим пааналап,
Кут төгүлгөн кылым жашоо өткөргөн.
Карегимдей мөлтүрөгөн Ысык-Көл,
Ооба сени адам болбос сүйбөгөн.
Мирбек: Касиеттүү көл энеси - Ысык-Көл,
Сенден канча айкөл уулдар төрөлгөн.
Заман изин оо, аталар карыткан,
Басып өткөн жолдоруна көңүл бөл.
Ыр: Ысык-Көл

3. Ак калпак - кыргыз келбети
Мугалим: Ала-Тоону жердеген,
Ак калпак кыргыз эл деген.
Атадан калган салты бар,
Ак калпак кыргыз калкы бар.
Айдар: Ак калпакты мен кийген,
Арнап тиккен чоң энем.
Көп баш кийим ичинде,
Көрктүү мындай жок экен.
Алина: Бапестелип жасалган,
Баркыт менен кыйылып.
Буюм жок дейт чоң энем,
Баш кийимден эң ыйык.
Илгиз: Жерге аны таштабайм,
Өйдө илем жатарда.
Баш кийимди барктаган,
Окшошомун атама.
Рамил: Ак калпактын алгачкы түрлөрүн байыркы парзы тарыxый булактарына кирген "Өгүз" эли кийген.
Санжар: "Өгүз" деген бара-бара кыргыз деген эл экендиги тарыxта белгилүү болду.
Алтынбек: Калпак ата-бабабыздын Хантеңири Ала-Тоого окшотуп, кыргыз сактап келген - ыйык мурас.


4. Боз үй - кыргыз бермети
Мугалим: боз үйдү кыргыз жасаган,
Боз үйдө кыргыз жашаган.
Боз үйдө туулуп, төрөлгөн,
Боз үйдөн өнүп, көгөргөн.
Айзада: Боз үйдүн ууктары ийилчээк талдан жасалат. Керегесин көчүп конууга ылайыкташтырып, бүктөмө кылып жасашкан.
Илгиз: Боз үй кереге, уук, түндүк, босогодон, бакандан турат, жабууларын кийизден жасашат.
Сымбат: Алты канат ак боз - үй,
Алда кайда көрүнгөн.
Кыюуланып жиптери,
Кызыл жүндөн өрүлгөн.
Гулнар: Керегеси арчадан,
Керип толгоп канча адам.
Кыдырата кошоктоп.
Кынапталып жасалган.
Гүлнур: Кырк уук түндүк көтөрүп,
Керегеге чырмалып.
Сыртынан чий курчалып,
Кыраакы көздөн сындалып.
Мээрим: Туурдуктары жабылып,
Тулгага от жагылып.
Комуз менен коштолуп,
Турмуш кирет агылып.


5. Комуз - кыргыздын "Чоң кербези".
Мугалим: Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз.
Чертилбейт, күүгө келбейт, чебер колсуз.
Опоңой, көргөн көзгө жөпжөнөкөй,
Бирок да өнөрү бар айтып болгус.
Нурбол: Жөпжөнөкөй үч кылдуу,
Күүгө келбейт негедир.
Кумардануум күчтүүбү,
Төгүлчүдөй кээде ыр.
Тилек: Керегеде илинүү,
Комузду алам акырын.
Кантип билем тилиңди,
Жетпей койду акылым.
Ажар: Жаратылыш ырын ук,
Жаның менен берилип.
Каның менен жуурулуп,
Күүлөр келет терилип.
Жатпа үйдө эринип.

6. Жылкы - кыргыздын канаты
Мугалим: Кыргыз эли илгертеден бери баалап келген баалуулуктун бири - Камбар Ата тукум.
Калыбек: Кыргыз эли жылкы тукумун согушта, көчкөндө гана эмес элдик "Кыз куумай", "Оодарыш", "Тыйын эңмей", "Ат чабыш", "Көк бөрү", "Жорго салыш" оюндарында пайдаланып келишкен.
Алина: С ымбат көркү бир башка.
Суурулуп чыкты ак кашка.
Даңкын жарат туягы,
Жаралгандай чуркашка.
Сайкал: Минген аты карылуу,
Туяктары жер оюп.
Карап турат калың эл,
Сыймыктана көз тоюп.


7. Сөз - кыргыздын санжыралуу казынасы
Мугалим: Сөзүнө баа беребиз,
Алтынга да теңегис.
Окуп-окуп сөздөрдү,
Кубат алам ченегис.
Кайрат: Жакшы көргөн досунан, жан аяган жигитпи?
Эл четине жоо келсе, жан аяган жигитпи?
Дастан: байлыкты эмгектен изде,
Теңдикти күрөштөн изде.
Кайрат: Туура сөз темирди тешет,
Өткүр сөз кылычты кесет.
Тилек: Сүт менен бүткөн нерсе,
Сөөк менен кошо кетет.
Гүлзада: Мурун чыккан кулактан, кийин чыккан мүйүз озуптур.
Сымбат: Ачка отургандан көрө айранга нан чылап жеген жакшы.
Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат.
Мээрим: Өз эне тилин унуткан, өз энесин да унутат.
Колуң менен бирди, акылың менен миңди жеңесиң.
Мугалим: Жети атаң ал сенин, ата-бабаң түп тегиң.
Кимиси жакшы, ким кандай,
Үрп-адатын аңдабай,
Калыптанбайт эртеңиң.
Жети атаңдын сүрү бар,
Жакшысын иргеп, үлгү ал.
Тегиң чыкса жакшы эгер,
Жаман болбойт түбү ал.
Кана балдар, биз бүгүнкү сабакта ата-бабаларыбыздан бизге калган 7 санынын кандай мурастары менен тааныштык? Эмне үчүн бизге 7 деген сан ыйык сан катары таанылат экен?
Үйгө тапшырма: кыргызда 40 деген сан эмнени билдирет? Анын кандай мааниси бар экенин билип келгиле.

Калия Тойгонова,
Каракол шаары, №5 орто мектеби, Эл агартуунун отличниги.










??.??