Пикир

Жаш мугалимдин интеллектуалдык деңгээли жана келечеги
Интеллект - бул адамдын акылы, кишинин ойлоо жөндөмдүүлүгү, кандайдыр бир иштин өтөөсүнө чыгуу үчүн аң сезимдүү жасалган аракет.
Интеллектуалдуулук - акылга, кишинин ойлоо жөндөмдүүлүгүнө таандык категория.

"Билимдүүнүн түнү - күн, билимсиздин күнү - түн" деген сөздүн мааниси абдан тереңде жатат эмеспи. Анткени биз, педагогдор балдардын сабатсыздыгын жойсок, билим берсек, өнүктүрсөк, тарбияласак келечекте коом үчүн пайдалуу инсан болуп жетилсе гана бул сөздүн маани-маңызы ачылат. Андыктан окутуп үйрөтүүнүн формасы катары сабак негиз кылып алынган. Билим берүү, тарбиялоо, өнүктүрүү педагогикадагы эң негизги багыттар же окутуудагы башкы максат экендиги бизге белгилүү. Окутуу, билим берүү жөнүндө сөз болуп жаткандан соң, сөзсүз мугалим жөнүндө, анын окутуп тарбиялоодогу ролу, ишмердүүлүгү, интеллектуалдык деңгээли, келечектеги коомдогу орду жөнүндө кеңири сөз кылууга кеп кезеги келип турат. Англиянын ойчулу А.У.Ульямдын мугалимдин интеллектуалдык деңгээлине жана ишмердүүлүгүнө карата айткан мындай сөзүн айтпай коюуга болбос: "Катардагы мугалим айтып берет, жакшы мугалим түшүндүрөт, алдыңкы мугалим көрсөтүп да берет, улуу мугалим - шыктандырат" (Г.Мадаминов, Устаттык өнөрү, Б., 2006).
Демек мугалимдин жөнөкөйү жок турбайбы, жок эле дегенде ал айтып берет турбайбы. Ал эми бүгүнкү мугалимдердин, анын ичинен жаш мугалимдердин интеллектуалдык деңгээли кандай?
Бүгүнкү күндүн мугалими ал жашыруун деле болбой калды, мугалим-дыйкан, мугалим-фермер, мугалим-бизнесмен, мугалим-коммерсант ж.б. базар экономикасы ушундай жагдайда аргасыз кылып койду. Чындыгында, кийинки кездерде билим берүү, окутуп тарбиялоо, өнүктүрүү жараянында бир топ оош-кыйыштар болду. Кандай шартта болсо да мугалим ошол эле чыгармачыл, кайрымдуу, таланттуу тарбиячы инсан бойдон кала бермекчи. Ошентсе да мугалимди мугалим кылып турган түбөлүктүү куралы - анын өз билимин туруктуу өркүндөтүүсү, ар дайым күндөлүк сабакка болгон даярдыгы, баланы инсан кылып калыптандырууда өзүнүн интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуусу жана күндөлүк сабакка болгон даярдыгы. Анткени ал күн сайын жумушуна күндөлүк сабактын иштелмеси менен келүүсү зарыл. Бул ишмердүүлүк чыгармачылык салтка айлануу менен жаш мугалим үчүн салтка айлануу керек. "Бир сабакка даярдануу, бир чоң чыгарма. Андыктан мезгилден артта калбай, билим алуу, мугалимдин бүтүндөй өмүрүнүн агымында өз билимин жаңылантып туруусу - бүгүнкү ыкчам өнүгүп, барган сайын глобалдашып бараткан дүйнөдө инсандын материалдык жана руханий байлыгын камсыз кылуучу негизги тетигине, билим берүүчүлүк чечүүчү максаты менен талабына айланып отурганы тегин жерден эмес". ("Кутбилим", 10.04.09)
Мейли мектеп окуучусу болсун, мейли ал студент болсун анын келечегине ата-эне менен кошо биз да жооптуубуз. Анткени биз балага билим берүү менен гана чектелбей, анын тарбиялык деңгээлин да жөнгө салуу, аларды тарбиялоо милдети бизге да тиешелүү экендигин унутпасак. "Тарбиячы эң биринчиден өзү тарбияланган болуусу керек", - деген сөз жөн айтылбаган чыгар.
Эгерде жаш мугалим өзүнүн үстүндө талбай изденсе, балдарга билим берүүнүн жаңы технологияларын эң жакшы өздөштүрө алган болсо, дүйнөгө болгон көз карашы жогорку интеллектуалдык деңгээлде болсо, анда анын колундагы тарбияланып жаткан окуучу же студент заман талабына шайкеш келген жаңы доордун анык ээси болуп чыгышы айдан ачык. Чыгаан педагог В.Ф.Шаталовдун: "Мугалим менен окуучулардын ортосундагы байланыш күн сайын бекемделип барат, эгерде мугалим ар күнү жаңы маалыматтар менен куралдана алган болсо гана", - деген сөзү буга далил болгондой.
Жаш мугалимдердин интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү маселеси учурдагы эң актуалдуу маселелерден болуп калууда. Ал үчүн мугалимдик кесиптин статусун кайрадан карап чыгуу, андагы айрым бир мамлекеттик деңгээлдеги аткарылып жаткан иш-чараларды эсепке албаганда анчалык эле көңүл бурулуп жаткандыгы байкалбайт. Же мугалимдер үчүн кандай коммуналдык кызматтар иштеп жатат, кандай кошумча төлөм акылары бар? Жаңыдан окууну аяктаган жаш педагогдун иштөө ынтызаары болуп турса да, социалдык абалына байланыштуу өзү сүйүп тандап алган кесибин убактылуу болсо да таштоого аргасыз, анткени азыркы базар экономикасы каражат маселеси менен тыгыз байланышта.
Келечектеги жаш педагог кандай болушу керек деген ой ар бир эле коом үчүн күйгөн инсандын оюнда болсо керек, андагы анализ жасоого аракет кылып көрөлү. Келечектеги жаш мугалим мыкты мугалимдик касиетке ээ болгон, адамдын жан дүйнөсүн окуй билген, терең психолог жана алысты алдын ала көрө билген кыраакы адам болушу керек, ар бир окуучунун мүнөзүнө кызыгуусуна, билим деңгээлине, түшүнүгүнө карай мамиле кылып, өзүнүн таасирдүү курч сөздөрү менен башка мугалимдер окуй албайт деп үмүтүн өчүргөн баланын да сезимин ойготуп, сабакка болгон каалоосун арттыра билүүсү керек. Же болбосо орустун улуу педагогу Сухомлинский айткан: "Эгер мугалим окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыра алса, анда ал чыныгы мыкты мугалим деген атка татыктуу", - деп баса белгилеп өткөн акылман кебине арзырлык деңгээлде болуусу зарыл.
Бүгүнкү жаш педагогдордун арасында интеллектуалдык деңгээли учур талабына жооп бере албай тургандары да кездешет. Алардын баш көтөрбөй окуп жатканын көрүүгө болот, бирок алган билимин практика менен айкалыштыра албаса, аны айкалыштыруунун технологияларын тажрыйбалуу билим мугалим үйрөтүп барбаса билим берүү жарыянын ишке ашырууда абдан татаал процесске дуушар болушу анык. "Миң күн баш көтөрбөй окугандан көрө, бир күн билги мугалимден сабак ал", - деп айтылат жапан макалында. Тилекке каршы, бардык эле мугалимдер билги боло бербейт. Билги мугалимдин интеллектуалдык деңгээли да жогору болот. Ал өзү ары жагынан тубаса педагог, өз кесибин жана окуучуларын сүйгөн эмгекчил, чыгармачыл, деги койчу көптөгөн чымырканган эмгектин натыйжасында пайда болот. Бүгүнкү тарбиялоонун идеологиясына айланган Манастын жети осуятынын биринде: "арыбас мээнет-алдыңкы өнөр-билим аркылуу бакубат дөөлөткө умтулуу", - деп айтылгандай, биринчиси, эмгекчил мээнети, экинчиси ардактуу өнөрдүн ээси, дагы бири кадырлуу, түйшүктүү, бирок сыймыктуу кесиптин ээси болуусу керек. Келечек жаштардан көп нерсени талап кылат. Алардын бири улам коом илгерилеген сайын илим менен техниканын жогору карай өр алышы, окутуунун, билим берүүнүн технологияларынын татаалдашына алып келет. Бүгүнкү жаш мугалимдер көптөгөн эл аралык деңгээлдеги долбоорлор: "Айылдык билим берүү", "Сынчыл ойломдорду өстүрүү үчүн окуу жана жазуу", "Социалдык өнөктөштүк", "АИКС", "ЮСАИД" ж.б.у.с. сунуштаган инсанга багытталган окутуунун жана дүйнөнү таанып билүүнүн инновациялык технологиялары жана интерактивдүү ыкмалар менен педагогикалык ишмердүүлүктү же интеллектуалдык деңгээлди жакшыртуу учурдагы кечиктирилгис зарыл маселелерден болуп кала берүүдө.
Президентибиз К.С.Бакиевдин "Маданий өз алдынчалык улуттун интеллектин туруктуу өнүктүрүү, коомубуздун негизги дөөлөттөрүн сактоо" жөнүндөгү милдеттин ыңгайынан караганда учурдагы жаш адистердин адистик жеке интеллектуалдык деңгээлин коомдун өнүгүү багытына жараша өнүктүрүүгө мезгил жетти.
XXI кылым - адамдын, анын адамдык касиеттери менен сапаттарын өнүктүрүүнүн кылымы, адеп-ахлактын жана маданияттын кылым болууга тийиш, сандык өсүштөн сапаттык өсүшкө өтүү аба менен суудай зарыл.
Жаш педагогдордун келечектеги образы адабий чыгармалар менен да түздөн-түз байланышат. Мына ушундай чыгармаларды жараткан, бир эле мезгилде педагогикалык билимди байытууга да салмактуу салым кошкон жазуучулардын катары бир топ эле. Алардын көч башында Айтматовду айтууга болот. Анткени анын жаш мугалимдин интеллектуалдык деңгээлин байытууга негизделген адам уулун Адам кылууга багытталган ийгилигинин, ой санаасынын чалыкпас чакырыктарынан жандуу демин, жылуу илебин байкоого болот. Мен өз баяндамамды жаш мугалимдердин келечектеги багытын Чынгыздын чыгармаларындагы каармандар Дүйшөндүн, Алтынайдын, Майсалбектин ж.б.у.с. жандуу образдардын байсалдуу жүрүшүнө барууну каалар элем. Биздин арабыздан балдарды жанындай сүйгөн биринчи мугалим Дүйшөндөр, мугалимдик кесипти искусствого салыштырган мугалимдердин мугалими Бекбоевдер, жүрөгүн балдарга арнаган Сухомлинскийлер, элдик мугалим атыккан Исаковдор жана башка дагы-дагы ушул сыяктуу улуу инсандардын жолун жолдогон интеллектуалы жогору жаштардын катарын толуктоо келечектин милдети. Сөзүмдүн акырын төмөндөгүдөй дил кайрыктарында мугалимдин ким экендигине бир аз болсо да жооп берүү менен аяктоону чечтим:
Мугалим ким?
Бакыт нурун чачып турган.
Ал инсан бала десе шашып турган.
Мугалим ким?
Албан эмгек жаратуучу,
Акылын ак кагазга жазып турган.
Мугалим ким?
Таланты мол ташып турган.
Тартынбай таптак сөзүн айтып турган.
Мугалим ким?
Чыгармачыл чыгаан инсан,
Чымырканып чын дилинен эмгек кылган.




Кыргыз Республикасынын
билим берүү жана илим министрлигине
Кайрылуу

Урматтуу Абдылда Инаятович!
Биздин райондо 2009-жылдын 23-24-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин комиссиясы тарабынан өткөрүлгөн текшерүү жөнүндө райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматчылары, мектеп жана мектепке чейинки мекемелердин жетекчилери текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча өзүбүздүн ой-пикирибизди билдирүүнү туура көрдүк.
Бул текшерүүнүн максаты райондук билим берүү бөлүмүнүн, анын мекемелеринин иштерин объективдүү карап баалоонун ордуна жалаң кандайдыр бир кемчилик жактарын изилдөө менен чектелгендей туюлду.
Комиссиянын тактамасында көрсөтүлгөн фактылар Бакай-Ата районундагы жүргүзүлүп жаткан окуу-тарбия жумуштарынын жүрүшүнүн жыйынтыгын белгилебейт жана дал келбейт. Атап айтсак, комиссия бир эле мектептин кемчиликтери же жетишкендиктери менен райондун баардык мектептеринин ишин баалоого мүмкүн эмес эле. Тактамада көрсөтүлгөн фактылар негизинен окуу-тарбия, усулдук, уюштуруу жумуштарынын эмес, чарбалык маанидеги иштерди камтыйт. Мисалы, компьютерлердин чаңы, менюлардын бекитилбегендиги, класстардагы инструкциялардын жоктугу, өрт коопсуздугуна колдонулуучу куралдардын жетишсиздиги, кабинеттердеги табличкалардын жоктугу көрсөтүлгөн. Айрым кемчиликтер "Билим берүү" мыйзамынын талаптарына ылайык мектеп жетекчилеринин түздөн-түз күнөөсүнөн эмес, жергиликтүү бийликтин, айыл өкмөттөрүнүн өз милдеттерине жакшы көңүл бурбай жаткандыгын гана көрсөтөт. Атап айтсак, мектептердин таза суу менен камсыз болбогондугу, тряпка, самын жана идиш жуугуч каражаттарынын жоктугу, ашпозчулар үчүн идиш-аяк, муздаткычтар жетишсиздиги жана тамак бышыруучу мештердин курулбай жаткандыгы менен эле эмес, башка толгон-токой шарттардын түзүлбөгөндүгү менен далилденет.
Мектепке келген комиссия мектептин профессионалдык ишине, иш кагаздарын толук карабай, аткарылып жаткан жакшы иштерди белгилебей, үстүртөдөн эле карап, майда-чүйдө маселелерге көңүл буруп, бир жактуу жыйынтык чыгарышкан.
Мектептердеги ички жана тышкы көзөмөл мектеп администрациясы тарабынан үзгүлтүксүз билим берүү системасынын жогорулатуу талабына ылайык эле жүргүзүлүп жатат. Ошол эле мезгилде мектепте окуучулардын сабакка катышуусу боюнча айыл жерлериндеги мектептер үчүн жазгы талаа жумуштарына байланыштуу объективдүү кемчиликтер да бар. Биз ошол кемчиликтердин үстүнөн мектеп коллективи менен бирге баардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшап, иштеп жатабыз.
Ал эми тактамада көрсөтүлгөн фактылар райондогу пландуу иштерди жүргүзүүгө чоң көрсөткүч эмес деп ойлойбуз.
Биздин райондогу жүргүзүп жаткан жакшы иштерди жаман жагынан көрсөтүүгө аракет кылып жаткан айрым райондук билим берүү тармагындагы ушакчы, арзакөй арызчылардын арыздарын негизсиз деп эсептейбиз. Булардын катарына Нарикбай орто мектебинин мурдагы директору, соттолгон - Стамова К., Тойчубеков орто мектебинин мурдагы директору, соттолгон - Осмонбеков К., мектепте иштебеген тарых мугалими - Кудайбергенова К. жана райондук билим берүү бөлүмүнүн мурдагы башкы адиси, азыркы учурда соттолуп жаткан - Сапаралиев Анарбектер кирет. Булардын максаты райондогу иштин оңолушу эмес, билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Орозалиевди жумуштан кетирүү болуп саналат.
Тактамада көрсөтүлгөндөй, булардын көптөгөн арыздарынын айынан окуу тарбия иштери төмөндөп, кырдаал бузулган деле жок. Тескерисинче, мектептерде тартип пайда болуп, стабилдүүлүк оңолуп, окуу тарбия иштери дагы жакшы жагына өзгөрүүдө. Акыркы 2 жылда биз иштеп жаткан райондук билим берүү тармагында билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кенжалы Орозалиевичтин жетекчилиги менен мектептердеги иш толук оң жолго түштү деп ишенебиз. Анын иш билгилигинен жана уюштуруучулук жөндөмдүүлүгүнүн натыйжасында мурда кетирилген кемчиликтер жоюлуп, иш кагаздарынын жүрүшү билим берүү системасынын талаптарына ылайык келтирилип жатат. Табель, тарификациялардын, штаттык бирдиктердин, ошондой буйруктардын жүргүзүлүшү талапка ылайык болду. К.Орозалиев келгенден бери билим берүү тармагында тартип жана усулдук иштер иретке келтирилди. Биз анын жүргүзүп жаткан алгылыктуу ишин колдойбуз жана биздин кайрылууну колдоп берүүнү Сизден дагы суранабыз.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери мектеп жана мектепке чейинки мекемелердин жетекчилери,
28-май 2009-жыл.