Кадр саясаты

Акунжан Абдрашев:
"Мамлекеттик кызматтын жоопкерчилиги жогору"
Абдрашев Акунжан Баказович Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы кызматында 2006-жылдын апрель айынан бери иштеп келатат. Мамлекеттик кызматтагы жалпы иш тажрыйбасы 31 жылга аяк басты, анын ичинде билим берүү тармагында эмгектенгенине 27 жыл болду. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Билим берүүнүн отличниги, профсоюз кыймылынын отличниги, Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу.

- Акунжан Баказович, мамлекеттик башкаруу органында статс-катчынын негизги милдеттери кандай?
- Ар бир мамлекеттик органдын ишмердигинде өтө орчундуу болуп саналган көп милдеттер статс-катчыга жүктөлгөн. Бул биринчи кезекте мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу милдети болуп саналат. Ошондой эле статс-катчы министрликтин аппаратынын туруктуу жана натыйжалуу иштешин камсыз кылып, эмгек жамаатынын ичинде иштиктүү атмосфераны түзүп, ар кыл кызыкчылыктардын кагылышына, ар кандай эрегиштерге жана мамлекеттик кызматтын этикасынын бузулушуна жол бербеши керек. Бул функция кадрларды даярдоо, тандоо, бөлүштүрүү жана алардын кесиптик даярдыгын жогорулатуунун натыйжалуу системасын камсыз кылуу менен ишке ашырылат. Бош кызмат орундарына кесипкөй адистерди тандап алууга сынактарды уюштуруу да ушул милдеттерге кирет. Мындай иш ыкмасы кызматкерлерди жакшы иштөөгө шыктандырып, мамлекеттик кызматтын кадыр-баркын көтөрүүгө, бош кызмат орундарына тандап алууда таза атаандаштыкка өбөлгө түзөт.
- Билим берүү жана илим министрлигинде статс-катчынын ишинин кандай өзгөчөлүктөрүн айта аласыз?
- Албетте, ар бир мамлекеттик мекеменин, анын ичинде биздин министрликтин дагы өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Бул биринчи кезекте министрликтин ишмердигинин өзгөчөлүктөрү, алган багыты жана башкарган мекеме-уюмдары менен байланыштуу. Биздин тармакта райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери дагы мамлекеттик кызматчылардын катарына кире турганын айта кетүү керек. Мектептерди жетектөө иши ушул райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт. Бүгүнкү күнү республика боюнча 2188 мектеп бар, аларда бир миллион 53 миң окуучу окуйт. Буларга коллеждер менен жогорку окуу жайларынын 250 миң студенти кошулат. Ошондуктан Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери жүргүзүп жаткан саясат, алар кабыл алып жаткан чечимдер өлкөбүздөгү он миңдеген жарандардын тагдырына таасир этет деп айтсак аша чапкандык болбойт.
Ар жума сайын министрликке ондогон, жүздөгөн каттар, арыздар, кайрылуулар келип түшүп турат, алар өз маалында каралып, тийиштүү чечимдер кабыл алынышы керек. Биринчи жарым жылдыкта эле министрликте 12,5 миң документ катталып, каралып, аларда козголгон маселелерди чечүү боюнча чаралар көрүлдү. Документтердин сандык көрсөткүчү боюнча биз министрликтер менен ведомстволордун арасында эң алдыңкы орундарда турабыз.
- Сиз шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн ишмердиги жөнүндө айтып өттүңүз. Билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматына жетекчилерди кандай жол жана кандай критерийлер менен тандап аласыздар?
- Бул кызматтарга талапкерлерди тандоо Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү" Мыйзамынын негизинде ишке ашырылат. Адегенде бош кызмат орундарына сынак республикалык гезиттерде жарыяланып, андан кийин талапкерлердин документтери кабыл алынат. Талапкерлер мамлекеттик кызмат боюнча мамлекеттик агенттиктин Тест борборунун базасында өткөрүлгөн тест сынагына катышат. Соңунда талапкерлер Билим берүү жана илим министрлигинде сынак комиссиясынын мүчөлөрү менен аңгемелешүүдөн өтүшөт. Сынак жол менен тандап алуунун бардык баскычы ачык-айкын болот, эч кандай тааныштыкка жана "жең ичинен" соодалашууга жол берилбейт. Эң биринчи талапкерлердин кесиптик иш тажрыйбасына, билим берүүнү башкаруудагы компетенттүүлүгүнө, жамаат менен тил табышып иштеп кетерине, сабаттуу, акылдуу чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүүлүгүнө карайбыз. Талапкерлердин жекече инсандык сапат-касиеттерин дагы эске алуу керек. Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларынын кызматына жетекчилерди тандоодо талапкерлердин чыйрактыгы, активдүүлүгү, эл менен иштөөнүн көзүн таба алгандыгы, салмак-сабырдуулугу да маанилүү роль ойнойт.
Бош кызмат орундарына тандоодо коюлган талаптар жеңил-желпи жол эмес экенин өткөрүлгөн сынактардын жыйынтыгынан эле көрсө болот. Мисалы, быйылкы жылы май айында райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларынын төрт бош кызмат ордуна 15 талапкерден арыз түштү. Албетте, сынак элегинен бардыгы эле өткөн жок, эң татыктуулары гана кабыл алынды. Министрликтин борбордук аппаратындагы бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоо дагы ушундай жол-жобо менен жүрөт. Соңку жолу сегиз бош кызмат ордуна 17 талапкер ат салышты. Биз алардын ичинен министрликтин аппаратына иш тажрыйбасы жетиштүү, камчы салдырбай иштеп кете ала турган адистерди тандап алдык деп ойлоймун.
Сынактын жогорку калыстык деңгээлинде өткөрүлгөнүн талапкерлердин дээрлик бардыгы өздөрү да белгилеп айтышты. Бул жерде биздин министрлик менен Мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин тыгыз иштешип, тандоонун биринчи баскычы болгон тест сынагын уюшкандыкта өткөрүшкөнү өтө маанилүү иш-чара болду. Мындан сырткары сынактарга аталган агенттиктин резервинде турган кадрларга да катышууга мүмкүнчүлүк бердик.
- Сынак жолу менен тандап алынган адамдар канча убакытка чейин иштей алышат жана аларды кызмат орундарында өстүрүп туруунун башка дагы кандай жолдору бар?
- "Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү" КР Мыйзамынын жоболоруна ылайык сынактын натыйжасы боюнча иштөө мөөнөтүнө чектөө жок, бирок ар бир үч жылда кезектеги аттестациядан өтүп туруу зарыл. Бул мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты туруктуу кармоонун дагы бир маанилүү кепилдиги болуп саналат.
Мындан сырткары мамлекеттик кызматчыларга иштеген жылдарына жана ийгилик көрсөткүчтөрүнө карап, министрлик тарабынан квалификациялык экзамендерди өткөрүү талапка ылайык. Ушул иш-чаранын натыйжасы боюнча аларга тийиштүү класстык чиндер ыйгарылат. 2008-жылдын ичинде ушундай экзамендер 54 райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн барында өткөрүлдү. Мындай масштабдуу иш-чара биздин тармакта биринчи жолу өткөрүлгөнүн белгилей кетүү менен анын билим берүү системасындагы кызматкерлердин макамын кыйла жогорулатып, кадр базасын чыңдоо жана алардын өсүп такшалып турушу үчүн кошумча стимулдарды жаратты десем туура болот.
- Министрликте чоң жетекчинин кызматында тургандан кийин Сиз билим берүүнүн проблемаларын беш колдой билесиз. Азыр министрлик кандай милдет-максаттардын үстүнөн иштеп жатат?
- Тилекке каршы, билим берүүнүн чечилбей жаткан проблемалары дагы эле арбын. Бала бакчадан тартып бардык баскычтарга чейин билим берүүнүн сапатына карата убайым санаркоолор сакталып турат. Бул өз кезегинде билим берүү тармагында реформаларды демдүү, натыйжалуу жүргүзүү зарыл экенин көрсөтүп жатат. Министрлик өзүнүн ишмердигинде өлкөнүн Өнүгүү стратегиясында жана Президентибиздин жакында жарыяланган Жаңылануу курсундагы милдет максаттарды жетекчиликке алып иштөөдө. Мамлекет башчыбыз Жаңылануу багытында билим берүү системасын жаңылоо аркылуу "кадр революциясын" ишке ашырып, инновациялык мүмкүнчүлүктөргө жетишүү, ошондой эле билим менен интеллектуалдык өндүрүшкө негизделген экономика аркылуу өнүгүү жана окумал коомдун негизин куруу максатын жар салган. Бул үчүн билим берүүнүн маңызын демократташтыруу процессине жана социалдык-экономикалык таламдарга ылайык өзгөртүү, агартуу жана таалим-тарбия берүү тажрыйбасын жер-жерлерге таратуу; борбордук, жергиликтүү органдардын жана билим берүү мекемелеринин иш милдеттери менен ыйгарым укуктарын ажыратуу аркылуу билим берүүнү реформалоо; окуу жайларды эмес, окуу процессине катышкандарды каржылоо жолу менен билим берүүдө атаандаштык мамилени калыптандыруу; кесиптик билим берүү жана жумушчу кесипке дасыккан адистерин даярдоо системасын кайра калыбына келтирүү; билим берүү мекемелерин жумушчу орундар рыногундагы абалга ылайыкташтыруу; атамекендик дипломдордун эл аралык таанылуусуна жетишүү; ЖОЖдорго изилдөө жана долбоорлоо борборлорунун иш милдетин кайтаруу; алыскы региондорго Интернетти жана аралыктан окутуу түрлөрүн жеткирүү сыяктуу орчундуу милдеттерди койгон. Биз бул максатка билим берүүнүн стандарттарын жаңылоо, каржылоо механизмдерин өркүндөтүү, сапат гарантияларынын жаңы механизмдерин ишке киргизүү аркылуу жетишүүгө күч-аракет көрүп жатабыз.

Маектешкен К.ЧЕКИРОВ.