Жай деми

Жайкы эс алуу жаңы окуу жылына жаңы күч берет
Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын жайкы эс алуусун камсыздоо максатында билим берүү башкармалыгы жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы менен биргеликте окуучулардын эс алуусун уюштуруу иштерин түзүүсү пландаштырылган. Эс алуучу жайларга балдардын эс алуусун түзүп берүү үчүн мамлекеттик жана профсоюздук органдар тарабынан 700 күндүзгү мектеп алдындагы лагерлерге 50 000 балага жолдомо берди. Ал эми балдардын эс алуу жана ден соолукту чыңдоо мекемелеринде баардыгы болуп 250 миңден ашуун балдар жана өспүрүмдөр эс алат. Ошондой эле жергиликтүү пунктарда окуучулардын чыгармачылык борборлору, дене тарбия мектептерге 50 миң баланы эс алдыруу үчүн мектеп базасындагы кружоктор жана секциялар иштейт.
Бул жылкы жайкы эс алууга мамлекеттик бюджеттен 5 млн. сом бөлүнүп, ал каражат Борбордук профсоюз комитетине берилген.

Өткөн жылы Бишкек шаарынын мектептери боюнча 20 миң бала социалдык коргоого муктаж болгон. Быйыл Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жайкы эс алууга шаардын окуучуларына - 5 млн., мектеп алдындагы лагерлерге - 3493,8 миң, Ысык-Көлдөгү "Илим" лагерине - 1,5 млн. сом бөлүндү. Жайкы ден соолукту чыңдоо аянттарында борбордун мектептери боюнча 70 мектепте анын ичинен 48 мектепте 3-июндан 30-июнга чейин 4500 миң балага тамагы менен каралган эс алуу күндөрү уюштурулууда.
Жайкы эс алуу учурунда балдарга парктарды кыдыруу, эс алуу аймактарына баруу, театр, концерт, галерея, цирк жана бассейндерге баруу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Шаардык парктардын уюму жана эс алуу жайлары менен болгон келишим боюнча атайын аттракциондорго акысыз графиги түзүлгөн. Ага Борбордук балдардын социалдык адаптациясы, багуусуз калган балдардын борборлору катыша алат. Шаардын бардык парктары балдарды реабилитациялоо жана адаптация борборунун жана мектеп алдындагы лагерлердин балдарын бекер кабыл алуусу тийиш. Мындан сырткары жайкы эс алуу учурунда балдарга "Дельфин" бассейнине, ДСК комплексине, "Асанбай", "Юг-2", "Досуг" ж.б. комплекстерине эс алуу графиги каралган.
Чүй областы боюнча жайкы эс алууга 7352 бала тартылган. Алардын ичинен күндүзгү лагерлерге 700 окуучу эс алууга мүмкүнчүлүк алган. Чүй айыл өкмөтү окуучулардын жайкы эс алуусуна Чүй, Садовое, Арал айылдарынын №1, №2 мектептерине 40 миң сом акча каражатын бөлүп берген. Мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен Москва районунда К.Жакыпов атындагы балдардын пансионаты толугу менен бүткөрүлүп, 3 жылдан бери иштеп келет. Аталган балдар пансионаты бир эле потокто 200 баланы кабыл алат. Пансионатка 12 күндөн окуучулардын 5 поток эс алуу графиги түзүлүп, биринчиси, 20-июнда башталмакчы. "Бурана мунарасы" музейине бир күндүк эс алуу, Бишкек шаарынын музейлерине жана цирке саякаттар уюштурулат. Жайкы сезондо 1200 балдарга пансионаттарга эс алуулары пландалууда. Интернатта окуган балдарга көп көңүл бурулууда. Атап айтканда, Беловодский айылындагы атайын мектебинен 50 бала "Улан" лагеринде эс алууга жолдомо алышкан. Беловодский айылында жайгашкан мектепке чейинки балдар үйүнүн билим алуучуларын "Красная гвоздика" лагери кабыл алат. Жайыл району боюнча жалпысынан 1212 б.а. 71,9 пайыз окуучу жайкы эс алуусун уюштургандыкта өткөрөт. Буга жергиликтүү уюмдардын эсебинен 1 млн. 200 миң сом сарпталат.
Жалал-Абад областы боюнча Жалал-Абад профсоюздук кеңеши 8 эс алуу жана денени чыңдоо борборлоруна: "Зорька" (Базаркоргон р-ну), "Нур" (Сузак р-ну), "Горный" (Майлуу-Суу р-ну), "Жеткинчек" (Сузак р-ну), "Барчын"(Көк-Жаңгак шаары), "Орленок" (Чаткал р-ну), "Орбита" (Аксы р-ну), "Солнышко" (Таш-Көмүр шаары) окуучуларды эс алуусун уюштурууда. Аларда 1080 бала эс ала алат.
Ал эми Баткен областы боюнча балдардын эс алуусун түзүп берүү үчүн 5 борбор иштеп жатат. Алар: Кадамжай району- "Ак-Суу" 360 бала, Баткен району - "Алтын бешик" 350 бала, Лейлек району - "Алтын бешик" 320 бала, Кызыл-Кыя - "Абширата" 100 бала, Сүлүктү - "Тоо бүркүтү" 75 баланын эс алуусу күтүлүүдө. Республикалык профсоюз федерациясы 1050 өспүрүмдөр 26-июндан 31-июлга чейин ден соолуктарын чыңдоого жана эс алууларына шарт түзүлөт.
Нарын областы боюнча 136 жетимдерге, томолой жетимдерге жана жарды жашаган үй-бүлөлөрдүн балдарына Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айылындагы "Улан" пансионатына алардын эс алуусун Нарын областтык мамадминистрация түзүп бермекчи болду. Ат-Башы районунан - 20 бала, Ак-Талаа районунан - 20, Кочкордон - 31, Жумгалдан - 20, Нарын районунан - 22, Нарын шаарынан - 23 бала эс алмакчы.
Талас областы боюнча "Барчын" эс алуу борбору 300 баланы кабыл алууга даяр. 3 айдын ичинде лагерь 100 социалдык жактан камсыз болбогон үй-бүлөлөрдүн балдарын акысыз негизде эс алуусун камсыздайт. Манас, Бакай-Ата, Талас райондору боюнча 3000 баланын эс алуусу лагерлерде өтөт.
Ысык-Көл областы боюнча июль айынан баштап "Маяк-Түп" 233 балдарга алардын ичинен 133 балдар жеңилдетилген путевкалар, 33 томолой жетимдер, 24 жетимдер, 43 спортсмендердин балдарына жеңилдетилген шартта орундар бөлүнгөн. Мындан сырткары мамадминистрация жетим, томолой жетимдерге, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, шыктуу жана таланттуу 42 балага 100.000 сом акчалай каражат берилген. Аксуу балдар-интернатынын тарбиялануучулары "Тополек" балдар лагеринде эс алат. Ош областы боюнча демөөрчүлөрдүн жана ата-энелердин колдоосу менен 163 мектептерде балдарга жайкы аянтчалары уюштурулуп 6000 миңден ашуун бала жайкы каникулдарын өткөрүшөт. Чыгымдар сметасынан каралган каражатка 4-июндан 25-июнга чейин М.Разаков атындагы мектеп-интернатынын 62 жетим балдары "Салам-Алик" лагеринде бош убактыларын өткөрүшөт.
Ош шаары боюнча 305 миң өлчөмдөгү акча каражаты шаардын мэриясы тарабынан жайкы эс алууга бөлүнгөн. 8-июлдан 21-июлга чейин "Жаштык" балдардын ден соолугун чыңдоо борборунда - 200 окуучунун эс алуусу пландаштырылган. Негизинен алардын көпчүлүгү №11 мектеп-интернатынын жана "Боорукердик" интернатынын, "Алтын уя" балдар үйүнүн тарбиялануучулары болуп эсептелинет.

Жазгүл УРМАМБЕТОВА,
"Кутбилим"


Приказ
№631/1 2009 г. 3 июнь
"О мераx по организации летнего отдыxа детей и подростков в 2009 году"
Во исполнение Закона Кыргызской Республики "Об образовании", Указа Президента Кыргызской Республики "О неотложныx мераx по улучшению положения детей в Кыргызской Республике" №24 от 20 января 2006 года, в целяx проведения мероприятий по организации летнего отдыxа детей и подростков в 2009 году.
ПРИКАЗЫВАЮ:
1. Начальникам Бишкекского и Ошского городскиx управлений образования, заведующим районными (городскими) отделами образования:
o Обеспечить оxват детей организованным отдыxом в летний период;
o Принять меры по организации оздоровительныx лагерей отдыxа с дневным пребыванием детей при общеобразовательныx школаx, дошкольныx и внешкольныx учрежденияx за счет средств местного бюджета;
o Установить контроль за организацией и качеством питания в оздоровительныx лагеряx.
2. Еженедельно сдавать информацию о выполнении Указа Президента Кыргызской Республики от 20 января 2006 года.
3. Контроль за исполнением данного приказа возложить на заместителя министра У.Тыналиеву.
Министр А. Мусаев.





азиз Азисбек - кыргыздын атын чыгарчу тенор

Жакында Улуттук "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөр борборунун "Улыбка" үлгүлүү хореографиялык бий ансамбли Австриядагы "Искусство аркылуу дүйнөнү өзгөртөбүз" деген фестивалга катышып, жакшы ийгиликтер менен кайтышты.

Бул иш-чаранын өзгөчөлүгү -фестивалдын демөөрчүлөрүнүн талабы боюнча дени соо балдар менен катар майып таланттуу балдардын шык-жөндөмүн ойготуу.
"Улыбка" ансамбли менен барган көзү азис Нурдин уулу Азисбек австриялыктарды өзүнүн үнү менен таң калтырды.
- Азисбек ырдап жатканда австриялыктар туруп алып кол чаап жатышты. Ал үч ыр ырдап чыкты, биринчиси кыргыз жери тууралуу, экинчиси Ысык-Көл, үчүнчүсү итальянча "Санта Лучияны" ырдап көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Ар бир номерине "Улыбка" ансамблинин ата-энелери кийимдерин даярдап беришкен. Итальянча ырдаганда сюртук кийип чыкты, Мекени жөнүндөгү ырларга кыргыз колоритиндеги костюмдар кийилди. Аны сегиз мамлекеттен келген делегациянын баары жакшы көрүп, жандарында алып жүрүштү, - дейт жетекчи И.Соломко. - Буга чейин Кыргызстанды Ч.Айтматов, Б.Миңжылкиев сыяктуу дөө-шаалар атын чыгарып жүрүшсө, келечекте өзүнүн лирикалык тенору менен Азисбек Кыргызстандын даңкын далайга чыгарчудай, эгерде мамлекеттик чиновниктер ага көңүл буруп, анын талантын өркүндөтүп өстүрүшсө. Кыргызда айткандай "колдо бар, алтындын баркы жок" болбосо экен.
Балдарды жетектеп барган Л.Маргулистин айтымында, фестивалдын алкагында ар кандай иш-чаралар өткөрүлдү. Маселен, "Мен сенден үйрөнөм" деген иш-чарада Азисбек катышып, 1-орунду жеңип алды.
- Албетте, Азисбек көрбөгөндөн кийин кандай краска алып, кандай сүрөт тартыш керек экендигин мага айтып берип турду. Бир сөз менен айтканда экөөбүз жаман эмес көпөлөк тартыптырбыз, - дейт кубануу менен ансамблдин жетекчиси Л.А.Маргулис. - Мындан сырткары, "Улыбка" ансамблинин эң мыкты бийчилери тандалган болчу. Алар "Конушум", "Кыргыз жери", "Күндүн гимни" сыяктуу бийлерди бийлеп европалыктардын ооздорун ачырышты.
Жетекчилердин айтымында, балдардын энергиясы, таланты аркылуу дүйнөнү өзгөртүп, келечектеги балдардын жашоосу жакшы болуусуна уюштуруучулар бардык шарттарды жасашыптыр.
Ошентип "Сейтек" улуттук борборунун дагы бир белгилүү "Улыбка" ансамбли Кыргызстандын желегин бийик желбиретип, билбегендерге билдирип, билгендерге дагы бир ирээт Ысык-Көлү менен тамшантып, тоолорун, сууларын даңазалап кайтышты.





Л.Маргулис, группанын уюштуруучу-жетекчиси:
- Австрияда өткөн чыгармачылык "Open world - 2009" лагердин программасына сегиз мамлекеттин балдары катышты. Лагерь Венадан 150 км. алыстыкта жайгашкан. Барган күндөн тартып эле ар кандай иш-чараларга катыша баштадык. Маселен, "Мен сенден үйрөнөм" деген иш-чарада Ярцево шаарындагы балдар үйүнүн тарбиялануучулары лагердин катышуучуларына сүрөт тартуу ыкмасын үйрөтүшсө (Россия), "Тирүү сүрөт", "Бирдиктүү чыгармачылык бириктирет" иштеринде катышуучу-балдар жалпы концерт тартуулашты. Мындан сырткары, газета чыгаруу үчүн материалдар топтолду, австриялык сүрөтчү менен чыгармачыл жолугушуу уюштурулду.
Венадагы майып балдардын мектеп-интернатына катышуучулар концерт тартуулашты. Ал эми Баден шаарына барганда шаардык аянтчаларда, фонтандардын жанында кызыктуу номерлерди австриялыктарга тартууладык. Австриядагы Кыргызстандын элчилигинде иштеген кызматкерлер келип биздин концертибизди көрүп, ыраазы болуп кетишти. Дегеле "Улыбка", Нурдин уулу Азисбек чыкканда австриялыктар катуу кол чаап жатышты. Биздин улуттук кийимдерибиз, бийлеген бийибиз австриялыктарды абдан кызыктырды. Бир сөз менен айтканда бул лагерь жер шаарында жашаган бардык балдарды чыгармачылыгы аркылуу тынчтыкта жашаганга чакырды.

Гүлнара Алыбаева, "Кутбилим"