Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
   Кыргызский газеты
Кыргыз китеп
ggle_v

Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Улан Мелисбек:
Кириллица менен домендерди каттоонун Кыргызстанга пайдасы - кыргыз тилине тиешелүү ө, ң, ү тамгаларын так белгилөө мүмкүнчүлүгүндө
Интернет пайда болгон 40 жылдан берки убакыт аралыгында, интернет мейкиндигинде чоң өзгөрүү болуп, домендерди латын алфавити менен гана эмес, башка алфавиттердин тамгалары менен каттоого уруксат берилди. Бул багытта мамлекеттердин арыз берүүсү 16-ноябрдан тартып башталды. Адегенде эле "орус тили солгундай түштү" деп кооптонгон Россия Федерациясы Аталыштар менен номерлерди берүү боюнча интернет-корпорацияга (ICANN -Internet Corporation for Assigned Names and Numbers) өз арызын берди.
ICANN жетекчилигинин ою боюнча, мындай чечим интернеттин тарыхында ири техникалык өзгөрүү болуп эсептелет. Ошондой эле домендерди латын алфавитинен башка да алфавиттердин тамгалары менен каттоо дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн тургундары үчүн тең мүмкүнчүлүктү берет. Себеби буга чейин интернет-домендердин аталыштары латын тамгасы менен гана жазылып келген.
Кириллица тамгалары менен домендерди каттоонун Кыргызстан үчүн оң жана терс жактары туурасында Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын директору Улан Мелисбек төмөнкүдөй оюн айтты.

- Интернет-домендерди латын алфавитинен башка да алфавиттердин тамгалары менен каттоого уруксат берилди. Мындай шартта Кыргызстанга кириллица тамгасы менен домендерди каттоо эмнени берет?
- Интернет-домендерди кириллица тамгалары менен каттоонун Кыргызстан үчүн жакшы да, жаман да жагы бар. Алсак, Казакстан 10 жыл аралыгында кириллицадан латын алфавитине өтүүнү пландаштырууда. Эгер коңшу казактар латын алфавитине өтсө, кириллицада Кыргызстан гана калат. Ал эми Өзбекстандын буга чейин эле латын тамгасына өтүп кеткендиги белгилүү. Анан бир аймакта, эзелтен тарыхы, маданияты жагынан бири-бирине үндөш, тууган элдерден калып, "бөлүнгөндү бөрү жейт" болобузбу?.. Мындай шартта Кыргызстанга кыйын болуп калышы мүмкүн. Ошол эле учурда коңшу өлкөлөрдөн маданий же адабий жаатында да алыстай түшөбүз. Же биз да латын алфавитине өтүүгө мажбур болобуз. Демек, бул жерде азыр кириллицага өтүп алып, кайра кийин латынга өтүүнүн кажети жок болуп калат.
Кириллица менен домендерди каттоонун дагы бир жаман жагы - ансыз да бизде анчалык бийик деңгээлде өнүкпөгөн интернетке запкысын гана тийгизет. Бизде домендик аталыштар да аз. Жалпысынан, Кыргызстанда 3,5 миңден ашыгыраак домендик аталыштар бар. Анан ушундай аз сандагы домендик аталыштарды бөлүп-жарып, латиницада өнүкпөгөн интернетти кириллицада өнүктүрө алабызбы деген суроо туулат? Мындай жол менен республикада аз сандагы интернет-колдонуучулардын башын гана оорутабыз.
Ал эми пайдасы тууралуу айта турган болсок, бизге жагабы жакпайбы, орустар менен тарыхыбыз бир болгондугун танууга болбойт. Ушундай шартта Россия ".рф" деп каттоого активдүү өтүп жатса, биз артта калбашыбыз керек. Буга кошумча, Кыргызстандагы интернет Россиянын интернет мейкиндигине абдан интеграцияланган. Биздеги интернет-колдонуучулардын көбү да орус тилдүүлөр болгондуктан, колдонуучулар талап кылса, кириллицага өтүүгө аргасыз болобуз.
Кириллица менен домендерди каттоонун Кыргызстанга дагы бир пайдасы - кыргыз тилине тиешелүү ө,ң, ү тамгаларын так белгилөөдө. Себеби бул үч тамганы латын тамгалары менен берүү кыйын. Биз муну эптеп-септеп окшоштуруп, латын алфавитинин ар кайсы тамгасы менен берип жүрөбүз. Ал эми кириллицага өтсөк, маселе кыргыз тилдүү колдонуучулардын да пайдасына чечилип, ө,ң,ү тамгаларын так бере алабыз.
- Кыргызстан интернет-домендерди кириллица менен каттоого өз арызын качан берет?
- Кыргызстан домендерди кириллица тамгалары менен каттоо туурасында өз арызын Аталыштар менен номерлерди берүү боюнча интернет-корпорацияга (ICANN) бүгүн берди. Россия кечээ күнү берген эле, биз алардан бир күнгө артта калдык. Буга кириллицага өтүү боюнча кеп-кеңештерди алуу себеп болду.
- Кыргызстан кириллица менен интернет-домендерди каттоодо кандай белги пайдаланылышы мүмкүн?
- Биз учурда бир нече вариантты карап жатабыз. Кыргызстанда домендерди ".кг" же ".кр" деген түрдө каттоого уруксат алуу кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. "Алсак, "кг" деп каттоодо г тамгасы латын алфавитинин r кичине тамгасына окшоп калууда. Ал эми "кр" деп каттоодо бул кириллица тамгаларынын латын алфавитинде да болгондугу тоскоолдук кылышы мүмкүн. Ушундай себептерден улам Россия "рф" деп каттатууну чечкен. Анткени латын тамгасы менен белгиленген ru, кириллицада "ру" болуп латын тамгаларына эле үндөшүп калган.
Ушундан улам Кыргызстан интернетте улуттук домендерди каттоо үчүн "кг" жана "кр" белгилеринен тышкары, кыргыз тилине гана тиешелүү болгон үч тамганы бириктирип, "өңү" деп каттатууну карап жатат. Кыргыз тилине тиешелүү кылып, "өңү" деп берүү бир жагынан улуттук жүзүбүздү сактап калуунун кадамы да болмокчу. Ошол эле учурда, бул маселе кыргыз тилдүү интернет-колдонуучулардын пайдасына да оң таасирин тийгизет.
- Учурда бизде интернет-домендерди каттоо канча турат?
- Бүгүнкү күндө домендерди каттоонун баасы 50 АКШ доллары турат. Биз муну 10 долларга чейин кыскартууну пландоодобуз. Президенттин жарлыгы менен KG домендик аталышын тескөөнү жүргүзүүчү орган катары биз (Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы) табылган менен, учурда, бул аракеттерге коммерциялык структуралар тарабынан бут тоскондор бар. Ушундан улам KG зонасын башкаруу боюнча тирешүүлөр уланууда...

Мээрим Ибраева,
"Кабар".






ggle_v

"Кутбилим", жањы саны... • кыргызча... o
email • архив • редакция 
18-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Мектеп жыйымдарына тартип жана көзөмөл керек
2-бет
"Ыйык-Ата журт" коомдук жаштар фонду "Жылдын мыкты адамын" атады
3-бет
Мектеп жыйымдарына тартип жана көзөмөл керек
4-бет
Решение коллегии №11/1 Министерства образования и науки от 11 декабря
5-бет
Камкорчулар кеңеши - жоопкерчиликтүү жол
6-бет
Кыш камылгасы кандай?
7-бет
ТЕМПУС - помощник реформ в вузах
8-бет
Аренда учебников: опыт Армении
9-бет
Балалык башаты - билим жана тарбия
10-бет
Кыргызстанды, түрк дүйнөсүн даңкташууда!
11-бет
Долбоордо эмне кеп?
12-бет
Урматтуу мектептердин жетекчилери, башталгыч класс,
5-8-класстарда иштеген математика мугалимдери!
13-бет
Улан Мелисбек:
Кириллица менен домендерди каттоонун Кыргызстанга пайдасы - кыргыз тилине тиешелүү ө, ң, ү тамгаларын так белгилөө мүмкүнчүлүгүндө
14-бет
Кыргыз этнологиясы:
кечээ, бүгүн, эртең
15-бет
The benefits I got out of
16-бет
Защита диссертаций

ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования

Орусча - по-русски:
 •  Бесплатные уроки...
 •  Про кырг._раскладку
 •  Про кырг._шрифты
 •  Про меня

Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?


Гезиттердеги кызык макалалардын топтому
Кызык макала
Курандын да, Манастын да атын булгап...
Өлкөбүз "көкмээлер аралчасына" айланабы?
Дин жана дил:
1-макала
2-макала
3-макала
Чыңгыздын айымдары:
1-макала
2-макала
3-макала
4-макала
5-макала
6-макала


bottom
Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызак:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!