Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
   Кыргызский газеты
Кыргыз китеп
ggle_v

Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Кыргыз этнологиясы:
кечээ, бүгүн, эртең

Белгилүү окумуштуу-этнолог, педагог Какен Мамбеталиеванын жаркын элесине арналган эл аралык илимий конференцияда коомчулукту түйшөлткөн маанилүү жана көйгөйлүү маселелер козголду.

"Борбордук Азиядагы этносоциалдык жана этномаданий процесстер: тарых жана азыркы заман" деген темадагы эл аралык илимий конференция үстүбүздөгү жылдан 20-ноябрында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде болду. Конференциянын ишине Борбордук Азия республикаларынын жана Россиянын илимий борборлорунан келишкен жүз он сегиз окумуштуу катышты.
Бул иш чара кыргыз кыздарынан чыккан туңгуч окумуштуу-этнограф, таланттуу педагог К. Мамбеталиеванын элесине арналган илимпоздордун экинчи жолу чогулушу эле. Мындан үч жыл мурда өткөрүлгөн илимий конференциянын материалдары жыйырма беш басма табактан ашык коомдо жарык көрүп, жалаң эле этнолог же археологдор үчүн эмес, жалпы эле коомдук илимдер боюнча зарыл илимий булактардан болуп калды.
Илимдердин улуттук академиясынын мүчө-корреспонденти, тарых илимдеринин доктору, профессор А. Асанкановдун баяндамасы К. Мамбеталиеванын илимий мурасына, методологиясына жана этнология илиминин бүгүнкү абалына токтолуп, окумуштуулар кандай багыттарда изилдөөлөрдү жүргүзүп жаткандыктарын айтып берди. Саясат таануу илимдеринин доктору, профессор А. Д. Дөнөнбаевдин этникалык ренессанс жана граждандык окшоштук проблемаларына арналган билдирүүсү терең кызыгууларды жана суроолорду пайда кылды.
Албетте, чет өлкөлөрдөн келген коноктордун илимий баяндамалары чоң кызыгууларды пайда кылары талашсыз. Алардын арасынан, айрыкча, Хакассиядан келген белгилүү окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, профессор В. Я. Бутанаевдин, Новосибирск университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору, байыркы кыргыз тарыхы боюнча белгилүү окумуштуу С.Ю. Худяковдун, дүйнөгө атагы чыккан археолог, Казахстан илимдер академиясынын академиги, тарых илимдеринин доктору, профессор Ж.К. Таймагамбетовдун илимий баяндамаларын атап кетсек болот.
Этнология илими коомду таанып билүүдө өтө маанилүү орунда. Анын баркы ааламдаштыруу процесси бүт дүйнөнү аралаганда андан да ой көтөрүлдү. Борбордук Азия шарттарында коопсуздук маселеси-диндик экстремизм, террордук, бангилик, кылмыштуулук ж.б. биринчи орунга чыккандыгы конференциянын катышуучулары баса белгилешти. Илимий билдирүүлөрдүн көпчүлүгү да ушул проблемага арналган. Карапайым элдердин жашоосу кандайча, кайсы багытта өзгөрүп жатат, үй-бүлөнүн, иш коллективдериндеги мамилелер кандай жагдайда, дегеле адам өзү кандай өзгөрүүдө - буларды изилдөө этнологиянын азыркы замандагы негизги милдеттери. Бүгүнкү күндөгү кыргыз этнологиясын жетишкендиктерин чагылдырган баяндамалар секцияларда угулду.
Көйгөйлүү маселелерди көтөргөн билдирүүлөр да болду. Алсак, эгерде тышкы миграция бүгүнкү темпте жана көлөмдө уланып отурса, анда жакынкы жылдарда түштүк кыргыздар этникалык азчылыкты түзүп калышы толук мүмкүн экен. Дагы бир мисал, бул ички миграция маселесине тиешелүү - эгерде мындан ары дагы эле инвестиция региондорго жиберилбей Бишкекте, же болбосо Чүй боорунда кала берсе, чакан жана орто ишканаларды жайгаштыруу маселелери илимий көз карашка шайкеш жүргүзүлбөсө, майда шаарлар менен шаарчалар өнүктүрүлбөсө, анда борбор калаабыз, азыркы замандагы шаарыбыз Бишкек чоң айылга айланары өтө деле алыскы келечектин иши эмес экен…
Мына ушул жана башка кызыктуу илимий баяндамалар илимий конференциянын материалдары катары жакын арада өзүнчө китеп болуп жарык көрмөкчү. Бул көлөмдүү илимий жыйнак К. Мамбеталиева атындагы Коомдук Фондунун каржылоосу аркылуу ишке ашырылат (Төрайымы саясат таануу илимдеринин доктору Гүльмира Мамбеталиева). Эл аралык илимий конференциянын катышуучулары өздөрүнүн терең ыраазычылыктарын уюштуруучулардын дарегине билдиришип, ушул илимий салттын мындан ары да уланышына өз тилектерин айтышты. Этнология боюнча эмки илимий баарлашуу 2012-жылы өткөрүлмөк болду.

Жумабаев Бектемир,
КУУнун тарых факультетинин деканы, т.и.к., доцент.





ggle_v

"Кутбилим", жањы саны... • кыргызча... o
email • архив • редакция 
18-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Мектеп жыйымдарына тартип жана көзөмөл керек
2-бет
"Ыйык-Ата журт" коомдук жаштар фонду "Жылдын мыкты адамын" атады
3-бет
Мектеп жыйымдарына тартип жана көзөмөл керек
4-бет
Решение коллегии №11/1 Министерства образования и науки от 11 декабря
5-бет
Камкорчулар кеңеши - жоопкерчиликтүү жол
6-бет
Кыш камылгасы кандай?
7-бет
ТЕМПУС - помощник реформ в вузах
8-бет
Аренда учебников: опыт Армении
9-бет
Балалык башаты - билим жана тарбия
10-бет
Кыргызстанды, түрк дүйнөсүн даңкташууда!
11-бет
Долбоордо эмне кеп?
12-бет
Урматтуу мектептердин жетекчилери, башталгыч класс,
5-8-класстарда иштеген математика мугалимдери!
13-бет
Улан Мелисбек:
Кириллица менен домендерди каттоонун Кыргызстанга пайдасы - кыргыз тилине тиешелүү ө, ң, ү тамгаларын так белгилөө мүмкүнчүлүгүндө
14-бет
Кыргыз этнологиясы:
кечээ, бүгүн, эртең
15-бет
The benefits I got out of
16-бет
Защита диссертаций

ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования

Орусча - по-русски:
 •  Бесплатные уроки...
 •  Про кырг._раскладку
 •  Про кырг._шрифты
 •  Про меня

Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?


Гезиттердеги кызык макалалардын топтому
Кызык макала
Курандын да, Манастын да атын булгап...
Өлкөбүз "көкмээлер аралчасына" айланабы?
Дин жана дил:
1-макала
2-макала
3-макала
Чыңгыздын айымдары:
1-макала
2-макала
3-макала
4-макала
5-макала
6-макала


bottom
Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызак:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!