Мектеп жана ата-эне

Камкорчулар кеңеши - тартипке жана тазалыкка көндүрөт
Өткөн жылдын аягында Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясында жалпы билим берүүчү мектептерде ата-энелерден мыйзамсыз каражат чогултуу боюнча одоно мыйзам бузууларга жол берилип жатканы каралып, мыйзам чегинен чыгып кеткен айрым мектеп жетекчилерин кызматтан бошотуу маселесин кароону шаардык, райондук билим берүү башкармалыктарына жүктөлгөн болчу. Ошондой эле Камкорчулар кеңешинин ишин уюштуруунун укуктук ченемдик базасын мыйзамдык документтерге шайкеш келтирүү, ата-энелерден жана башка булактардан түшкөн ыктыярдуу каржылык жардамдарды атайын эсепке жыйноо жана анын ишин Камкорчулар кеңешинин көзөмөлүнө алуу боюнча дагы тиешелүү жетекчилерге тапшырма берилген эле. Ушул маселелердин аткарылышын билүү максатында Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Кудайбердиевага кайрылдык. Тилекке каршы, ал биринчи күнү колу бош эместигин айтып, экинчи күнү ушул маселе боюнча коллегия өткөрөөрүн билдирип, үчүнчү жолу байланышканыбызда "бул маселе боюнча силер мени мажбурлап сүйлөтө албайсыңар" деп сүйлөшкөндөн баш тартты. Шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси жаш баланы алдагансып маалкатпай дароо эле баш тартса болот беле?!.. Эмне үчүн Г.Кудайбердиева коллегиянын чечиминин аткарылышы тууралуу ачык айтып берүүдөн коркуп жатат? Баса, аталган маселе боюнча ал буга чейин да маек кургандан баш тарткан болчу. Албетте, биз эч кимди мажбурлап сүйлөтө албайбыз. Бирок коомчулук коллегиянын жыйынтыгына кулак түрүп турган чакта, шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси акты ак, караны кара деп айтып берип койсо бир топ мектеп жетекчилеринин жүзү жарык болбойт беле. Анткени "чапандууну чапса, көйнөктүүгө доо кетпедиби". Шаардык жетекчи тайсалдап качып турган чакта айрым мектеп жетекчилери коркпой-үркпөй эле каражат кайда кетип жатканын, кантип жана кандай жол менен Камкорчулар кеңешин түзүп жатканы тууралуу айтып беришүүдө. Бул жолу Бишкек шаарындагы А.Толубаев атындагы №49 мектептин директору Роза Молдакунова өз ойлорун ортого салды.

"Благо" - мектептин камкорчусу
Биздин мектепте бүгүнкү күндө 1071 окуучу окуйт. Окутуу орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт. 2003-жылы ата-энелердин демилгеси менен "Благо" аттуу коомдук бирикме түзүлгөн экен. Анын түзүлгөнүнүн себеби, 2001-жылы эң жакшы, тың мугалимдер статустуу мектептерге, т.а. акча-тыйыны көбүрөөк жактарга кете баштаган. Ошентип кадрдык жактан чоң проблемалар пайда болот. Мектептин материалдык-техникалык базасы төмөндөп, окуучулардын билим сапаты начарлай баштаган. Ошондуктан ата-энелер тынчсызданышып, "балдарыбыз жакшы билим алсын, билим алууга шарты болсун, мугалимдер иштесин" деп ата-энелер демилге көтөрүп, "Благо" деген коомдук бирикме түзүп чыгышат.
Биздин мектеп шаардан алысыраак жайгашкан. Ата-энелердин көбү батирде турушат, иштегендери стабилдүү эмес, социалдык абалы төмөн. Ошол эле учурда 1961-жылы курулган мектепти көтөрүш керек, жөндөмдүү балдарга татыктуу билим бериш керек деген сөздөр айтылат. Эгерде ата-энелер жардам бербесе иш токтойт. Мектептин дарегине негативдүү ойлорду укканда, "ач кулактан, тынч кулак" деп, фондду жаап салып мамлекетке олтуруп көрөлү деген ой болгон. Бирок анын жыйынтыгы көп күттүрбөйт. Бир эле жылдын ичинде 1000ден ашык бала мектепке кирип-чыкканда эле линолиум жыртылат, эскирет. Мисалы, өткөн окуу жылында мектепке 80 миңден ашык каражат бөлүндү. Бул сумма экинчи кабаттын коридорунун линолиумун алмаштырганга жарады. Ошол эле учурда окуу жылына даярданууга кандай талаптар коюулат? Бардык кабинеттер косметикалык ремонттон өтсүн, акиленсин, сырдалсын д.у.с., мындан сырткары санэпидемстанция, өрт коопсуздугу келет, бардыгы идеалдуу түрдө болушун каалашат. Ошол эле учурда ага тиешелүү иштин баарын аткарууга каражат бөлүнбөйт.
Ошондуктан мектепти кармап туруш үчүн ата-энелер чогулушунун чечими менен ай сайын ар бир окуучудан 200 сомго чейин чогултулат. Мисалы, мектепте 1071 окуучу болсо, анын ичинен 620 окуучу төлөсө, 121 окуучу такыр төлөбөйт, калгандары 50% төлөшөт. Биз ата-энелерди мажбурлай албайбыз, алар мектепке каражатты өз ыктыяры менен беришет.