|
Кыргыз гезиттери Кыргызский газеты |
Кыргыз китеп |
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Эстутум 2-мартта Кыргызстандын көрүнүктүү окумуштуусу, Эл аралык транспорт академиясынын академиги, техника илимдеринин доктору, профессор Райкан Соодалиевич Картаңбаев көзү тирүү болгондо 54 жашка чыкмак. Жарык жанган жылдыз эле Кыргыз транспорт тармагынын биринчи доктору, таланттуу окумуштуу жана жөн гана мээрман ата, сүйүктүү жар, ишенимдүү жолдош Райкан Соодалиевичтин туулган күнүндө анын жакындары жаркын элесин эскеришип, тагдыр өкүмүнө аргасыз баш ийүү менен тирүүлүк парзын өтөөдөн башка арга таппай аза күтүп турушат. Райкан Картаңбаев көзү өткөнгө чейин Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде проректор болуп кыйла жыл үзүрлүү эмгектенип келди. Ал кыска өмүр жолун замандаштарына, өзү окуткан студенттерге үлгү болорлуктай нуска жашап өттү десек аша чапкандык болбос. Райкан Соодалиевич өзү окуп, билим алган ал кездеги Фрунзе политехникалык институтунун (азыркы КГУСТА) инженердик-курулуш факультетинен автомобиль жолдору кесиптигине ээ болгон соң, ошол окуу жайда окутуучу, улуу окутуучу, кафедра башчысы болуп иштеген. 1983-жылы Москвадагы Автомобиль жол институтунун аспирантурасын ийгиликтүү аяктап, мөөнөтүнөн мурда кандидаттык диссертациясын жактаганга жетишкен. Ал эми 2002-жылы чоң ийгилик менен доктордук диссертациясын жактап, Кыргызстандын жол курулуш тармагындагы биринчи доктору катары окумуштуулар тизмесинде анын ысмы түбөлүк жазылып калды. Шамдагай, ыкчам кыймылдаган, нукура карапайым мүнөздүү Райкан Соодалиевичти жакындан билмейинче бийик даражалуу илимпоз экендигин көпчүлүк биле берчү эмес деп эскеришет анын туугандары. Ал кандай даражадагы илимпоз болсо да үй-бүлөсүнө, жакындарына жан дили менен жардам берүүгө умтулган, адамгерчиликти жогору койгон улуу инсан эле дешет анын жолдоштору. - 23 жыл бирге түтүн булатып, ортодо бир уул, бир кыздуу болдук. Тагдыр жазмышы ушул экен, Райканды жан дили менен берилип аздектеген үй-бүлөсүнөн, өмүрүн, ден соолугун сайып эмгектенген ишинен айрылтып шум ажал арабыздан бөлүп кетти. Анын арабыздан жок болгонуна кээде ишенбей да кетем. Ал өз ишинин фанаты эле. "Ученый от бога" деп коюшат го. Бардык ой-кыялы, максаты ишине тыгыз байланыштуу экендигин мен анын жубайы катары жакшы билчүмүн. Бирок кандай жумуш менен алектенбесин, кайда жүрбөсүн, ал үчүн биринчи орунда үй-бүлөсү тураар эле. Уулубуз Алишер учурда Кыргыз-Славян университетинин студенти, кызыбыз Айдай болсо мектепте окуйт. Эң өкүнүчтүүсү - Райкан балдарынын жакшылыгын көрүп, алардын өзү каалагандай өз алдынча бүлө күтүп, адам болгонун көрбөй кеткендиги. "Эркек үй-бүлөнүн тирөөчү, ал бардык ишти өзү чече билиши керек" деп Алишерди аябай катуу тартипте тарбиялаганга аракеттенчү. Ал эми кызыбызды "кыз - үйдүн коногу, ал ата-энесинин төрүндө эркелеп алышы керек" деп, ага бөтөнчө мээримин төгөөр эле. Үй-бүлө тиреги катары үйдөгү алыш-бериш бүт анын мойнунда болчу. Тели-теңтуш, же жөн гана тааныштардан бирөө-жарым чакырып калса: "атайын чакырып жаткандан кийин күттүрбөй барыш керек", - деп көп айтаар эле. Кээ бирөө карым-катышына, даражасына карап, барган жерге барып, барбай турган жерден качып коюшат го. Райкандын андайы жок болчу. Ким чакырбасын, убакыт таап барганга аракеттенчү. Анан ал өзгөчө жаз мезгилин жакшы көрөөр эле. Балким өзү жазында төрөлгөндөн уламбы, айтор, жаздын келишин чыдамсыздана күтүп, жазында жаңырган айланага суктангандан тажачу эмес. Жаңыдан бүчүр жарып чыккан жалбырак да, гүл да, чөп да ага кооз, жарык көрүнөөрүн айтып, жаш баладай маңдайы жарыла сүйүнүп бүтпөй калаар эле, - деп эскерет өмүрлүк жубайы Жаңыл эже. Райкан Картаңбаевдин илимий эмгектери тууралуу алдыда али далай жазылып, анын ачкан ачылыштарынан бир эмес, бир нече муун билим-тарбия алышаарында шек жок. Бул жолу биз аны улуу окумуштуу эмес, карапайым адам, камкор ата катары эскергибиз келип турат. Баарынан кызыгы, айланасындагылар анын жупуну жүрүм-турумунан улам биздин стереотипте калыптанып калган олуттуу ой жүгүрткөн, керек болсо сүрдүү окумуштуу катары билбегендигинде болуп жатпайбы. - Райкан күйөө балабыз сиңдим Жаңылга боорукер жар, балдарына үлгүлүү ата болсо, бизге бир туугандай эле болуп калган. Улуу-кичүү дебей ага кеп-кеңеш сурап кайрылып турчубуз. Кандайдыр бир маселени чече албай кыжалаттанып жатканыңды билсе, ошол маселени кантсе чечүүгө мүмкүн болоорун айтып, керек болуп калса акча-тыйынын аячу эмес. Кайын-журтуна барганда эки жеңин түрүп шымалана кара жумуштарга аралашып кетчү. Самоор кайнатып, эт бышырып дегендей, деги эле колу бош карап турганын көргөн жокмун. Айылдыктар анын камыр-жумур болуп кетчү карапайым, бой көтөрбөгөн сыпаа мүнөзүнөн улам канчалык деңгээлде авторитеттүү окумуштуу экендигин билишчү да эмес болсо керек. Каза болгондо келгендер анын өмүр таржымалын угушуп "Райкан ошондой даражадагы окумуштуу беле?" деп таң калышты. Көрсө, биз окумуштуу десе эле кабагын чытып олуттуу, манчыркап баскан, оңой менен киши батынып сүйлөй албаган сүрдүү адам болушу керек деп кабыл алып көнүп калган окшобойбузбу. Ал эми Райкан андай эмес болчу. Ошол карапайым мүнөзүнө жараша калыс, чындыкты бетке сүйлөгөн адам эле. Эгерде адилетсиз бир көрүнүшкө күбө болуп калса, аны жаап-жашырбай, жаман көрүнүп калам деп коркпой, бетке айтып салмай адаты бар болчу. Анын ушул сапатын баалагандар да, ушул тайбас мүнөзүн жактырбагандар да көп болду, - деп эскерет аны Гүлжамал Егемкулова. Адам баласы табиятынан ушундай жаралабы же, башка бир себеби барбы, руханий дүйнөсү бийик адамдарды тирүү кезинде баалай билбейт экенбиз. Билсек да ага жылуу сөзүбүздү аяйбызбы, айтор маани бербейбиз. Ал качан дүйнө салганда көзүбүз ачыла түшкөндөй, жакшы сапаттарын санай баштайбыз. Райкан Соодалиевичти жаны тынбаган күжүрмөн мээнетинин, беттегенинен кайтпаган курч мүнөзүнүн жардамы менен турмушта өз ордун татыктуу ээлеп, өз баасын алган инсан десек жарашат. Студенттик курактан бирге чоңоюп, турмуштун ачуу-таттуусун бирге татышкан жакын жолдошторунун бири Марат Жантаевдин эсинде досу жасайм деген ишин аягына чыкмайын жаны тынбаган иштермандыгы, алысты көрө билген кыраакылыгы, шартылдап, таамай сүйлөгөн ачык мүнөзү менен түбөлүк сакталаарын айтат. - Адам баласы үй-бүлө куруп, үй салып, бала тарбиялап, коомдун керегине жараган эмгек жасаса, ал бул жашоону татыктуу жашап өттү деп айтышат экен. Райкан досум кыска өмүрүндө ушул талаптардын баарын аткарганга жетишиптир. "Достун да досу болот" тура. Биздин арабыздан эрте кеткен Райкан досумду жоктоп кабыргам кайышса да, турмушта менин чыныгы досум болгондугуна каниеттенем, - деп эскерет ал. Мындан 4 жыл мурун Райкан Соодалиевичтин 50 жылдык юбилейинде боордош Казакстандан келген кесиптештеринин бири Багдат Телтаев юбилярды эки элдин ортосунда билим катышын салган алтын көпүрө катары баалаганы бар. Казак боордоштордун мындай жогору баасы да жүйөлүү. Райкан Картаңбаев чынында эле эки мамлекеттин - Кыргызстан менен Казакстандын эки чоң жогорку окуу жайын бириктирген алтын көпүрө катары казак туугандарга да белгилүү окумуштуу эле. Ал КГУСТАнын жана КазАТКнын доктордук жана кандидаттык диссертацияларды жактоо боюнча адистештирилген диссертациялык кеңештеринин төрагасы жана мүчөсү болгон. Ырасында эле аны жакындан билген кесиптештери өз ишинин кылдат устаты катары жогору баалашчу. Р.Картаңбаевдин жетекчилиги менен 11 илимдин кандидаты даярдалды. Педагогикалык ыйык милдетин бийик туткан окумуштуу 15 монография жана 250 илимий статьяларды, нормативдик техникалык документтерди жазып калтырып кетти. Анын ачылыштары, жазган илимий эмгектери шакирттерине шам чырак болуп жанып, келечекке айкын жол көрсөтүп тураарында шек жок. Райкан Картаңбаевдин жакын жолдошторунун бири Адылбек Шаршеналиев аны мындайча эскерет: - Райканды мен эң мыкты жолдош катары жогору баалачумун. Ал чыныгы ишенимдүү дос эле. Турмушта чыныгы дос табуу кыйын экени белгилүү го. Мен анын өз сөзүнө бекем турган, айтканын аткарган адам экенин жакшы билчүмүн жана эгерде мага керек болуп калса, ага таяна алаарыма ишенчүмүн. Дайыма шар, шайдоот жүргөн ал адамдар менен тез эле ымала түзүп кетчү. Башкаларга салыштырмалуу жашында эле кандидаттыгын, кийин докторлугун жактаган даражалуу окумуштуу экендигине карабай, чогулган жерде карапайымдыгынан жазчу эмес. Ал дайыма илимде, техникада жана саясатта болуп жаткан бардык жаңылыктардан кабардар эле. Жолдошторунун арасында анын орду жогору турчу. Бизди эрте таштап кеткен Райкан досубузду ар дайым жүрөгүбүз ачышып, жоктоп турабыз. Райкан агайдын мурасы, келечегинен көптү үмүттөндүргөн болочок дипломат уулу Алишер атасынын юбилейинде сүйлөгөн сөзүндө атасын эң бийик туруп, эң жарык нур чачкан жылдызга салыштырып сүйлөгөн сөзү эсибизге түшөт. Алишер айткандай, турмушта эң бийик даражада туруп, арийне, айланага жарык чача албай жүргөндөр болот. Ал эми Райкан Картаңбаев ариетке узап кетсе да, артына өлбөс-өчпөс из калтырып, алтын казык жылдыздай түбөлүк нур чачып тураары анык.
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
Кызык макала
|
|
|
| ||||||||||||||