Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
   Кыргызский газеты
Кыргыз китеп
ggle_v

Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Методика

АРАКЕЧТИК УЛУТТУ ЖОК КЫЛАТ
Сабактын максаты: а) Алкоголдук ичимдик боюнча окуучуларга түшүнүк берүү;
б) Окуучуларды спирттик ичимдиктерди ичүүгө каршы тарбиялоо, патриоттуулукка жана гумандуулукка үндөө.
Сабактын жабдылышы: Дубал газета, сүрөттөр, ватман, маркер, музыкалык жабдыктар ж.б.
Сабактын жүрүшү: а) Уюштуруу, "Жаныбарларды тандоо";
б) Өтүлгөн тема боюнча эң мыкты аткарылган үй тапшырманы доскага илебиз. "Суу өмүрдүн булагы" деген темада дил баян, аткаруучу Убраимов Шамшидин;
в) Түшүндүрүү (доклад окулат).
Алкоголизм - жашоонун принциптерине адептүү жүрүш-турушка, маданияттуулукка ылайык келбеген социалдык дарт. Ал үй-бүлөнүн турмушун бузуп, балдарды тарбиялоодо зыяндуу таасирин тийгизет. Алкоголго берилип кетүүнүн натыйжасында адамдарда оройлук, өзүмчүлдүк, моралдык шалаакылык күч алат. Мастар мыйзамды, коомдук тартипти бузушат.
Спирт ден-соолукту бузат, эркти бошоңдотуп, кесибинен ажыратат, тукумду бузуп, адамдык сапатын жоготууга жана кылмыш жасоого түртөт.
XXI кылымда жашай турган жаш муундар андан качууга тийиш. Аракечтер менен чылымчылар тубаса жаралышпайт. Алар өз учурунда эскертүү укпай, тамеки менен рюмкага сунулган колун өз убагында тартып койбогон адамдардан жаралат.
Аракечтик адамдардын көптөгөн органдарын бузуп, дарылап айыктырууга кыйын болгон дарттарды пайда кылат. Ашказандын гастрит (язва) ооруларын жаратса, боордо цирроз оорусун пайда кылып, боордун көлөмүн кичирейтип, аны чүрүштүрүп катырат, бул - эң оор дарт. Спирт ичимдиктери бөйрөктөрдү иштен чыгарат. Жүрөктө ар кандай кысылма дарттардын жаралышына шарт түзөт. Айтор, спирт ичимдиги терс таасирин тийгизбеген орган жок. Алкоголдун курамындагы уулуу заттар эң оболу нерв системасын бузат. Баш мээни атрофияга (көлөмү менен массасы кичирейет, функциясы начарлайт, алсызданат) учуратат.
Алсак, жүз грамм арак баш мээнин кыртышындагы жети миң беш жүз нерв клеткасын өлтүрөт. Баш мээнин ууланышы, анын бузулушу ар кандай нервоз жана психоз дарттарынын жаралышына, анын өнүгүшүнө алып келет.
Ошондуктан окуучулар, "Мен тамеки тартуу менен ичимдик ичүү сыяктуу жаман адатка эч качан жолобойм" деген бекем ишенимге келгиле! Ден соолугуңар менен өмүрүңөрдүн бактысы өз колуңарда экендигин унутпагыла!
Назгүл:
Арак! Арак! Актыгына айланып,
Адам ичет шаттыгына байланып.
Арстан болуп, анан өтүп мышыкка,
Араң барат өз үйүнө сандалып.
Гүлмира:
Көптөр көбөт албай сени теңине,
Көптөр жүрөт жутуп алып сөгүнүп.
Сен алп кылып, сен кутуртуп жатканың,
Кап, ошолор түшүнүшсө эмине.
Медет:
Анда сени ичмек эмес адамдар,
Чыкмак эмес эки буттуу айбандар.
Болмок эмес абийиринен ажырап,
Ай талаада үйсүз-жайсыз калгандар.
Сен жоголсоң баары оңолот эле го,
Деген менде бүтпөгөн бир арман бар!
Гүлжан: Элеттин эң кичине дүкөнүнө кирсең, тирелип турган арактарды гана көрөсүң. Сатуучулар сооданы жүгүртүп турган бул товарды байма-бай ташып келип турушат. Өңгө товар өтпөсө да, арак өтөөрүн алар жакшы билишет. Бөтөлкөлөп албаса, стакандап куюшат. Акчасы азыр жок болсо карызга жазышат. Бүгүн болбосо эртең, аялын, балдарын ыйлатып туруп карызын төлөөрүнө ишенишет.
Арактын абройу азыр күч. Той-топур, келин алып, кыз бермей, куда тосуп, узатмай араксыз өтпөйт.
Шамшидин:
100 грамм!
Ноктосу жок, жиби жок,
Байлап алдың жүз грамм.
Көрүстөнгө, түрмөгө,
Айдап алдың жүз грамм.

Жүз, жүз, жүз грамм, грамм, грамм.
Жүз, жүз, жүз грамм, грамм, грамм.

Көрүнгөндөн беш тыйын,
Сураттырдың жүз грамм.
Көлчөк менен саздарга
Сулаттырдың жүз грамм.

Жүз, жүз, жүз грамм, грамм, грамм.
Жүз, жүз, жүз грамм, грамм, грамм.

Акча, сомун алдырып,
Иштетпедиң жүз грамм.
Ач калганда токочту,
Тиштетпедиң жүз грамм.

Жүз, жүз, жүз грамм, грамм, грамм.
Жүз, жүз, жүз грамм, грамм, грамм.

Катын менен баланы,
Каратпадың жүз грамм.
Акыл-эсти, абийирди,
Калтырбадың жүз грамм.

Жүз, жүз, жүз грамм, грамм, грамм.
Жүз, жүз, жүз грамм, грамм, грамм.
Мунарбек: Арак ичпегиле садага болоюндар! Эл журтка жаман көрүнүп каласыңар. Коңшу-колоңдон да, бир туугандан да ажырап каласыңар. Алдыңа жакшы конок келбей калат. Бир болбогон нерсе үчүн бүт жаман көрүнүп, абийириңди төгүп аласың.
Улан: Бийик элем, пас кылдың,
Бир күндө төрт-беш жолу мас кылдың.
Төөнү туурап жаткызып,
Төрт аяктап бастырдың.
Татынакай үй турса,
Тоокканага жаткырдың.
Өзүмдү койдум карабай,
Чачымды койдум тарабай.
Ушунун баарын сен кылдың,
Энеңди урайын арак ай!

Мугалим: Улуу даанышман, акылман, ойчулар эмне дейт экен, кулак салып угалычы.
Минура: Күзгү - адам жүзүн чагылдыргандай, мастык адамдын ички дүйнөсүн ачып көрсөтөт. (Эсхил)
Акжол: Мастык - эң маданияттуу адамды да, бир заматта акмакка айландырат. (Жюл Верн).
Асыл: Көп ичкен киши - бузук киши.
(Л.Чосер).
Равшан: Ичкилик - адамды каракчы жана ууруга айландырат. (К.Калтон)
Бегимай: Ичилген спирттик ичимдиктер, адамды айбан жана жырткычка айландырат. (Ф.Достоевский)
Жумагүл: Арак ак болгону менен адамды кызыл тумшук кара бет кылат.
(А.П.Чехов)
Буужан: Ичкиликтин башталышы - рюмка. Орто жерде каткырык, сүрөөн коштогон шаңдуу компания. Бүтүшү - психиатриялык оорукана же түрмө. (Джек Лондон).

Жеке номер: Полотова Бегайым.

Ак тилек
Ар үйдө ак-сакалдуу кары болсо,
Балпайган байбичеси дагы болсо.
Баласы баар таап эмгегинен,
Жанына жаркылдаган жары болсо.

Чоң эне суук сөздөн алыс болсо,
Чоң ата бардыгына калыс болсо.
Келини кербезденип бой көтөрбөй,
Уулуңда уят менен намыс болсо.

Арзыкан: - Россияда бир жылдын ичинде эле сапатсыз арактан 60 миң адам мерт болгонун басма сөз каражаттары маалымдап чыгышты. Эгерде мамлекеттер аралык жаңжалда ушунча адам жоготууга учураса, анда аны эч тартынбай эле "согуш" деп атаса болор эле. Бир жылда 42 млн. литр арак, 35 млн. литр пиво сатылып жаткан Кыргызстандын шартында "Мындай согуштан" биз канча жоготууга дуушар болду экен, - деп Ички иштер министрлигинин жооптуу кызматкерине кайрылдык.
Сабыт: (ИИМдин кызматкери) Апендиникиндей суроо бересиңер да, азыр аракечтик анча актуалдуу маселе эмес, андан да тири шумдуктарын эсептеп бүтпөй жатабыз.
Айнура: Арийне, ошол "тири шумдуктардын" жырткычтык менен киши өлтүрүүлөрдүн, каракчылык менен жол кырсыктарынын, зордуктоолор менен уурулуктун "заправщиги" арак болуп жатсачы? Сууга чөгүп, суукка тоңуп, бычак жеп, жок болуп жаткандардын түпкүлүгүндө масчылык турсачы? Миң эмес, миллиондогон литр өз өндүрүшүбүздөн чыккан, сырттан ташылып келип жаткан арактар жөн эле, кумга сиңип, арыктан агып кетип жаткан жок да! Беш миллион элди беш жүз жолу каптаган арак менен пивонун сели канчалык кесепет келтирип жатканына эмне үчүн көңүл буруп, маани бербей жатабыз?
Келгиле достор, "тири шумдуктардын" булагы болгон ичкиликтен алыс болуп, улутубуздун генофондун сактап калалы, келечекке туура кадам таштайлы!
Мугалим: Арак жөнүндө элибиздин арасында да макал-лакаптар айтылып жүрөт. Анда эмесе кезек элдик макал-лакаптарда.
Гүлдар: Күйөөсүнүн ичкени - үйүнүн тең жарымы күйгөнү, аялынын ичкени - үйү бүтүн күйгөнү.
Бегайым: Арак - акылмандын да мээсин чагат, балбанды да көтөрүп чабат.
Медет: Тамеки менен арак билинбей ден-соолукту алат.
Гүлмира: Бөтөлкө менен достошконуң акылың менен коштошконуң.
Шамшидин: Шарап кирсе ичине сыр катылбайт кишиде.
Жыпар: Мастык алты бактысыздыкка алып барат: муктаждык, жаңжал, оору, кадырсыздык, шерменделик жана акылсыздык.
Минура: Ким чексе тамеки же нас, ал адам өзүнө-өзү кас.
Бегимай: Сел жерди жар кылат, ичкилик эрди кар кылат.
Мугалим: Бул темага кыргыздын акын жазуучулары да кайрылбай койгон эмес. Анда эмесе белгилүү акын, сатирик Мидин Алыбаевдин "Жинди суу" поэмасынан үзүндү.
Дини: Терменин башы арактан,
Айланып кетсин тамактан.
Силерге айтып жатамын,
Качсын деп жаман адаттан.
Бегайым:
Берметтей болуп жылтылдайт,
Түлкүдөй болуп кылтылдайт.
Бөтөлкөдө жай жатат,
Ичиңе кирсе чаңдатат.

Шамшидин: Жалгыз эмес жинди суу,
Анда ага да бар, ини бар.
Спирт, пиво, винолор,
Ар кимисин билип ал,
Бардыгынын жини бар,
Өздөрүнчө тили бар.

Минура: Адеп ичип жүргөндө,
Ойнотот түрдүү гүлдөргө,
Жашчылык ырын ырдатат,
Ай жарык сулуу түндөрдө,
Кез-кезде гана азыраак,
Башың коет зыңылдап.

Медет: Бир күнү башты жазасың,
Пахмелдин даамын татасың.
Анан түгөнбөс пахмель башталат,
Баш ооруйт кайда качасың.

Айнура: Жолобой калат билгендер,
Алыстайт бирге жүргөндөр.
Бирок арактан өзүң качпайсың,
Жалгыздап сого баштайсың.

Сабыт: А дегенде ал ичкич,
Мекемеден куулат.
Кекиртектен кетти деп,
Бүт кыргызга угулат.

Улан: Жаралып эки келбейсиң,
Жаркыраган ааламга.
Акыл, эс, уят, ар, намыс,
Чоң касиет адамга.

Разия: Буйрук эмес жолдоштор,
Силерге айткан өтүнүч.
Эсиңде болсун замандаш,
Ичкилик арты өкүнүч.


Хор: Арманы болот арактын,
Акыркысы балдар ай.
Ошондогу аттиңиң,
Бекер болот балдар ай!

Жаштык кезди бекерге,
Өткөрбөчү балдар ай.
Жүз граммды көңүл үчүн,
Көтөрбөчү балдар ай!






ggle_v

"Кутбилим", жањы саны... • кыргызча... o
email • архив • редакция 
26-февраль, 2010-ж.:
1-бет
Кезек айылдык аналитиктерде
2-бет
Камкорчулар кеңеши коррупцияга жол бербейт
3-бет
ЖАН БАШЫНА КАРЖЫЛОО ЫКМАСЫ ЖАЙЫЛТЫЛУУДА
4-бет
Мектеп, ата-эне жана тарбия
5-бет
Өскөн Осмонов:
"Коррупцияга каршы күрөш жетекчинин өзүнөн башталат"

6-бет
Коррупция коомду артка тарткан илдет
7-бет
БЫТЬ УЧИТЕЛЕМ В ЕВРОПЕ
8-бет
УМЕЛОЕ АДМИНИСТРИРОВАНИЕ ВУЗОВ -
КАК ГАРАНТ КАЧЕСТВА ОБРАЗОВАНИЯ
9-бет
Право на чистую воду:
В Кыргызстане расширяется зона применения Экосан-туалетов
10-бет
Образование в кредит - инвестиции в будущее.
Выгодные ли?
11-бет
КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАШ ОКУМУШТУУЛАРЫ эмне дейт?
12-бет
Эстутум
13-бет
Сунуш
14-бет
Raising Proffessional Expertise Among Secondary School English Teachers through Access to Methodological Aids Project Free Teaching Methodology Service
15-бет
АРАКЕЧТИК УЛУТТУ ЖОК КЫЛАТ
16-бет
Защита диссертаций

ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования

Орусча - по-русски:
 •  Бесплатные уроки...
 •  Про кырг._раскладку
 •  Про кырг._шрифты
 •  Про меня

Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?


Гезиттердеги кызык макалалардын топтому
Кызык макала
Курандын да, Манастын да атын булгап...
Өлкөбүз "көкмээлер аралчасына" айланабы?
Дин жана дил:
1-макала
2-макала
3-макала
Чыңгыздын айымдары:
1-макала
2-макала
3-макала
4-макала
5-макала
6-макала


bottom
Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызак:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!