|
Кыргыз гезиттери Кыргызский газеты |
Кыргыз китеп |
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Көйгөй Коррупция коомду артка тарткан илдет Редакциядан: Коррупция эзелтен коомдун чоң илдети катары жашап келет. Тарыхты карасак, аны жок кылуу үчүн түрдүү ыкмалар, чаралар көрүлүп, ага кириптер болгон адамдар аёосуз жазаланган. Ага карабай адамзаттын жашоосунда бул илдет түрдүү ыкмада жашап келгени ырас. Коррупция биздин чакан өлкөбүздө да гүлдөп, өнүгүп, тамырын жайып келе жатканын тана албайбыз. Ушул коомдун өнүгүүсүн артка тарткан жат көрүнүштү канткенде азайтабыз, же бул канга сиңген илдетпи деген суроо менен элибизге белгилүү педагогдорго суроо узаттык. Эмесе, төмөндө ага карата берген жоопторун жарыялайбыз. Советбек Байгазиев, публицист: - Коррупциянын социалдык тамырларынын бири - жакырчылыкта. Азыр бардыгы акчага кардар. Итке минген жакырчылыкта уят категориясы иштебейт. Аны шаарлардагы "байтал" базарлар далилдеп турбайбы. Ал эми адам өзү алууга гана эмес, пара берүүгө да кызыкдар. Себеби, бюрократиянын жана мыйзамсыздыктын шартында кичине пара болобу, чоң пара болобу, аны берип, бүтпөгөн ишин же чырын бүтүрүп алат. Пара берүү, пара алуу эки жактын тең кызыкчылыгы. Коррупциянын жоюлушу өтө татаал нерсе. Анын үстүнө мамлекет өзүнүн көзөмөлдөөчү жана жазалоочу функциясын бошоңдотуп таштаган шарттарда бул илдет ого бетер күчөйт. Экинчиден, айлык көтөрүлсө пара токтойт деген түшүнүк бар. Ким билет, балким мунун таасири болоор. Бирок мобу чындыкты каякка жашырабыз? Адамдын тойбогон сук, ач көз жаратылышы жөнүндө Пушкиндин "Балык жана балыкчы тууралуу жомогу" эң сонун айтып турбайбы. Анан калса, казактын Букар ырчысы дагы минтип ырдаган эмеспи: Ааламды жеке билсе да, Алтындан үйгө кирсе да, Асманда жылдыз аралап, Ай нурун кармап минсе да, Бактыга тойбойт адамзат. Маселен, сотторду эле алалы. Соттор жалаң паракорлук жолу менен эбак байып, эки-үч кабаттап "особняктарды" салып, мерседестерде чалкалап, ичпегенди ичип, жебегенди жеп, материалдык жактан укум-тукумуна жеткидей камсыз болуп отурган күндө деле, эл байкуштун жон терисин сыйрып, төөнү жүгү менен, өгүздү түгү менен сугунуп жатышпайбы. Демек, маянанын көбөйүшү соттордун паракорлугун токтотуунун гарантиясы болушу күмөн. Коррупциянын бир тамыры көр пенденин тойбогон жаратылышында жатат. Үчүнчүдөн, адам дегениң мына момундай философия менен тымызын ичинен куралданып алса эмне кыласың? Мисалы, анын ой жүгүртүү образы момундай: Бу дүйнө жалган, сен бу жарыкка аз күнгө гана келген коноксуң. Колуңдан келсе убагында ойноп-күлүп кал. Күндүк өмүрүң болсо түштүгүнө жорго мин. Калат го бир күн алтын баш, карарган көрдүн түбүндө. Дүйнөгө түркүк болмой жок. Дүйнөгө түркүк болом деген Чыңгызхандар, Темирландар, Напелеондор кана? Бүгүн алардын сайда саны, кумда изи жок. Акыры акыр заман да келээр. Дүйнөнү жакшыртам деп нервиңди короткондон не опаа? Атасынын көрү, жебеген жердин алдында. Аз күнчөлүк өмүрдө көрөр күнүңдү көрүп кал, аларыңды алып кал, жуларыңды жулуп кал. Алты күн атан болгуча, бир күнү буура болуп зиркилде. Адам ичинен ушинтип ойлонсо, ушундай позицияда болсо, анын ичин мамлекет көзөмөл кыла албайт. Адамдын ички органдарын рентген көрөт. Бирок адамдын өйдөкүдөй ичтен тутунган философиясын, жүрүм-турумунун ушундай мотивациясын эч ким, эч нерсе, эч бир аппарат көрө албайт. Бул "философ" сыртынан сыпаа, тартиптүү, талап кылынган процедураларды, нормаларды сактап, тышкы түрүн мыйзамга ылайыктап коёт. Бирок ичинен "хищник". Ыңгайлуу учурду күткөн желмогуз. Бул үчүн ыйык нерсе жок. Паракорлук ал үчүн аба менен дем алгандай эле демейки көрүнүш. Пара алууну ал жанагинтип философиялык жактан негиздеп отурса, коррупция кантип оңойлук менен жоюла коёт? Эмне үчүн чоң кылмышкерлерди мамлекеттик үлкөн чиновниктер, прокурорлор, соттор канатынын алдына калкалап, жазадан куткарып жиберген фактылар көп? Анткени өйдөкүдөй "философ-хищниктерди" кылмышкелер алтын-күмүш, евролор, долларлар менен жең ичинен "сугарып" жатканы билинип эле турбайбы. "Сыртыбыздан кыпкызылбыз, а бирок ичибиз чириген алмадай" деп Мелис Эшимканов бекеринен айтып жаткан жок. Ох! Чиркин, адам дегениң кыйын нерсе экен го. Адамдын оңолушу, моралдык аруулугу оңой жол менен чечилчү маселе эмес экен го. Коррупция пенденин жан дүйнөсү менен терең чырмалышып алган турбайбы. Ошондой болсо да төмөнкүдөй иш-чаралар керек. 1. Кыргызстандын тарыхый жактан жетиле электигине жана анын жарандарында стихиялуулуктун арбындыгына байланыштуу биздин мамлекетибиз өзүнүн көзөмөлдөөчү жана жазалоочу репрессивдик функциясын активдештирүүгө тийиш. Бул түпкү максат эмес, бирок азыркы тарыхый тилкеде зарыл нерсе. Кыргыз мамлекети убактылуу каардуу болууга аргасыз. Биздин жарандарга философтор айткандай, "намордник" кийгизүү ылайык. Бул коррупцияны азайтуунун бир амалы болмок. 2. Экономиканы кескин көтөрүү керек. 3. Адамдардын уятын, абийирин, ыйманын жакшыртуунун үстүндө тынымсыз иштөө зарыл. Нургалый Абдесов, Кыргыз Республикасыны эмгек сиңирген мугалими: - Коррупция Совет доорунда деле жең астында жашаган. Коррупционер кайсы доордо болсун жогорку мансаптагы бийлиги бар, ыйманы жок жетекчиден чыгат. Тартиби катуу коммунисттик бийликте кээ бир чоңдордун пара алган ыкмалары жөнүндө айың сөз эл оозунда анекдотко айланып айтылып калганы белгилүү. Кантсе да, анда паракор аз болгон. Эгемендүүлүгүбүздөн бери коррупция селдей каптап, чырмооктой жайылып кетти дешет элде. Коррупционердин жогорку кызматтагыларынын колго түшүрүп бети ачылышы кыйын. Мыйзам боюнча пара берген да, пара алган да жоопкерчиликте болот тура. Мындан да жогорку кызматтагы коррупционердин карга карганын көзүн чокубайт болуп, бийликтегилерден колдоочулары көп. Алар өздөрүнө сөз тийгенден качышып, бийлик күчүнө салып актаганга ашыгышат. Барыдан коррупция коомдун өнүгүшүндө залалы зор экен. Акча роль ойноп, баарын акчага сатып алса болот болуп, чындык, адилеттик жүрбөй, жеке бир ууч кызыкчылык күчөйт. Анан ушундай коомдо кантип өсүш болсун, ырасында эле. Мына, 15 жылдык эгемендик мурунку учурубузда жайылып кеткен коррупциянын чырмоогунан арылышыбыз кыйын болуп жатпайбы. Арылыш үчүн катуу мыйзам, адилет башкаруу, аткаруучу күчтүү бийлик, элдин колдоо-талабы керек. Аскар Медетов, филология илимдеринин кандидаты: - Акыркы 20 жылда өлкөбүздө коррупциянын арааны ачылып, өзүнүн апогейине жетти окшойт. Бул жагынан дүйнөгө атагыбыз чыгып, алдыңкы орундарды ээледик. Албетте, бул капыстан пайда болгон социалдык, саясий илдет эмес. Пландуу экономикадан рынок экономикасына өтүүдө оңунан чыкпаган эксперимент - "эс талма терапия" өңдүү чет өлкө тажрыйбаларын сокур туураган экономикалык, шашылыш жүргүзүлгөн агрардык реформалар, анын алкагында жүргүзүлгөн айыл чарбаларын, өндүрүш ишканаларын талоонго салып, бүлдүргөн "прихватизация", билим берүү тармагындагы аша чапкан реформа: ЖОЖдордун саны 10дон 50гө чейин көбөйүшү, студенттердин саны 50 миңден 220 миңге чейин жетиши же тескерисинче өлкөдөгү 1696 бала бакчанын сатылып, кыскарып, болгону 396 бала бакчанын калышы сыяктуу өлкөнү кедерине кетирген экстенсивдүү реформалардын натыйжасы коррупциянын чырмооктой каптап, гүлдөп өнүгүүсүнө жагымдуу шарт түзгөн. Ал эми насыя алынып, кумга сиңген суудай жок болгон 3 миллиардга жакын АКШ доллары элибиздин мойнунда болсо, аны жеген кыл курт коррупционерлер ак койдон аңкоо, боз койдон момун болуп эл арасында жүрүшөт. Сөзүбүз куру болбос үчүн мисалдарга кайрылалы. Академик А.Эркебаев "Татаал тагдыр, таза жол" аттуу китебинде мындай деп жазат: "Убагында Европалык кеңештин медицина тармагына алынган 18 млн. долларды өз кызыкчылыгына пайдаланган жетекчилердин эч кимиси жооп берген жок. Фармациялык завод деп Пакистандан алынган 10 млн. доллар натура пайдалангандыгы тууралуу иш да аягына чыккан жок". Мындай канча иштер аягына чыкпай жатат, алардын артынан сая түшүп, жеп-ичкендердин алкымынан сыгып, казынага кайтаруу фактысы азырынча боло элек. Демек, күрөш өлкөбүздү туташ каптаган коррупцияны азайтуу үчүн эмес, түп тамырынан бери жоюу үчүн жүргүзүлүшү керек. Бул багытта радикалдуу кадамдар жасалбаса болбойт. Айталы, коррупция жок деп эсептелген дүйнөдөгү жети өлкөнүн бирине кирген Сингапурда мамлекеттик кызматкерлердин мал-мүлкүнүн баасы тапкан кирешесине туура келбесе кылмыш иши козголот экен. Ал эми Дэн Сяопин Кытайдагы реформаны мыйзамдуулукту өркүндөтүү, күчөтүү менен баштап, сот паракор, алкы бузук казынага чеңгелин салган партиялык, мамлекеттик кызматкерлердин чаңын асманга чыгарып, өлүм жазасына тартып, эл алдында аянттарда өкүмүн аткарып, коррупцияга катуу сокку урбаса, анын реформасы ишке ашат беле, экономикадагы "Кытай керемети" болот беле, ким билет? Сабыр Иптаров, Кыргыз билим берүү академиясынын Инновациялык программаларды жана технологияларды интеграциялоо бөлүмүнүн башчысы: - Коррупция - "жеп ичүү", "суук колун салуу", "уурдоо", "пара берүү" сыяктуу кылмыштуу иш-аракеттерди билдирген сөз катары бүгүн кеңири мааниде колдонулуп жүргөн менен, ал латын тилинде "сатып алуу" деген маанини билдирип, коомдук, саясий, мамлекеттик жетекчилердин, жогорку кызмат адамдарынын, чоң акчалуу ири байлык ээлеринин бири-бири менен машташып, быгышып, биргелешип (бири-бирине сатылып) жасаган кылмыштуу ишин билдирген. Анын күчөп кетиши бүтүндөй коомдун, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирип, элдин, улуттун адептик-ыймандык сапаттарына доо кетирип, келечек урпактардын тамырына балта чапкан. Ошондуктан ага карата өтө катуу коомдук көзөмөлдүк коюлуп, укуктук жактан өтө катаал жаза чаралары колдонулган. Ушундан улам болсо керек, кээде аттуу-баштуу эле кызмат адамдарынан "коррупция бардык учурда эле болгон, аны жоготуу мүмкүн эмес" деген кепти эшитебиз. Чындыгында "башталат турмуш майдадан, байкабайт аны майда адам" дегендей, кээде биз өзүбүз байкабай таалим-тарбия чөйрөсүндө анын тамырын түптөп жатканыбызга маани бере бербейбиз. Себеби, бардык башка нерселердей эле, коррупция сыяктуу оор кылмыштын башаты да кичинекей кезден эле, өтө жөнөкөй иштерден башталат. Мисалы, биз мектепте окуучуларга текшерүү иш жаздырганда сөзсүз эки вариант тапшырма сунуш кылабыз. Эмне үчүн? Себеби, биз мында: "Кана эмесе урматтуу окуучулар, биз бүгүн өзүбүздүн билимибизди эле эмес, чынчылдыгыбызды да текшерип көрөбүз. Мен силерге бир эле вариант тапшырма берем, ал эми силер мага да, өзүңөргө да көчүрбөй жаза ала турганыңарды далилдеп көргүлөчү", - деп ишеним көрсөтүп, өздөрүнө да, өзгөгө да болгон ишенич сезимин бекемдөөнүн ордуна, "булар - ууру, алар сөзсүз бири-биринен көчүрөт, бири-биринин оюн уурдайт. Аларга ушинтип бөгөт коюш керек" деп ойлойбуз. Тилекке каршы, алар биздин кандай чек койгонубузга карабай, баары бир бири-биринен көчүрүүнүн ойго келбеген жолдорун ойлоп таап, баары бир бири-биринен көчүрөт. Акыры таптакыр мүмкүндүк бербей койгон күндө да сөзсүз бир "күйөрман мугалим" табылат да, "муну көчүргүлө" деп өзү аларга шпаргалка ташыйт. Мына ушул кадыресе эле турмуштук көрүнүштөн жаш адамдын жан дүйнөсүнө "келечектеги коррупциянын чоң түшүмүнүн кичинекей үрөнү" себилип жатканы кашкайып көрүнүп турган жокпу? Анан эле алаканды шак коюп, "эмнеге эле биздин өлкөдө коррупция азайбайт", "муну жок кылуу колдон келбейт турбайбы" деп, ындыныбыз өчүп, моюн сунуп олтуруп беребиз. Чынында ушул сыяктуу турмуштун толгон-токой, майда-барат "арзыбаган", "байкалбаган" алака-мамилесинен көз жарган "кенедей коррупция" барып-барып азыркы "ажыдаар коррупцияга" айланып жатпайбы. Демек, биз коррупциянын натыйжасы менен эмес, себептери менен күрөшүүбүз керек. Ал туура, татыктуу тарбиядан башат алат. Коррупция менен күрөшүү - эч качан утурумдук өнөктүк болбош керек. Ал адамдарга катуу жаза колдонуп, элди коркутуп-үркүтүп, жалаң эле жазалоо жолу менен да жүргүзүлбөш керек. Ал, баарыдан мурда, бала кезден тартып адамдагы чынчылдык, сөзүнө туруу, убаданы аткаруу, бирөөнүн ишеничине арзууну каалоо сыяктуу асыл сезимдерди ойготуу жана калыптандыруу менен башталып, эч үзгүлтүксүз, өмүр бою улантылыш керек. "Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы" деп, адамды жаман сапаттары үчүн эле жемелей бербей, андагы жакшы сапаттарды да көрө билип, ага ишеним артып, андагы изги өзгөрүүлөрдү, умтулууларды дайыма колдоп, анын өзүн тарбиялоого болгон дымагын өрчүтүп-өркүндөтүү - келечектеги коррупционердин чыгышына коюлган чыныгы бөгөт болмокчу. "Адам болуу аста-аста" деп, мына ушул үчүн айтылат эмеспи. Бетти даярдаган Майрамбек ТОКТОРОВ, "Кутбилим"
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
Кызык макала
|
|
|
| ||||||||||||||