Эрендерге таазим

Бийликтин наркы эмнеде?
Адамды тандоо, анын нарк-насилин аңдоо, ага ишеним артуу оңой нерсе эмес. Базардан батиңке сатып алганда бир күн кыдырып, жарым саат кармалап, аласалдырып, үстү-башын аңтарып карап жатып алат эмеспизби. Ал эми эл тагдырын, мамлекеттин келечегин колуна берүүчү Эл башчысын тандоодо биз буга чейинкидей жеңил-желпи, өнөкөт болгон "боло берет" деген кайдыгер, көндүм жолго түшүүгө бүгүн акыбыз жок!
Тилекке каршы, кыргыз мамлекетинин ички нарк парасатынан тартып, анын тышкы административдик-аймактык бөлүнүшүнө чейин, социалдык багытынан тартып, рухий-маданий дөөлөттөрүнө чейин, юридикалык, укуктук ченемдеринен тартып, диний ишенимдерине чейин салттуу негизде, нарктуу сыпатта илимий-методологиялык, тарыхый-диалектикалык өңүттө аңдала да, аныктала да элек. Бардык чечим саясий максаттуулуктун гана нугунда каралып, утурумдук кызыкчылыктын ыңгайынан гана чечилип келе жатат. Мисалы, ар бир даярдалган документ, нормативдик акт гендерлик, экологиялык ж.б. экспертизадан өтөт. Асты анын элдик салт-наркка шайкеш келген руханий-маданий, моралдык-ыймандык, менталдык-психологиялык чен-өлчөмүн баалоочу критерийлер да, аны атайын тейлеп-тескеген институт да жок. Мындай мамиле өлкө турмушунда кездешкен маанилүү көйгөйлөрдү туура чечүүгө кызмат кылбастан, аны тескерисинче, кайра көбөйтүп, татаалдаштырып, "өлгөндүн үстүнө көмгөн" кыла тургандыгы белгилүү.
Айталы, Конституция, ага мурда да, азыр да мамиле жасалып келе жаткандай, бийлик бутактарын бөлүштүрүүчү гана инструкция эмес. Анын үчтөн эки көлөмүн ушул бөлүм түзөт. Ал, баарыдан мурда, элдин табигый дээр-сезими менен маданий эс-тутумуна негизденген улуттук нарк-насилин, салт-санаасын сыпаттаган, анын ички-тышкы таасирлерге болгон табит-татымы менен татыктуу мамилесин тастыктаган мамлекеттин Эл жардыгы болуп саналат. Дарактын өзөгүн анын бутактары түзбөгөндөй эле, мамлекеттин өзөгүн да, анын бийлик салаалары гана аныктабайт. Элестүү айтканда, Конституция - өзөк бутагы, сабагы, жалбырагы, мөмөсү жуурулушуп турган алп байтерек сыяктуу нерсе. Бирок, ошол байтеректин башкы касиети - анын көк тиреген көлөмүндө, же ажайып көркүндө эмес, анын көзгө көрүнбөгөн, кыртышка сиңген тамырынын тереңдигинде, бекемдигинде жана бакубаттыгында. Эл наркы - мына ошол өзөк-тамыр десе болот.
Анан Конституцияга "өлкөдөгү бийликтин булагы - эл" деп жазып коюп, ошол булактын, б.а. элдин орду, статусу, укугу ж.б. жөнүндө бир сөз да айтпасак, "биздин өлкөдө адам укугу ыйык жана бийик" деп жазып коюп, депутаттыкка адам эмес, партиянын мүчөсү болсоң гана өтөсүң десек, ошол "депутат - эл өкүлү" деп жазып коюп, бирок ал эл ичинде жашап, эл көргөндү көрбөсө, референдумда "ооба" же "жок" деп гана добуш бересиң деп, адамдын "калыс калуу" укугун чектесек, "элди бөлүнбөгүлө" деп коюп, партияларга бөлүнүүнү кубаттасак… мындай шартта ансыз да эси эки болуп турган элдин башы маң болуп, кабыл алынган чечимдерге дүйнөлүк коомчулук таң болушу турган иш.
Экинчи бир маанилүү маселе, элдин эс-акылын аныктаган - эне тилдин орду тууралуу. Алсак, канча ирет кабыл алынганына карабастан Конституциянын өзү да, башка заң-жоболордо кеңири колдонулган Жогорку Кеңеш (бул сөз али "Верховный Советтин" котормосу боюнча), унитардык, социалдык, демократиялык, референдум, партия, президент, премьер-министр, министр, муниципалитет, депутат, мэр, губернатор, округ деген сыяктуу толгон-токой социалдык-саясий түйүндүү түшүнүктөрдүн рухий-маданий маңызы, кызматтык-функционалдык табияты эне тилинде тетик аңдалбай да, аталбай да келе жатат. Алар "боло берет" оорусунун айынан "орусча айтсаң олуттуу, кыргызча айтсаң кыйшык" сезилип, сөзү бар сөлөкөтү жок, аталышы бар ариети жок, ээси бар элеси жок, жалаңкат сөз катары колдонулуп келе жатат.
Атаганат, балким Эл башын ата салтындагы "Ажо" деген бийик, нарктуу, жалгыз сөз менен атасак, анда бул ат ага айтылуу Барсбек атабыздын аброй-беделин, айкөл келбетин эстетип, өзүнүн ажолук рухий наркын, адамдык парасат баркын сактоого жана бийик тутууга нускап турар беле. Ажо - өлкөдөгү жалгыз адам, ал эми ар түрдүү, чоң-кичине "президенттер" толтура эмеспи.
"Күнөө - кемикте да, керкиде да" дейт кыргыз эли. Ошентип, биз буга чейинки болуп келген жана болуп өткөн өкүнүчтүү окуяларда бийлик гана эмес, ошол бийликти түзүүгө катышкан кыргызстандык ар бир атуулдун тике же кыйыр түрдө күнөөсү бар экенин моюнга албасак, анда биз нарк сактаган эл боло албайбыз. Ушул сөздөрдү окуп олтурган ар бир адам Кыргызстандын бүгүнү ушундай абалга келишинде, анын да түздөн-түз же кыйыр түрдө катышы бар экенин сезбесе, анда чындык ойгонбойт, анда биз эч качан агара да, тазара да албайбыз, анда биз эч нерсени өзгөртө да албайбыз.
Албетте, Акаев да, Бакиев да, алардын жан-жөкөрлөрү да колу менен кылганды, мойну менен тартышы керек жана алар тартышат. Бирок, алардын тегерегинде, өзүбүздүн эле арабызда "Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп", кымырынып жүргөндөр канча? Элди талагандар да, сабагандар да, качкандар да, кубалагандар да, баары адамдык ариетке келип, адамдык наркка толмоюн, турмуш оңолбойт. Адам оңолмоюн, заман оңолбойт. Баарыбыз оңолмоюн, эч нерсе оңолбойт! Оңолуунун усулу - ушу баштан оң жолго түшүүдө, оң иштерди жасоого багыт алууда. Ар нерсенин наркын, баркын тааный билип, ага нарктуу, барктуу мамиле жасоодо. Адамдык ариет-намысыңды, адамдык кадыр-баркыңды, эң башкысы - Адамдык нарк-насилиңди бийик сактоодо!
Жакында Убактылуу Өкмөт шейит кеткен маркумдун "куну" деп берген 1 миллион сомдон атасынан айрылып, томолой жетим калган жалгыз кыз "Мага акча эмес, атам керек болчу" деп баш тартып койгонун эшиттим.
Дагы бир жаш жигитке Ак үйдүн алдында ок жаңылып, бирок, ал "ата-энем оорукчал эле, ал байкуштар мага ок тийип, ооруканада жатат дегенди укса, өлүп калышат" деп аларды аяп, оорусун жашырып, үйдөн дарыланып жатып, октун уусу өтүшүп кетип, оор абалда ооруканага жеткирилгенинен кабарым бар.
Мен силердин атыңарды билбейм, садагалар. Мен силердин кайсы жерден, кайсы элден экениңерди да билбейм. Бирок, силердей уул-кыздарды тарбиялап өстүргөн ата-энеңерге түбөлүк таазим! Ата-эненин үмүтүн актаган силердей уул-кыздарга түбөлүк таазим! Силердин ысымыңар эми бул жалганда акчадан кымбат, оорудан олуттуу нерселер бар экенин эстетип, түбөлүк жашайт. Эл наркы мына ушундай элдин уул-кыздарынын кадыресе күндөлүк турмушунда жашайт! Эл наркынын туткасы - кагаз бетиндеги эреже-жоболордо эмес, эл ичинде билинбей өмүр сүргөн жөнөкөй адамдардын жүрөгүндө жашайт!
Эсил кайран Жоомарт Бөкөнбаев агайыңар айтылуу "Чептен эрдин күчү бек" поэмасын эл ичинде силердин ата-энеңердей адамдар бар, силердей уул-кыздар бар деп жазган тура.

"… Көмбөгүн, бул баланы ачкын, - деди, -
Чеп курбай үй-үйүңө кайткын деди.
Көтөрбө чеп, коргондун кереги жок,
Кордукка мындай балдар бербейт элди.

Киришсе, ким да болсо, чеп тургузат,
Чеп - ылай, каптап кирсе душман бузат.
Балдарың баары ушундай өсүп турса,
Багынтып, бул жүрөктү ким коркутат?!

Черди жаз. Тепкин шапар. Кургун сайран.
"Чеп жок" - деп, кайгы тартып, кам санаба.
Кандай жоо басып кирип, баш ийдирмек
Турганда мындай эне, мындай бала!"

Кыргызстанды мына силер сактайсыңар! Кыргызстандын сыймыгы да, келечеги да - мына силердей адамдардын колунда. Өмүрлүү болгула! Бактылуу болгула! Тилегиңерге жеткиле, садагалар! Ылайым наркыңарды түшүрбөгүлө!