Жетишкендик

Рак дартына даба издеген кыргыз кызы
Жакында Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылына алыскы Германиядан кубанычтуу кабар келди: ушул айылдын кызы Айзада Учугенова Германия мамлекетинин Саарланд Университетинин медицина факультетинин докторантурасында окуп жүрүп, докторлук диссертациясын ийгиликтүү жактады.

Айзада Учугенова докторлук диссертациясында өзөк клеткаларын зыянсыз (неинвазивная) диагностика кылуу ыкмаларын ачкан. Ошондой эле тукум куучулуктун белгиси болгон - генди лазер аркылуу өзөк клеткаларына эффективдүү транспортировкалоо ыкмасын демонстрациялаган. Бул иши үчүн 2008-жылы АКШнын "Батыштын жарыгы" (SPJE) сыйлыгына татыктуу болгон. АКШда, Россияда, Европанын көп мамлекеттеринде өткөн эл аралык илимий конференцияларга чакырылып, анын жасаган илимий докладдары илимпоздор арасында өзгөчө кызыгууларды жаратууда. Ушул кезге чейин 15 илимий макалалары жогоруда аталган өлкөлөрдүн илимдин жетишкендиктери жөнүндөгү журналдарында жарыяланган. АКШ, Япония, Европада басылып чыккан үч китептин кошо жазышкан автору. Үч жолу Германияда ДФГ уюмунун стипендиясын, гранттарын утуп алган. 2008-жылы АКШнын Калифорния штатындагы Лос-Анджелес Университетинин "Жүрөк кан-тамыр өзөк клеткаларын изилдөө" Борборунда өзөк клеткалары менен дарылоо жана өзөк клеткаларын өстүрүү боюнча билим алган. Ушу тапта Айзада Германияда жашап, Саарланд Университетинде сабак өтүүдө жана илимий ишин улантууда. Өз эне тилин кошпогондо орус, англис, немис тилдеринде эркин сүйлөп, жазат. Учурда кытай тилин үйрөнүүгө далалаттанууда.
Айзада Чолок-Кайың айылынан чыккан мыкты инсандардын ичинен чет мамлекеттен европалык стандартта илимий ишин жактаган илимдин алгачкы доктору. "Ак-Талаа району боюнча үчүнчү доктор-илимпоз", - дейт Ак-Талаа районунун мыкты инсандары жөнүндөгү энциклопедиялык китептин автору, белгилүү акын, жазуучу, журналист Өмүрбек Дөөлөев.
Айзада Учугенова 1977-жылы Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылында туулуп-өсүп, Бердалы Календеров атындагы орто мектепти артыкчылык аттестаты менен аяктаган. Андан кийин Бишкектеги медициналык орто окуу жайын, анан Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетинин биология факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Университеттин магистратурасында окуп жүргөндө эле Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия Борборунда иштеп, профессор Тургунбай Кадыралиевдин жетекчилиги алдында тоо шартында жашоочулардын жүрөк, кан-тамыр, бөйрөк ооруларына илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Магистратуралык ишин био-медицина илими боюнча жактаган. Андан соң 2003-2005-жылдары республикалык молекулярдык биология жана медицина институтунда академик Алмазбек Алдашевдин жетекчилигинде кенже илимий кызматкер болуп эмгектенген. 2005-жылы чет элдик ДААД уюмунун стипендиясын жеңип алып, медициналык технология институтуна илимий ишин улантканы Германияга кетет. Лейпциг шаарындагы Хердер атындагы институттун даярдоо курсунан өтүп жүргөндө Айзаданын илимге өзгөчө жөндөмүн, жогорку интеллектин байкаган профессор Карстен Коениг мырза ага Германияда докторантурада калып, билимин улантууну сунуш кылат. Бактысына жараша, ал Саарланд Университетинин медицина факультетинин докторантурасына тапшырып өтүп кетет. Ошол жерден темасына ылайык, Фраунхофер институтунда профессор Гунтер Фур жана профессор Карстен Коениг мырзалар менен бирге адамдын организминдеги өзөк клеткаларга (стволовые клетки) изилдөөлөрдү жүргүзөт.
Өзөк клеткалары азыркы учурда рак ооруларын, нерв, шал, жүрөк кан-тамыр, диабет ооруларын айыктыруунун бирден-бир үмүтү жана жаңы ыкмасы болуп саналат. Жогоруда аталган оорулар айыкпас дарт катары илимий медицинанын алы жетпей келаткан талуу жери болуп келген. Мындай өзөк клеткалар оорулуунун өзүнөн алынып, кайра өзүн дарылоого колдоно баштады, о.э. алардын муктаждыгына жараша керектүү органдарды, ткандарды (боор, тери, өпкө, сөөк, чач, жүрөк ж.б.) өстүрүүгө да колдонулуп, трансплантация кылуу үчүн чоң үмүттөрдү туудуруп келет.




"Эмгегимди эне-атама арнаймын"
Айзаданын докторлук эмгегинин эң биринчи эстелик барагы так ушинтип башталат. Ал аны эне-атасына эстелик-белек катары арнаган. Айзада өзү сегиз бир тууган, кыздардын эң кенжеси. Айылдык интеллигенттердин үй-бүлөсүндө төрөлүп, татыктуу таалим-тарбия алды. Бир туугандарынын баары жогорку билимдүү. Атасы Асан айылындагы алгачкы жогорку билимдүү адистердин бири. Азыр 71 жашта. Апасы Базира Миталипова экөө пенсияга чыкканча Ленин колхозунда экономист, бухгалтер болуп үзүрлүү эмгектеништи. Өкүнүчтүүсү, Базира апа 2003-жылы 55 жашында мээнин рак оорусунан эрте көз жумду. Ал учурда Айзада университеттин магистратурасында окуп, башка темада изилдөө жүргүзө баштаган эле. Анын илимий ишинин багытын өзгөртүүсүнө ушул кайгылуу окуя да себеп болсо керек. "Айыкпайт" дешкен республикалык нейрохирургиянын дарыгерлеринин каардуу өкүмүн укканда Айзада медицинанын бул дартка алы жетпей жатканына ишенгиси келчү эмес. Ал эми Европада ошол кезде рак оорусун айыктырууга алгачкы кадамдар жасала баштаган. Айзада Германияга окууга барганда ушундай илимий чөйрөгө туш болгону да бекеринен болбосо керек, ал: "апамды айыктыра албасам да, жабыр тарткан башка адамдарды дарылоодо пайдам тийсин" - деп азыркы илимий эмгегин адамдын айыкпас дарттарын оорулуунун өзүнүн өзөк клеткалары менен дарылоого арнаган.
Айзаданын атасы Асандын айтуусунда ал кичинекей кезинен эле тырышчаак, жөндөмдүү, эмгекчил жана сезимтал, зирек кыз болуп чоңойду.
- Ата-эне балдарынын өзгөчө жөндөмүн кичинесинен эле байкайт эмеспи. Байбичем Базира колхоздо жооптуу кызматта - бухгалтер болуп иштеп, таң заардан кеч күүгүмгө чейин колу бошочу эмес. Ал кезде да талап, тартип өтө катуу эмес беле. Аялдар декреттик отпускага деле толук чыкчу эмес. Экөөбүз ошентип кызматта жүрүп, балдарым улуусу кичүүсүн жетелеп чоңоюшту. Кудайга шүгүр, балдарымдын баары мектепте жакшы окушту, андан кийин жогорку билимдүү болушту. Айзада кызымды балерина болот деп койчумун негедир. Андай болбосо да, дүйнөгө аты чыккан алдыңкы кыздардан болгонуна терең сыймыктанам. Ата-эне үчүн мындан артык сыймык барбы. Тырышчаак, эмгекчил мүнөзүнүн акыбети кайтып, илимде чоң жетишкендиктерге ээ болуп жатат. Кай жерде окубасын, жалаң жакшы бааларга окуп, чет тилдерин да өз алдынча үйрөндү. Германияга окууга да өз күчү менен кетти. Ушул кезге чейин менден окуума керек деп бир да жолу акча сураган жок. Чет жерде жүрсө, кыйналып калбасын деп бир жолу бир уюмду сатып, акча салсам: "мен өзүмдү өзүм бага алам, жөн эле коюңуз, анын үстүнө 16 миң сом акчаңыз Германияда аз эле акча", - деп жатпайбы кызым" - деп күлөт Асан ата. Көрсө, кызы докторантурада түшкө чейин окуп, түштөн кийин темасы боюнча илимий лабораторияда иштегени үчүн жарым айлык алчу экен. Андан башка грант утуп алып, стипендия алып жүрүптүр. Окуусунун контракттык акчасын да өзү төлөп окуп, докторлугун да өз күчү менен жактап алды. Ушундай кызы менен сыймыктангандыгын жашыра албаган атасы, анын өзүнөн алыс, чет жакта жүргөнүнө бир чети тынчы кетип, кээде кейип калат.
Айзаданын апасы каза болгондон кийин балдары Базира Миталипова атындагы үй-бүлөлүк өнүгүү фондун түзүшкөн. Өздөрү тапкан кирешесинин эсебинен 7 жылдан бери Бердалы Календеров атындагы орто мектебинин мыкты окуучуларына, мыкты мугалимдерине сыйлык уюштуруп келишет. Айзада да четте калбай, алыскы Германиядан акча салып, апасынын атын алып жүргөн фонд аркылуу туулуп-өскөн айылынын өспүрүмдөрүнүн интеллектуалдык өсүп-өнүгүүсүнө, мыкты билим алуусуна стимул берүүгө салым кошуп келет. Биздин айылдан билимдүү, мыкты балдар-кыздар көп өсүп чыкса деп тилейт.
Азыр Айзада Германияда жашап, эмгектенүүсүн улантууда. "Немистердин өнүккөн илимий-техникалык базасын пайдаланып, билимимди өркүндөтүп, практикада күчүмдү сынасам", - дейт. Анткени бул багытта илим Кыргызстанда кыймылдай элек, база да жок. Кыргызстан эмес, Россияда бул илим изилдене башталганына аз эле убакыт болду. Бирок, келечекте эл-журтуна кайтып келип, кызмат кылуу тилеги бар экендигин жашырган жок. Биз Айзаданын илимий иштерине ийгилик каалап, бөтөн эл, бөтөн жерде аман жүр, эл-журтуң сени дагы жаңы ачылыштарың менен күтөт демекчибиз.

Айнагүл Кашыбаева,
"Кутбилим"