Көз караш

Билим нурун чачыратып
Мугалим - ардактуу ары түйшүктүү кесип. Тээ атам замандан бери эле ар бир улуттун бийиктиги, тереңдиги илим-билим менен өлчөнүп келет эмеспи. Тарыхка кылчая карасак менменсинген, гүлдөгөн мамлекеттердин да негизги коомдук таянычын илим-билим түзөт. Андай мамлекеттердин артыкчылыгы, жетишкен сансыз ийгиликтери тарыхта байма-бай айтылганы менен ошол илим-билимдин түркүгү таянычка болгон мугалим жөнүндө эч нерсе айтылбай келет.

Ырас, устат жана шакирт маселеси белгилүү деңгээлде кепке алынганы менен жалпысынан мугалимдин кылган кызматы, жаштарды тарбиялаган үзүрлүү эмгеги коом алдындагы орду анча мааниге ээ болбой келет. Ал эми чынында дүйнөнү дүңгүрөткөн окумуштуу да, таланты менен ааламды таң калтырган жазуучу да, төгөрөктү төп билген саясатчы да, акындын тереңине байыр алган акылман да мугалимдин колунан тарбияланат.
Коомго мына ушундай эмгек сиңирген, тарыхый өнүгүштүн баасын тегереткен билим атасы мугалим болгону менен алардын эмгеги бааланып - бааланбай көбүнесе көз жаздымда калууда.
Ал эми бүгүнкү күндөгү социалдык кыйынчылыктан улам мугалимдердин баштагы кадыр-баркы дагы бир кыйла пастап кеткендей көрүнөт. Акаев заманында мугалим аттуунун баары базар агымына агылып кирип "базарчы", "коммерсант" болуп кетишсе, Бакиев заманында мугалимдин статусун жогорулатабыз деген ооз толтурган көп убаданы тил эмизе берип, акыры эптемей адатыбызга түшкөнбүз. Ал эми азыркы бийлик мугалимдерге болгон камкордукту азырынча өз колдоруна алышып, жардам берүүгө даяр экендигин айтышууда. Убаданын канчалык деңгээлде канчасы ишке ашаарын эми келечек өзү көрсөтөөр. Акырында айтаарым, ары түйшүктүү ары ардактуу кесип ээлери, кандай заман болбосун, кандай жашоо болбосун адамдык сапатыбыздан, педагогдук касиетибизди унутта калтырбай, тоодой тоскоолдуктарды жеңип, куттуу билимдин үстүндө арыбай эмгектене бериңиздер демекчимин. Кыргызстандагы жалпы мугалим кесиптештерге ырдесте арнагым келет:

Билим нурун чачыратып балдарга,
Билим берем тегиз карап баарына.
Билгич болуп, дилгир болсо окуучум,
Бийиктикке чыга түшөм шаттана.

Кыялымда, түшөт түрдүү усулдар,
Кызыктырып, жакшы сабак өтсөм
деп.
Окуучумду окууга бел байлатып,
Ойго батам берген билимим жукса
деп.
Мугалим - ыйык, анын да өз
тарыхы бар,
Жашоодо жарыгын ал чачып калаар.
Текке кетпей кылган таасын
иштери,
Мугалимдер, эмгегиңди эл баалар.

Мээрим Багышова,
Нарын облусунун Ат-башы
районундагы
Жакыпбек уулу Боогачы атындагы орто мектептин тарых сабагынын мугалими






Математиканы колдоно билген илим гана өз туу чокусуна жете алат
Карл Маркс

учур талабына
ылайык китеп

Кечээ жакында Калыгул Жусуповдун "Мектеп математикасынын конспектиси" аттуу китеби жарык көрдү.


Бул кошумча окуу куралында мектептин математика курсунун дээрлик ар бир бөлүмү боюнча (арифметика, алгебра, тригонометрия, анализдин башталышы, геометрия) окутулуучу программалык материалдар толугу менен кыскача түшүндүрүлүп, ирэээттүү баяндалып, жеткиликтүү анализделип жөнөкөй тил менен системалуу жазылган.
Кыргыз тилиндеги ушундай эмгек алгачкы жолу 1990-жылы жарык көргөн (Математикадан экзамен берүүчүлөргө методикалык колдонмо) А.Абдиев, Д.У.Байсалов, Н.С.Эгембердиева, О.Ш.Мамаюсупов. - Фрунзе: Билим коому, 1990. 221 бет). Бул эмгекти мугалимдер, студенттер, ал түгүл ата-энелер ушул убакка чейин сурап жүрүшөт. Тилекке каршы, ал кайра басылган эмес.
Мектеп курсунун, айрыкча 5-11-класстары үчүн окуу китептеринде айрым тигил же бул түшүнүктөр кайталанып, баяндалган учурлар арбын кездешери белгилүү. Же, мурунку класстарда өтүлгөн материалдар (түшүнүктөр, эрежелер, касиеттер, аныктамалар ж.б.) кийинки класстарда өтүлчү материалдарга базалык негиз болуп калганда, аларды кайрадан эске түшүрүү үчүн ошол класстын окуу китептеринен кайталоого аргасыз болгон учурлар да болот.
Мына ушундай ж.б. кыйчалыш кырдаалдардан жеңилирээк чыгууга өбөлгө түзүүчү материалдарга бир эле ирээт түшүндүрмө берип жазылган бул китеп, биринчи кезекте жаш математик мугалимдердин окутуу иштерин жеңилдетүү жогорку класстагы окуучулардын, кайталоо мезгилдеринде билген-билбегендерин бышыктап, сынактарга даярданыштарына көмөк көрсөтүү, ЖОЖдордун, айрыкча биринчи курска кирген студенттердин мектепте алган математикалык маалыматтарынын сапаттарынын жогорку математиканы окуп билүүдө зарыл экендиктерин туюп, унутуп бараткан материалдарын жеңил кайталап алыштары ошондой эле, математика керектелчү кесиптегилердин бүдөмүк болгон түшүнүктөрүн, керек болгон учурларда эстерине түшүрүп алуу үчүн арналган жекече кол китеп болуп кызмат аткарат.
Булардан тышкары бул китеп азыркы шартта, өзгөчө математика боюнча кыргыз тилинде жазылган окуу колдонмолору жетишсиз болуп жаткан кезде, айрыкча кесиптик атайын орто окуу жайлары (колледж, лицей, техникум ж.б.) кошумча окуу куралы катары пайдаланса болот. Теориялык материалдар маселелердин типтүү үлгүлөрүнүн толук чыгарылыштары менен коштолгон.
Албетте, кемчилиги жок эмгек болбойт. Бул эмгекте да стилистикалык, грамматикалык каталар техникалык мүнөздөгү кемчиликтер кездешет. Аларды автор китептин кийинки басылышында өңдөйт болуш керек.
Бирок, жалпылап айтканда, жарык көрүп жаткан бул китеп азыркы учурдун талабына ылайыкташтырылып жазылган жана көпчүлүк окурмандардын (мугалимдердин, жогорку класстардын окуучуларынын, студенттердин) муктаждыктарын канааттандырат деп ишенебиз.

А.Абдиев,
Кыргыз билим берүү академиясынын
Табигый-математикалык предметтер
лабораториясынын башчысы





Манастын прототиби
Чынгызхан болушу мүмкүнбү?..
Урматтуу окурман, Сабырбек Абдыраманэрдин "Куу-ууз каандын көккө куюндаган көк ою" деген китеби кокусунан колума тийип калып, аны окуп чыккандан кийин башка окурмандар сыяктуу эле мени мурунтан түйшөлтүп жүргөн ойго жарыктын шооласы чачылгандай болду.

Анткени дүйнөдө теңдеши жок "Манас" эпосубуздун прототиби бар болду бекен? Эгер болсо ким болду экен? - деген ой менин да көңүлүмдө жүрчү. Китепте айтылган ой, ал ойду бышыктаган ынанымдуу далилдер, дүйнөдө теңдеши жок "Манас" эпосунун башкы каарманы Манастын прототиби чын эле дүйнөдө теңдеши жок Чынгызхандын болушуна ыктымал экендигин ырастайт.
Чындыгында Чынгызхандын түп атасы кыргыз экендигин Санкт-Петербургдук чынгызизилдөөчү окумуштуу Е.Кычанов өзүнүн "Дүйнөнү багынтууну каалаган Темучин" аттуу чыгармасында белгилеген. Мындан тышкары дагы окумуштуулар Березин, П.Рачневскийлер да өз эмгектеринде ырастаганы бар.
Өзүбүздүн эле залкар комузчуларыбыз чертип жүрүшкөн "Кетбука" күүсүнүн тарыхына көңүл бурсак: Чынгызхандын уулу Жолчунун өлүмүн комуздун күүсүнө салып Бука Ноендун Чынгызханга угузушу да бир топ суроолорду жаратат.
Анда:
Туу куйругу бир кучак,
Тулпар качты, Айханым.
Туурунан бошонуп,
Шумкар качты Айханым.
Терек түптөн жыгылып,
Жер бөксөрдү, Айханым
Деңиз толкуп, чайпалып,
Көл бөксөрдү, Айханым.
Ала-Тоо кулап, пас болуп,
Бел бөксөрдү, Айханым.

Деп комуз боздосо:

Кет, кет, кет Бука!
Кеби жаман, ит Бука
Комузуңду колго алып,
Сүйлөткөнү келдиңби?
Бүгүн Айхан паашаңды.
Ыйлатканы келдиңби?
Бул күүңдү ким уксун:
Бору калың жер уксун.
Бир караңгы түн уксун.
- Деп басып кеткен экен деп айтылат. Эмне үчүн бул кабар башка музыкалык аспап эмес, комуздун күүсү менен угузулган? Эмне үчүн бул муңдуу күү элибизде эмдигиче сакталып калган?
Ушундай туура келүүчүлүктөрдөн улам чын эле "Манас" эпосубуздагы Манастын үлкөрү, (прототиби) Чынгызхан болгондой сезилет.
Албетте ал кыргыз болгон соң, жана анын тукумдары башкарып турган мезгилде кыргызды канатынын алдына калкалап, эл катары сакталып калышына чоң салым кошкон болушу керек.
Бул маселеге биздин Манас изилдөөчү, тилчи окумуштууларыбыз жана тарыхчыларыбыз кайдыгер мамиле кылбай, терең изилдешсе жакшы болоор эле.

Сапарбай Ахметов,
Ноокен району, Момбеков айыл округу