п»ї
  Эстутум

Көпүрөчү Найман
Азыркы Тянь-Шань районундагы Дөбөлү айылынын жогорку жагында жайгашкан Таш-Башат айылынын тургуну, чоң атабыз - Жолой уулу Найман кийинчерээк көпүрөчү Найман деген атка ээ болгон. Анткени ал адам күрпүлдөгөн Нарын дарыясынын бир куймасы Чоң Нарын суусунун эки жерине Марал-Кечүү жана Доңуз-Булуң деген жерлерге өз күчү менен көпүрө курган экен. Найман атабыз элдин жолдон өтө албай кыйналганын көрүп жана эр ортону элүү жашка чейин уулдуу болбогондуктан, "жол оңдоп, көпүрө куруп элден бата алсам, уул перзент көрөрмүн",-деген ак тилек менен бул эки көпүрөдөн башка Чоң-Капчыгай өрөөнүндөгү (Чоң-Нарын куймасынын агымындагы) Тарагайга чейинки татаал жолсуз жерлерге дээрлик бүт жол чаап, аны менен жүктүү көч өтүүгө мүмкүн болгондой кыяларды жасаган. Жылдар бою жумуштун түйүндүү жерлерине үйүн көчүрүп барып коюп жол чабууну уланта берген. Жолду узарта чаап, үйдөн алыстап кеткенде кайрадан жаңы журтка көчүп-конуп, кайра башынан жумушун уланткан. Ошентип капчыгай өрөөнүндөгү жолду чаап бүтүргөн. Найман ата чапкан, оңдоп ылайыкташтырган жолдор: Чоң капчыгай ичиндеги Кескен-Жардагы кыя жана азыркы Нарын-Эки-Нарын шоссе жолундагы автоунаалар жүрүп жаткан Көгөндү кыясы. 1945-жылдарга чейин жыгач тирөөчтөр коюлуп чабылган жол бойлоп бардык түрдөгү унаалар өтүп туруучу. 1945-жылдан кийин Көгөндүнүн зоокасы жардырылып, жол кеңейтилип азыркы абалына келген. Кескен-жардагы тар кыя болсо ошол илгерки калыбында эле атчан өтүүгө боло турган жол катары пайдаланылып келе жатат.
Найман ата болжол менен 1840-жылдарда дүйнөгө келип, Доңуз-Булуңдагы көпүрөсүн XIX кылымдын аягында, 1890-жылдарда курса керек. Бул көпүрөнү 1916-жылдагы эл качакта жазалоочу куугунчу падыша аскерлери өтпөсүн деп качып бара жаткан эл бузуп кетүүгө үлгүрүшкөн. Ал көпүрөнүн суунун эки өйүзүндөгү үкөктөрү гана калган. Ошентсе да, азыркы күнгө чейин көпүрөнүн үкөктөрүнүн домоосу чирип калса да сакталып калган.
Экинчи көпүрөсүн Кичи-Нарын менен Чоң-Нарындын кошулган куймасынан күн чыгышта бир чакырымчалык алыста Марал-Кечүү деп аталган жерге XX кылымдын башында курган экен. Көпүрөгө коюлган устундар өтө эле узун болгондуктан (ар биринин узундугу 10 метр ден ашык болгон) унаа менен өткөндө солкулдап туруучу. Бул көпүрө 1941-жылга чейин сакталып киши өтүүгө жарактуу эле. Көпүрөнүн жаздыгына коюлган карагайдын кээси чиригендиктен үкөктүн ортосуна коюлган таштарды суу жеп агызып кетип үкөгү бөксөргөн жагына көпүрө бир аз кыйшайып калган. Ошондуктан 1941-жылдарда көпүрөдөн жөө адамдар гана өтүп калган. 1941-жылдагы календарга көпүрөнүн сүрөтү жарыяланган. Улуу Ата Мекендик согуш башталгандан кийин көпүрө таптакыр эле кароосуз калган. Көпүрөгө жакын аймакта жайгашкан кары-картаң, жаш бала, аял кишилер тоодон отун алууга күчү жетпегендер көпүрөнү бузуп, отун үчүн пайдаланып кеткендиктен, азыркы күндө суунун эки өйүзүндөгү көпүрөнүн үкөктөрү гана сакталып турат.
Найман ата жалаң эле көпүрө куруу менен чектелбестен, дыйканчылыкты да колго ала жүргөн адам болгон. Азыркы Жан-Булак айылдык кеңешинин аймагындагы Кызыл-Үңкүр деген жерге арпа, буудай эгүүчү экен. Эгин бышканда түшүмүн унаага жүктөп жана четке менен ташып жеткирип алып, өз үй-бүлөсүн гана бакпастан, айлындагы жардыларга, жаш аялмет балалууларга эгининен бекер бөлүп берип, каралашчу экен.
Таш-Башатта Кайыңды суусунан алынып Марал-Кечүүгө чейин суу алып барган, ошол кездерде Чоң-Өстөн деп аталып калган чоң арык бар. Аны совет мезгилинде техника менен тазалап, колхоз сугатына пайдаланышчу. "Ошол Чоң-Өстөндү казганда өгүзгө буурсунду коштуруп алып "Менин аркамдан ээрчип, буурсун менен нук салгыла",- деп Найман аке элди баштады, чогулган эл буурсун менен из салып ээрчип отуруп, Кайыңдыдан Марал кечүүгө чейинки Таш-Башаттын көп жерине суу бастырган Чоң-Өстөндүн нугун бир күндө белгиледик да, өстөндү казып кеңейтүүнү ата-ата болуп жамаатташып бөлүп алып акырындык менен казып бүтүрдүк",- деп айыл аксакалдары Кожобай, Жайлообай, Жайык, Качыбек, Ашыр, Куланбай, Ысабек деген дагы ондогон айылдык карыялар эл чогулган жерлерде ооздорунан түшүрүшпөй мисал кылып аңгеме курушар эле.
Найман атага "көпүрөчү" деген сыймыктуу атты өзүнүн ак эмгеги үчүн элинин берген эстелик наамы экендиги талашсыз. "Бата менен эл көгөрөт" дегендей уул балага зарлап жүргөн Найман ата Керим, Сопу, Мамбет, Мукаш, Данияр деген беш уулдуу болот. Азыркы күндө Найман атадан тараган уул-кыздары, неберелери, чөбөрө, кыбыралары ар кимиси өз жөндөмүнө, талантына, билимине жараша эл жүгүн аркалап келүүдө.

Керим уулу Абдыракман




Аталардын ой насили, сөз куржуну, өнөр кенчи…
Биздин ата-энебиз Керим уулу Абдыракман, Чолпонкул кызы Жубара бул дүйнөдөн эрте өтүп кетти. Апабыздын жолун улап төрт кызы тең мугалимдик кесипти аркалап келебиз. Атабыздын бухгалтердик кесибин небереси Элишат, жээни Гүлназ улантууда. Атабыздын кагаздарын карап отуруп, чоң атасы Найман ата жөнүндө жазгандарын таап алдык. Атабыз Керим уулу Абдыракман сыяктуу биз да Найман ата жөнүндө урпактары билиши керек деген ойдобуз, анткени рынок заманында жаш муундардын сезиминде сооп иштерине көңүл бөлүнбөй, акы төлөнсө гана эмгектенүү керек деген ой сиңип бара жаткан кезинде, элибизди кылымдан кылымга сактап келген бири-бирине жардам берүү, эл кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору коюу, күнүмдүк нерсени эмес, алысты көрө билүү, түбөлүгүн ойлоо сыяктуу нерселерди айта жүрүшүбүз, аткарышыбыз керек.
Анда эмесе атабыздын жазып калтырып кеткен баянына көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Балдарынын атынан: Б.Каримова,
Кыргыз экономикалык университетинин ага окутуучусу




Залкар акын өттү дүйнөдөн
Кыргыз адабияты менен көркөм өнөрү орду толгус абдан оор жоготууга учурады. 21-октябрь күнү Кыргыз эл акыны, даңазалуу драматург жана коомдук ишмер Жалил Садыков узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты.

Жалил Садыков 1932-жылы 23-октябрда Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Кемин районунун Кичи-Кемин айылында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин эмгек жолун туулуп-өскөн колхозунда баштаган. 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөндөн кийин 1959-1963-жылдары "Кыргызстан пионери" газетасында, Кыргыз ССРинин Главлитинде эмгектенген. Андан соң "Ала-Тоо" журналынын бөлүм башчысы жана жооптуу катчысы милдетин аткарган, ал эми 1967-жылдан баштап "Жаш ленинчи" журналын, 1980-жылдан баштап Кыргыз ССРинин маданият министрлигинин репертуардык-редакциялык коллегиясын жетектеген. 1981-1985-жылдары Кыргызстандын Жазуучулар союзунун Нарын жана Ысык-Көл облустары боюнча адабий кеңешчиси, 1988-1992-жылдары "Кыргызстан маданияты" газетасынын башкы редактору болуп эмгектенген.
Жалил Садыковдун "Убада" деген алгачкы ырлар жыйнагы 1958-жылы жарык көрүп, таланттуу жаш акын ошол эле жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынат. Андан ары профессионал кыргыз поэзиясын өнүктүрүүдө Жалил Садыков эбегейсиз чоң эмгек өтөдү. "Жайкы таңда", "Сары өзөн", "Сырдашуу", "Жоогазын", "Топ жылдыздар" сыяктуу ондогон поэтикалык жыйнактары аркылуу чыныгы сөз чебери, залкар акын катары окурмандардын урмат-сыйына арзыды. Жүздөгөн ырларына обон чыгарылып, жалпы кыргыз эли ооздон түшүрбөй ырдап келет.
Жалил Садыковдун драматургиясы да көп жактуу жана нукура улуттук мүнөзгө эгедер. Кыргыз Мамлекеттик академиялык драма театрында анын "Манастын уулу Семетей" (1982-ж.), "Сейтек" (1987-ж.), "Айкөл Манас" (1990-ж.) үчилтиги коюлган. Драматургдун "Эр Төштүк", "Ак Мөөр", "Жукеев-Пудовкин" деген жана башка драмалары Кыргызстандын түрдүү театрларында коюлган.
"Манастын уулу Семетей" деген эпикалык драманы жараткандыгы үчүн Жалил Садыков Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Ал ошондой эле интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун Алтын медалынын да лауреаты.
Жалил Садыков улуу классик акындар Александр Пушкиндин, Михаил Лермонтовдун, Тарас Шевченконун, Омар Хаямдын, Расул Гамзатовдун, Кайсын Кулиевдин, Ясыр Шивазанын жана башка көптөгөн акындардын ырларын кыргыз тилине которгон. Ж. Садыковдун чыгармалары дүйнөнүн ондогон тилдерине которулган, анын драмалары көптөгөн чет өлкөлүк театрлардын сахналарында коюлган.
Ж.Садыков Кыргыз Республикасынын Гимнинин текстинин да авторлорунун бири. Кезинде Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, бир катар улуттук маселелердин чечилишине жардам берген. Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы болуп да бир нече жыл иштеген. Кыргыз адабиятына сиңирген зор эмгеги үчүн Жалил Садыков Кыргыз Республикасынын эл акыны деген жогорку наамга татыктуу болгон.
Кыргызстандын чыгармачыл интеллигенциясы, бүткүл эли залкар акын жана драматург, коомдук ишмер Жалил Садыковдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен, жакындарынын азасын тең бөлүшөт.

Отунбаева Р.И., Каптагаев Э.С., Муралиев А. М., Абдуллаева У.А., Раев С.А., Шер-Нияз С.,
Өмүркулов И.Ш.,
Бектеналиев М., Исабаева З.Б., Элебесов Б.Д., Усеналиев М.Ж., Жакиев Б.Ж., Кондучалова К.К., Токтосартов А.Т., Нусупова Ж.Н., Баялинов М.К., Жусуев С.Ж., Эралиев С.Э., Касымбеков Т.К., Абдрахманов А., Шаршенбаев М.С., Оторбаев К., Кулуев К.К.,
Воробьев Б.Д., Садыков Д.С,
Сейдакматова Жс, Даникеев Ө.Д., Абылкасымова М.А.,
Жакшылыков А, Далбаев С., Алышпаев М.У., Байдөбөтов Д.,
Саламатов Т.С., Сартбаева К.,
Байжиев М.Т., Усенбаев М.А.,
Исанаев К.Ж., Шыгаев Ю.А.



"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o