Дил маек

"Мамлекет инженерлерди даярдООГО
өзгөчө көңүл бөлүшү керек"
Физика-математика илимдеринин доктору Туратбек Дүйшөналиев И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору болуп дайындалганына аз гана убакыт болду. Ошого карабастан иштерман жетекчи бир топ алгылыктуу иштерди аткарды. Себеби окуу жай үчүн Туратбек Болотбекович жаңы адам эмес, ал аталган университетте 1988-жылдан бери эмгектенет. Жаңы кызматка тураары менен бири-бирин кайталаган бир нече структураларды жоюп, окутуучулардын айлыгын көтөргөнгө жетишти. Алдыга койгон пландары тууралуу биздин кабарчыбызга ректор өзү айтып берди.

- Туратбек Болотбекович, өзүнүздү окурман журтчулугуна тааныштырып өтсөңүз.
- Мен жогорку окуу жайды Ростов-на-Дону шаарынан бүткөм. Ошол эле жактан аспирантураны аяктадым. 1988-жылдан баштап, ал кездеги Фрунзе шаарындагы политехникалык институтта эмгек жолумду жөнөкөй мугалимдиктен баштаган элем. Андан соң улуу мугалим, доцент, кафедра башчысы, 1999-2002-жылдан баштап экономика жана финансы жагынан проректор, кийин илимий жана тышкы саясат боюнча проректор болуп иштедим. 2010-жылдын апрель айынан баштап Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен ректорлук кызматка келдим.
- Ректорлор шайланып келгени оңбу же Президенттин Жарлыгы менен дайындалганы жакшыбы?
- Учурдагы мыйзам боюнча жогорку окуу жайдын ректору Президенттин Жарлыгы менен дайындалат. Эгер шайлоо жолун көздөгөндөр болсо, анда мыйзамды өзгөртүш керек. Мисалы, биздин университетте шайлоону да көргөнбүз. Ошондуктан биз тышкы мамлекеттердин тажрыйбасына таянганыбыз оң. Мисалы, Германияда жогорку окуу жайдын ректорун өлкө башчы Жарлыгы менен бекитет. Бирок ириде жамааттын пикирин да угат. Жамаат ичинен да сөзсүз альтернативдүү талапкер болуш керек экен.
- Жаңы жетекчи жаңыча көз караш менен иш баштайт эмеспи. Алдыдагы Сиздин пландарыңыз?
- Мурдагы жетекчилердин университетке кошкон салымы чоң. Буга чейин кылынган жумуштарды улантып, колдон келсе деңгээлибизди мындан ары да жогорулатышыбыз керек. Эң орчундуу проблема - каражаттын жетишпестиги. Мисалы, окуу жайды өнүктүрүү боюнча бир топ пландар бар. Аларды ишке ашыруу үчүн аз эмес каражат керек. Дагы бир проблема - окутуучулардын айлык акысынын төмөндүгү. Мен ириде жамаат менен жолугуп чыгып, элдин пикирин, оюн угуп, аны эске алуу менен өзүбүздүн саясатыбызды түздүк. Биздин эң башкы максатыбыз - эмгек акыны көбөйтүү болчу. Биз аны ишке ашырдык, сентябрь айынан баштап окутуучулардын айлыктары көбөйдү, т.а. 20%дан 80% көтөрүлдү. Албетте, категорияларына жараша, маселен, декандар 2000 сом алып келишсе, эми алты миң сом алып калышты, сабак берүүдөн тышкары. Кафедралардын жетекчилерине мурдагы 700 сомуна дагы 2000 сом кошулду. Менимче, жаман эмес. Мындан тышкары, жүзгө жакын адамды кыскарттык. Кээ бир бири-бирин кайталаган структуралардын жойчусун жоюп, кошчусун коштук. Маселен, физика боюнча үч кафедра бар эле, аны бир эле кафедра кылдык, үч математика кафедрасын экиге кыскарттык ж.б.у.с. Ошондой эле тоо-кен институтундагы окуу, аспирантура, илим бөлүмдөрүн ж.б. бизге коштук.Андан тышкары үч бөлүмдү кыскарттык. Албетте, кандайдыр бирөөлөрдүн кызыкчылыгы бар экен, бирок ошондой нерселерди бузууга туура келди. Ооба, кыскаргандар нааразы болушту, ким эле азыркы кыйынчылык заманда жумуштан ажырагысы келет. Бирок буга чейин жамаат менен жолугушуп, улам-улам сүйлөшкөндүн натыйжасында баары туура түшүнүштү. Биз окуу жайдын каржы абалын оңдоп, балдардын билим сапатын жогорулаталы деп жатабыз. Мындан тышкары, абитуриенттерди Кабыл алуу борборун түздүк. Эч кимге жаңылык эмес, мектептен келген бүтүрүүчүлөрдүн билим сапаты абдан төмөн. Ошол сапатты жогорулатуу максатында союз учурундагы жакшы иштерди, тажрыйбаларды колго алып, чоң иштерди жүргүзөлү деп жатабыз. Республикадагы бардык жалпы билим берүү мектептерине окуу жайдын окутуучуларын жиберип, лекция окутуп, 9-10-11-класстын окуучуларына сабак берип, ичинен идиректүүлөрдү тандап алалы деп жатабыз.
Баарыбызга белгилүү, таланттуу балдар айылдан чыгат. Мындан тышкары, жаңы технологияларды колдонушубуз зарыл. Быйыл энергетика факультетинин 1-курсуна кредиттик технологиялардын элементтерин киргиздик. Бул учурда мугалимдерге талап күчөйт. Анткени балдар өздөрү тандап алышат кайсы мугалимден билим алыш керек экендигин. Эң жакшысы, 1-курста окуган студенттер менен жолугуп чыктык. Студенттер бизден кандай кемчилик кетип жатканын, кайсы тарапка көңүл буруш керек экендигин айтышты.
- Канча айтып какшабайлы, жогорку окуу жайларда орун алган коррупциянын тамыры кыйылмак турсун, терең жайылып жаткандай. Сиздерде абал кандай?
- Сессия учурунда "Таза сессия үчүн" деген иш-чара өткөрөбүз. Ректордун электрондук почтасы бар, ага студенттер жалпы маалымат берип турушат. Кайсы мугалим кандай мамиле кылып жатканы тууралуу. Албетте, бул орчундуу проблеманы чечүү кыйын. Бирок былтыр студенттер көрсөтүп берген төрт адамды алардын илимий даражасына карабай туруп жумуштан бошотту. Кээ бир профессорлорго эскертүү берилди. Эми алардын атын атабай эле коелу, ансыз деле жумуштан кетишти, мындан өткөн жаза жоктур. Негизинен төмөнкү курстарда жалпы билим берүүчү сабактардан берген кафедраларда бул жагымсыз көрүнүш катталган. Учурда деле студенттерден маалымат келген мугалимдерди чакырып алып, өзүм сүйлөшүп жатам. Эми мугалимдердин мындай кадамга барып жаткандыгынын себеби эле төмөнкү эмгек акы.
- Сиз айткандай көбүнчө жөндөмдүү балдар элеттен чыгат. Айылдыктардын баары эле тегиз жашабайт, бирөөнүн колунда бар болсо экинчиси эптеп өлбө жашоо менен алектенет. Колу жука үй-бүлөдөн чыккан таланттуу бала борбор калаага келип бюджетке өтө албайт. Анткени ал орундарды жалаң бардарлардын балдары ээлеп алышат. Сиз жетектеген окуу жайда контракт бөлүмүнө канча төлөнөт?
- Жылына 17 миңден 30 миң сомго чейин төлөнөт. Албетте, көп талап кылынган адистикке төлөм жогору. Мамлекеттен бюджетке 20% гана каралган, калган 80% каражатты өзүбүз тапканга аракет кылабыз. Материалдык-техникалык базаны жаңыртуу, коммуналдык кызматка төлөө, илимий иштерди өркүндөтүү ж.б.у.с. баары биздин мойнубузда. Инженерлерди даярдоочу окуу жай болгондуктан, көп каражат керек. Анткени лабораториялык, практикалык иштер көп. Мамлекет бардык окуу жайларга бирдей карап жатпайбы, андай болбош керек. Бизге өзгөчө көңүл бөлүнүшү зарыл.
- Туратбек Болотбекович, дегеле билим берүү системасы бүгүнкү күнү эмнеден өксүп жатат?
- Жогорку окуу жайлардын саны абдан көп. Кошкондорун кошуп, жойгондорун жоюп дегендей, сапатты көтөрүшүбүз керек. Азыркы экономиканы эске алсак, балким бүт жогорку окуу жайларды каржылабай эле, алты-жети окуу жайды тандап алып, жакшы деңгээлге чыгарыш керек. Ошондо башка окуу жайлар атаандашып, ошол деңгээлге чыкканга аракет кылышат эле. Негизинен жалпы билим берүү деңгээли төмөн, эл аралык окуу жайларын эске албаганда. Ал эми АУЦА, Кыргыз-Орус славян, Кыргыз-түрк "Манас" университеттери эки тараптан каржыланат, аларга мамиле башка. Нукура кыргыз жогорку окуу жайларга караганда, алардын абалы абдан эле жакшы. Эгерде терең карасак, кыргыздын идеологиясы бул окуу жайларда жокко эсе. Ошол жогоруда аталган окуу жайларда окуган студенттер чет жакты карап калышат. Ырас, бул жаман эмес, бирок кыргыз жаштар мекенчил болбой калбадыбы. Чет мамлекеттер кыргыздын чыгаан уул-кыздарын өздөрүнө даярдап жатышат. Албетте, алар жарыбаган айлыкка Кыргызстанда калышпайт, ошондуктан ошол жогорку окуу жайларды бүткөндөр Орусия, Америка, Түркияда жүрүшөт.
- Жакында кыргыздын кеменгер уулу Исхак Раззаковдун 100 жылдыгы болот. Сиздердин окуу жай бул улуу адамдын атын алып жүргөндөн кийин, катуу даярдык көрүлүп жаткандыр?
- Ооба. Буюрса, ага карата илимий-практикалык конференция өтөт. Иш-чараны өткөрүү боюнча атайын уюштуруу комитети түзүлгөн. Студенттерди Раззаковдун үй музейине алпардык. Тилекке каршы, мамлекеттик деңгээлде бул кишинин 100 жылдыгын белгилөө эмдиги жылга жылдырылыптыр. Ага карабастан өзүбүздүн деңгээлибизде өткөрөбүз. Ал киши тууралуу бир кызматкерибиз китеп чыгарып жатат.
- "Мен таза болсом, сен таза болсоң коом таза болот", - деген ал киши. Ал жетекчи кадрларды тандоодо, адамдын кайсы жерде төрөлгөнүнө, улутуна карабай, анын адамдык сапатына, тазалыгына, уюштуруучулук жөндөмдүүлүгүнө көңүл бурган экен. Сиздин оюңузча биз канткенде жана качан ушундай таза жетекчилерге жетебиз?
- Раззаковдун иши, турмушу бизге үлгү болушу керек. Менин иштегениме кыска мөөнөт болду, ушул жерде иштеп жатып мен бир нерсени түшүндүм. Элдин проблемаларын чечкенге аракет кылыш керек экен. Татыктуу адамдарды татыктуу жерлерге, жооптуу адамдарды жооптуу кызматтарга койсо иш жүрөт экен. Регионго, улутка, диний ишенимдерге бөлбөш керек. Мен андан алысмын, ириде билимине, илимине, уюштуруучулугуна көңүл буруш керек. Эң негизгиси, адамдар менен иштешибиз керек экенин түшүндүм.
Кайсы жерде болбосун өз кызыкчылыгын көздөгөн адамдар болот. Алар жетекчинин оң жагына, сол жагына чыгып, билип-билбей айрым мыкты, чынчыл кызматкерлерди жаман көрсөткүсү келет. Ошондуктан мен жамаат менен сүйлөшкөңдө бардыгы менен бирдей сүйлөшкөнгө даярмын. Баарын уга билем, бирок калыс чечимди өзүм чыгарам. Биздин окуу жайда ушак-айыңга жол жок.
- Эл аралык байланыш кандай жолго коюлган?
- Германия мамлекети менен жакшы байланыш бар. Былтыр эле 30 студент Берлин шаарына бир айга барып келди. Ал жакка барып техникалык университетти, завод, фабрикаларды көрүп келип, көздөрү ачылды. Көз караштары өзгөрүлдү. Мындан сырткары, Орусиядагы 15 эң мыкты окуу жайлар менен келишим бар. Ал жакка аспирантурага жиберип жатабыз. КМШ боюнча Москва энергетикалык окуу жайы менен биздин чогуу структурабыз бар. Ушундай эле структураны ачуу боюнча Томск политехникалык университет, Сибирь федералдык университет (Красноярск ш.), Новосибирскидеги информатика жана телекоммуникация университет аттуу белгилүү окуу жайлары менен келишим түзгөнү жатабыз. Студенттерди ошолордун программасы менен окутабыз. Бүтүрүүчүлөргө эки диплом берилет. Жыл сайын 15 жаш адисти квалификациясын жогорулатып келүү үчүн жиберебиз. Акыркы жылдары эл-аралык проекттерге университет чоң көңүл буруп жатат. Бүгүнкү күндө ТЕМПУС, ЭРАСМУС-МУНДУС, МНТЦ, ДААД, Фольксваген-фонд ж.б. программалар менен иштеп жатабыз.
- Бүтүрүүчүлөрдү жумуш орду менен камсыз кылуу маселеси кандай чечилген?
- Биздин университеттин бүтүрүүчүлөрү жумуш орду менен 85% камсыз болгон. Болгондо да өз кесиби боюнча эмгектенип жатышат. Менимче, бул Кыргызстан боюнча чоң көрсөткүчтөрдүн бири. Эгерде 1-орунда АУЦА болсо, 2-орунда биз турабыз. Кээ бир адистиктер боюнча студенттер 3-курстан баштап эле иштей башташат. Кудайга шүгүр, бизде жеңил өнөр жайы, тамак-аш өндүрүшү аябай өнүкпөдүбү, ошондуктан жумуш орду менен камсыз болуп атышат.
- Окуу китептеринин абалы тууралуу кеп кылсаңыз.
- Ырас, айылдык балдар үчүн орус тилинде окуу кыйын. Ошондуктан техникалык окуу китептери которулуп жатат. Бизде мамлекеттик тилди өнүктүрө турган комиссия иштейт. Негизи 3-4-курстарда окутулчу сабактар боюнча кыргыз тилинде окуу куралдар бар. Китеп жок болсо, электрондук версиясы бар. Биздин университет техникалык окуу жай болгондуктан терминдер же орусча, же англисче болот. Балким, айрым терминдерди которуунун кажети жок. Дегеле техникалык илимдерди орус тилинде окуган туура болот. Албетте, кыргыз тилин да унутпашыбыз керек.
Маектешкен
Гүлнара Алыбаева,
"Кутбилим"