Жусуп Иманалы уулунун 110 жылдыгына карата

Кызыл мугалим
Бала кезимде айылдагы эки молдону билчү элем. Бири - Жусуп молдо, экинчиси Көлбай молдо. Аны маалим дейт. Ушул айылдагы бардык элди окутуп, сабатын ачкан ошол Жусуп молдоке. Бардыгыбыздын көзүбүздү ачты. Тиги, сен көрүп калдың го. Эски мектепти курган да ошол молдокем, - деп "молдокеси" жөнүндө узун сабак кеп айтчу энем Шаарба.
Башка абышкалардын гезит-журнал, китеп окуганын көргөн эмесмин. Молдокенин колунан китеби түшпөй, гезит окуп олтурганын көрүп, абдан таң калып жүрдүм. Анын калың, узун каш-кабагы, көгүлтүр терең көздөрү, буурул муруту, тегерек көз айнеги, шадылуу колдору, кител костюм-шымы көз алдыма элестеп, молдокеге болгон кызыгуум арта берчү. Анан калса, айылдагы аттуу-баштуу аксакалдар, ата-энем, эжелерим да Жусуп молдону биринчи мугалимибиз дешип, ооздорунан түшүрбөй сыймыктанышчу. Жусуп молдокенин кадыр-баркын кийин эс тартканда билдим. Көрсө, элибиз үчүн Чыңгыз Айтматовдун Дүйшөнүндөй эле кызмат өтөптүр. Нарын өрөөнүндөгү жети мектепти негиздеп, жүздөгөн адамдын сабатын ачып, билимге болгон ышкы-отун тутандырган молдокенин эмгегине баа жеткис. Теңир-Тоо аймагына аттын кашкасындай таанымал. Жусуп Иманалы уулу көзү тирүү болсо быйыл 110го чыкмак.

Анын өмүр таржымалын иликтеп жүрүп, бир максатты аркалаган, анын өтөсүнө чыккан күжүрмөн чыдамкай адам болгонуна таң калдым. "Адам уулу канткенде адам болот?" - деген философиялык суроого жооп издеп, адам болуунун бир жолу илим-билим берүү экенин боолголоп, артынан сая түшкөн тура. Эң алгач арабча кат тааныган кезде күч-кубаты толуп турган 19 жаштагы жигит болчу. Казакстан менен Кыргызстан биригип "Жети-Суу областына баш ийип турган чакта 1920-жылы Верный калаасында (азыркы Алма-Атада) эң алгач педагогикалык техникум ачылып, андан Жанузак деген жигит келип, 1922-жылы Эчки-Башы айылындагы Сулайман молдонун мечитине советтик мектеп ачат да арабча кат тааныгандардан 20 адамды 6 ай окутат. Анын ичинде Жусуп Иманалы уулу да бар эле. Ал мурда эле жоро-жолдошторун, кенже балдарды арабча жазганга үйрөтүп жүрчү. Көктөн тилегени жерден табылып, Жанузакты жандап жүрүп көп нерсени үйрөнүп алды. Жусуп алган билимин толуктоо, тереңдетүү максатында Нарын кантондук эл агартуу бөлүмүнүн алдындагы үч айлык мугалимдик курстан окуп, советтик мугалим деген наамга ээ болот да, Он-Арча болушуна караштуу Чет-Нурадагы мектептин башчысы болуп иштеп балдарды окута баштайт. Мына ошондон баштап Жусуп молдонун чыныгы эмгек жолу, педагогдук түйшүктүү эмгеги башталган. Ал кезде 1923-жылдары Нарын өрөөнүндө мугалимдер бир-эки деп кол менен гана саналчу. Бардыгын кошкондо тогуз айлык гана билим менен улам бир айылга которулуп, мектеп уюштуруп, билимге умтулган жаштардын көзүн ачып, өзү да кошумча адабияттарды үзбөй окуп, такшала берди. Теңир-Тоо өрөөнүндөгү Чет-Нура, Миң-Булак. Оттук, Ийри-Суу, Эчки-башы, Кызыл-Жылдыз айылдарындагы башталгыч мектептерди негиздеп, уюштурууга демилгечи болгону эле анын бараандуу ишинен кабар берет.
Ал кезде отурукташкан кыштак жок, эл ар кайсы кокту-колотто жашашчу. Анысынан да, тап душмандар окууну үзгүлтүккө учуратууга аракет жасаса да, тогуз-он бала окууга үзбөй келише турган. 1929-жылы Фрунзе шаарында педагогикалык институт ачылышын өтө кубануу менен тосуп алган Жусуп молдо, ошол институттун алдындагы үч жылдык мугалимдер курсуна өттү да жайкысын курстан окуп, кышында айылдагы балдарды окутат.
Жусуп Молдо 1925-жылы Ленин комсомолунун катарына, 1928-жылы партиянын катарына өткөн. Ал мезгилде комсомол менен партиянын кадыр-баркы, таасири күчтүү эле. Элдин түшүнүгү өсүп жете элек мезгил. Балдарын мектепте окутуу үчүн ата-энелерге да түшүндүрүп, ал түгүл жайкысын жайлоого боз үй тигип окуткан күндөрү да болгон.
Мурдагы эски мечиттеги эки-үч класстык мектепти таштап, 1927-жылдары мектеп Сулайман молдонун жаңы курган мечитине көчүрүлүп, ал башталгыч мектеп болуп аталат. Ал мезгилде азыркыдай китеп, кагаз, калем, карта кайдан болсун. Көрсөтмө куралдарды чоподон, жыгачтан өз колу менен жасап алчу. Бор да жок эле. Ун менен акиташты көөлөп, бир аз бышырып борду да ойлоп таап, сабакты абдан таасирдүү өткөнүн алигиче аксакалдар суктанып айтып калышат.
Жусуп Иманалы уулу балдарды тарбиялоого кандай активдүү катышса, коомдук, саясий иштерге, масса менен байланыш түзүүгө да аракеттерди жасаган. 1931-жылы Фрунзедеги курстан окуп жаткандардан он беш адамдан турган бригада уюшулуп, Ысык-Көл районундагы кулактардын көтөрүлүшүн басууга жиберилген. Булардын ичинде Жусуп молдо да болгон. Темировка айылындагы козголоңду басышып, саясий-үгүт иштерин жүргүзүшөт. Ошол тапта жергиликтүү комсомол Чалагыз Иманкуловду кулактар түн ичинде жаза атып бутунан жарадар кылып кетишет. Жусуп менен Чалагыздын тааныштыгы ошондо башталат. Көл аймагында эки айдай жүрүп, анан айылына кайтат. 1932-жылы Нарын райкому Тогуз-Тородогу Ийри-Суу мектебине башчы кылуу менен, жети колхозго таяныч партуюмдун секретары кылып дайындашат. Анда Тогуз-Торонун күңгөй жагы Нарынга карачу. Ошол мезгилде ал жердин "кудайы" болуп турган Чолук манаптын таасиринен эл мектепке баруудан тартынышып, анын опузасынан коркуша турган. Мектеп иши абдан начар эле. Жергиликтүү коммунисттер Калдыбай Азаматов, Аалы Алымбековдор менен бирдикте мектеп ишин жолго салып, балдар кадимкидей билим ала баштаган. Бул жерде үч жылдай иштеп, билим берүү, мектеп иши өз нугуна түшкөндө кайрадан өзү туулган Эчки-Башыга келип, мектепте иштөөнү улантат.
- Менин эсимде… Мектепте бир глобус жана эскирген карта илинип турар эле, - деп эскерет Кыргыз СКЖга эмгек сиңирген ардагер мугалим Өмүр Абдыкадыров. - Жусуп агай бизге тарых жана география сабактарынан берчү. Китептерибизди жаап коюп, ал кишинин сөзүн тыңшап, оозубуз ачылып олтурчубуз. Ошондо эң алгач жердин тоголок экенин, океандар, деңиздер, континенттер бар экенин, Магеллан, Колумб деген аттарды угуп, кыш дегенди билбеген Индия, Африка өлкөлөрү жөнүндө билип, дүйнөнүн өмүрүн, тарыхын чечмелеген сөздөрдү көңүлүбүзгө түйгөнбүз. Агайдын колундагы таякча аркылуу эчен шаарларды, өлкөлөрдү тааныганбыз. Мээбизге кыт сыяктуу куюп койчу эле. Агайдын таасиринен улам педагогдук кесипти тандап жүрбөймүнбү. Молдокемдин жолун жолдогонума эч өкүнбөйм. Анын ишин уладым, анын бир бутагымын.
1935-жылы ошол Эчки-Башыдагы мечиттеги мектептин жанына 100 орундуу клуб курулуп, эң алгач мончо салынган. Бул иштин демилгечиси да Жусуп молдо болгон. Ал мезгилде Нарын өрөөнүнүн эч бир жеринде клуб, мончо деген болгон эмес. Клубда ыр-бийге шыктуу жаштардан өздүк көркөм чыгармачылык ийрими иштеп, эмгекчилерге чакан пьесалардан коюп беришкен. Окуучулар "Кайгылуу Какей", "Көз жаштары" пьесаларын койгон учурда колхозчулар балдардын өнөрүнө ыраазы болушкан.
Жусуп молдо окуу ишин жөнгө салып, эмгекчилердин сабатсыздыгын жоюуга активдүү киришкен. Адегенде үгүттөп окууга кызыктырып, чачкын айылдагы үйлөрдү кыдырып, окуунун маанисин түшүндүрөт. Иштин натыйжасы дурус болду. Эр бүлөнүн баары мектепке чогулуп, күнүгө бирден, экиден тамга үйрөнө баштады. Үйдөн тамгаларды кошуп окуп келишет.
Жаңы нерсени эл кызыгуу менен кабыл алат эмеспи. Көбү эжелеп окуп калышты. Ал түгүл: "Уй саап жатканда да Сааракан менен Күлкан, Шаарба, Сонунбүбүлөр жанына китепти ачып коюп окуп жатканын көргөнбүз" дешип далайга күлүп жүргөндөр да болушкан экен.
"Ак ийилет, бирок сынбайт" - дешет эмеспи, ушундай чыгармачылык демилге зор жигер менен иштеп жаткан Жусуп Иманалы уулуна каардуу репрессия учурунда "эл душманы", "улутчул" деген жалаа жабылып, ал эми жылдай түрмөдөн түрмөгө, сурактан суракта сандалды. Болгон күнөөсүн балдардын сабатын ачып, билим берип, өз элинин эр азаматтарынан болуп, салтты, тарыхты үйрөнүүгө далбас урганы үчүн партиянын катарынан чыгарылат. Түрмөгө түшөт. Белгилүү залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун атасы Төрөкул менен бир нече күн бир камерада жатканын да айтып калаар эле - дешет айыл аксакалдары. 1939-жылы акталып, айылга барат.
Айылга келгени да башын жерге салып мүңкүрөп калган жок. Кайраттуу иш билги жан эмеспи. Эски мектептин абалын көрүп эл менен ошол кездеги башкарманын төрагасы Шабдаасын Кудайбергенов менен кеңешип, ашар ыкмасы менен жаңы мектеп курууга киришет. Ылай чылап, кол кабыш кылышып, усталар Мамбеталы менен Шабы тактай тилишип, бийик күнгө караган он чакты терезелүү жети класстан турган жаңы мектепти 1940-жылы беш айдын ичинде куруп алышкан. "Молдокем бала окутуп, билим гана бербестен, кыш коюп тактай урганга да, там салганга да чебер усталык жайы да бар турбайбы", - дешип баары ыраазы болушкан. Бул мектепти биз да көрүп келдик. Кийин жаңы мектеп салынганда молдокемдин мектеби колхоздун эгин сактаган кампасы болуп калды. Молдокем эски мектеби менен коштошо албай, пенсияда болсо да чарбанын кампачылык милдетин аткарып, мектеби бузулганча ошол тегеректе эле жүрөөр эле.
Мына, молдокемдин документтерин, анын эмгегине берилген баа катары сыйлыктарды карап олтурам. Кыргызстандын 15 жылдыгына байланыштуу жана көп жылдык эмгеги бааланып Жусуп Иманалы уулу 1941-жылдын 23-январында Кыргыз СКЖ Жогорку Кеңешинин Ардак Грамотасы менен сыйланган. Тажрыйбалуу мугалим катары нечен курдай райондун, облустун мугалимдерине өз кесибинин сырларын айтып, кеңешин берип жүрдү.
Эчки-Башы жети жылдык мектеби район, облус боюнча алдыңкы мектептерден болгондуктан 1948-жылдын 10-августунда ага "Кыргыз СКЖнын эмгек сиңирген мугалими" деген ардактуу наам берилет.
Жусуп Молдо согуш учурунда мектептин деректири болуу менен бирге эле колхоздун партиялык уюмунун катчысы болуп иштеп, кыйын күндөрдө эл менен бирдикте кымбат иштерди бүтүрүүгө демилгечилерден болот. Өзү окуткан окуучу Алма Акунова танка курууга алгачкылардан болуп 50 миң сом берип, анын каражатына "Кыргызстан пионери" деген танка курулуп, душмандын катыгын берет.
1949-жылы Молдоке үчүн кубанычтуу болду. Ак жолтой кең пейил адамдын эмгеги жогору бааланып, көкүрөгүндө Эмгек Кызыл-Туу ордени жаркырады. Ал эми 1953-жылы анын эмгеги Ленин ордени менен бааланган. Мындан сырткары да "Эмгектеги каармандыгы", "Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы каарман эмгеги үчүн" медалдары көкүрөгүнө жарашып калаар эле. Өзүнүн кырк жылдык педагогикалык өмүрүндө туптуура миң балага таалим-тарбия, билим берип, окуткан экен. Молдокемден билим алгандар азыр агала чачтуу карыя, атагы алыска кеткен эр азаматтардан болушту. Алардын баары ар кыл кесип ээлери.
Жусуп Иманалы уулу жумурияттык маанидеги персоналдык пенсияда эс алып, 9 баланы тарбиялап өстүргөн, мээрман, камкор ата эле. Тун кызы - Сапак 80деги байбиче болуп урмат-сый көргөн учуру, ал да эмгек ардагери, ардактуу эс алууда. Багып өстүргөн уулу - кеңеш Жусупов жумуриятка аттын кашкасындай таанымал жазуучулардын бири, "Ала-Тоо" журналынын башкы редактору. Маркум Кубан менен Дамира - сүрөтчү, Марат финансы кызматкери, Жумабектин кесиби зоотехник, Турат - курулуш ишканасында прораб, Мурат - журналист эле. Сапак эжеден башкасынын баары жогорку билимдүү.
- Көзү тирүү болсо молдоке быйыл 110 жашка чыкмак. Анын артында эбегейсиз эмгеги, чырпыгы чынар болгон окуучулары турат. Айылдын кары-жашы дебей биринчи мугалимибиз дешип сыймыктанышат. Нарын өрөөнүндөгү 6 мектепти негиздеген Жусуп Иманалынын эмгеги чыныгы эрдик.
Эчки-башы айылында орто мектептин аты "Коммунизм" эле. Бул күндөрү "коммунизм" деген термин биздин турмушка дал келбегендиктен "Коммунизм" деген атын Он-Арча деп өзгөртүлгөн. Жалпы эмгекчилердин айылдык чогулушунда педагогикалык жамааты да кеңешип кесип, биринчи кызыл мугалимибиз Жусуп Иманалы уулунун ысымын орто мектепке ыйгарылган. Кийинки уул-кыздарыбыз, чүрпөлөрүбүз молдокенин эмгегинин маанисин түшүнүп, урматтап, атай жүрсүн дегени элек. Жусуп агай бул урмат-сыйга татыктуу инсан болгон дешти айыл аксакалдары, эмгек ардагерлери Күмүш Суранова, Кеңеш Кыдыров, Нурмуканбет Токтобеков, Өмүр Абдыкадыров.
Мектепте Жусуп молдого арналган музей уюштурулуп, буюмдары, китептери, даректүү баяндар коюлду. Кимде ким Жусуп Иманалы уулунан билим алып же аны менен болгон жолдоштук мамилеси болсо, эскерүү түрүндө баян жазып, мектепке жөнөтүүнү өтүнөбүз. Жусуп Иманалы уулунун эмгеги, анын педагогика тармагына кошкон салымы Ала-Тоодой бийик. Анын караңгы кыргыз айылдарын жарык кылган билимдин шам чырагы катары, билимге учкун, оттук берген башталыш катары кароого тийишпиз.

Кабыл Макешов,
журналист