Мугалимдер УЛУТ АРАЛЫК ПРОБЛЕМАЛАРДЫ ЧЕЧҮҮГӨ КӨМӨКТӨШӨТ
11-12-ноябрда Бишкекте Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борбору "Адам жана коом" сабагы боюнча "Этника жана конфессия аралык өз ара мамилелер" деген аталыштагы семинар-тренинг өткөрүүдө. Ага Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдору демөөрчүлүк жардам көрсөттү. Аталган семинар-тренингге Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын алдыңкы мугалимдери чакырылган.
Тест жүргүзүү боюнча улуттук борбордун директору Зейнеп Жамакееванын айтымында, семинар балдардын жүрөгүнө бейпилдик менен мээримдин нурун себелеген мугалимдик кесиптин ээлерине этника жана конфессия аралык өз ара мамилелер мүнөзүндөгү проблемаларды чечүүдө көмөк көрсөтөөрү талашсыз. Эгерде биз балдарга этника жана конфессия аралык мүнөздөгү проблеманы чечүүнү үйрөтө алсак, Түштүктө жакында эле башыбыздан өткөргөн коогалаңдардын кайталанышына жол бербейбиз деген ишенимдерди билдиришти, семинардын катышуучулары.

А.Кашыбаева,
"Кутбилим"





PDF формат