Коомдук байкоочу кеңеш ортого салган орчундуу маселелер
Орто мектептердеги ата-энелер тарабынан чогултулуп жаткан акча каражаттарын көзөмөлгө алуунун жаңы жолдорун иштеп чыгуу зарылдыгын Коомдук байкоочу кеңеш 6-июлда өткөргөн кезектеги жыйынында көтөрүп чыкты.

Анда ата-энелер тарабынан мектепке түшүп жаткан каражаттардын сарпталышы ачык-айкын болбой, аны айрым мектеп директорлору өздөрү каалагандай пайдаланып жаткандыгы айтылды. Ал тургай ата-энелер балдарын 1-класска киргизүү үчүн чоң суммадагы кирүү акысын (вступительный взнос) төлөп жатканын, ал акчалардын кайда кетип жатканы мектеп жетекчисинен башка кишиге белгисиз экендиги баса белгиленди. Ошондуктан ата-энелер тарабынан чогултулган акчаны көзөмөлдөө үчүн тийиштүү чара көрүү кечиктирилгис иш экендигин эске салган Байкоочу кеңеш министрликти тез аранын ичинде зарыл жоболорду иштеп чыгууга чакырды.
Бюджеттин ачык-айкындыгын камсыз кылуу жогорку жана орто кесиптик окуу жайларга дагы тийиштүү экендигин айтып чыккан Байкоочу кеңештин мүчөлөрү ЖОЖ жетекчилеринен студенттердин контракттык төлөмдөрүнөн түшкөн акчаларынын канчасы каякка жумшалып жаткандыгы тууралуу коомчулукка жана студенттердин ата-энелерине ачык маалымат берип туруусун өтүнүштү.
Андан соң мектеп курагындагы балдардын мектепке тартылбай жатканы тууралуу сөз болду. Мектепке балдардын көпчүлүгү үй-бүлөлүк шартка байланыштуу барбай калса, бир тобу иштеп, акча тапкан балдар. Ошондуктан балдарды эмес, окутпай койгон ата-энелерди жоопкерчиликке тартып, социалдык абалы начар үй-бүлөлөргө жардам бербесе бул проблеманы чечүү мүмкүн эмес экендиги айтылды.
Балдар үйлөрүндө, мектеп-интернаттарда тарбияланып жаткан балдардын абалы тууралуу маселе отурумда акыркы болуп каралды. Мындай мекемелерде тарбияланып жаткан балдардын ден соолуктары өтө начарлап кеткендиги айтылды. Мисалы, Мырзаке мектеп-интернатында тарбияланып жаткан 196 баланы медициналык текшерүүдөн өткөргөндө ден соолугу таза бир дагы бала чыккан эмес. 12 жаштагы баланын болгону бир тиши калган. Ар бир бала бир жылда 4-8 жолудан ооруп, медициналык жардамга муктаж болгон. 43 кыз балдарды атайын текшерүүдөн өткөргөндө алардын баардыгы ар кандай ооруга чалдыкканы анык болгон. Ушундан эле интернаттардагы балдардын жашоо-шарты, абалы кандай экендигин билсе болоорун айткан Байкоочу кеңеш ушул күнгө чейин интернаттар, балдар үйлөрү эч кандай жобосуз иштеп жатканын баса белгилешти. Андыктан тез арада министрлик менен биргеликте иш тобун түзүп, атайын жобо иштеп чыгуу чечимине келишти. Анда кадрдык саясатка дагы көңүл буруу зарылдыгы айтылды. Анткени жыйырма жылдан бери өзүнүн менчиги катары интернаттарды ээлеп алып, ордун бербей жүргөн директорлор да жок эмес.

Чолпон Кийизбаева,
"Кутбилим"