Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Поэзия

Ыргагы жүрөктөрдүн кагуусундай
Белгилүү акын, Т.Муканов атындагы сыйлыктын ээси, журналист, "Кутбилим" газетасынын башкы редакторунун орун басары Майрамбек Токторовдун "Жаз чакырган жан дүйнө" аттуу ыр жыйнагы жарык көрдү.
Жашоо менен жаштык уңгулаш, жаз менен да маанилеш. Көр-тирликтин чидерине байлана элек кезибизде эркин учкан куштай болчубуз деп жаштыгыбызды эстейбиз. Өлбөгөн жанга жаз келет деп жакшылыктан үмүт үзбөйбүз, бүгүнкү кыштай каарыган турмуш эртең жаздай жадырайт деп ишенебиз, балдарыбыздын бактылуу болушун тилейбиз. Майрамбек Токторовдун ырларын окуп отуруп ушундай маанайды сездим. Кыргыздын байыркысы менен бүгүнкүсүн, топуктуу кең пейилин, эркиндик үчүн өлүмдөн кайра тартпаган көк жал мүнөзүн күрөө тамыр кагышындай ыргакка салыптыр. 2010-жыл, 7-апрелде элдин таламын коргоп, ажалдан жалтанбай бек турган жигиттерибизге арнаган ырын кайталап окудум. "Жер шарынан жарака кетсе, акындын жүрөгүн аралап өтөт" деп улуу Гете айткандай, элдин кубанычы менен кайгысын, сыймыгы менен өкүнүчүн, учурдагы опуртал кырдаалдан чыгып кете алабыз деп келечекке арткан үмүтүн ырдаган Майрамбектин китебин толкундануу менен окуп чыктым. Армансыз, армандуу сүйүү ырлары өзгөчө сөз кылууга арзыйт.
Нукура көркөм чыгарма сөзсүз түрдө жан сергиткен, ойлонткон, кайра окуп чыгууга же эстеп жүрүүгө кызыктырган таасирге ээ болушу керек. Майрамбектин ырларынын көбү ушундай. Чеберчиликтин чеги жок дегендей, айрымдарын дагы да ийине жеткире иштесе болор эле. Бирок ошолордун деле бирден-экиден жарк эткен ажайып саптары бүтүндөй ырдын ажарын ачып, мүчүлүштүктөрүн жууп кетет.
Расул Гамзатов ыр китепке жазылган баш сөздү шарап ичерде айтылчу каалоо сөзгө (тостко) салыштырган экен. Эмесе, сөзүбүздү көп узартпай, акындын ырларына кезек берели.
Жолдош Турдубаев, адабиятчы.


АЙЛАНАМЫН УЛУУ
КЫРГЫЗ ЭЛИНЕН!

Кыргызмын деп айтыш оңой, кыргызым,
Кыргыз болуу кыйын, татаал, азап да.
Жоголбогон кыргындарда миңдеген,
Көңүл буруп, назар чуркат башатка.

А мен билем, менин элим өжөр да,
Эр көкүрөк, дос-душманы сестенген.
Бүркүт кабак, теше тиктейт караса,
Чабыты да кенен батыш беттеген.

Эр көкүрөк, намыс десе тебинген,
Душманына кылыч мизин кайратып.
Ала-Тоонун бүркүтүндөй көрүнгөн,
Айланамын Улуу Кыргыз элинен!

Кыргыз атын бийик сакта бир боорум,
Көтөр башты, баатыр элдин муунусуң.
Элиң барда сен адамсың, бир боорум,
Элиң жокто көргөн күнүң курусун!

Эх, андыктан, биз мактансак жарашат,
Улуу тоонун бүркүтү да, арстаны.
Кыргыз үчүн жаныңды бер, эмгектен,
Азиянын жолборсу кыл балаңды, -

Деп ибарат айтып кеткен аталар,
Биз аларга милдеткербиз түбөлүк.
Эх, андыктан менчик кылбай жер-сууну,
Мекен деген түшүнүктө сүйөлүк!

АДАМГА

Балким көптүр, балким аздыр алганың,
Адам болгун аябаган жардамың.
Эстегенде жүрөк зырп дейт пенденин,
Азга түтүп, көпкө түтпөй калганын.

Келет дүйнө аккан суудай тазарып,
Келет дүйнө миң бир түркүн жасанып.
Карыды деп айтуу кыйын адамды,
Тукуму анын турат дайым жашарып.

Жылкы мүнөз дегени ырас адамды,
Күлсө эртеси кайгырганын унутат.
Керек кезде кекээрлигин унутуп,
Муздак колун өчкөн отко жылытат.

* * *
Ким бактылуу, ким бактысыз турмушта,
Маңдайына жазганы дейт пенденин.
Тагдырына байлык, бийлик, кут консо,
Унутушат убактылуу келгенин.

Тирүүлүктүн кубанычын, кайгысын,
Адам өзү коштоп жүрөт жаратып.
Кээде айрымдар бактысына туш болот,
Кокусунан көчөдө эле баратып.

Кыйкырыкка кез болосуң жүз ирет,
Сүйлөө кайда, сени жерге көмүшөт.
Азгын тартты ак пейилдүү адамдар,
Жакшыны айтсаң, акмак дешип сөгүшөт.

Акыйкаттык издегендер адашат,
Акча, байлык чындык кылат жалганды.
Баасын бычып бай чиренип олтурат,
Ата журт да арзан болуп калганбы?!

ОШ КООГАЛАҢЫНДА

Сулайман-Тоодон Ош көрүнөт чалкыган,
Дүрбүсү Оштун, бийиги Оштун Сулайман.
Көргөнүмө ишенбеймин көз жумуп,
Тоо тараптан калкып турса муң, арман.

Коркпойт азыр, коркпойт эч ким кудайдан,
Жамандыкты жасап коюш арзан иш.
Адилдигиң, тазалыгың тиленем,
Сени тиктеп жаткан кезде Сулайман.

* * *
Көзүнөн табияттын чыгат жашы,
Оо Адам, сендеги абийир калган кайда?!
Дүйнөдө эки жер жок алмаштырар,
Жол салып алсаң дагы асманда айга.

Билебиз, түшүнөбүз бүт баардыгын,
Тушабайт бутубузду толгон айла.
Бирок да абийир, чектин жоктугунан,
Билбеймин, умтулабыз кайсыл жайга.

Бул дүйнө жаңылууда, жаңырууда,
Умтулуу көз тойбогон байлыкка окшош.
Өзгөрттүк, ачтык далай ачылышты,
А бирок ар ачылыш кайгыга окшош!

ПЕНДЕГЕ

Ойлодуңбу бир саам өлүм жөнүндө,
Өлүм сени чоочуттубу бир ирет?
Тирүүлүктүн нарк-насилин билбеген,
Пендесинен Теңир деле түңүлөт…

Жүргөн кезде майрам, тойдо, үлпөттө,
Кеткен жокпу жылуулугуң азайып?
Күйө алдыңбы жардам сурап келгенде,
Жакын досуң жаны күйүп кашайып.

Байманалуу күндөрдү алыс калтырып,
Жалгыз кээде калганыңда олтуруп.
Басып кеткен күнүңдү эсте кол шилтеп,
Сени жоодур карап калган көздү ойло.

Ойлодуңбу бир саам өлүм жөнүндө,
Өлүм сени чоочуттубу бир ирет?
Топук кылган адам гана шүгүр - деп,
Амандыкта жүргөнүнө сүйүнөт.

* * *
Кыздар менен сүйлөштүк,
Жымжырт, жылуу түндөрдө.
Бакыт турчу чачырап,
Бажырайып күлгөндө.

Төшөгүбүз чөп эле,
Ай чыракка айланчу.
Азгырылып дене бой,
Колдор колго байланчу.

Асмандагы жылдыздар,
Бизге жакын сезилчү.
Саманчынын жолунда,
Күндөр бардай кезикчү.

Өрт экенбиз ал кезде,
Курчутулган бычактай.
Куу турмушту билбеппиз,
Жолго койгон тузактай.

Жашоо деген ушу деп,
Азгырылдык, төгүлдүк.
Жакшы жашайм деп жүрүп,
Жаман-жакшы көрүндүк.

Бир карасак алдыда,
Мезгил шашып баратат.
Кайда?! - десек жообу жок,
Күндү кумдай санатат...

ЧАРЧАГАНДА

Кадырыңды билбеген адам менен,
Касташпа да, достошпо.
Акыл сурап, жардам сурап кайрылба,
Алыскыны болжошпо.

Жаакташпай өзүң менен өзүң бол,
Сүкүт салгын, чымыркангын, чыйралгын.
Күч издегин, жардам изде өзүңдөн,
Күүсүн черткин өтчү, кетчү жылдардын.

Асты өзүңдү кор кылууга бербегин,
Сакта намыс, арыңды.
Айтпа дагы, сүйлөбө ойго келгенин,
Жайына кой жаныңды.

Эс ал ушул чуулгандуу дүйнөдөн,
Шарт бурулуп кеткин тоого, талаага.
Анан кайра көр түйшүктөн тазарып,
Ишеничтүү кадам ташта калаага.


ТОЛКУНДАР

Толкундар да жээкке жетпей калышат,
Жай агымдан жалт беришип жанышат.
Тартылышат кайра келген жагына,
Билем алар бир зор күчтү табышат.
Айрып алгыс назигиндей гүлдөрдүн,
Мен да өмүрдө жээкке жетпес күн көрдүм.
Кээде жээкке жетпей жатып түгөндүм,
Кайра кайттым, толкун өңдүү түрлөндүм.

Турмуш ошол, жай толкундай шыбырап,
Жээкке жетпей чалынат да, жыгылат.
Агымыңды шамал сүрөп турбаса,
Өмүрүң да өкүнүчтүү туюлат.

Санааркадым, жээкке жетпей тартылам,
Бир зор толкун сүрөп өттү артыман.
Ошол толкун сен болбогун курбалым,
Бул турмуштун өп-чабынан жалкыган.

Ошол толкун сен болбогун курбалым…

ШААРДЫК ИТ

Жолбун ит таң эртеден базар четтеп,
Шыйпаңдап оокат таппай жыт искеген.
Умсунуп, жалтак карап качат кайра,
Жашаган жарты нандык үмүт менен.

Ал өзү куулугу жок шаардык ит,
Жашоого укугу жок кымындай да.
Бериде борс-борс үрөт оокаттуу ит,
Теңебей жада калса куйругуна.

Ортодо айырма чоң, байкуш итиң,
Болгону элге жукпас, теги начар.
Андайдын багы кайдан болмок эле,
Төрөлбөй жатып эле ачка түшкөн.

Бактысы иттин дагы болот тура, -
деп ойлоп келе жатсам үйдү көздөй.
Кандегим маңдайыман чыга калып,
Бактылуу көзү менен карап турду.


- КИМ АРТЫ?

- Биз акыры бул кезектин чубалган,
Силер бизден кийин болуп калдыңар.
Бир азыраак алгым келген кумардан,
Жана дагы бакыттан бар шыбагам.

Турам күтүп. Сатуучубуз лыпылдап,
Ашык бербейт, ченеми бар ар жанга.
Дарманың жок, акың да жок түртүшүп,
Алды жакка эрте жылып алганга.

Узак али биз жеткенче жадаткыр,
Жаныңды жейт, калбаса экен түгөнүп.
Сатуучубуз алкымы чоң киши эле,
Берсе болду баарыбызга тең бөлүп.

Жетсе экен деп чыйпылыктайт жүз адам,
Жетет, жетет деген сөздөн күч алам.
Орто жолдон алдуубайлар түртүшүп,
Кезек күтпөй алып кетип жатышат.

- Биз акыры бул кезектин чубалган,
Силер бизден кийин болуп калдыңар.
Бир азыраак алгым келген кумардан,
Жана дагы бакыттан бар шыбагам...

* * *
Жаш куракта каны кызуу жигиттин,
Намысына тийип койсо бийкечи,
Секирем деп тээ үчүнчү кабаттан,
Жулунганын күн да келет эстечү.

Баары жалын, баары толкун түрүлгөн,
Күчү таштай, булчуңдары түйүлгөн.
Текебердүү бир сөз айтсаң тик туруп,
"Өлтүрөм!" - деп бычак ала жүгүргөн.

Ошол жигит азыр мына үйлөнгөн,
Эстүү киши деп коюшат айылында.
Азоо кези калган артта жаштыктай,
Беш баласы жүрөт ойноп жанында.

Азыр аның көр-тирликке берилген,
Текебердүү миң сөз айтсаң кебелбейт.
А балдары жаштыгында өзүндөй,
Күндө аларды кагып-силкип жемелейт.


КАНДУУ АПРЕЛЬ

2010-жылдын 7-апрелинде Ала-Тоо аянтында курман болгон баатырлардын
жаркын элесине.

I
Өз элинин жетпей кадыр-баркына,
Хан курусун ок аттырган калкына.
Бийлик, байлык манчыркатса пендени,
Залакасы тиет тура жалпыга.

Кан жөткүрүп тийген октон жаш бала,
Жыгылганын көрсөң жүрөк титирейт.
Биздин балдар, биздин баатыр жигиттер,
Октон коркпой эл-журт үчүн күч үрөйт.

Качпагыла! - айтты мына эр жигит,
Качуу кайда, окту көздөй жутунду.
Мындай бийлик элдин белин сындырып.
Күлгө айлантып чачып ийет журтуңду.

Эске келбей арман, кайгы, өлүм да,
Намыс турду эң биринчи катарда.
Жааган окко тике туруп качышпай,
Узап жатты кайра келгис сапарга.

Аргасыз эл, армандуу эл муң кайгы,
Жутуп турду көздүн жашын төгүлтүп.
Хан кутурса элдин шору турбайбы,
Каалаганын жазап турса дөөгүрсүп.

II
Эне байкуш ыйлап жашы соолуду,
Айыкпайт го арман, кайгы жарасы.
Кара кийип жесир калды жаш келин,
Эмчекте эле кичинекей баласы.

Бала жоктойт табыттагы атасын,
Кандай арман муну менен теңешет.
Калк кан жутуп турду боздоп аргасыз,
Канчасы өлдү деп титирейт саресеп.

Кан жыттанган Ала-Тоонун үстүнөн,
Учуп конуп каркылдашты каргалар.
Жаңылыкты жар салышып турушту,
Канга айланган кагаздагы тамгалар.

III
Өттү баары, жара калды ачылып,
Жаштык калды жаш жигиттин сөөгүндө.
Боздоп ыйлап, буркурашып турушту,
Келген эл-журт баатырларды көмүүгө.

Апрелде келгин куштар качышты,
Ок жыттанган көчөсүнөн Бишкектин.
Кайран кыргыз аз элек го ансыз да,
Маңызына күйүп турдук бул кептин.

Аза күттү Ала-Тоонун бүркүтү,
Манас бабам арбагына сыйындык.
Өзүмчүлдөр чек арасын жабышты.
Башка түшө калган кезде кыйындык.

Мындай кезде карга, кузгун көбөйдү,
Бүркүттөрдү жок кылам деп чамынып.
Бириге албай күйүп турган учурда,
Бабам Манас сени турдук сагынып.








"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o
Яндекс.Метрика