Сапаттуу сабактын устаттары
USAIDдин "Сапаттуу билим" долбоорунун адиси Рашид Шакиров окуучунун окуп-үйрөнүүсүнө ылайыкталып түзүлгөн сабактардын мыкты иштелмелери боюнча республикалык ачык сынактын жеңүүчүлөрүнө дипломдорду жана долбоор тарабынан даярдалган окуу материалдарын тапшырды.


  Коллегия

Аткарылган иштер да,
пландагы иштер да арбын
Билим берүү жана илим министрлигинин 26-февралда болгон кезектеги коллегиясы 2010-жылды жыйынтыктоого жана жаңы жылдагы аткарыла турган иштерге арналды. Өткөн жылы министрлик өлкөдөгү курч саясий окуялардын шартында иштеди, бирок кыйынчылыктарга карабай, бардык баскычтагы окуу жайларында окуу-тарбия процессин үзгүлтүксүз жүргүзүүгө жетишти. Окуу пландарынын мазмунун өркүндөтүү максатында 1-4-класстардын предметтик куррикулумдары иштелип чыгып, жаңы окуу жылында колдонууга киргизиле турган болду. Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуунун жаңы формалары жана усулдары иштелип чыгып, сынактан өткөрүлө баштады. Окуучулардын билимин баалоонун жаңы усулдары иштелип чыгууда. Жогорку окуу жайлардагы билим берүүнүн сапатына талаптарды күчөтүү боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, 14 ЖОЖдон 74 аталыштагы адистиктердин лицензиясы кайтарылып алынды. Жогорку билим берүүнүн сапатын көтөрүү жана Болон декларациясынын принциптерин ишке ашыруу максатында жогорку билимдин эки баскычтуу (бакалавриат-магистр) системасына өтүү жөнүндө министрликтин коллегиясы чечим кабыл алды. Лицензиялоонун жаңы көзөмөлдүк формасы иштелип чыкты. Мына ушундай аткарылган иштер жөнүндө билим берүү жана илим министри Канат Садыков жылдык баяндама менен чыгып сүйлөдү. Коллегиянын чечими менен Билим берүү жана илим министрлигинин өткөн жылдагы ишмердиги канааттандырарлык деп табылды.
Коллегиянын ишине вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов катышып, сөз сүйлөп, билим берүү тармагындагы мыйзамдык базаны чыңдоого орчундуу көңүл буруу, бул тармактагы укуктук-ченемдик актыларга инвентаризация жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы