каскадерлор кармалды
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Чынара Батракееванын айтымында, Бишкек шаары менен Чүй облусунда өткөн Жалпы республикалык тестирлөөнүн талабын аткарбаган айрым бүтүрүүчүлөр тестирлөөдөн четтетилди.

- Бул жолу Бишкек шаарынын айрым мектептеринин бүтүрүүчүлөрүнүн ордуна кирем деген каскадерлор кармалды. Аларды биз укук коргоо уюмдарынын кызматкерлеринин колуна салып бердик. Бул балдар уялбай өз паспорттору менен киргенге аракеттенишкен, - дейт Чынара Батракеева. - Ошондуктан каскадерлору бар бүтүрүүчүлөр тестирлөөдөн четтетилди. Азырынча бул мектептердин жана окуучулардын аты-жөндөрүн айтпай туралык. Анткени укук коргоо уюмдары иштеп жатышат, биз аларга тоскоол болбошубуз керек. Ошондой эле тестирлөө учурунда уюлдук телефондору менен киргендер дагы тестирлөөдөн четтетилди. Себеби ар бир бүтүрүүчүгө Жалпы республикалык тестир-лөөнүн эрежесин ийне-жибине чейин түшүндүргөнбүз.
Тестирлөөдөн четтетилген бүтүрүүчүлөр эми келээрки жылы гана Жалпы республикалык тестирлөөгө катыша алышат.
Жалпы республикалык тестирлөө Бишкек шаары менен Чүй облусунда отуз төрт тест борборунда 21-22-майда өттү. Бишкек шаары боюнча 7951, Чүйдөн 4474 бүтүрүүчү каттоодон өткөн. Ал эми кошумча каттоого төрт жүзгө чукул бала катталган. Эми 25-31-майга чейин тестирлөө өлкөбүздүн калган региондорунда өтөт.

Гүлнара Алыбаева,
"Кутбилим"




Оку, ойлон, танда
o Кыргызско-Турецкий
университет "Манас"
***
o И.Арабаев атындагы Кыргыз
мамлекеттик университети
***
o Кыргызский экономический
университет
***
o Кыргызский государственный
университет строительства,
транспорта и архитектуры
им. Н.Исанова
***
o Кыргызская государственная
академия физической культуры
и спорта
***
o Кыргызский государственный
технический университет
им. И.Раззакова
***
o Институт социального развития
и предпринимательства
***
o Ош мамлекеттик университети
***
o Ош технологиялык университети
***
o Иссык-Кульский
государственный университет
им. Касыма Тыныстанова
***
o С.Нааматов атындагы Нарын
мамлекеттик университети
***
o Бишкекский филиал
Российского государственного
торгово-экономического
университета