presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Рух дүйнө

Кенже балдар жана мектеп окуучулары үчүн Кыргыз эл манасчысы, "Залкар манасчы" сыйлыгынын ээси, коомдук Манас академиясынын академиги Сапарбек Касмамбетовдун "Бала Манас баяны" менен "Аккула" китеби жарыкка чыкты.
чыгаан манасчыдан кенже балдарга белек
Сапарбек
Касмамбетов
Бала Манас баяны

"Манас" эпосун өздөштүрүүнү баштоочулар үчүн китеп жатык тилде жазылган, ыңгайлуу окуу куралы катары кызмат кылат", - дейт китептин чыгышына демөөрчү болгон Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков. Ал эми китептин баш сөзүн түзгөн профессор Батыйгүл Баячорованын айтымында, эпостун өзөгүнөн чыккан "Манастын жети осуятынын" төмөнкү эрежелеринин негизинде жаш муундарга тарбия, багыт берет.
- Анткени балдардын айлана-чөйрөгө, дүйнөгө болгон көз карашы, өнүгүүсү бала кезден калыптанары "Бала Манаста" баяндалат.
1. Эл-журттун ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган биримдиги.
2. Улут аралык ынтымак, достук жана кызматташтык.
3. Улуттук ар-намыс жана атуулдук ариет.
4. Арыбас мээнет, алдыңкы өнөр-билим аркылуу бакыбат дөөлөткө умтулуу.
5. Гуманизм, айкөлдүк, кечирим-дүүлүк.
6. Табият менен таттуу мамиледе болуу.
7. Кыргыз мамлекетин чыңдоо жана аны көздүн карегиндей сактоо - бул осуяттарда камтылган принциптердин негизинде эл-жерин жан-дили менен сүйгөн, башка улуттарды урматтап сыйлаган, өз улутунун прогрессивдүү салт-санаасын, рухий адеп-ахлак кенчтерин өзүнө сиңирген, жалпы адамзаттык дөөлөттөрдү өздөштүргөн, демократиялык аң-сезимди алып жүргөн, улууну урматтап, кичүүнү ызааттаган, үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнай билген, адамгерчиликтүү инсандарды калыптандырууда ушул эрежеге карап түздөлүп, манасчылык өнөрдү өстүрүү керек, - дейт Б.Баячорова.
Ошентип, окуя Манастын атасы Жакыптын арманы, энеси Чыйырдынын зары менен жөнөкөй башталат:
Алтайда турган Жакыптын
Тоодой болду арманы
Арбын болду андагы
Дүйнө менен мал жагы
Кудай бала бергин деп
Күнү-түнү зарлады.
Карган кезде балам жок
Артымда калган караан жок
Көк асаба туумду
Иле турган ким болот?
Ак калпак кыргыз калкымды
Биле турган ким болот?
Мууну бошоп жалдырап
Жакыптын көп арманы
Байбичеси Чыйырды
Маралдай болуп маңкайып
Башындагы элечек
Ак мөңгүдөй заңкайып
Кудай перзент бергин деп
Жаратканга жалынат
Күндө үч убак зарыгат
Күндөрдүн бир күнүндө
Түндөрдүн бир түнүндө
Жакып жатып түш көрөт
Түшүндө аян берет.
Кудайым бала Манасты берет.
Ушинтип бул баянды
Өспүрүмдөр баяндап берет.


Кенже балдарга кенже китеп "Аккула"

Мындан бир нече жыл мурда, т.а. 2006-жылдарда газета беттеринде Сапарбек Касмамбетовдун "Аккула" чыгармасы жарыяланып жүргөндүгү көпчүлүк окурмандардын эсинде болсо керек. Аккула эпостогу Манастын минген аты. Манастын баатырдык тагдырына ылайык табылган.
Ак олпок ийип олкоюп
Аккула минип зоңкоюп
Айбаты, кары төгүлүп
Арстандай көрүнүп,
Келбети башка төгүлүп
Белиндеги кеседе
Ок-дарысы төгүлүп
Сымбаты башка төгүлүп,
Сырттандыгы көрүнүп, - деп Аккула аты Манаска жарашканын көрөсүң. Аккула Манасты каалаган жерине учкан куштай зымырап жеткирип, найза сайса кошо омуроолоп секирип, кош бут менен тээп, душман менен кошо кармашкан. Бул ат жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эл манасчысы, "Залкар манасчы" алтын медалынын ээси, Коомдук Манас академиясынын академиги Касмамбетов Сапарбек төмөндөгүдөй эскерет: "Лондондо Би-Би-Сиде кызыбыз Гулнара иштөөчү. Англияга 1995-жылы барып калдык. Ошондо Би-Би-Сиде "Манастын - 1000" жылдыгына карата илимий конференция кече өткөрүлдү. Улуу Британия өлкөсүнүн окумуштуусу, профессор Артур Хаттого менен жолугуп калдым. Ал "Манас" эпосунун Көкөтөйдүн ашынан толук вариантын англис тилине которуп, мектеп окуучуларына, жогорку окуу жайларына көлөмдүү тираж менен 1976-жылы китеп чыгарып таркаткан. Артур Хаттонун айтымында, Оксфорд аймагындагы Афингтон чебинин жанындагы Ак аттын эстелиги жана анын жакын жерине катарлаш ажыдаар дөңү деп аталган үч дөбө Манас окуясына байланыштуу окшойт. Британжон Манастын атынын эстелигин орноткон болсо керек. Азыркыга чейин Ак аттын эстелигине дайыма эл барып, көрүп сыйынып турат".
Муну уккандан кийин Сапарбектин ой чабыты түз эле Британжонго жабышты. Манастын чоролору ар улуттан чогулуп, арасында: ырчы, чоорчу, дарыгерлери болгон. Дарыгер чоросу башка улуттан эле. Аккула жарадар болгондо Манас дарыгер чоросуна "Аккуланы айыктырып, тукумун ал", деп тапшырат. Ал жарадар атты аттап, жөөлөп, кемеге салып олтуруп, кыскасы, өз өлкөсүнө алып барып айыктырып, баатырдык иштерине колдонуп, кийин ал өрөөндө жылкылар өстүрүлгөн аймак болуп калган.
Сапарбек Касмамбетов чыгармасында "Жарадар атты атайын чеп курдуруп, айланасына аң казып, суу жиберип, ажыдаар душман кол салбасын деп кайтартып, ак күрүчтөн жем берип", - деп сүрөттөп жазат.


Көркөм сөздүн мааниси

Элдеги көркөм сөз казынасынын башаты болгон "Манас" жомогу аркылуу балдардын сөзгө түшүнүп сүйлөөгө, көркөм сөзгө кызыгуусуна, кыялдануусуна, гумандуулукка (ак пейилдүүлүккө), жакшы санаалаштыкка, адептүүлүккө, эрктүүлүккө, жоопкерчиликке, кыйынчылыкты жеңе билүүгө ж.б.у.с. сапаттар калыптандырылат. Ошондой эле алардын эркин ой жүгүртүү жана ар түрдүү чыгармачылыкка, тилдеги грамматикалык эрежелерди тактоого жөндөмдүүлүктөрү калыптанат.
Жаңы кылымдын башталышы менен өз эне тилибиздин негизги сөздөрүнүн маанисин, көркөм сөздүн мааниси эмнеде экендигин жаштарга үйрөтүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу биздин милдетибиз. Көптөгөн окуучулар эпостогу сөздөрдүн маанисин кеңири түшүнбөгөндүктөн, үстүртөн окуп коюу менен чектелишет.
Кыргыздын лексикасы байыртадан түптөлүп, анда синоним, омоним, фразеологиялык сөздөр көп колдонорун көрүүгө болот. Мисалы, Манастын сүрөттөлгөн ыр саптарында: "Жолборс моюн бөрү кулак, жылдыз көз" - фразеологиялык сөздөр болуп, ошол учурда "жолборс, жылдыз, бөрү" деген зат атооч сөздөр сын атооч маанисине өтүп салыштырылат. Демек, салыштыруу, апыртуу манералар менен берилген мүнөздөөлөр, мейли буюмбу, адамбы, аны жогорку кооздук менен көркөмдөп көрсөтөт.
Ал эми "көөлөп" жеген талкандай деген сөздөр "көөлөп" айтылышы бирдей болгону менен, бирде көөлөп жеген талкан болсо, бирде казандын көөсүн, кернейди көөлөп болуп ар түрдүү маани берет. Демек, мындай бир нечелеген омонимдерди кездештирүүгө болот. "Жылма кабак", "кир кабак", "жолборс төш" ж.б. толуп жаткан фразеологиялык сөздөр, кыскасы, тилдеги грамматика менен байланыштыра талданат. Ыр саптары көптөгөн тизмектен турса дагы этиштер ырааттуу келтирилет.
Демек, эпос поэтикалык түзүлүшү менен өзгөчөлөнөт. Манастын сымбатында жолборско салыштыруу, бөрү деп карышкырга салыштыруу адамдык кайраттуу келбетин көрсөтүүдө. Биз көп колдонбогон "жорону" калың "таш жүрөк", териси калың деген мааниде. "Күрсү" баатырлардын колдонгон чокмор куралы. Ал эми "чулу" деген сөз уютулган катуу бекем буюмду айтат.
Манастын кийген кийминин салмагы "Атан төөнүн жүгүндөй". Мында төөнүн чоң толуп турган "Атан" мезгилин сүрөттөйт. Ошондой эле "Манас" эпосунда көпчүлүгүбүз этибар албаган керемет сөздөр бар.
Таң агарып атканда,
Тараза жылдыз батканда.
Адырдын жели зыркырап,
Алыстан кулун чуркурап,
Камыштын башы куудурап,
Кара кыяк калың чөп
Ойку-кайкы шуудурап,
Теректин башы дырылдап
Чукуранып ойгонуп
Бешикте балдар тыбырап, -
деген эле саптарга дүйнөнүн улуулугу менен сулуулугу батырылган.
"Манас" эпосунда аялдардын сын сыпаты, акылмандыгы терең сүрөттөлөт:
Шекерди көр, сөзүн көр,
Акылын көр, айды көр.
Кара жерге кар жааса,
Кардан аппак этин көр.
Жибекти көр, чачын көр,
Алманы көр, башын көр.
Арка чачы самсаалап,
Тоту куштун жүнүндөй.
Албырган жүзү кыпкызыл,
Жаздын кызыл гүлүндөй. ж.б.

Мына Айчүрөктүн ажары. Бул сүрөттөөдө көркөм салыштыруу жаратылыштын, кооз куштардын көркөмү менен түзүлгөн. "Манас" эпосундагы көркөм сөздүн мааниси ушунда. Демек, көркөм сөздүн колдонулушу менен адамдардын мүнөзү (образы), буюмдардын баасы, айбанаттардын келбети көркөмдөлүп түзүлгөн көркөм сөзгө маани берип, көңүл буруу керек. Ал эми "Манас" эпосунун сөздөрүн изилдөө кылымга тете.

Асангүл Абдыгулова,
Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, акын, драматург.









"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o