Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин
2011-жылдын 26-майындагы № 397/1 буйругу

2010-2011-окуу жылынын 11-классын бүтүрүүчүлөрдү, орто билими жөнүндөгү артыкчылык аттестаты менен бүтүрүүгө талапкерлерди тесттен өткөрүү жөнүндө

Республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын 11-классынын бүтүрүүчүлөрүнүн билим деңгээлин тастыктоо жана билим сапатын көз карандысыз баалоо максатында
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Артыкчылык аттестатын алууга талапкер 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө төмөндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө тест жүргүзүү:
- 2011-жылдын 10-июнунда Ош шаарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында;
- 2011-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында, Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарында өткөрүлсүн.
2. Артыкчылык аттестат алууга талапкер 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө тест жүргүзүү жөнүндөгү Жобо жана тест өткөрүү боюнча Республикалык комиссиянын курамы бекитилсин (Тиркеме 1, 2).
3. Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын, райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн жана бардык типтеги жана менчиктеги жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине:
3.1. Артыкчылык аттестат алууга талапкерлердин тизмеси Улуттук тест жүргүзүү борборуна 2011-жылдын 1-июнуна чейин факс 0(312) 66-46-05 же болбосо e-mail: nct-kg @mail.ru боюнча жөнөтүлсүн;
3.2. Улуттук тест жүргүзүү борбору менен бирдикте Тест өткөрүү пункту, 90-100 киши бата турган 1-2 жай аныкталсын (акт залы, спортзал, ашкана же рекреация) 0(312) 664605 телефону боюнча байланышып жана ар бир окуучуга жеке орундарды даярдашсын;
3.3. 2011-жылдын 9 жана 12-июну республиканын тийиштүү аймактарынын жана шаарларынын жалпы билим берүү уюмдарында Тест жүргүзүү пункттарын даярдоо күнү деп жарыялашсын.
3.4. Тест материалдарын сактоону камсыздоо үчүн 1-кабаттан жогору жайгашкан, эшик жана терезелеринде темир тору бар өзүнчө бөлмө даярдашсын;
3.5. Тест өтө турган жерлерде өрткө каршы коопсуздук жана санитардык-гигиеналык шарттар (бөлмөлөрдү жарыктандыруу, желдетүү ж.б.) камсыз кылынсын;
3.6. Тест өтүп жаткан мезгилде талапкерлердин өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыздоо үчүн ылайыктуу шарттар түзүлсүн: медициналык бөлүм, медициналык кызматкерлердин кезмети жана коопсуздук кызматынын 2ден кем эмес өкүлү;
3.7. 2010-2011-окуу жылында жалпы орто билими жөнүндөгү артыкчылык аттестатын алууга талапкерлер жана алардын ата-энеси тест өткөрүү жөнүндөгү Жобо менен тааныштырылсын. Жалпы билим берүү уюмдарында тест жүргүзүү боюнча (тест жүргүзүү жөнүндөгү Жобо, тест менен иштөөнүн эрежелери ж.д.у.с.) дубал гезиттер жасалгалансын.
3.8. 2011-жылдын 20-июнуна чейин КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Техникалык апелляциялык комиссиясына факс: 0(312) 66-46-05 же болбосо e-mail: nct-kg @mail.ru боюнча апелляция менен кайрылган мектеп окуучуларынын тизмеси (бүтүрүүчүнүн аты-жөнү, каттоо номери), жөнөтүү иштери камсыз кылынсын.
4. Тест жүргүзүү мезгилинде бүтүрүүчүлөрдүн өмүрүн жана ден соолугун сактоо, тамак-ашын, жайгашуусун уюштуруу, унаа чыгымдарын жана талапкерлерди тест өткөрүү пунктуна чейин жана кайра жеткирүүгө жеке жоопкерчилик райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлсүн.
5. Экономикалык жана аналитикалык иштер бөлүмүнө (С.Асанов), мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгына (Д.Кудайбергенова), Улуттук тест жүргүзүү борборуна (А.Бакиров) артыкчылык аттестат алууга талапкер бүтүрүүчүлөрдү тесттен өткөрүүгө кете турган чыгымдардын сметасын даярдасын жана бекитсин.
6. Бухгалтердик эсеп бөлүмүнө (Б.Байгатаев), артыкчылык аттестат алууга талапкер бүтүрүүчүлөрдү тесттен өткөрүү үчүн кете турган чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык каражат УТБнун эсебине 2011-жылдын 6-июнуна чейин которулсун.
7. Улуттук тест жүргүзүү борбору (А.Бакиров) чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык каржылоону өз убагында камсыз кылсын.
8. Мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгы (Д.Кудайбергенова) жана Улуттук тест жүргүзүү борбору (А.Бакиров) тест жүргүзүүнүн жыйынтыгын (балл жана баалары коюлган тизмеси) окуучуларга тест өткөндөн кийин беш күндүк мөөнөт ичинде кабарлашсын.
9. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Билим берүү жана илим министрлигинин министринин орун басары Г.Соронкуловго жүктөлсүн.

Министр К.Садыков