Манас руху

"Манасты" мектептерде жана жогорку окуу жайларында окутуу:
абалы, проблемалары, милдеттери
Глобалдашуу жана
улуттук коломто

Улутубуздун сыймыгы болгон улуу "Манас" эпосун окутуу маселесине кеңири масштабдан карашыбыз керек. Мынабу глобалдашуунун кыйын-кезең шартында биз, кыргыздар, алыскы-жакынкы машинелешкен, компьютерлешкен, техникалашкан күчтүү цивилизациялардын кучагына оп тартылып кетпей өз жүзүбүздү сактап, канткенде журт катары, улут катары сакталып калабыз? Бүгүнкү күндө мындай беймазалуу суроону дүйнөдөгү кичине жана чоң калктар өз алдыларына коюп, глобалдашуунун экспансиясынын кырдаалында улуттук очокко, коломтого, элдик нарк-дөөлөттөргө таянуу философиясын тутунуп жатышат. Маселен, Түркия жакка көз чаптыралычы. Түркиянын "Улуттук билим берүү боюнча негизги мыйзамында" түрк билим берүүсүнүн башкы стратегиялык максаты төмөндөгүчө аныкталган: "Түрк улуттук билим берүүсүнүн максаты - түрк коомчулугунун бардык мүчөлөрүн Ататүрктүн принциптерине, революциясына жана Башмыйзамда көрсөтүлгөн Ататүрк патриоттуулугуна (мекенчилдигине) ылайык түрк улутунун улуттук, нравалык, инсандык, руханий жана маданий баалуулуктарын кабыл алган, сактаган жана өнүктүргөн, үй-бүлөсүн, мекенин, улутун сүйгөн, инсан укуктарына жана Башмыйзамдын негизги принциптерине таянган, демократиялык, граждандык жана социалдык укуктук мамлекет болгон Түркия жумуриятынын алдындагы милдет жана жоопкерчиликтерин билген, ошондой эле аларды аракетке келтирген мекендештер катары калыптандыруу". Көрүнүп тургандай, бул жерде глобалдашуунун шартында Түрк улутун сактоо концепциясы ачык айкын берилген.
Сурайлычы, Кыргызстандын билим берүү системасынын ушундай стратегиялык максаты барбы? Бизде мындай бийик мүдөө коюлбай келет. Биздин билим берүү системабыз, концепцияларыбыз мекенчил, патриоттуу эмес, жалпы эле дүйнөнүн граждандарын окутуп тарбиялоого эсептелинген десек жаңылышпайбыз. Кыргызстан космополитизм илдети менен ооруйт.
Бүгүнкү массалык маданияттын агрессивдүү чабуулдарынын шарттарында кыргыздардын да улуттук өзүн-өзү сактоо инстинкти ойгонушу керек. Түркия, Япония, атүгүл Өзбекстан сыяктуу Кыргызстан дагы өзүнүн көп кылымдык тарыхында калыптанган түптүү улуттук дөөлөттөргө таянуу философиясын бекем тутунушу аба менен суудай зарыл. Мына ушул контексттен караганда кыргыз мамлекетинин пайдубалында жата турган рух-кенчтерин камтып турган улуу "Манасты" окуу-тарбия процессине киргизүү жүз эсе актуалдуу.

Манас - улут тиреги

Биздин "Манасыбызда" баарынан мурда эмне кымбат? Эмне улук? Эмне ыйык? Биринчи иретте, Ата журт ыйык, анын боштондугу, эркиндиги, көз карандысыздыгы ыйык. Ала-Тоонун бүтүндүгү, ак калпак журттун биримдиги ыйык. Акыйкатка, актыкка негизделген достук ыйык. Ата журттун мүдөөлөрү, калайык калктын жогорку кызыкчылыктары улук. Ата конушта агынан жаралган адал мээнет улук. Мекен алдындагы парз, атуулдук ар-намыс кымбат. Абалтан уланып келаткан ата-баба салты ыйык. Эне ыйык, Ата ыйык. Улууну урматтаган, аялзатын ардактаган элдик эреже, меймандостук нарк улук. Ак мөңгүдөй таза абийир, адеп-ыйман ыйык. "Манастын" мындай асыл-кенчтерин санай берсе көп. Кыскасын айтканда, "Манаста" жашоого тирек боло турган моралдык-этикалык дөөлөттөрдүн бүтүндөй бир системасы чөгүп жатат. "Манасты" жүрөгүндө сактаган кыргыз эли туу катары карманып, өзөгүндө сары майдай сактап медер туткан жогорудагыдай ыйык дөөлөттөрү, идеялары болгону үчүн тарыхтын бурганактуу булуң-буйткаларында жоголуп кетпей, тагдырдын катаал сыноолоруна туруштук берип, элдигин сактап, 20-кылымга жеткен. Мындай түптүү, асылбаа байлыгыбыздын бааланбай келгени бардыгына европоцентристтик позициядан караган көнүмүштүн жана маңкуртчулуктун кесепетинен болуп келди. Кыргыз эли бүгүн өзүнүн 5 миң жылдык тарыхында жараткан, түзгөн ушундай гуманисттик, маданиятынын, рухий цивилизациясынын духунда кайра жаралууга тийиш деген ишенимдебиз. Ушул улуу дөөлөттөрүбүздү өлкөбүздүн ички идеологиясы катары тутунуп, аларды кайрадан терең өздөштүрүп, сактап, аң сезимдүү түрдө үгүттөп, жайылтып, калкыбыздын, жаш муундарыбыздын энчисине айландырып, жарандарыбыздын барктаган, кастарлаган, сыймыктанган табериги катары кан-жанга сиңишине жетишибиз керек. Ушул нарктар аркылуу кыргыз баласынын улуттук өзүн-өзү аңдап түшүнүүсүн, улуттук кадыр-барк, ар намыс сезимин (чувство национального достоинства) ойготуп, чыңдашыбыз керек. Биз глобалдашуунун аз сандагы элди оп тартып, жутуп коюучу катаал өкүмүнө ушундай культурологиялык концепциябызды каршы коюу аркылуу гана журт катары сакталып кала алабыз.

"Манасты" муундарга жеткирүүнүн механизми кайсы?

"Манастын" жогорудагы нарк-дөөлөттөрүн өсүп келе жаткан тукумдардын энчисине айландыруу бир гана негизги механизм аркылуу жүзөгө ашат. Ал механизмдин аты - окуу-тарбия процесси. "Манас" бала бакчадагы, мектептеги, орто жана жогорку окуу жайларындагы окуу-тарбия процессинде туруктуу жана тынымсыз "жүрөк кагып" турганда гана жаштардын социалдашуусунун бекем тиреги болуп бермек. Эгерде мындай механизмди кыймылга келтирбесек, анда "Манас", "Манас" деп чуулдаганыбыз натыйжа бербеген кургак ураандын деңгээлинде кала берээри ырас. Ар бир жаран окуу-тарбия процессинде "Манаска" каргадайынан сугарылганы оң.
Бүгүнкү күндө улуттук тилибизди окутууну жаңы деңгээлге көтөрүү көз карашынан караганда да "Манастын" мааниси баа жеткис. "Манасты" эл тарабынан кыргыз тилине тургузулган улуу монументалдык эстелик десек жаңылышпайбыз. Улуу эпосубуз - эне-тилибиздин алтын казынасы. Кыргыз тилинин кору, дандын кызылындай сан жеткис сөз байлыгы, лексикалык, фразеологиялык каймагы, түгөнгүс асыл берметтери ушул жерде. Курчап турган дүйнөнү, көрүнүштөрдү жана предметтерди, татаал социалдык мамилелерди, рухий кубулуштарды чагылтуудагы кыргыз тилинин бай мүмкүнчүлүгүн, керемет жөндөмүн, сыйкырдуу күчүн, эң ийкемдүү образдык кудуретин "Манастан" ачык айкын көрөбүз. "Манас" "өнөр алды кызыл тилдин" эң жогорку үлгүсү. Жандуу нерсе болобу же жансыз нерсе болобу, сүрөттөп жаткан нерсени кыска жана нуска, ташка тамга баскандай таасын берүү, кооздоп таамай тартуу жагынан "Манастан" не бир таланты ташыган, өнөрүм ашкан чечендер да өрнөк алса болот.
Эмесе, сөздү улуу эпосту окутуу маселесине буралы.

Улуу "Манас" - уул-кыздардын рухий азыгы

Азыркы айрым улутбезерлерден, нигилисттерден, билимдүү маңкурттардан айырмаланып, улуу эпосту изилдеген атактуу окумуштуулар "Манасты" эл тарыхынын көркөм летописи, калк турмушунун энциклопедиясы, ата-бабалардын эркиндик үчүн күрөшкөн баатырдык, патриоттук салтын баяндаган улуу дастан катары, кыргыз элинин күч-кубатын, эрк-кайратын, даанышмандыгын, багынбас рухун, айкөл жан дүйнөсүн көрсөткөн күзгү катары баалап, даңазалап келишти. "Манасты" дал ушундай түшүнүү, туюнуу билгилигин бүгүнкү муундарга жеткирүү зарыл. 20-жылдардын башында "Манасты" жаздырып жатып Сагынбай Орозбаков Ыбырайым Абдрахмановго: "Азыркыбызга кейибейли, кийинки укум-тукумубуз үчүн кейийли. Жүр-нарыга салбай жакшылап айтып, жакшылап жазалы. Азыркылар билбесе, кийинки калыс өспүрүмдөр билер. Бизге рахмат айтышар" - деген экен. Акылман, кеменгер манасчыбыз "Жүздөгөн жылдар бою кыргыздар үчүн таалим алуучу роман-китептин, таасирдүү сахнанын жана экрандын, өткөндү эске салуучу тарых китебинин ролун аткарып келген"/Б.Юнусалиев/ улуу "Манастын" мындан кийинки жаш муундардын, болочок тукумдардын акыл-эси, рухий таалим-тарбиясы үчүн да ат көтөргүс, төө көтөргүс зор мааниси бар экендигин ошондо эле көрөгөчтүк менен баамдаптыр. Элдик оозеки чыгармачылыктын чоң күйөрманы, чыгаан акыныбыз Алыкул Осмоновдун да улуу эпосубуздун педагогикалык, билим берүүчүлүк мааниси учурунда өзгөчө басым коюп белгилегендигин да эскерип айта өткүбүз келет: "Кыргыз жаштары "Манасты" окуу менен коркпостукту, келечекке жайдары кароону, жаңы доордун сонун иштерине акниет жана берилгендик менен кызмат кылуунун касиеттерине үйрөнүшөт,"- деп жазган акын.

Тоталитардык система жана өрттөлгөн окуу китеби

Бирок тилекке каршы, өткөн акимчил-буйрукчул системанын шартында залкар эпосубуз өзүнүн ушундай таалим-тарбиялык мүмкүнчүлүгүн ача албаган. 1948-жылы "Манас" эпосун жана акындар чыгармачылыгын өз ичине камтыган биринчи окуу китеби чыгаары менен мектептердин короолорунда өрттөлүп, авторлору Ташым Байжиев менен Зияш Бектенов буржуазиячыл-улутчул аталып, куугунтукталып, түрмөгө отургузулбады беле. Ал эми 70-80-жылдардын башында мектептерге арналган "Кыргыз адабияты" программасын карап көрөлүчү. Программада "Манас" эпосуна бар болгону 6 саат гана бөлүнүп олтурат. "Манастын" керемет дүйнөсүн, кучак жеткис байлыгын ушул 6 саатта балдарга терең, кенен-кесир жеткирүү деги мүмкүнбү? Бир сөз менен айтканда, пролетардык интернационализмдин, коммунисттик космополитизмдин, социалисттик калктардын тарыхый жаңы жалпылыгы жөнүндө империялык жасалма саясий ураандын негизинде адамдарды маңкуртташтыруу процесси күч алып турган шарттарда мектептерде, окуу жайларында улуттун тарыхын, элдин эзелки нарктарын, түпкүрдөн түпкөлүп чыккан асыл кенчтерин камтыган "Манасты" окутууга кең-кесири жол ачылышы мүмкүн беле? Албетте, кыйын эле.

Патриот министр жана маңкурт ректор

Болуптур, тоталитардык системанын тушунда абал ошондой болгон дейли. Ал эми мобу эгемендүүлүк жылдарында окутуу жагында "Манастын" ташы өйдө кулайбы? Ырас, эки тизгин бир чылбыр өз колубузга тийген кезде мектепте "Манаска" сааттар көбөйтүлдү (азыр "Манас" 1-класстан 11-класска чейин 62 саат менен окутулат). Жогорку окуу жайларында жагдай кандай? Аскар Какеев министр болуп турганда жакшы саамалык башталган эле. А.Какеев өзүнүн буйругу менен жогорку окуу жайларынын бардык факультеттерине "Манастаануу" сабагын милдеттүү предмет катары киргизген болчу. Мындай кадамды педагогикалык коомчулук кубануу менен тосуп алган. Бирок А.Какеев министрликтен кеткенден кийин ЖОЖдордун көп ректорлору "Манастаануу" сабагына көңүлкош мамиле жасап, бара-бара аталган предмет окуу планынан алынып, андан соң биринин артынан бири тез-тез алмашып, келип-кеткен министрлер улуу мурасыбызга көңүл бурууга чамалары келбей, акырында "Манас" жогорку окуу жайларында милдеттүү сабак болбой, четке сүрүлүп калган. "Манастын" ЖОЖдордо милдеттүү түрдө окулбай калышына тынчсызданып, алдыңкы интеллигенция өкүлдөрү бир нече жолу жогорку инстанцияларга ачык каттарды, арыздарды жазышты. Бирок андан эч кандай майнап чыккан эмес. Акырында министр Досбол Нур уулу чечкиндүү атуулдук кадам жасады. Министр кыргыз билим берүү академиясына тапшырма берип, "Манастаануунун" программасын, окуу китебин оперативдүү түрдө даярдатып, төмөнкүдөй буйрук чыгарган: "Кыргыз көчмөн цивилизациясынын керемет кенчи, кыргыз рухунун туу чокусу, элдик оозеки сөз өнөрүнүн эң бийик үлгүсү, дүйнөлүк адабияттын улуу классикасы, "Манас" эпосун студенттер менен жаштарга жеткирүү үчүн жана эпостун рухий-патриоттук, адеп-ыймандык мазмунун ачып берүү, эли-жерин сүйүп, патриотизмге тарбиялоо максатында жогорку окуу жайларынын окуу пландарына "Манастаануу" курсун киргизүү үчүн
Буйрук кыламын:
1. Жогорку окуу жайларындагы кыргыз филологиясы эмес гуманитардык, табигый-техникалык факультеттердин студенттерине жогорку окуу жайларынын окуу пландарына 2006-жылдын 1- сентябрынан баштап, "Манастаануу" курсу 34 саат өлчөмүндө милдеттүү түрдө киргизилсин.
2. Кесиптик окуу билимдин мамлекеттик билим берүү стандарттарына "Манастаануу" курсу 34 саат өлчөмүндө милдеттүү түрдө киргизилип, кайра иштелип чыгып, белгиленген тартипте бекитилсин.
3. "Манастаануу" курсунун программасы жана окуу китеби министрликтин грифи менен бекитилсин.
Министр Досбол Нур уулу ." ("Заман Кыргызстан",15-декабрь, 2006)
Биз Досбол Нур уулунун бул буйругун тарыхый буйрук деп атаар элек. Анткени бул буйрук менен Жогорку окуу жайларында улуу мурасыбыз жана улуттук сыймыгыбыз - "Манасты" милдеттүү түрдө окутуу маселеси оңунан чечилип отурат.
Министрликтин ушул буйругунан кийин "Манастаануу" сабагы бир топ жогорку окуу жайларынын окуу пландарынан орун алып, бүгүнкү күндө окутулуп жатат. Бул кубана турган көрүнүш.

"Манастаануу" сабагы жана мекенчилдик сезими алоолонуп жанган студент

Бирок "Манастаанууга" моюн толгогон, ага дале чоочуркай караган, кээде ачык эле өгөйлөгөн, бул сабактын маңызына жана керектүүлүгүнө көзү жетпеген, окуу планына жолоткусу келбеген ректорлор, проректорлор, институттун директорлору, декандар дале болсо бар. Мына ушуга окшогон билим берүү чиновниктерине биз студенттердин төмөнкүдөй ой-пикирлери, каалоо-тилектери менен таанышып көрүүнү сунуштаар элек. Айталы дегенибиз, Кыргыз улуттук университетинин Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунда "Манастаануу" боюнча 34 сааттык курс аяктагандан кийин студенттер аталган сабак жөнүндө өздөрүнүн ички ой-толгоолорун дилбаян түрүндө жазышкан эле. Студенттердин ошол ой-толгоолорунун айрым үзүндүлөрүн алдыга тарталы:
Орозбай кызы Акбермет "Манастаануу" сабагынан үйрөнгөн "Манастын анты" менен дилбаянын баштап төмөнкүчө жазат:

"Алты сан аман турганда,
Ыйык кыргыз жеримди,
Душмандын буту баскыча,
Асыл кыргыз элимди,
Тебелетип бөтөнгө,
Кор кылып карап жаткыча
Туулбай туна чөгөйүн,
Тирүү жүрбөй өлөйүн!
Ак калпак кыргыз эли үчүн.
Ала-Тоо артык жер үчүн,
Жанымды курман чалайын!
Аткарбасам антымды,
Төшү түктүү жер урсун!
Төбөсү ачык көк урсун!"
(Уландысы кийинки санда)

Советбек БАЙГАЗИЕВ
Кыргыз билим берүү академиясынын
вице-президенти, филология илимдеринин доктору, профессор, Ж.Баласагын атындагы КУУнун "Манастаануу" сабагынын мугалими.