Юбилей

Эмгеги менен элине жаккан, адептин даңгыр жолун чапкан
Таалайбүбү Насырымбекова 70 жашта
Редакциядан: Эмгеги менен элине жаккан, эрезеге жеткирип эр уулду баккан, келечектин ыйманы болсо экен деп, адептин даңгыр жолун чапкан, педагогикага эмгеги сиңген мугалим Таалайбүбү Насырымбекова 70 жашка толду. Педагогикалык майданда элүү жылдык эмгек сапарын карытып келаткан ардагер мугалимдин мааракесин Бишкек шаарындагы №81 мектеп өткөрдү. Ардагер мугалимди борбор калаабыздын бардык мектептеринин адеп, математика сабагынын мугалимдери, окумуштуулар, жергиликтүү бийлик жетекчилери келип куттукташты.


Насырымбекова Таалайбүбү 1958-жылы Нарын шаарындагы №1 Токтогул атындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин, билим сапарын улоо үчүн Ош пединститутунун физика-математика факультетине тапшырат. Бул окуу жайды мыкты жетишкендиктер менен аяктап, физика жана математика сабагынын мугалими деген кесиптин ээси болгондон бери ары татаал, ары жооптуу педагогикалык майданда элүү жылдан бери талбай эмгектенип келатат.
1962-1977-жылга чейин Нарын шаарындагы С.М.Киров атындагы орто мектебинде математика мугалими, 1977-жылдан 2008-жылга чейин Бишкек шаарындагы №50, №5, №68 орто мектептерде окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп эмгектенди. Мектептерде мугалимдик жана администрациялык иштерди аркалап иштөө менен педагогикалык устаттыгын жогорку деңгээлге чейин өстүрө алды.
Ал республиканын мугалимдерине көрсөтмөлүү тарбия сааттарды, математика сабагы боюнча техникалык каражаттарды колдонуу менен өткөрүлгөн ачык сабактарды өткөрүп келгендердин бири. Сабагында колдонгон методикалык ыкмалары боюнча иш-тажрыйбасы жалпы республикага жайылтылган.
Нарын шаарында С.М.Киров атындагы орто мектебинде 1962-1977-жылдары математика мугалими болуп эмгектенген. Окуткан окуучуларына "Кесип тандоого багыт берүү" боюнча ар түрдүү кесип ээлеринин эмгектери жана баскан жолу, элге тартуулаган өрнөгү боюнча атайын зал жасалгалап, окуучуларына кесипти туура тандашына көмөк көрсөтө алган мыкты класс жетекчилердин бири болгон. Ал эми өзү жетектеген, 7 "а" классы менен 1975-жылы Нарындан Фрунзе шаарына келип, республикалык деңгээлде өткөрүлгөн спорт боюнча сынакта байгелүү орунду ээлеп, баалуу сыйлыктардын ээси боло алган.
Билим сапаты боюнча класстар арасында өткөрүлгөн сынактарда ал жетектеген класс алдыңкы орунду ээлеп, "Ленин комнатасы" деп аталган сыйлуу кабинетте окуп билим алышкан.
Математика боюнча түзүлгөн ассоциациянын мүчөсү катарында Москва, Рига, Барнаул ж.б. шаарларда болуп, окуу-тарбия боюнча жаңыланган иштердин талкууларына катышкан. Ошондой эле ал "Математика сабагында этнографиялык материалдарды колдонуу" деген доклады менен Свердловск шаарында өткөрүлгөн Бүткүл союздук илимий-практикалык конференцияга катышып, математика илимин жактоочулардын кызыгуусун туудурган.
2002-2008-жылдары Бишкек шаарындагы Билим берүү башкармалыгында эмгектенүү менен математика, информатика жана адеп сабактарынын шаардык мектептерде берилиши боюнча билим сапатынын деңгээлин жогорулатууну камсыздоодо эженин салымы зор. Аталган предметтер боюнча Таалайбүбү Насырымбекова календардык пландарды, методикалык колдонмолорду, ал эми математика сабагынан 9,11-класстардын окуучулары үчүн "Экзамендик тапшырмалар", "Математика боюнча алдыңкы мугалимдердин иш-тажрыйбаларын жайылтуу", "Экзаменге карата даярдыктар жана аны өткөрүү үчүн иш пландар", "Билим берүү мекемелеринин кызматкерлерин аттестациялоо", "Жаш мугалимдерге жардам", "Адеп боюнча 1-11-класстар үчүн тесттер" сыяктуу мугалимдер үчүн эң керектүү, зарыл колдонмолорду чыгарууга жетекчилик кылып иштеп келди.
Адеп - бала дилиндеги шам чырак экенин туура түшүнгөн педагог, №81 орто мектебинин базасында "Адеп борборун" ачууну сунуштады. Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулары бул сунушту убагында колдоп, 2006-жылы "Адеп борбору" ачылсын деген чечимди чыгарышты. Албетте, бул Насырымбекова Таалайбүбүнүн "Астыда жүрсө ак жолтой, артка калса сан колдой" акылмандык кайратынын жигердүү чыгармачылык эмгегинин натыйжасы болуп саналат.
Адеп борборунда өткөрүлгөн кароо-сынактар, окулган докладдар басма сөз беттерине жарык көрүп, теле жана радиодо берилип келет. Азыркы учурда, 1-4-класстар үчүн адеп сабагынын программасын түзүүгө да активдүү катышууда. Ал эми математика сабагы боюнча 2,3,4-класстарынын окуу китептеринин, мугалимдер үчүн колдонмолорунун, окуучулар үчүн жумушчу дептерлеринин туура басылып чыгышына карата эксперт-консультант болуп эмгектенди. Мына ушундай иш-аракеттеринин натыйжасы ардагер эженин ишке болгон көсөмдүгү, тажрыйбасынын бай экендиги жана берген устаттык кеңешинин баалуулугу деп эсептейбиз.
Насырымбекова Таалайбүбү жети баланы татыктуу тарбиялап чоңойтуп, эрезеге жеткирген бактылуу "Баатыр эне".

Чынара Султантөрөева,
№81 мектептин директорунун орун басары, Эл агартуунун отличниги





Кичүүгө да, улууга да өрнөк

Таалайбүбү Насырымбекованын Бишкек шаарындагы №81 орто мектепке кошкон салымы зор. Биздин жамаатта сексенден ашуун мугалим эмгектенсе, ар бири эженин баскан изи менен бассак, кылган эмгегин кайталай алсак деген тилектери менен иштеп келишет. Анткени эже - насаатчы, демилгечи, тажрыйбалуу улуу педагог. Республикалык деңгээлдеги "Адеп борборунун" биздин мектептин базасында ачылышы дагы мына ушул эженин демилгеси.
Бул борбордун китеп текчесинде турган ар бир китеп-журнал, окулган докладдар, окуучулардын эмгектери, мугалимдердин методикалык колдонмолору, мугалимдердин алдыңкы иш тажрыйбалары боюнча материалдар, таблицалардын түрлөрү эженин акыл берметтеринен жаралган.
Эженин адеп сабагы боюнча жазган 1-11-класстар үчүн тесттик материалдарын республиканын дээрлик көптөгөн аймактарында колдонуп келишүүдө. Ар дайым тактыгы, салмактуу сүйлөп, ар бир ишти туура чече алгандыгы, өз ара мамиледе кичи пейилдиги менен кичүүгө да, улууга да өрнөк болуп келет. Адеп сабагында канча деген адамгерчиликтин саябандуу сапаттары көп болсо ошонун баары эжеде камтылып, анын турмуштук тажрыйбасында бышып жетилген.
Адеп борборунда аткарылган алгылыктуу иштерди убагында баамдап, туура жол көрсөтүү менен он төрт мугалим адеп сабагы боюнча программа жазышты. Ал эми мектеп адеп жана гуманитардык сабактарды тереңдетип окутуу боюнча эксперименталдык аянтчага өттү.
Адеп борборунда эженин сунуштары менен "Адептүү окуучу", "Адептүү мугалим", "Адептүү ата-эне" деген сынактардын жоболору иштелип чыгып, айлык, декадалык, жылдык мөөнөттөрдө өткөрүлүп турат. Бул сынактардын жеңүүчүлөрү эс алуучу жайларга бекер жолдомо, техникалык каражаттар жана башка баалуу сыйлыктар менен сыйланып турушат.
Мына ушундай иш-чаралардын негизинде Ак-Босогонун тургундары, ата-энелер, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Насырымбекова Таалайбүбү эжени терең урматтап, сыйлап келишет.
Эжеден билим алган ар бир педагог-новатор, чыгармачыл, балдарды өз жанындай сүйгөн мугалим боло алат. Таалайы жаркын, маңдайы жарык, ырыстуу калктын нур кызы Таалайбүбү Насырымбекова ар дайым педагогиканын майданында жол көрсөткөн акылдын шамы болуп жүрө беришине тилектешпиз!

Жыпара Алыбаева, №81 мектептин директору, Эл агартуунун отличниги





Кыргыздын акылман кызы - Таалайбүбү эже!

Таалайбүбү эже - кыргыздын кыйын кызы, кыргыздын акылман, мээримдүү энеси. Ал эми мугалимдердин арасында - улуу кеңешчи. Билим чөйрөсүнө көз салган ар бир Кыргызстандын жараны Таалайбүбү эжени таанып билет. Себеби эженин таалим-тарбиясынын бир шиңгили элибиздин жүрөгүнөн түнөк таап келет. Эженин акылмандыгын, көрөгөчтүгүн, ишмердигин баалаган Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги мектеп программасына жаңы предмет болуп кирген адеп сабагын жетектеп иштөөнү, анын тагдырын бекеринен Таалайбүбү эжеге берген эместир.
"Канткенде билим менен тарбиянын өзөгү болгон адеп сабагынын деңгээлин көтөрсө болот?" деген суроолор менен алпурушту. Бирок "Аракет кылса - берекет" деген кыргыз элинин нуска сөзү эжени шердентти. 2-5-класстардын окуу программасы боюнча автордук топ уюштуруп, аларга өзүнчө тапшырма берип, жогорку класстардын мыкты мугалимдерин чогултуп, алар үчүн сабактардын пландарын түзүп иштөөнү колго алды.
Ал тургай Ош, Жалал-Абад, Талас жергелерине усулдук кеңештин тобун, китептердин авторлорун жетектеп, көчмө семинарларды өткөрдү. Насырымбекова Таалайбүбү эженин кичине-чоң дебей адамдарга кылган мээримдүүлүгү, аяр мамилеси бийик адамдык асыл сапаттардын көрөңгөсү экенин айгинелейт.

Жыргал Ысманова, №72 орто мектебинин окуу иштери боюнча директорунун орун басары, Эл агартуунун отличниги