Артыкчылык аттестатына татыктуулар аныкталды
Артыкчылык аттестатын алууга талапкер бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээлин аныктоо үчүн өткөрүлгөн тестирлөөнүн жыйынтыгын Улуттук тестирлөө борбору чыгарып бүттү. Анын акыркы жыйынтыгын атайын комиссия карайт.


Алдын ала алынган маалыматтарга караганда артыкчылык аттестатка татыктуулардын сандык көрсөткүчү өтө төмөн. Тестке катышкан үч миңден ашуун талапкердин көбү өз билимин тастыктай алган эмес.
- Тестке катышкан окуучулардын азы гана ишенимди акташты. Тиешелүү балл топтогондор көбүнчө Бишкектеги мектептердин окуучулары болду. Айылдык бүтүрүүчүлөрдөн аз эле чыкты. Жогорку балл топтоп артыкчылык аттестатын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондордун тизмеси Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына жарыяланат, - дейт Улуттук тест жүргүзүү борборунун директорунун орун басары Зейнеп Жамакеева.
Коюлган талап боюнча тесттин 75% кем эмес баллын топтогондорго гана артыкчылык аттестаты ыйгарылат. Негизинен бүтүрүүчүлөр кыргыз, орус, өзбек тилинде үч предмет боюнча - математика, тарых жана эне тилинен тесттен өтүшкөн. Тест Улуттук тест жүргүзүү борбору тарабынан даярдалган тесттик тапшырмалардын негизинде өткөрүлдү. Талапкерлер окуган жалпы билим берүүчү уюмдун тибине жана багытына карабастан, үч деңгээлдеги татаал тесттерди аткарышкан.
Артыкчылык аттестаты менен бүтүп жаткандардын билим деңгээлин тастыктоо республикада биринчи жолу жүргүзүлдү. Билим берүү жана илим министрлигинин мындай кадамга барышына артыкчылык аттестатын алууну каалагандардын саны жылдан жылга көбөйгөнү менен, алардын билим деңгээли талапка жооп бербей калгандыгы себепкер болгон. Мисалы, 2000-жылдан бери артыкчылык аттестат алгандардын саны сегиз эсеге өссө, быйыл эле алар үч миңден ашты.

Чолпон Кийизбаева,
"Кутбилим"