Республикалык
коомдук-саясый гезит

№31, 31.07.08-ж.





  Абийир соту

Алыкул айылы сот адилеттигин күтөт
Кечээ, Чүй облустук сотунун алдында "Жүзүмалиевдер көчүп кетсин", "Ушул окуя Аксы окуясына айланып кетпесин", "Сот адилет чечим кабыл алсын" деген плакаттарды көтөргөн жаштар турду. Мурда бул кызматтан кетсин, тигил кызматтан кетсин деген гана плакаттарды көрсөк, эми минтип бир айылдын тургундары бирин көчүп кетишин талап кылган плакаттарды көрүп таңгалбай кое албадым. Көрсө, чуулгандуу окуя 2007-жылдын 20-ноябрында Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында болуп, бир айылдын эли экиге бөлүнүп, бир эл бири-бирине жоо болуп жатышкан экен. Бул окуя сегиз ай мурун Кыргызстандын учу кыйырына жетип, баласы бар ата-энелердин баарын жүрөгүн зыркыратып, санаага салган.

Сот залына киргенибизде төрагалык кылган судья Жээналиев окуя тууралуу маалымат берип, жанындагы судьяларды тааныштырып иш башталды. Элдин көптүгүнөн сот залына эл батпай, терезелерге чейин шыкаалап карап турушту. Соттолуп жаткан тараптын адвокаттары аппеляциялык арыз жазган себептерин түшүндүрүштү. Уккан адамды кайдыгер калтырбаган каргашалуу окуя мындайча башталган. Айтылуу залкар акын Алыкул Осмоновдун туулган айылы Каптал Арыкта10-классынын окуучусу Адилеттин буту катуу ооруп доктурга барат. Бутуң ооруса сен брюцеллёз болуп калган турбайсыңбы, анализ тапшыр. Анализ бир жумадан кийин чыгат деп кошумча дары дармек берет. Андан көп узабай Адилеттин абалы оорлоп шаардагы Мамакеевдин ооруканасына алып келишет. Адилетти кичинесинен жалгыз өстүргөн апасы баласынын оор абалын угуп, Москвадан келет. Адилет ооруну жеңип кетээрине ишенип, "Апа жакшы болуп калдым" деп чачымдан сылап, мойнумдан жыттаган дейт көз жашын көл кылган эне. Апасы Москвадан келгенче Адилеттин таекеси Максат силер сабап, ошонун кесепетинен Адилеттин абалы ушундай болуп калды деген сөздү айтып, Адилетти, таенесин мектепке алып келип, Элдияр менен Арсланды сабайт. Адилеттин таежелеринин айтымында Адилет ушулар урган деген экен. А бирок, Арсландын апасы Бакыттын айтымында Адилет сөз сүйлөгөнгө да дарманы келген эмес. Ызы-чуу болгонунан мектепке барсам менин жалгыз балам менен Элдиярды ур-токмокко алып жатыптыр. Адилеттин таенеси баласын тыйып, "Урба буларды урганың үчүн дагы жоопко тартылып каласың" деп айткан дейт. Адилет ушулар деп айткан эмес. Айткан деп айтор, талашкан эки жаатты эпке келтире албай ишти алып барып жаткан Жээналиев судянын да ээси оогондой боло түштү. Акырында тынчтык кылбагандарды эшикке чыгарып, аларга чара көрөм деп жатып араң зорго эпке келтирди. 20-ноябрда катуу оорудан бул дүйнө менен жаш болсо да, кош айтышып кете берген 10-класстагы Адилеттин өлүмүнө шектүү делип, ошол эле айылдын 11-классынын аты аталган эки окуучусу камакка алынган. Ал чуулгандуу окуяны Панфилов районунун соту үч берененин негизинде эки окуучуну жети жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Бирок, ага күнөөсү жок жерден балдар жети жылга камалып жатат дешип, аппеляциялык арыз менен облустук сотко кайрылышты. Өкүнүчтүүсү маңдайына бүткөн жалгыз уулунан айрылган эне "Мен энелик сезим менен ушул эки баланы жети жылга камалышына макул болуп олтурам. Бул балдардын энелери аман-эсен көрүп жатышат. А менин балам бул дүйнө менен коштошуп, жер алдында сегиз айдан бери жатат" деп боздоду. Ооба, ал эненин күйүтүн да түшүнсө болот. Кудай, энеден баланы, баладан энени пендем десе эч качан ажыратпасын. Биз дагы кара жерди жазданып жаткан Адилеттин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун деп, анын апасына, бакан таенесине жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. А бирок, ошол эле маалда динге берилген беш маал намаз окуган мотурайган эки жигитти кантип, түрмөгө жатканга кыябыз, урматту окурман. Чынын айтсам мага эки жак тең аянычтуу болуп жатат. Бири баласынан айрылып, кан жутуп жатса,бири жапжаш балам кантип эле киши өлтүрсүн. Адилет өзү ооруп жүргөн.Кээ бир балдар анын өпкөм ооруйт дегенин да кулагы чалгандар бар дешти. Ошол эле маалда Адилеттин апасы "балам спорт менен машыкчу. Эгер өпкөсү ооруса антип машыга алмак эмес да. Анын дени карды соо болчу. Силердин токмогуңардан кийин ушул окуяга кириптер болду, ошол оорудан улам каза тапты"- дейт. Ал эми экинчи тараптын энелери "Биздин балдарыбыз андай кыянатчылыкка барбайт" дешет көз жашын төккөн энелер. Атаңгөрү, ушундай бир элди эки бөлгөн каргашалуу окуя болбой эле койсо эмне дейсиң кимисине жан тартарыңды билбей.
Ал эми тергөөчү, уулун жоготкон тарап албетте, балдар колу менен кылдыбы эми мойну менен тартсын деген пикирден артка кайтпасын, ал түгүл Панфилов райондук соттун чечими күчүндө калышын талап кылышаарын айтышууда. Ал эми жабырлануучу тарап болсо, булардын күнөөсү жоктугун, адилеттин классташтарынан жана башка мектептин окуучуларынан Адилеттин эжелери Жүзүмалиева Тимира дискотека койгону үчүн мектеп окуучуларынан 10 сомдон акча жыйнатканын айтышат. Эмне үчүн класста жети эркек бала болсо дагы экөөң эле акча чогултчусуң деген суроого "Арслан экөөбүз башка балдарга салыштырмалуу жакшы окучубуз. Ошондуктан, уюштуруучулук иштер менен алек болгон Жүзүмалиева Тимира эже чогулган акчаны бизден алчу. Бизди айыптагыдай рекет болгон эмеспиз. Бирок, майрам сайын өткөрүлгөн дискотеканын акчасын чогултканыбыз чын"- деди.
Биз андай-мындай деп же тигил күнөөлү, же бул ак деп так кесе айткандан алыспыз. Бирок, чырактай эки баланын тагдырына балта чабылып, ата-энелер мотурайган эки уулу жети жыл кесилип, түрмөнүн оор шартын көрүп, катаал турмушту башынан кечирсин дегенди да ыраа көрбөй турдук.
Сөз прокурорго жана каза болгон Адилеттин жакындарына берилип, андан көп узабай кылмышкер атыгып жаткан жапжаш эки жигитке адилеттин апасынан, адвокаттардан ,ошондой эле судьялар тарабынан үстөккө-босток суроо берилип, кызыккан суроолоруна жооп алып жатышты. Арслан менен Элдияр биз урган эмеспиз. Болгону дискотека үчүн Жүзүмалиева Лима эженин көрсөтмөсү менен гана бизден кичүү класстардан 10 сомдон акча чогултчубуз. Адилет менен мамилебиз жакшы эле болчу. Саламыбыз түз болчу. Биз андай кыянатчылыкка барган эмеспиз дешти. Ал түгүл коомдук иштерге да активдүү катышчубуз. Ошон үчүн 11-клаастар окууну бүтүп кеткенде бизди уюштуруу иштерин алып барган Жүзүмалиева эже балдар кеңеши кылып дайындаган. Анын ишеничин актап биз дискотека өткөн сайын окуучулардан чогулган акчаны төкпөй-чачпай дискотекага алып келген аппараттар үчүн Лима эжеге берчүбүз дешти. Лима декретке чыккан учурда силерден акча алчу беле деген суроого кечинде келип чогулган акчаны алып кетчү дешти. Эмне үчүн балдар силерге каршы көрсөтмө берди деген суроого Лима эже каршы көрсөтмө берсеңер экзаменде беш коюп берем деп балдарга айтып койсо керек дешти. Ал эми каза болуп калган Адилеттин апасы балам 52 сом үчүн каза болуп калды деп боздоду. Биз Адилетке эч качан карызыбызды төлө деп айткан эмеспиз дешет. Ошондой эле Элдияр менен Арсландын адвокаттары камокто үч Элдияр деген ат жазылганын айтышат. Кыскасы бир айылда үч Элдияр бар экен. Сатуучу эже дагы Элдияр менден карыз алган эмес деп тактап жатат. Бул эки жигит жок жерден жаман атты болуп, кылмышкер атыгып жатат. Ошон үчүн буларды актоо зарылдыгын айтты. Ал эми сөз алган Арсландын апасы Бакыт эже болсо мен дагы мектепте мугалим болуп иштейм. Адилетти да жакшы билем. Жакшы бала болчу. Менин да балам жалгыз. Мен Адилетти Арсланга окшоштуруп атасы жок деп аячумун. Үйгө чейин келип чай ичип турчу. Менин балам урду дегенден кийин да үйгө жакшынакай болуп келип чай ичип кеткен. Адилеттин өлүмүн менин баламдан жана Элдиярдан көргөн туура эмес. Биздин балдарыбыз андай кыянатчылыкка барышпайт деди. Бакыт эжеге эгер балаңыз күнөөсүз болсо эмне үчүн анда Адилеттин апасына кечирим сурап бардыңар деген суроо узатылды. Биз бир айыл болгондон кийин аксакалдар жакшылыкча чечишип алгыла. Күнөөсүз болсо да жоолошпой кечирим сурап, ырбатпай чечип алгыла дегенден кийин барганбыз деди. Бир барсак жок экен. Экинчи жолу кой союп бардык. Анда да кабыл алышкан жок. Адилеттин буту тамдын чатырынан кулап кетип ооруп калган. Аны төртүнчү класстагы Адилеттин бөлөлөрү айтканын далилдеди. Бирок, ал сөздү антип айткан эмес деп Адилет тарап жокко чыгарып жатышты. Бакыт эже болсо, менин балам бирөөнү катуу урмак түгүл кан көрсө ээси ооп калмайы бар. Керек болсо Адилеттин таекеси урганда мээси чайкалып калган деп кошумчалады. Элдияр менен Арсландын талабын талашкан адвокаттар бизди бутка тепти деп көрсөтмө берген Адилеттин классташы Нурсултан оң бутун көрсөтүп, бирок жазганда сол бутум деп жазып жаңылып жатат деди. Кыскасы көп талаш-тартышты жараткан чуулгандуу окуяга бүгүн да чекит коюлбай, соттун чечими эртеңкиге калды окурман. Эмнеси болсо да биз ал, бул дегенден алыспыз. Бирок, биздин кесипкөй сотторубуз эки жактын кызыкчылыгын тең карап, адилет чечим чыгарат деген ойдобуз. Ошондуктан ушул үй-бүлөлөрдү эпке келтирген данакер адамдар, ошондой эле эки жактын кызыкчылыгын тең коргогон соттор калыс чечим чыгарат деген тилектебиз.
Адилеттин он гүлүнүн бири ачыла электе минтип жашоонун ачуу-татуусун тата электе каза болуп калганына адам катары кейийбиз.
Бирок, жаш, тал чыбыктай буралып, өсүп келаткан кыргыздын эки уулу 7 жыл ак жеринен күйүп, абакта отурушун каалабайт элек. Эң негизгиси сот адилет чечпей турган болсо айыл ичинде нааразычылыктар күчөй берип, бир бала эмес бир нече адам жоготуулар болбойт деп ким кепилдик бере алат. Эмнеси болсо да Чүй областтык соттун абийирине коюп туралы.
Г.Эргешбекова











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan