Республикалык
коомдук-саясый гезит

№31, 31.07.08-ж.





  Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинде

Кредиттик портфель талкууланды
"Ала-Арча" мамлекеттик президенциясында премьер-министр Игорь Чудиновдун төрагалыгы астында 2008-жылга кредиттик портфелдин биргелешкен обзорунун корутунду пленардык жыйыны болуп өттү.

Бул жолугушууга президенттин администрациясынын, өкмөт аппаратынын, донор уюмдардын өкүлдөрү, министрлер менен ведомстволордун жетекчилери катышышууда.
Кыргыз Республикасы Рим жана Париж декларацияларына катышуучу жана кошулуучу Борбордук Азиядагы жалгыз сынамык өлкө. Портфелдин биргелешкен обзорун өткөрүү Париж декларациясынын принциптерине толук дал келет. Париж декларациясынын принциптерин жүзөгө ашыруу максаттарында Кыргыз Республикасынын өкмөтү алгачкы жолу өзүнө Өлкөнүн портфелдик биргелешкен обзорун жүргүзүү боюнча лидерлик ролду алган. 2008-жылга максат өлкөнүн портфелин жүзөгө ашырууну баалоо, аны жүзөгө ашырууга таасир этүүчү оң жана терс факторлорду аныктоо жана аны жакшыртуу боюнча чараларды макулдашуу үчүн биргелешип өткөрүүдө турат. Бул обзор 2007-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилди камтыйт.
Экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаров белгилегендей, бул биргелешкен обзор бешинчи болуп саналат. Быйылкы жылы өкмөт, тагыраак айтканда экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги финансы министрлиги менен бирдикте обзорду жүргүзүүдө жетекчиликти өзүнө алууга даярдыгын билдирген. Катышкан донорлор жана өкмөт тарабынан сунуш кылынган айрым бир портфелдик обзорлордун негизинде өнүктүрүү долбоорлорунун портфелинин обзору боюнча документ иштелип чыккан, ал талкуулоо үчүн негиз болуп кызмат кылат. Обзордун башкы милдеттери төмөнкүлөрдү камтыйт: портфелдин аткарылышынын натыйжаларын олуттуу индикаторлор менен салыштырып баалоо жана өткөн жылга салыштырмалуу аткаруунун анализи; долбоорлор менен секторлордун бүтүлүүчү жыйынтыктарына жана натыйжаларына жетишүүгө багыттын жүрүшүн баалоо; алардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана өнүгүү натыйжаларын жакшыртуу үчүн долбоорлорду жүзөгө ашырууну жакшыртуу максаттарында маселелерди талкуулоо.
Натыйжага багытталган бул киргизилип жаткан мамиле өкмөт да, донорлор да тарабынан аракеттердин макулдашылгандыгын жогорулатууга да багытталган. Өкмөт Париж декларациясында баяндалган өнөктөштүк милдеттенмелердин аткарылышынын жүрүшүндө бир катар прогресс индикаторлорунун аткарылышынын обзорун жасаган.
Обзор жалпысынан портфелдин аткарылышы канааттандырарлык экендигин, тобокелчилик чегинде турган долбоорлор жок экендигин көрсөттү. Эл аралык финансы институттарынын жардамы социалдык-экономикалык өнүгүүгө оң таасирин тийгизүүдө.
Бул обзор эки өңүттө: стратегиялык жана оперативдик деңгээлдерде жүргүзүлгөн. Саясий деңгээлде обзорду жүргүзүүдө өкмөттүн жардамдарды алып жаткан негизги секторлордун портфелин эффективдүү баалоону жүргүзүүгө даярдыгы жана умтулуусу бааланган. Бул обзор тышкы жардамдарды жүзөгө ашыруудагы башкаруудагы оң тенденцияларды, ошондой эле кемчиликтерди да аныктоого мүмкүндүк берди. Мурдагы 4 сынамык секторлорго (билим берүү, саламаттыкты сактоо, жол сектору жана ирригация) кошумча быйылкы жылы эл аралык финансы институтттарынын жардамынын жер жана кыймылсыз мүлк секторунда таасири да бааланган. Ушундай эле айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлиги менен өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги кийинки жылы ушундай анализ өткөрүүгө даярдыгын билдиришкен.
Портфелдин канааттандырарлык болгондугуна карабастан анын жалпы көрсөткүчтөрүнө таасир берүүчү проблемалар кезигүүдө. Бул долбоордук ишмердүүлүктүн ведомство ичиндеги начар координациялоо; ведомстводогу ар кандай донорлордун долбоорлорунун жана алардын жалпы натыйжага багытталгандыгынын ортосунда өз ара таасир этүүнүн жоктугу. Көпчүлүк учурларда министрликтер долбоорлорду жүзөгө ашыруу бөлүмдөрүнө өкмөттүн эмес донорлордун долбоорлору сыяктуу мамиле жасоо менен алардын ишмердүүлүктөрү жөнүндө маалыматка ээ болушпайт. Бул долбоорлор донорлор финансылаган өкмөттүк долбоорлор болуп саналат. Ведомстволор портфелдин обзорун жүргүзүүдөгү, секторду өнүктүрүү максаттарын жана милдеттерин аныктоодогу начар институционалдык потенциалга ээ. Министрликтер секторалдык матрицаларды толтурууда, ошондой эле секторго таасир этүү анализин жүргүзүүдө кыйынчылыктарды тартышкан.
Бул обзор бешинчи болуп саналса да министрликтер портфелдин таасиринин анализи боюнча тийиштүү тажрыйбаларга институционалдык эс тутумга ээ эмес. Секторду өнүктүрүүнүн так жана жеңил мониторинг келүүчү ачык стратегияларынын жоктугу долбоорлордун жыйынтыктары боюнча прогрессти өлчөөдө, ошондой эле аларды иштеп чыгуу жана интеграциялоо боюнча демилгелерде кыйынчылыктарга алып келет.
Секторалдык стратегиялар иштелип чыккандыгына карабастан алар бекитилген жана жүзөгө ашырыла баштаган эмес. Бүгүнкү күндө "Манас Таалими" саламаттык сактоону өнүктүрүү стратегиясы гана ийгиликтүү жүзөгө ашырылууда.
Натыйжада жогоруда көрсөтүлгөн себептерден улам белгиленген көрсөткүчтөргө жетишүүгө прогресстин төмөндөөсү байкалат. Мисалы сабаттуулук деңгээлине байланыштуу учурдагы кырдаал белгиленген көрсөткүчтөргө жетишүүдөгү кыйынчылыктар жөнүндө айтып турат. 2000-жылы бир адамга 1661,91 сом (ИДПга карата 3,5%) бюджеттен чыгымдар боюнча ассигнованиелердин 2007-жылы 4261,97 сомго чейин көбөйтүлгөнүнө карабастан жалпы республикалык тестирлөөдөгү туура жооптордун пайызы 2001-жылдагы 59,1%дан 2007-жылы 35,16%га төмөндөгөн. Ошол эле учурда 2010-жылга белгиленген көрсөткүч 60% болуп саналат.
Дагы бир мисал жол сектору. Анда иштеги позитивдүү өзгөрүүлөр менен катар (регионалдык транспорттук каридорлорду эл аралык финансы институттарынын жардамы менен реабилитациялоо оозунган темптер менен жүргүзүүлүүдө, бул сектордун алдындагы 2010-жылга карата регионалдык жолдордун 75%ын минималдуу эксплуатациялык стандарттарга жеткирүү боюнча милдеттин реалдуулугун көрсөтүп турат) жол коопсуздугунун кескин начарлашы олуттуу кооптонууну туудурат.
Жол-транспорт кырсыктарынын саны кескин өскөн. 2007-жылы миң автомашинага 115 авария туура келген, бул көрсөткүч 2000-жылы - 24, 2006-жылы - 22 авария деңгээлинде болгон. Жол коопсуздугун жакшыртуу максатында Азия өнүктүрүү банкы Жол коопсуздугун мамлкомитеттин колдоо максатында Жол коопсуздугу боюнча секретариаты түзүүгө көмөк көрсөткөн. Бирок жол-транспорт кырсыктарынын санынын өсүшү бул институт проблеманы комплекстүү жана түп тамырынан чече алууга жөндөмдүү экендигине күмөн туудурат.
Саламаттыкты сактоо секторундагы "Манас Таалими" улуттук программасын жүзөгө ашырууга жана SWAP кеңири секторалдык мамилесин колдонууга карабастан 2007-жылы 2006-жылдагыдай эле балдардын өлүмү, энелердин өлүмү боюнча көрсөткүчтөр өскөн. Республика боюнча кургак учук менен ооруп калуу көрсөткүчү төмөндөгөнүнө карабастан, Чүй облусу менен Бишкек шаарында бул жогору болгон. ВИЧ/СПИД учурларынын саны кайрадан көбөйгөн.
Эл аралык финансы институттары ирригация секторуна да чоң жардам көрсөтүшүүдө. 260 миң гектар аянттагы чарбалар аралык системалар жана 150 миң гектар аянттагы чарба ичиндеги системаларды реабилитациялоо жүргүзүлгөн. 700 миң гектар же бардык сугат жерлердин 70%ын камтыган 455 суу пайдалануучулар ассоциациялары түзүлгөн. Ошентсе да сугат аянттарын пайдалануу 2000-жылы 987,300 гектар болсо, 2007-жылы ошол эле деңгээлде же 990,123 ошол эле учурда айыл чарбасындагы өсүш акыркы эки жылда 1,5%ды гана түзгөн.
Сөз аягында А.Жапаров экономикалык өнүктүрүү соода министрлиги менен финансы министрлиги, тийиштүү ведомстволор менен бирдикте бул жолугушууларды уюштурууга жана иш чараларды өз убагында аткарылышына жетишүүгө жоопкерчилик тарта тургандыгына ишендирди.




Субрегионалдык семинар
Бишкекте экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги БУУнун Азия жана Тынч Океан өлкөлөрү үчүн Экономикалык жана социалдык комиссиясы менен биргеликте уюштурган макроэкономикалык саясат жана Борбордук Азия өлкөлөрүн өнүктүрүү боюнча семинар болуп өттү.

Ага Өзбекстандын, Казакстандын жана Тажикстандын өкүлдөрү, кыргыз Республикасынын министрликтер менен ведомстволордун, жеке сектордун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты. Семинардын башкы максаты Борбордук Азия мамлекеттеринин макроэкономикалык саясаты жана социалдык өнүктүрүү маселелери боюнча тажрыйба алмашуу болуп саналат. Семинардын жүрүшүндө анын катышуучулары өз өлкөлөрүндөгү экономиканын учурдагы кырдаалы жөнүндө презентацияларды көрсөтүштү. Жыйынтыгында Борбордук Азия регионунда иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн сунуштар иштелип чыкты.
Азия-Тынч Океан регионундагы өнүгүп жаткан өлкөлөрдө акыркы 10 жылдыкта эң жогорку өсүү темптери байкалган. 2008-жылы алар өткөн жылдагы 8,2%дан 7,7%га чейин төмөндөмөкчү. Экономикалык өнүгүү жолундагы негизги кыска мөөнөттүү тоскоолдук АКШдагы азыркыга чейин токтобогон ипотекалык кризиске жана анын дүйнөлүк экономикага таасирине байланышкан. Обзордо региондогу көптөгөн жылдар аралыгында оор эмгек менен камсыз кылынган жана бекемделген ишеничтүү маркоэкономикалык көрсөткүчтөр региондун өлкөлөрүнүн мындай тышкы олку-солкулуктарга даярдыгын жана ыңгайлашуусун шарттагандыгы баса көрсөтүлөт.
Обзордо айыл чарбасына өзгөчө кылдаат бөлүнгөн. Ал элет райондорундагы жакырчылыктын машстбадарын кыскартуу жана өнүктүрүү боюнча ишмердүүлүктүн негизги аныктоочу факторлорунун бири катарында каралат. Мурдагыдай эле Азия - Тынч Океан регионундагы ишке тартылган калктын 60%на жумуш берген жана көптөгөн жакырлардын жашаган жери болуп саналган айыл чарба сектору унутулган, анын жакырчылыкты жана теңсиздикти кыскартуу боюнча потенциалы үзгүлтүккө учуратылган.
Айыл чарбасынын алдында турган узак мөөнөттүү өнүктүрүү программалары түз чечилиши керек. Обзордо региондогу айыл чарбасынын продуктуулугун жогорулатуу жакырчылыктын өлчөмдөрүн кыскартууга олуттуу таасир бере ала тургандыгы боюнча аргументтер келтирилген. Ошондой эле айыл чарбасынын экономикалык да, социалдык да жашоого жөндөмдүүлүгү катарында кепилдиктерди камсыз кылуунун эки өзөктүү стратегиясы сунуш кылынат.




Өнүктүрүү стратегиясына кошумчалар менен толуктоолор
Министрликте Акылбек Жапаров министрликтин башкармалыктарынын начальниктери, улуттук консультанттар менен бирдикте Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясына (ӨӨС) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү талкуулоо боюнча жолугушуу өткөрдү.

Анда 2011-жылга чейин Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын жаңы редакциясынын долбоорун бекитүү үчүн президентке өз убагында киргизүүнүн камсыз кылуу маселелери каралды. Жаңы редакциянын долбоорунун бөлүмдөрүн түзүүнү учурдагы статусу аныкталды, ошондой эле жаңы редакциясынын долбоорунун бөлүмдөрү түзүү процессинде улуттук консультантттарда келип чыккан проблемалар талкууланды.
Стратегиялык өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин үстүбүздөгү жылдын 24-июнундагы чечимине ылайык экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигине 2008-жылдын 1-сентябрына чейин толукталып иштелип чыккан 2011-жылга чейин Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун бекитүү үчүн президент К.Бакиевге сунуш кылуу тапшырылган.

Бет министрликтин басма сөз кызматынын
маалыматтары боюнча даярдалды










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan