Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
   Кыргызский газеты
Кыргыз китеп
ggle_v

Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  учур

Шаардык бийлик пенсионерлердин кызыкчылыгы үчүн чечим кабыл аларына ишеним артабыз
Турак жай эмес имараттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акы төлөөдөн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Ленин, Октябрь жана Свердлов райондук башкармалыктарын бошотуу тууралуу маселени Бишкек шаардык мэриясы депутаттардын Бишкек шаардык кеңеши менен жакынкы учурда пенсионерлерди кубанычка бөлөө максатында оң жагына чечкени турат. Ошондуктан, шаардык бийликтин жана депутаттардын кабыл алган оң чечими пенсионерлердин кызыкчылыгына кызмат кылаарын баса белгилеп айтуу керек.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Ленин, Октябрь жана Свердлов райондук башкармалыктары өздөрүнүн камкордугундагы пенсионерлерди, ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү муниципалдык транспорт барган ыңгайлуу, жайлуу имаратта кабыл алып, өз ишмердигин жүргүзүүсү керектигин айтпасак да белгилүү.
Азыркы мезгилде Ленин райондук башкармалык 17724 пенсионерди жана 11770 камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү, Октябрь райондук башкармалык-21642 пенсионерди жана 11398 камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү, ал эми Свердлов райондук башкармалык 19495 пенсионерди жана 15368 камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү тейлейт. Ошондуктан, борбор калаадагы райондук башкармалыктардын өздөрүнө караштуу имараттары жок болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун өтүнүчү менен пенсионерлерди жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү кабыл алуу жана документтерди сактоо үчүн мэрияга караштуу муниципалдык мүлк боюнча комиссия менен макулдашылып, Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан турак жай эмес имараттар бөлүнгөн. Бирок, ижара акы төлөөдөн бошоткон эмес.
Ошентип, ай сайын имараттын ижарасы үчүн Ленин райондук башкармалыгы - 31190 сом, Октябрь райондук башкармалыгы - 51353 сом жана Свердлов райондук башкармалыгы - 38051 сом өлчөмүндө акча төлөшүүдө.
Эгерде, жыл ичиндеги бул төлөмдөрдүн жалпы суммасын эсептей турган болсок, 1,5 млн. сомдон ашкан чоң цифра келип чыгууда. Ушул жерден баса белгилеп кетүүчү нерсе - депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 24-апрелиндеги №436 токтому менен бекитилген жеңилдетилген ижара акы төлөөгө укуктуу ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин №2.1 Тизмесине мамлекеттик мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар кирет. Ушул токтомго ылайык, республиканын Социалдык фонду так ошол биринчи категорияга таандык. Ошондуктан, Кыргызстандагы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын аткаруучу органы катары Социалдык фонд мамлекеттин социалдык саясатынын негизги багыттарын аткарууну жүзөгө ашыруу максатында пенсионерлер, улгайган жарандар менен зор маанилүү ишти алып барат. Республика боюнча алып караганда пенсионерлердин көпчүлүгү, тагыраак айтканда 75196 пенсионер адам Бишкек шаарында жашашат.
Улгайган пенсионерлерди, социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сапаты жана калктын аз камсыз болгон катмарын социалдык жактан коргоо Социалдык фонддун аймактык органдары канчалык натыйжалуу иштегендигинен көз каранды. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына ылайык жана Социалдык Фонд тарабынан жүргүзүлүп жаткан пенсия системасын реформалоо аркылуу пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү жыл сайын жогорулап жатат. Баарыбызга белгилүү болгондой, 2009-жылдын 1-июлунан баштап, пенсиялардын өлчөмү 50 пайызга жогорулады. Демек, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонддун бюджетине кошумча чоң суммадагы акча каражатын табуу милдети жүктөлүүдө.
Ушул жерден баса айта кетүүчү жагдай "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Мыйзамдын 4-статьясына ылайык, бул каражаттар жарандардын камсыздандыруу чегерүүлөрүнүн эсебинен түзүлөт жана пенсияларды, азапулду, ошондой эле эмгек мертинүү же кесиптик ооруга байланыштуу компенсацияларды жана милдеттүү медициналык камсыздандырууну, тагыраак айтканда, эмгекке жарамсыз жана эмгекке жарактуу курактагы элдин муктаждыгын каржылоого багытталат.
Ошол эле мезгилде "Жерги-ликтүү өзүн-өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жергиликтүү кеңештерге аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышын көзөмөлдөө жүктөлгөн. Шаардык бийлик бул багытта пенсионерлер үчүн көп нерселерди жасап келүүдө жана Социалдык фонд менен тыгыз байланышта, өнөктөштүк негизде иш алып барууга кызыкдар.
Азыр Социалдык фонд мында келген пенсионерлерди, жарандарды кабыл алуу боюнча ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу менен бирге өз кезегинде ак ниет ижаралоочу катары чыгаша тартууга даяр. Анткени, Бишкек шаарындагы райондук башкармалыктар тарабынан ижараланган имараттарга 10 жылдан ашык убакыттан бери оңдоо, түзөө иштери жасалбагандыгына байланыштуу учурда аларга ремонт иштери талап кылынат. Имараттардын жер таманы жараксыздыкка келип, канализациялык система иштебейт. Бир сөз менен айтканда, иштөөгө тиешелүү шарттар жок. Түзүлгөн абалды эске алуу менен, 2009-жана кийинки жылдарга ижара акысын төлөөгө багышталган каражаттарды райондук, шаардык башкармалыктардын имараттарын капиталдык ремонт жасоого жана коммуналдык тейлөөнү төлөөгө багыттоо боюнча сунуш менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Бишкек шаардык мэриясына жана депутаттардын Бишкек шаардык кеңешине кат жолдоп кайрылган. Мында ижара үчүн аталган каражаттар эң ири өлчөмдөгү сумма деп айта кетүү керек. Бул каражаттар Социалдык фонддун бюджетинде пенсияларды көбөйтүү же имараттарды ремонттоо, коммуналдык тейлөө үчүн калса, чындыгында борбордук бийликке да, пенсионерлерге да оорчулугу тийбеген абалдан чыгуунун татыктуу, ишенимдүү, оңтойлуу жолу болмок.
Жакында Социалдык фонд өзүнүн сунушуна жооп алгандай болду. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы А.Суракматов билдиргендей, 2009-жылдын 30-апрелинде өткөрүлгөн шаардык кеңештин IV сессиясында бул сунуш каралган.
Анда Социалдык фонддун Ленин, Октябрь жана Свердлов райондук башкармалыктарын ижара акысын төлөөдөн бошотуу маселесин Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык мүлк боюнча комиссиясынын жыйналышында чечүү жана белгиленген тартипте депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги жыйынында кароого киргизүү сунушталган.
Өз кезегинде Бишкек шаарынын вице-мэри А.Филатов депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин жакынкы сессиясынын күн тартибине бул маселени киргизүү тууралуу сөз берген. Ошондон улам ордо калаабыздын пенсионерлеринин кызыкчылыгында бул чечим кабыл алынаарына чоң ишеним артабыз.

Бактыяр ОҢОЛКАН уулу





ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Жањы кылым"
email • архив • редакция 
16-июль, 2009-ж.:
1-бет
Окугуң келсе, ОшМУга бар!
2-бет
"Биздин талапкер 70 пайыз добуш аларына ишенем"
3-бет
Шаардык бийлик пенсионерлердин кызыкчылыгы үчүн чечим кабыл аларына ишеним артабыз
4-5-бет
"Алдыдагыга карап пикир кыл, аркадагыга карап шүкүр кыл"
6-бет
Жалал-Абад шаарында 32 млн. сомго көп салык топтолду
7-бет
Пенсиялык системанын топтоо бөлүгүнө өтүү

ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования

Орусча - по-русски:
 •  Бесплатные уроки...
 •  Про кырг._раскладку
 •  Про кырг._шрифты
 •  Про меня

Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?


Гезиттердеги кызык макалалардын топтому
Кызык макала
Курандын да, Манастын да атын булгап...
Өлкөбүз "көкмээлер аралчасына" айланабы?
Дин жана дил:
1-макала
2-макала
3-макала
Чыңгыздын айымдары:
1-макала
2-макала
3-макала
4-макала
5-макала
6-макала


bottom
Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызак:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!