Ичкен чайыңыз
мүнөзүңүздү аныктайт
Ар бир адамдын өзгөчө жакшы көрүп ичкен чайы болот эмеспи. Мисалы, бирөө чайды карандай ичсе, бирөө сүттөп ичет дегендей... Сиз да өзүңүздүн же жакын адамыңыздын дал ушундай өзгөчөлүгүнө карап мүнөзүн аныктап алсаңыз болот.


Сиздин жакшы көрүп ичкен чайыңыз...
Көк чай
Өтө токтоосуз. Эмоцияга оңой менен алдырбайсыз. Көп адамдар сизди ишенимдүү, туруктуу, жакшы дос боло алат деп эсептешет жана сиз менен достошууну самашат. Чай ичип жаткан идишиңиздин сүрөтүнө, анын эмнеден жасалган идиш экенине абдан көңүл бурасыз. Айтор, идиш тандай билүү сиз үчүн чоң мааниге ээ. Психологдор сизге шайыр, ачык-айрым жана көңүлдүү жашоо образын кабыл алууну, түнт мүнөзүңүздү өзгөртүүнү кеңеш кылышат.
Муздак чай (ice tea)
Өзүңүзгө-өзүңүз татыктуу болууга тырышасыз. Кандай абал болбосун, дайыма өзүңүздү башкара билесиз, сабырдуусуз. Алтургай адам чыдагыс ызы-чуунун, чыр-чатактын арасында да өзүңүздү токтоо, тынч кармай аласыз. Бирок качанкыга чейин ушинтип баарын ичиңизге сактап, ички ой-сезимдериңизди, эмоцияларыңызды сыртка чыгаруудан коркуп жүрө бересиз?
Жыпар жыттуу чай
Эмне үчүн жеке турмушуңуз ушунчалык көңүлсүз? Күн сайын жумуш, жумуш... Эч кандай көңүл ачуу, ойноп-күлүү жок. Көр оокаттан, иштен тажап кеткен күндөрүңүз аз эмес, мойнуңузга алыңызчы. Узак убакытка эс алуунун деле зарылчылыгы жок. Болгону, кез-кезде бир аз көңүл ача да билиңиз.
Сүттүү чай
Таптакыр камаарабайсыз. Ушундайыңыздан улам жашооңузда пайда болгон көйгөйлүү маселелерди өз учурунда чечпей, шашылбай жүрө бересиз. Качан гана баары жетээр чегине жетип, кандайдыр бир коркунучту пайда кылган кезде гана билек түрүнүп киришип калмай жайыңыз бар. Көпчүлүк учурларда жасабай турган ишти жасап, жасачу ишти жасабай койчу адаттын ээсисиз. Сизди бир нерсеге макул кылып көндүрүү көп күчтү талап кылат. Бир гана даамдуу тамак ичип кетүү үчүн конокко чакырганда гана баш тартпай дароо макул болушуңуз ыктымал. Жашооңузда, көз карашыңызда жаңы өзгөрүүлөрдүн, жаңылыктардын болуп турушун жактырасыз.
Карандай, өтө кызыл, таттуу
Эч кимдин колунан келбеген өтө жоопкерчиликтүү, оор жумуштардын баарын аткарууну дайыма сиз өз мойнуңузга жүктөп аласыз. Жасаган ишиңизди сапаттуу бүтүрөсүз. Башкалардын ишенимине кире аласыз жана ушул эле сапаттарды өзгөлөрдөн да талап кыласыз. Айрымдар сизди өзүнө өтө эле ишенген, башкарганды жактырган адам деп ойлошот. Ар дайым дос-тааныштарыңыздын көңүл борборунда жүрөсүз. Оптимист жана ак ниетсиз, эркиндикти жактырасыз.
Карандай, өтө кызыл,
таттуу эмес
Өтө кыраакысыз. Эч ким байкабаган майда-бараттардын баарын сиз байкап, сиз көрөсүз. Көп учурларда башкалардын акылы жетпеген нерселерге сиздин акылыңыз жетип, алар жасай албаган иштерди сиз оңой эле жасайсыз. Иштеген жериңизде абдан баалуу кызматкерсиз. Шайыр, оптимист, жумушка тың, акылдуу, туруктуусуз, адамдар менен тез тил табыша аласыз. Ар бир адамдын өзүнө жараша туура мамиле кыла билесиз. Табиятыңыздан чыгармачыл жана кыялкечсиз. Өзгөлөрдүн да оюн угуп, кааласаңыз алардын айтканы менен деле болуп коёсуз. Себеби, сизде өз оюн бербеген көктүк жок. Өтө активдүү болгондуктан, бир күндө көп жумуш жасаганга жетише аласыз.Табият койнунда эс алуу, жай музыка угуу сизге болуп көрбөгөндөй ырахат тартуулайт. Үй-бүлө сиз үчүн биринчи орунда.
Карандай, өтө кызыл эмес, таттуу
Токтоо, анан да өтө ишенимдүүсүз. Сизге эч коркпостон ички сырды айтса болот, анткени, ичиңизге сыр сактай билесиз, аны сыртка чыгарбайсыз. Ызы-чууну жактыра бербегендиктен, үйдө отуруп тынч эс алууну сүйөсүз. Дал ушул себептен улам той-тамашаларга көп баргыңыз келбейт. Натыйжада, дос-тааныштарыңыз да аз. Интуицияңыз абдан күчтүү. Сезимге туруктуусуз. Андыктан, жылуу сезимдериңизди ар кимге эмес, эң жакын, эң кымбат адамдарыңызга арноо үчүн гана сактайсыз. Аябай аракетчилдигиңиз, эмгекчилдигиңиз сизди далай ийгиликтерге жеткирет.
Карандай, өтө кызыл эмес,
таттуусу жок
Абдан таланттуу, жөндөмдүү, ар нерсени табит менен тандай билген, көбүнчө философиялык ой жүгүрткөн, дос-тааныштары көп адамсыз. Гезит-журналдарды, китептерди көп окуйсуз, акыл-кампаңыз кенен. Бирок ишти аягына чейин жакшылап ойлонбостон, терең акыл калчабастан эле баштай бересиз. Бул сизди кээде жаңылып калууга алып келет. Сиздеги чоң кемчилик - акчаны ыгы жок ашыкча корото берүү, сарамжалдуулуктун жоктугу. Бирок сизди да түшүнүүгө болот, себеби, акча коротуудан чоң ырахат аласыз. Той-тамашаларга, отуруш-кечелерге көп барганды жактыргандардансыз. Дайыма элдин көңүл борборунда болбосоңуз, ар кимден комплимент угуп турбасаңыз, өзүңүздү бир жери кем адамдай сезесиз. Кээде өзүмчүл да болуп кетесиз.




Болочок түгөйдү туура тандоо
ысымдарга байланыштуу

Окумуштуулардын айтуусу боюнча, адамдардын ысымдары алардын келечек тагдырында маанилүү роль ойнойт. Эгерде сиз кимдир бирөө менен баш кошуу тууралуу ойлонуп жаткан болсоңуз, анда алдыда эмне күтүп турганын билүү үчүн төмөнкү ыкманы колдонуп көрүңүз.
Алгач бул таблицаны карап, ысымыңыздагы тамгалар кайсы санга туура келерин аныктап алыңыз.
Мисалы, сиздин атыңыз Сезим дейли. Анда мындай болот: 1+6+9+1+5=2+2=4. Ал эми жигитиңиздики Улан дейли: 3+4+1+6=1+4=5. Демек, 4+5 же 5+4 болот. Мунун маанисин болсо төмөнкүдөн карап билесиз.
1+1 Жубайлар оңой менен тил табыша алышпайт.
1+2 Түбөлүккө чогуу жашап кетишерине 100 пайыз кепилдик жок.
1+3 Экөө тең оптимист. Сүйүү, ишеним менен жашашат.
1+4 Ортодо биргелешкен ишкердик мамиле бар болсо, бирге жашап кетүүгө болот.
1+5 Бирин-бири сүйөт, бирок бат-баттан урушуп, кайра төшөктөн табышып алышат.
1+6 Бактылуу жана тынч өмүр сүрүшөт.
1+7 Баш кошуунун алгачкы жылдарында сүйүү болбосо да, бара-бара ортодо ысык сезим пайда болот.
1+8 Бир гана учурда бактылуу жашай алышат: жубайлардын бирөөсү сабырдуу, кечиримдүү болсо.
1+9 Жашоолору урмат-сый, сүйүү менен коштолот. Дөөлөттүү карылык күтөт.
2+2 Уруш, чыр-чатак, түшүнүшпөстүк.
2+3 Тең салмактуулук, бирин-бири түшүнө билүү.
2+4 Бирге жашап кетүү үчүн жубайлардын бири кечиримдүү болушу шарт.
2+5 Бактылуу болуу үчүн токтоо болуп, ашыкча терс эмоцияга алдырбоолору керек.
2+6 Буларда баары ойдогудай болот.
2+7 Сый, достук мамиле.
2+8 Түбөлүккө созулган бактылуу жашоо.
2+9 Бардык жагынан бири-бирине карама-каршы келишет, бирок жашап кете алышат.
3+3 Бири-бирине көз каранды болушпайт, эркин, тең укукта жашашат.
3+4 Ортодо сүйүү болбосо жашабай эле койгондору оң.
3+5 Дайыма бирин-бири колдоо, түшүнө билүү.
3+6 Өчпөгөн сүйүү.
3+7 Дал келбөөчүлүк, карама-каршылык.
3+8 Кыйынчылыктар көп болот. Чыдамдуулук керек.
3+9 Көз караштардын, максаттардын окшоштугу. Бактылуу үй-бүлө.
4+4 Стабилдүү, туруктуу, жакшы мамилелер.
4+5 Ажырашуу болушу ыктымал, чыдамдуулук керек.
4+6 Уруштан, чыр-чатактан кача билишсе, бактылуулук келет.
4+7 Сүйүү, кумар коштогон ысык мамиле.
4+8 Бири-биринен лидерликти талашып жашашат.
4+9 Чыр-чатак, уруш-талаштар көп болот.
5+5 Ысык сүйүү.
5+6 Булардын бирге жашашына материалдык байлык гана өбөлгө боло алат.
5+7 Жубайлардын бири-бирине дал келүүчүлүгү, бактылуулук.
5+8 Оңой менен тил табыша албоо.
5+9 Күнүмдүк кыйынчылыктарга баш ийишпесе гана ынтымактуу турмуш кура алышат.
6+6 Ишеним, чынчылдык, ачыктык керек. Ошондо жашап кетишет.
6+7 Максатсыз, ишенимсиз жашоо.
6+8 Материалист менен идеалисттин ынтымактуу мамилеси.
6+9 Сүйүүнү түбөлүккө сактай алышса, өтө бактылуу болушат.
7+7 Сезим менен эмес, акыл менен жашоо, ынтымактуулук.
7+8 Мүнөздөрдүн дал келишпестиги, бактысыздык.
7+9 Мамилелер туруксуз, ажырашып кетүү коркунучу бар.
8+8 Ишкер мамиле гана буларды бириктирип турат.
8+9 Ар ким өз ордун билип, ошого ыктап жашаса, бирге өмүр сүрүшөт.
9+9 Идеалдуу түгөйлөр эмес, бирок жашап кетүү мүмкүнчүлүктөрү бар.

АСКЕРБЕК кызы Саада