Кыргыз гезиттери


Жергиликтүү кабарлар
А.Бакиевди камактан чыгарышкан жок
Жалал-Абад шаардык соту мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Акмат Бакиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча анын жактоочуларынын арызын карап, арызды канааттандырган жок. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирет. Соттук чечимге ылайык, териштирүүлөр аягына чыкмайынча ал УКМКнын СИЗОсунда кала бермекчи. Кошумчалай кетсек, ал 22-июндан бери камакта, ага "массалык башаламандыктарды уюштурган", "куралдуу топторду түзгөн", "бийлик өкүлдөрүнө күч көрсөткөн" деген сыяктуу беренелер менен айыптар тагылууда.

Чек арачы ур-токмоктон көз жумду
Лейлек районунун "Катраң" чек ара бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 19 жаштагы Абдразак уулу Назирбекти 3-март күнү аны менен кызмат өтөгөн 5 чек арачы токмоктоп салышкан. Жабыркаган Назирбек Ош шаарына дарылоого жиберилип, бирок мушташуунун кесепетинен 13-март күнү көз жумган.

Баары бир чокубуз Путинге кетти
Депутаттар канчалык чуу көтөрүп сындабасын, Орусиянын премьер-министри Владимир Путиндин атына чокубузду бермей болдук. Президент Р.Отунбаева кечээ "В.Путин атындагы чоку" деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө мыйзамына кол койду. Мыйзамга ылайык, Москва районунун аймагындагы 4446 метр бийиктиктеги аты жок чокуга "Владимир Путин атындагы чоку" деген географиялык аталыш ыйгарылат.

Бензин кайрадан кымбаттайбы?
Орусия Кыргызстанга ташылып келинчү күйүүчү майларга болгон бажы төлөмдү кайра калыбына келтирди. Бул тууралуу "Регнум" маалымат агенттиги орус өкмөтүнө таянып маалымат жазды. Ага ылайык, бажы төлөмсүз күйүүчү майлар Кыргызстанга жардам иретинде белгилүү бир өлчөмдө гана берилген болчу. Эми тиешелүү көлөмдү Кыргыз өкмөтү алып бүткөндүктөн, бул төлөм кайрадан киргизиле баштайт. Орусиялык агенттик мындай маалымат эмнегедир кыргыз өкмөтү тарабынан жарыяланбай жаткандыгын белгиледи. Анда кайра бензин кымбаттайбы?




  Дүйнө тизмек

Карышкыр кыз
Жергиликтүү эл "карышкыр кыз" деп атап койгон Супратанын чачтарынын өсүшүн медицина дагы токтото албай жатат. Бул кыз Таиландда төрөлгөн бул кыздын бетинде, колдорунда, далыларында карышкырдыкындай болгон жүндөрү бар. Аларды лазер менен күйгүзүп салганда дагы астынан жаңысы өсүп чыгууда. Бул ооруну медицинада гирсутизм жана гипертрихоз, же болбосо "карышкырдын синдрому" деп атап коюшат.

Чоюлгуч адам
Аябай ийкемдүү болгон 27 жаштагы индус Виджей Шармага жергиликтүү калк чоюлгуч адам деген ат ыйгарды. Ал колун өзүнүн денесинен эки-үч жолу оролтуп, жаткан жеринен бутун башынан өткөрө алат. "Баары Жеки Чандын кинолорун көрүүдөн башталган",- дейт Виджей. Ошол кинолорду көрүп, таасир алып, денесин чоюлчаактыкка тарбиялай баштаган.

Башындагы бычакты билбей...
Кытайдын Юньнань провинциясынын жашоочусу Ли Фу төрт жыл бою башына сайылган бычакты билбей жүрө берген. Акыркы учурларда башы көп ооругандыктан, дарыгерге кайрылат. Врачтар башында бычак бар экенин айтса ишенбей, башкасына барат. Бирок алар дагы ошол эле жыйынтыкты айтып, башында бычактын кескичи калып калганын айтат. Ли Фу операция жасатып, башындагы бычакты алдырып салды. Чынында эле төрт жыл мурда аны белгисиз бирөөлөр тоноп, бычак сайганын айткан. Бирок ошол кезде дарыланып бүттүм деп ойлогон экен.

Японияда 10 миң курмандык
Японияда 7-9 баллдык жер титирөөнүн айынан пайда болгон цунами Япониянын түндүк-чыгышын каптап, 10 миң кишинин өмүрүн алып кетти деген божомолдор бар. Расмий жетекчилик бул кырсыкты Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң чоң алаамат деп атады. Миллиондогон киши үч күндөн бери таза суу, тамак-аш жана жылуулугу жок отурушканын маалымат каражаттары жазып чыкты. Цунаминин кесепетинен Фукусима атомдук станциясында кечээ үчүнчү реактор жарылды. Кырсыктан 11 киши жаракат алды, бирок реактор өзү жабыркаган жок. Атомдук станциядагы кырдаал куткаруу иштерине тоскоол болууда. 11-марттан бери 150 чакты майда силкинүүлөр болду. Жалпы коомчулук дагы бир кыйраткыч жер титирөөдөн коркуп турган кез.






  Өзгөчө кабарлар

Өз баласынан кутулгусу келиптир
Бишкектин жашоочусу акчанын жоктугунан өз баласынан кутулгусу келип, аны маршруткага отургузуп кетирип жиберген. Колунда кийим-кечектерин көтөрүп алып шаардын башка четине барып калган баланы участкалык милиция алып кеткен. Жашы жетелек балдарды реабилитациялоо борборунун ага инспектору Самат Сайбековдун айтымында, бир жума болсо дагы 6 жашар Артурду ата-энеси изилдеген эмес. Андан кийин укук коргоо баланын апасын издеп тапканда аял баласынан баш тарткан катын жазып берген. Апасы Аида О. аттуу айым "Достук" кичирайонунда жашаары аныкталган. Ал күйөөсү менен ажырашып кеткени белгилүү болду. Көп өтпөй бул окуя тууралуу баланын атасы угуп, Артурду өзү багып аларын билдирген. Учурда тиешелүү документтерди топтоодо.

Орусияда да жөн жүрбөй...
Владивосток шаарында орус кызды Кыргызстандын атуулу барымтага алып, бир нече саат бою бычак менен коркутуп кармап турган. Аталган шаардын милиция кызматкерлери аны колго түшүрүп камакка алганын Орусиянын маалымат каражаттары жазып чыкты.

"Таатандагы" шектүүлөр кармалды
"Таатан" соода түйүнүндөгү эки кытайлык соодагердин өлтүрүлүшүнө шектүү делген эки адам кармалды. Алар Чүй облусунун Москва районунун тургуну экени аныкталган. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргенге караганда, азыркы учурда шектүүлөр убактылуу абакка жаткырылып, сурак берип жатышат. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө. Эске салсак, 12-март күнү аталган соода үйүндө иштеген дунган улутундагы жергиликтүү жарандар менен соодагер кытайлар жаңжалдаша кетишип, натыйжада, эки кытай көз жумган.






кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"




Яндекс.Метрика