Балдар гороскобу
Бир ата, бир энеден жаралган беш баланын мүнөзү беш түрдүү болушу мүмкүн. Бул алардын кайсы жылдыз белгисинин алдында төрөлгөнүнөн да кайсы бир деңгээлде көз каранды. Сиздин балаңыздын жылдыз белгиси кайсы?..

Кой (21 март-20 апрель)
Эгерде сиздин балаңыз Кой жылдызынын астында төрөлсө, анда аны кичине кезинен эле кыймылдуу, активдүү, ар нерсеге кызыккан бала деп биле бериңиз. Ал жөндөн-жөн ыйлабайт, конкреттүү бир нерсе үчүн - асты суу болсо, каалаган оюнчугуна жете албай жатса гана ыйлайт. Анда сабырдуулук деген дээрлик жок. Өзгөчө кыйын учурларды балаңыз жөрмөлөй баштаган мезгилде башыңыздан кечиресиз. Анткени, Кой-бала колуна тийгенди тарткылаганды жакшы көрөт, жаңы нерселерге тартылып турат. Анын физикалык активдүүлүгүн чектебеңиз. Андан көрө балдар үчүн аянтчага тез-тез алып барып турсаңыз, бул бугун чыгарганга жакшы. Чоңойгондо спортко кызыгат, бирок дайыма биринчи болгонду жакшы көрөт. Эгер биринчи боло албаса, ал нерсеге болгон кызыгын жоготуп, башка нерсени издей баштайт. Бул балдар ызы-чуулуу оюндарды жакшы көрүшөт. Эгерде сиздин наристеңиз эркек бала болсо, агрессивдүү болот. Ага эч качан агрессивдүүлүк менен жооп кайтарбаңыз, болбосо балаңыз каардуу, зордукчул болуп чоңоюп калышы мүмкүн. Ага катуу, ошол эле убакта мээримдүү тарбия керек.
Балаңызды билимге кызыктыруу үчүн сизге көп күч сарпталат. Анткени, сабырсыз болгондуктан, ага жазууну жана окууну үйрөтүү кыйын. Эгерде билимге кичине кезинен кызыктырбасаңыз, балаңыз физикалык жактан күчтүү, бирок орой, дөң баш болуп чоңоюп калышы мүмкүн. Балаңызга ачык түстүү, сүрөттүү, баатырлар тууралуу жазылган китептерди окуп бериңиз, анткени, ал ар кандай окуяларга кабылып, эрдик жасоону жактырат.
Мектепте тартип бузгандар дайыма Койлор болушат. "Атың чыкпаса жер өрттө" деген сөз дал ушул Койлорго таандык. Буларга акыл үйрөтүүнүн кажети жок, андан көрө башка пайдалуу нерсеге алаксытуу керек. Сиздин балаңыз чындыкты сүйөт. Эгерде анын белгилүү бир максатка жетүүсүн кааласаңыз, досторунун ага караганда жакшы окуп жатканын айтып, өзүн-өзү баалоого үйрөнүүгө көндүрүңүз.

Кой-балага эмне керек?
Уруп, бир нерсени жасоого зордобоңуз, жөн гана ишендирүүгө аракет кылыңыз;
Окуган мектебин мүмкүн болушунча алмаштырбаңыз;
Баштаган ишин кыйынчылыктарга карабай аягына чыгарууга үндөңүз;
Кой-бала өзүмчүл болот, андыктан, аны башкаларга да кам көрүүгө үйрөтүңүз;
Ага жакшы билим берүүгө аракет кылыңыз;
Акчага сарамжалдуу мамиле жасоого көндүрүңүз.

Букачар (21-апрель-20-май)
Сиздин балаңыз эң сонун: аракетчил, туруктуу, шайыр, ак көңүл. Ал искусствого, айрыкча музыкага шыктуу. Бирок баарына даяр болуңуз, балаңыз бир күнү эле сиздин көз карашыңызга таптакыр туура келбеген нерсени жасап салышы мүмкүн. Мисалы, мындан кийин бала бакчага барбасын, анткени, ал жак ага жакпай жатканын айтат да, ошол бойдон барбай коёт. Анан күчкө салып сүйрөп алпарганыңыз да натыйжасыз болуп чыгат.
Букачар-баланын ата-энесинин жана мугалиминин кыжырына тийүүчү дагы бир сапаты бар: алар өтө эле жай кыймылдашат. Бирок шаштыруунун кереги жок, алар баарын кылдат жасоону жакшы көрүшөт. Ошондуктан, кыжырыңызды келтирип, "бол батыраак, эмне эле ымтырап жатасың?" деп кыйкыра бергендин ордуна канча убакыт кетээрин болжолдоп, ошого жараша эсеп алганыңыз оң.
Бардык эле балдарды жашоосунда болгон өзгөрүүлөр стресстик абалга жеткириши мүмкүн. Ал эми сиздин балаңызга мындай нерсе эки эсе күчтүү таасир этет. Букачар-бала үчүн жаңы үйгө, жаңы класска, жаңы досторго көнүү өтө эле оор. Балаңызга сапаттуу билим берүүдөн убактыңызды да, акчаңызды да аябаңыз. Ал канчалык билимдүү болсо, ошончолук бактылуу турмушта жашайт. Анткени, Букачарлар музыкадан, китеп окуудан, ийгиликтүү жумуштан, жогорку аң-сезимдүү адамдар менен баарлашуудан ырахат алышат.

Букачар-балага эмне керек?
Эмне үчүн мындай кылбай, тигиндей кылыш керек экендигин түшүндүрбөй туруп ага эч качан буйрук бербеңиз;
"Менин үйүм - менин чебим" деген сөз дал ушул Букачарларга таандык. Андыктан, аларга үйдө дайыма тынчтыктын өкүм сүрүп турушуна шарт түзүп бериңиз;
Анын нерв системасына жай музыка жакшы таасир берет. Ага искусстводо өзүн көрсөтүүсүнө мүмкүнчүлүк бериңиз.

Эгиздер (21-май-21-июнь)
Активдүү жана таасирге бат берилүүчү бала. Канчалык чоңойгон сайын укташы ошончолук кыйындай берет. Ар нерсеге алаксый бергендиктен, кичине кезинде аны тамактандырыш да кыйын. Эгиздер-бала жуунганды да жаман көрөт. Бардык нерсеге бат таасирленет, андыктан, ага коркунучтуу окуяларды айтып, телевизордон коркунучтуу фильмдерди көрүүгө жол бербеңиз. Мындай балдардын бир кемчилиги мында, алар бир нече ишти чогуу баштап алышат да, бирок биринин да аягына чыгарышпайт. Андыктан, балаңызга баштаган ишин аягына чыгарууга үйрөтүү үчүн сизге көп чыдамдуулук талап кылынат. Эгерде сиз ага бул нерсени үйрөтө алсаңыз, аны келечекте ийгиликтер күтөт. Адатта бул балдар досторду оңой таап, тез-тез алмаштырышат. Эгиздер-балдар окуганга эрте үйрөнүшөт. Аларды адабий китептер эмес, далилдер жана маалыматтар жазылган китептер кызыктырат. Чет тилдерине жакын келишип, жаш кезинен бир нече тилди өздөштүрүп алууга жөндөмдүү келишет.
Балаңыз менен жаш кезинен баштап эле ишенимдүү мамиле түзүп алыңыз, болбосо аны өткөөл мезгилинде түшүнүү абдан кыйын болот. Эч качан алдабаңыз, ал өтө эле акылдуу жана сизге болгон сыйы менен ишенимин жоготуп алышы мүмкүн. Мындай балдар бир нерсени бирөөнүн кеңеши менен эмес, өздөрү билгендей жасаганды жакшы көрөт.

Эгиздер-балага эмне керек?
Аны караңгы бөлмөгө жалгыз калтырбаңыз;
Эгиздер үчүн эч нерсе менен алек болбоо, зеригүү, пассивдүү абалда болуу - бардык жагымсыз нерселердин башталышы.
Аны аргасыз абалга калтырбаңыз, болбосо балаңыз калп айта баштайт;
Ага акылдуу, чоң адам катары мамиле кылыңыз, болбосо балаңыз акылсыз адам катары карап, сизге болгон сыйын жоготот;
Анын мээси сөзсүз түрдө дайыма иштеп турууга тийиш.
Бөйөн (22-июнь-22-июль)
Астрологдор Бөйөндөр тууралуу карама-каршы сапаттарды айтып жүрүшөт. Чындыгында, алардын беш-алты "бет кабы" бар. Бөйөн-балдарды коркутууга, алардын үстүнөн күлүүгө болбойт. Анткен менен бул балдар өздөрүн жакшы көргөн адамдарга өтө берилип алышат. Андыктан, балаңызга болгон мээримиңизди төксөңүз, ал сизге каалаганыңыздай болуп берет. Ага жакпаган адам менен сүйлөшүүгө мажбурлоодон натыйжа чыкпайт. Мисалы, эгерде мектепте мугалим аны бир эле жолу кемсинтип койсо, анын сабагынан эч качан жакшы окубайт.
Ал сиздин маанайыңызга көз каранды, эгерде сиз кыжырданып жатсаңыз, ал да кыжырданат. Сиз каалагандай болбой жатса аны урушпаңыз жана жазалабаңыз. Болгону, ага нааразы болуп жатканыңызды көрсөтүп койгонуңуз жетиштүү.
Бөйөн-балага эмне керек?
Кемчиликтерин баса көрсөтпөңүз, эгерде анын жалкоо же тентек экенин айта берсеңиз, ал дал ошондой болуп чоңоёт;
Анын сырларын сыртка чыгарбаңыз;
Аны сүйөрүңүздү ачык билдириңиз;
Күтүлбөгөн белектерди жана майрамдарды тез-тез уюштуруп туруңуз.
Арстан (23-июль-23-август)
Сиздин балаңыз жагымдуу болгондуктан, аны айланадагылардын баары жакшы көрүшөт. Бардык жерде ал баарынан жакшы, эң негизги болууну каалайт. Кичинекей Арстандарды катуу, бирок буйрук бербей башкарыңыз. Эгерде теңтушу менен карама-каршылыкка барса, аны жазалоонун ордуна адилеттүүлүккө үндөөгө аракет кылыңыз. Бүгүнкү оюнда ал башчылык кылса, эртең башчылык кылуу досунун кезеги экенин ишендире билиңиз. Ал - мактоо сүйөр. Эгерде кичинекей эле ийгилигин байкап калсаңыз, мактаңыз, ошондо дагы мактоого татыктуу болууга аракет кылат. Арстан жалгыздыкты сүйөт. Алар дайыма өздөрү башкарууга күчү жеткен досторду издешет, эгер болбосо жалгыздыктан кыйналышат. Аларды жалгыздыктан чыгаруунун жакшы ыкмасы - досторун үйгө чакыруу. Анткени, мындай балдар меймандос болушат. Бул балдар табиятынан ак көңүл жана боорукер болушат, бирок өзүмчүлдүгү да бар. Сиздин балаңыз үчүн үй жаныбарларын багуу пайдалуу. Биринчиден, ал итти же мышыкты каалагандай башкарып, жалгыздыктан кыйналбайт, экинчиден, өзүнөн башка кимдир-бирөө үчүн да кам көрүүнү үйрөнөт.
Эгерде сабагынан ийгиликке жетише албаса, балаңызды жазалабаңыз, болгону, классташтарынын мектептеги ийгилигин мактап коюңуз. Анткени, Арстандарга өзү жетпеген нерсеге башкалардын жеткени жакпайт. Сиздин балаңызды чоң келечек күтүп турарында шек жок. Бирок ага мыкты билим берип, максатына жетүүгө үйрөтүүңүз кажет. Бул балдар музыканы жана театрды сүйүшөт.
Арстан-балдарга эмне керек?
Аны эч качан физикалык жактан жазалабаңыз;
Айланадагыларды башкарууну каалаган сапатын күчөтпөңүз;
Эч качан досторунун көзүнчө урушпаңыз;
Сапаттуу билим жана бекем тарбия бериңиз;
Ар бир ийгилиги үчүн мактоону унутпаңыз.
Бийкеч (24-август-23-сентябрь)
Эгерде сиздин балаңыз Бийкеч жылдызынын астында төрөлгөн болсо, анда жолуңуздун болгону. Мындай балдарды тарбиялоо оңой. Балаңыз сизге ишениши керек, болбосо ал сизге эч нерсе айтпайт. Ызы-чуулуу, адам көп жерди Бийкечтер сүйбөйт. Сиздин балаңыз үчүн эң жакшы тарбия - бул үлгү. Эгерде балаңыздын сараңдыгын байкап калсаңыз, кимдир-бирөөнүн колу ачыктык кылган ишине анын көңүлүн буруп коюңуз.
Бийкечтер окуганга жана жазганга эрте көнүшөт. Алар шахмат, шашки сыяктуу акыл-эс оюндарын жакшы көрүшөт. Чоңоё башташканда Бийкеч-балдарды медицина, химия сыяктуу илимдер өзүнө тартат. Ошондой эле алардан мыкты спортчулар да чыгат. Мындай балдар башка балдарга караганда жоош болушат. Сиздин балаңыз музыка же башка искусствонун түрү менен алектенгени оң.
Бийкеч-балага эмне керек?
Күн тартибинин бузулушу Бийкечтерге жакпайт;
Ага так, даана тапшырма бериңиз.

(Башка жылдыз белгилери
тууралуу балдарга мүнөздөмө кийинки санда)

Нуриса БАЯЛИЕВА