Австралиянын Мельбурн шаарынын жашоочусу Асел Ташполотова:
"Бул жактын мыйзамына баш ийсең,
балаң башыңа чыгып алат"
Ар бир өлкөнүн өзүнүн менталитетине, каада-салтына, анда жашаган элдин түшүнүгүнө жараша балдарды тарбиялоо өзгөчөлүгү бар. 3 жылдан бери Австралия өлкөсүндө жашап жаткан жаш эне Асел айымга кайрылып, бала тарбиялоонун мындагы ыкмаларынан кабардар болдук.
- Асел, башка чет өлкө эмес, Австралияга барып жашап калышыңа эмне себеп болду эле?
- Мен өзүм Бишкектеги Улуттук университеттин чет тилдер факультетин аяктагам. Австралияга барып жашоону ошол кезден эле эңсечүмүн. Анткени, таякем көп жылдан бери ошол өлкөдө жашайт. Окуумду аяктагандан кийин ошол таякемдин колдоосу менен жолдошум экөөбүздүн Австралиянын Мельбурн шаарына келип жашап калганыбызга 3 жыл болду. Австралия биз үчүн ак жолтой болуп, бул жактан Азалия жана Меллина аттуу эки кыздуу болдук. Азалия азыр 2 жаш 5 айлык, Меллина болсо 1 жаш 4 айлык.
- Эки кызды тарбиялап жатыптырсың, ал жактын мыйзамы балдарга кандай кам көрөт?
- Австралиянын мыйзамы биринчи кезекте балдарга кам көрөт, экинчи аялдарга, анан айбанаттарга, андан кийин гана эркектерге. Мамлекет ар бир балага жумасына 107 доллардан, мындан тышкары, 122 долларга чейинки акчаны бала бакчага өзүнчө төлөйт.
- Анда 6-7 баланы төрөп алып иштебей эле балдарга төлөнгөн акча менен жан багып отура берсе болот го!
- Ооба, ошентип мамлекеттин моюнунда отургандар деле толтура. Эми ал ар кимдин өзүнөн көз каранды. Иштегиси келбеген жалкоолор ушинтип деле жашашат. Бирок баласынын келечегин ойлогондор балдары үчүн көп каражат сарпташ керек. Ал үчүн иштегенге туура келет.
- Балдарды тарбиялоо ыкмасында кандай өзгөчөлүктөр бар?
- Бул жактагы балдар "кой" дегенди билишпейт. Балдарды урмак түгүл урушуп, жазалоо деген түшүнүк жок. Кокус бирөө жарым өз баласын урушуп же уруп жатканын кошуналар көрсө, сотко берип коюшат экен. А сот ал ата-энени кадимкидей жазага тартат.
- Демек, алардын мыйзамына баш ийип, сен да кыздарыңды урушуп, урбайсың да...
- Булардын мыйзамына баш ийсең, балдарың ашкере эрке өсүп, башыңа чыгып алышат. Мен кыздарымдын мындай болушун каалабайм, ошон үчүн урушчу жерден урушам, өтө эле чектен чыгып баратса уруп деле коём. Бул жагынан өзүбүздүн эле кыргызча ыкманы колдоном. Балаң туура эмес иш кылып жатса деле карап отура берүү адаты биздин түшүнүктө жок эмеспи. А буларда, тескерисинче, баланы тыюу керек деген түшүнүк жок. Ошон үчүн да өспүрүм курактагы балдар менен ата-энелеринин ортосунда маселелер көп жаралып, көпчүлүгү жаштайынан наркоман да болуп кетишет экен.
- Кыздарың бала бакчага барабы?
- Бул жакта бала бакчага 2-3 айынан баштап ала берет балдарды. Бирок мындай кичинекей балдар үчүн күнүнө 50-70 доллардан төлөө керек. Мен кыздарымдын экөөнү тең бир жарым жашынан баштап бергем. Бирок кичүү кызым көнбөй коюп, азыр үйдө өзүм карап жатам. Бала бакчадагы тарбиячылар ата-энелер менен тыгыз байланышта болуп, баланы тарбиялоого чогуу кам көрүшөт. Ата-эненин ыгына карап иштешет.
- Айына канча төлөйсүңөр ал жакка?
- Мында төлөмдөрдүн баары ай сайын эмес, жума сайын жүргүзүлөт. Негизи, бир балага жумасына 335 доллар төлөө керек, бирок биз 96 доллар гана төлөйбүз. Калганын мен азыр иштебей үйдө отурганыма байланыштуу мамлекет төлөйт. Ошондо бала бакчага ар ким социалдык абалына жараша ар кандай сумманы төлөйт.
- Жергиликтүүлөр бакчада балдарыңарды, көчөдө өзүңөрдү дегендей башка эл деп бөлүшпөйбү?
- Австралия мигранттарды көп кабыл алуу боюнча биринчи орунда турган өлкө эмеспи. Андыктан, алар үчүн өз менен өзгөнүн айырмасы жок. Бөлүнүү мыйзамга туура келбейт, бөлүнгөн күндө да мыйзамга жараша жазалар колдонулат.
- Силер үчүн өзүңөрдүн эне тилиңер маанилүүбү? Дегеним, кыздарыңар кыргыз тилин да билүү үчүн кандай аракеттерди көрөсүңөр?
- Албетте, эне тилибиз биз үчүн маанилүү. Тили чыгып сүйлөй баштаган бала чөйрөсүнө карап бурулуп кете берет эмеспи. Бул англис тили, бул кыргыз тили деп айырмалаганды билбейт. Ошон үчүн акылына кирген сайын алардын кыргыз экенин кулактарына куюп, кыргызча сүйлөтүүгө аракет кылабыз. Үйдө өзүбүз такай кыргызча сүйлөшөбүз, жеген тамактарыбыз да кыргызча. Кыздарыбызга болсо кыргызча жомокторду окуп беребиз, кыргызча музыкаларды коюп беребиз, кыскасы, бардык нерсени кыргызча түшүндүрөбүз. Буюрса, кыздарыбыздын негизги тили өзүбүздүн тил болот.
- Билим берүү жаатында кандай өзгөчөлүктөргө ээ?
- Бала бакчадан кийин балдар башталгыч мектепке барышат. Анда 6-класска чейин окуп, 7-класстан ортоңку мектепке тапшырышат да, 12 класс окушат. Ортоңку мектепти бүтөргө жакын ар бир окуучу келечектеги кесибине жараша сабактарды тандап алып, өзгөчө даярдык көрөт. Австралиянын университеттери дүйнөнүн эң алдыңкы орундарды ээлеген окуу жайларынан болуп эсептелинип, дипломдору дүйнөнүн бардык бурчунда кабыл алынат. Негизги университеттери Сидней, Мельбурн шаарларында жайгашкан. Австралиянын жогорку билим берүү системаларында аябай өнүккөн программа - дистанциондук программа, башкача айтканда, студенттер үйдө отуруп интернет аркылуу окушат.
- Мекениңерге канча убакта бир келесиңер?
- Мен бир кызым менен 2009-жылы барып келгем. Буюрса, быйыл да барайын деп азыр кыздарымдын документ иштери менен чуркап жүрөм. Бул жактан туура бара албайбыз да. Мельбурн - Малайзия - Ташкент - Бишкек деген аба каттамы менен барууга туура келет. Эң эле кыска аба жолдору ушулар, кыска дегенибиз деле 18-20 саат. Бирок мекенге, ата-энеге болгон сагыныч жолдун алыстыгын жеңип кетет.





Балдар дүйнөнүн төрт бурчунда
Гонконгдогу энелер үчүн бала баарынан кымбат. Андыктан, алар балдарын, мейли, ал дүйнөдөгү эң жакшы бала багуучу болсун, эч качан бала багуучуга каратышпайт.
Индиялык энелер ымыркайларын аябай тыгыз кылып ороп коюшат да, эмизгенде гана эркин коюшат.
Конгодо бир жашка чейинки балдарды бир нерсеге кызыктыруу, ойнотуу менен алардын ой жүгүртүүсүн өстүрүүгө аракет кылууга болбойт. Бул мамлекеттеги ата-энелердин ою боюнча баланын негизги милдети - уктоо.
Кениянын кипсиги уруусундагы ата-энелер балдарын түнү менен тынч уктоосуна жол беришпейт. Муну жаман ырым деп эсептешип, өздөрүнүн балдарын түн ичинде бир нече жолу ойготушат. Муну менен алар балдары дем алып жатабы, жокпу, текшерип турушат.
Британиялыктардын башка бирөөнүн баласынын кемчиликтерин айтканга укугу жок, баласынын кемчилигин өзүнүн ата-энеси гана айтканга укуктуу.
Пуэрто-Рикодо ата-энелердин кичинекей ымыркайларын 5 жаштан өткөн улуураак балдарына таштап кете берүүсү кадимки көрүнүш. Бул айла жоктуктан эмес, болгону, буларда салт ошондой.
Кубалык балдар сексуалдык жашоону өтө эле эрте башташат. 14-15 жаштагы өспүрүмдөр өздөрүн чоң адам катары эсептешет.
Нигериялык 2 жашка чейинки балдардын 90 пайызы өздөрү жуунушат, ал эми 39 пайызы тамак жеген идиштерин өздөрү жуушат.
Японияда 5 жашка чейинки балдарга баарына уруксат. Алар эч качан балдарына үнүн бийик көтөрүп сүйлөшпөйт, мораль окушпайт, урушпайт.
Түштүк кореялыктар өздөрүнүн үй-бүлөлүк бюджетинин 56 пайызын балдарына жумшашат.

Нуриса БАЯЛИЕВА