Тибет - көп күйөөлүү
айымдардын мекени
Байыркы индия элинин атактуу "Махабхарата" эпосунда Драупади аттуу кыздын беш бир тууган ага-инилердин баарына тең күйөөгө чыкканы баяндалган жери бар. Тактап айтканда, бешөө тең Драупадинин күйөөсү болуп эсептелишет. "Бул жерде Тибеттин кандай тиешеси бар?"-деп таң калып жаткандырсыз, урматтуу окурман. Минтип кеп баштаганыбыздын жөнү бар. Себеби, Тибет - бүгүнкү күндө дал ушундай көп күйөөлүүлүк сакталып калган жана ага официалдуу түрдө уруксат берилген жападан-жалгыз өлкө.


Тарыхка көз чаптырсак...
Көп күйөөлүүлүк (полиандрия) - көп аялдуулуктун (полигамия) сейрек кездешүүчү бир түрү. Бул көрүнүш алгачкы жолу байыркы алеуттар менен эскимостордо пайда болгон. Алар Американын, Россиянын, Азиянын кээ бир аймактарын жердешкен. Ал эми учурда дүйнө жүзү боюнча Индостан жарым аралынын кээ бир тоолуу аймактарында жана Тибетте гана көп күйөөлүүлүк бар. Эгерде тарыхка кайрыла турган болсок, Тибетте тээ байыркы замандардан тартып ушул күнгө чейин классикалык үй-бүлө (күйөөсү жана бир гана аялы), көп аялдуулук, көп күйөөлүүлүк жашап келген. Булардын арасынан көп күйөөлүүлүк үй-бүлө куруунун сейрек кездешүүчү түрү болгондуктан, ага дүйнөнүн төрт тарабындагы саякатчылар кызыкканын дале коюша элек.


Көп күйөөлүүлүктүн келип чыгуу себеби
Этнографтардын изилдөөлөрү боюнча, көп күйөөлүүлүктүн биринчи себеби - айымдардын жетишсиздиги. Тибетте көп жылдар бою аялзатын урматташкан эмес. Кокус кыз төрөлсө дароо өлтүрүп коюшкан. Себеби, уул гана пайдалуу деп эсептешкен. Мындан тышкары, бул өлкөдө аялзатынын төрөттөгү өлүмү көп болот. Андыктан, ушул күнгө чейин Тибетте эркектер абдан көп, айымдар сейрек кездешет.
Экинчи себеби - үй-бүлөдөгү экономикалык абал. Мисалы, үй-бүлөдөгү эркектер да, айымдар да үйгө бирдей киреше алып келишсе (алсак, аялдардын мөмө-жемиш чогултканы эркектердин аң уулаганына барабар), ал кирешени башка эч ким менен бөлүшүүнү каалашпайт, ашыкча эч кимди баккылары келбейт. Анын үстүнө, ар бир үй-бүлөгө тиешелүү жер кичинекей жана түшүмү аз болот. Эгерде аны бир туугандар тең бөлүшүп алышса, ар бирине арзыбаган жер тилкеси тиет. Ал эми ал жер тилкеси менен эркек бала-чакасын таптакыр бага албай ачка калат. Ошондуктан, тибеттик бир тууган ага-инилер чогулуп бир гана аял алышат жана жерди да чогуу иштетип, чогуу жашашат. Бир туугандардын бири бөлүнүп кетсе, анда ал ошол жерге болгон укугун жоготот. Тибеттиктер "баары биригип бир аял алса гана үй-бүлөдөгү салт-санааларды сактап калууга болот" деп ойлошот жана көп күйөөлүүлүк турмуш куруунун идеалдуу жолу катары каралат.

Үйлөнүү жана үйлөнгөндөн кийин...
Байыркы Тибетте ата-эне балдарын алардын макулдугусуз эле үйлөнтүп коюшчу. Азыркы заманбап жашоодо ата-энелер "жакшы кыздын күйөөсү көп болуш керек, жаман кыздын эки же үч эле күйөөсү болот" деген түшүнүктө жашашат. Тактап айтканда, эки же үч бир тууганга эч бир жакшы үй-бүлө жакшы кызын бербейт. Андай ага-инилер же жетим кызга, же начар үй-бүлөнүн кызына, же ажырашкан, же эч ким карабаган кыздарга баш кошушат.
Адатта, эркек бир туугандардын эң улуусу өзүнүн болочок жарын өзү тандайт жана ага өзү гана үйлөнөт. Үйлөнүү тою да ошол улуусуна гана арналат. Ошентсе да турмушка чыккан кыз ал бир туугандардын баарына күйөөгө чыккан болуп эсептелинет. Мындайда, мисалы, ага-инилердин улуусу 26 жашта, ал эми эң кичүүсү 4 жашта дейли. Демек, ал бойго жеткиче жаш келинчек күтөт да, бойго жеткен соң аны менен да аялы-күйөөсү катары жашай баштайт.
Турмушка чыккан айым өзүнүн төшөктөгү жубайлык милдетин бир туугандардын ар бири менен аткарууга милдеттүү. Ар бир түнү кайсы күйөөсү менен төшөк мамилесинде бирге болгусу келсе, аны аял өзү чечет. Аларда жубайлардын уктоочу бөлмөсү бирөө гана болот. Ошол уктоочу бөлмөгө күн сайын кезектешип түнөшөт. Мисалы, бүгүн улуусу, эртең ортончусу... Аялы менен ким түнөгөнү калса, ал бөлмөнүн оозуна өзүнүн бут кийимин коюп коюусу зарыл. Бул - "уктоочу бөлмө бош эмес, мен аялым мененмин" деген белги. Ал эми калгандары аларга тоскоол болбой башка бөлмөдө чогуу укташат.
Тилекке каршы, келинчек күйөөлөрүнүн баарына бирдей мамиле кылбай коюшу да мүмкүн. Айталы, кайсы бирин таптакыр жактырбай, аны менен төшөктө да бирге болгусу келбей койсо, анда ал эркек үчүн бактысыз жашоо башталат. Албетте, ал алгач болгон күчү менен аялына жагууга аракеттенет, ага калгандары да жардам кылышат. Ага да карабай эч кандай натыйжа болбосо, келинчек акыркы сыноо мөөнөтүн берет. Сыноо мөөнөтүнөн да өтпөй калса, кайненеси келип тизелеп чөгөлөйт да, уулуна боор толгоп коюусун, аны күйөө катары алып калуусун жалбарып өтүнөт. Ушундан соң келинчек же кайненесинин сөзүн угуп күйөөсү менен же жашамай болот, же макул болбостон кубалап жиберет. Аялы үйүнөн кетирип жиберген мындай эркектердин эки гана жолу бар: чиркөөгө барып монах болот же бирөөгө малай болуп эптеп жанын багат. Кээлери талаада калып, ачкадан өлүп да калышат.
Кызыгы, бир туугандардын ар биринен төрөлгөн балдар да алардын аялы сыяктуу жалпы болуп эсептелбейт. Улуусу гана алардын баарынын атасы болот. Эгерде аялы менен ажырашуу зарылчылыгы келип чыкса, муну да улуусу гана чечет. Албетте, ал инилеринин макулдугун алууга аргасыз, ошентсе да акыркы чечимди өзү кабыл алат. Кокус үйлөнгөндөн кийин ага-инилердин бири өзүнчө бөлүнүп жашагысы келсе, ал жерден, үй-жайдан эле эмес, аялынан да ажырап, күйөөсү катары эсептелбей калат.
Ага-инилердин кичүүлөрү ойнош, башкача айтканда, "жашыруун аял" күтүп алган учурлар да көп кездешет. Ал "жашыруун аялы" боюна бүтүп калып төрөсө, никесиз баласына жардам берүүгө милдеттүү эмес. Болгону, төрөгөнгө чейин үч ай, төрөгөндөн кийин үч ай багышы зарыл. Андан соң таштап кете берсе уруксат. Себеби, никесиз бала төрөп койгон аял Тибетте эч качан уят, шылдың болбойт. Ал баласы менен деле тез эле күйөөгө чыгып ала алат.
Анткен менен тибеттик эркек аялы көзүнө чөп сала турган болсо эч качан кечирбейт. Анда элдин көзүнчө аялынын мурдунун учун бычак менен кесип таштайт же өлтүрүп салат.
Тибет калкы баланы жакшы көрүп, көп балалуу болууну самашканы менен кош бойлуу айымдарды жек көрүшөт. Күйөөлөрү толгоосу жакындап калган аялын мал камай турган сарайларга киргизип туруп сыртынан бекитип салышат. Анткени, "төрөп жаткан аялдын кыйкырыгы үйдүн кутун учуруп жиберет, ошондуктан, үйдөн төрөгөнгө болбойт" дешет. Ошол себептен улам мындай кароосуз төрөт учурунда каза болгон аялдар өтө көп кездешет.

АСКЕРБЕК кызы Саада