п»ї

Аалам тизе бүккөн космонавт айымдар
1961-жылы 12-апрелде дүйнөлүк космонавтикага из салган окуя болуп өткөн. Советтик космонавт Юрий Гагарин 1-жолу космоско учуп, ошол күндөн тартып адамзаттын космосту таанып билүү доору башталган. Бирок аялзаты да мырзалардан кем калышкан жок. Көптөгөн космонавт мырзалардын катарында, жалпысынан, 55 космонавт айым бар. Төмөндө биз алардын ичинен алдыңкы катарда турган айрымдары тууралуу гана кыскача сөз кылмакчыбыз.

1-космонавт айым - Валентина Терешкова
1937-жылы 6-мартта Россиядагы Ярославль облусуна караштуу айылдардын бириндеги карапайым колхозчунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы кичинекей кезинде эле фин согушунда каза болуп, апасы үч баланы жалгыз тарбиялап чоңойткон.
Валентина мектепти бүткөндөн кийин Ярославлдагы аэробика клубуна барып, парашюттан секирүүнү өздөштүргөн. Ушундан соң ал 1962-жылы Советтик космонавттарды даярдоо борборуна кабыл алынган. Ал борбордо, жалпысынан, беш кыз бар болчу жана бул жашыруун иш эле. Анткени, отряддын жетекчилери "космоско кыздардын даярдалып жатканын эч ким билбөөгө тийиш" деп чечишкен. "Юрий Гагариндин өлүмүнөн кийин биздин өлкөдө космоско учууну каалаган улан-кыздарды табуу өтө кыйын болчу. Мен космоско уча турган талапкерлердин ичинен номер биринчиси элем. Себеби, бир күндө парашюттан 90 жолу секирик жасачумун. Кийинчерээк космоско уча тургандарды атайын комиссия текшерүүдөн өткөрө башташты. Комиссиядан, болгону, бешөөбүз гана өттүк. Бирок алар бизге космоско учууга тыюу салышты. Мен кимге кайрылбайын, баары бир ооздон: "Жок, Гагаринди жоготуп алдык. Эми экинчисин да жоготууга жол бербейбиз",-деп жооп берип жатышты. Алтургай алар мага самолётко түшүүгө да уруксат беришпеди. Бирок мен Гагариндин өлүмүнө чейин эле космонавт айымдардын тобуна кирип калган болчумун",-дейт Валентина космоско кантип учуп калгандыгы тууралуу эскерип.
Ошентип, 1963-жылы "Восток-6" корабли менен космоско учуп, 16-июндан 19-июнга чейин, тагыраак айтканда, космосто учуусу 2 сутка 22 саат 50 мүнөттү түзгөн. "Восток-6" корабли өтө эле кичинекей болгондуктан, аны ич ара "консерва калайы" деп атап алышкан эле. Анын ичине кирген адам тикесинен туруп алса батпай калып, бүкчүйүп отурганда гана араң батчу. Дал ушул кичинекейлигинен улам корабль 3 күндүк учуудан ашык убакытка жарабайт болчу. Ушундай абалда космосто учуп жүргөн Валентина 3 күн эч нерсе ичип-жей алган эмес. Тынымсыз жүрөгү айланып, кусуп, улам-улам эс-учунан танып, анан кайра эсине келип камерага тигилген Валентина Жер планетасын 48 жолу айланып чыккан. Кайра жерге конор алдында да эсин жоготуп, конгон күндүн эртеси гана ооруканадан эсине келген.
Космоско учуп келгенден кийин Валентина бүтүндөй аялзаты үчүн үлгүгө, кумирге айланган. Анын чач жасалгасы менен кийингенин туурабаган кыз-келиндер болгон эмес. Баары Валентинага окшошууга аракеттенүүгө өтүшкөн. Куттуктоолор, гүлдөр, сыйлыктар, атак-даңк... Айтор, жомоктой жашоо башталып, үч айдан соң космонавт Андриян Николаевге турмушка чыккан. Арак ичип, ала жипти аттаган күйөөсү менен сегиз жыл жашап ажырашкан Валентина экинчи ирет белгилүү хирург Юлий Шапошниковго баш байлап, калган өмүрүн аны менен бактылуу өткөргөн. Буларга карабай эл ичине: "Терешкова досу Юрий Гагаринди гана чындап сүйгөн. Ошондуктан, ал каза болгондон кийин анын жолун улантууну жана ага болгон армандуу сүйүүсүн космоско алмаштырууну чечкен. Валентинанын космонавт болуп калгандыгынын себеби ушунда",-деген айың кептер тараган эле.

2-космонавт-айым - Светлана Савицкая
Валентина Терешкованын космоско "саякатынан" 19 жыл өткөн соң Светлана Савицкая 2 жолу космоско учкан: 1982-жылы 19-27-августта жана 1984-жылы 17-29-июлда. Биринчисинде 7 сутка 21 саат 52 мүнөт 24 секунд, экинчисинде 11 сутка 19 саат 14 мүнөт 36 секунд болгон. Мындан тышкары, ал дүйнөдөгү ачык космосто болуп келген 1-космонавт айым болуп эсептелет. Тактап айтканда, космосто жүргөндө кораблден сыртка чыгып, ачык космосто 3 саат 35 мүнөт изилдөө жүргүзгөн.

3-космонавт айым - Салли Райд
Дүйнөдө үчүнчү болгону менен Салли - АКШдан чыккан 1- космонавт айым. 1-жолку учуусу 1983-жылы 18-24-июнда болуп, 6 сутка 2 саат 25 мүнөт 14 секундга, 2-жолкусу 1984-жылы 5-13-октябрда болуп, 8 сутка 5 саат 24 мүнөт 32 секундга созулган.

4-космонавт айым - Жудит Резник
Еврей калкынан чыккан 1- космонавт айым 1984-жылы 30-августтан 5-сентябрга чейин космосто 6 сутка 57 мүнөт 4 секунд болуп келген. Бул жолу экипаждын курамындагы турмушка чыга элек Жудит Резник менен бойдок Роберт Маллвйн космостогу төшөк мамилесине изилдөө жүргүзмөй болушкан. Экөөнүн ортосунда эч кандай мамиле жок эле, бул жөн эле илимий изилдөө болчу. Ошентип, адамзат тарыхында 1-жолу космосто секс болуп, тилекке каршы, жерге конору менен Резниктен кан кетип, 2 ай ооруканада жаткан. Көрсө, космостогу кошулууда бел суу спирт ичимдиктерине уулангандай ууланып, баланын төрөлүүсү мүмкүн эмес экен.
1986-жылы 28-январда Резник 2-жолку учууга камынган. Бирок корабль жерден жаңы көтөрүлгөн кезде жарылып кетип, анын ичиндеги жети адам менен бирге каза болгон.

5-космонавт айым - Кэтрин Салливан
1984-жылы 5-13-октябрда космоско учуп, бул 8 сутка 5 саат 24 мүнөт 32 секунд убакытты түзгөн. Анын корабли 28 миң 582 км/саат ылдамдыкты түзүп, дүйнө боюнча рекорд койгон жана "Гиннес рекоддор китебине" кирген. Андан кийин 1990-жылы жана 1992-жылы да космосто изилдөө жүргүзүп келген.

6-космонавт айым - Анна Фишер
Өзүнүн чыныгы кесиби - врач. 1984-жылы 8-16-ноябрда 7 сутка 23 саат 45 мүнөт 54 секунд космосто болгон. Дүйнөдө биринчи жолку эне-космонавт айым. Себеби, ал космоско барып келген кезде баласы бар эле. Ал эми буга чейинки космонавт айымдардын баары бойдоктор болчу.

7-космонавт айым - Маргарет Седдон
Кесиби - хирург. Медицина жаатындагы карьерасынан биротоло баш тартып, космосту изилдөөгө баш-оту менен кирип кеткен. 1985, 1991, 1993-жылдары, тагыраак айтканда, баш-аягы үч жолу космоско учкан. Анын күйөөсү Роберт Гибсон дагы космонавт эле. Ошондуктан, космосто экөө бир экипажда болуп, чогуу изилдөө жүргүзүшкөн.

8-космонавт айым - Шеннон Люсид
1985-жылдан 1996-жылга чейин, жалпысынан, 5 жолу космоско барып келген. Бешинчи жолкусунда 188 күн 4 саат 1 мүнөт 30 секунд космосто болуп, тарыхтагы айым космонавттардын арасында биринчи жолу рекорд жасаган.

9-космонавт айым - Бонни Данбар
1985, 1990, 1992, 1995, 1998-жылдар. Эң көп убакыт космосто болуп келген айымдардын катарына кирет. Анткени, 5 жылдагы космосто болгон күндөрүнүн баары биригип 50 күн 8 саат 29 мүнөт 32 секундду түзөт.

10-космонавт айым - Мэри Клив
Курулуш тармагында 9 жыл эмгектенип, доктордук деңгээлге жеткен Мэри 1980-жылдан баштап космосту изилдөөгө өткөн. Эки жолу: 1985-жылы 25-ноябрдан тартып 3-декабрга чейин жана 1989-жылы 4-8-майда космоско учкан.

11-космонавт айым - Эллен Бейкер
Космоско учуусу 1989, 1992, 1995-жылдары болуп, баш-аягы - 28 сутка 14 саат 34 мүнөт 32 секунд.

12-космонавт айым - Кэтрин Торнтон
1989, 1992, 1993, 1995-жылдар. Төрт жыл ичиндеги космосто болгон убакыттарын жалпы эсептегенде 975 саат болот. Мындан тышкары 21 саат кораблдин сыртында, ачык космосто жүргөн.
13-космонавт айым - Марша Айвинс
1990, 1992, 1994, 1997, 2001-жылдар. Беш жыл ичинде 55 сутка 21 саат 52 мүнөт 48 секунд космосто изилдөө жүргүзүп келген.


Нуриса БАЯЛИЕВА





кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"









??.??