Украин кызы Аниса эже:

"Үсөктү сүйүп Кыргызстанга келип,


аягында кыргыз жерин сүйүп калдым"


Көптөн бери жообун таппай жүргөн "өз кызыкчылыгынан баш тартып сүйгөнүнө берилген жан чыныгы турмушта болду бекен?" деген суроомо алыскы Нарын облусундагы тоо курчанган Миң-Булак айылына барып "ооба" деген жооп алып келдим. Бул жооптун чындыгын бүт өмүрүн сүйгөн адамына арнап жашаган Аниса атуу украин кызы жолдошуна башын байлаган күндөрдү, андан берки ага арнап өткөргөн жашоосун эскерүүсүндө далилдеп берди. Анын ар бир кылган иши жолдошуна болгон сүйүүсүнүн натыйжасы деп түшүндүм.
- Украинанын сары чачтуу кызын кыргыз жигити кайдан таап алды экен?
- 1964-1967-жылдары жолдошум Үсөнгазы биздин жерге аскердик кызмат өтөөгө барган экен. А мен 1947-жылы Украинанын Волынская аймагында төрөлгөм. Өзүмдүн атам башка эле. Бирок өгөй атам, апам, мен үчөөбүз бир бүлө болуп турчубуз. Үй-бүлөдө жалгыз бала болуп чоңойдум. Бой жетип калган кезимде ал кездин талабына ылайык башка жаштар менен мен дагы кызылча жыйноого талаага бардым. Ошол жактан Үсөнгазыга жолуктум. Аскерде жүрүп шофёр болуп иштеп, биздин кызылча талаага көп келчү. Тааныш болуп сүйлөшүп жүрүп бири-бирибизди жактырышып калдык. Ал армияда 3 жыл кызмат өтөдү. Экөөбүз таанышып, эки жылга чукул сүйлөшүп жүрдүк. 1967-жылдын 4-июлунда той кылып, ЗАГСка барып никелешүү тууралуу күбөлүгүбүздү алдык. Ал жакта бир жыл жашап, 1968-жылы Кыргызстанга келдик. Анткени улуу кызым Чынара боюмда бар эле.
- А эмне үчүн той бул жактан болгон жок?
- Алгач Үсөк менин сүрөтүмдү салып "ушул кызга үйлөнөм, украинка" деп кат жазды. Ата-эне кайдан макул болсун? "Өзүң эрте кел. Мындай келиндин кереги жок" деп урушушту.Менин атам, апам да абдан каршы болушту. Азыр ойлосом, биз алардын сарсанаа болуп жатышкандарына эч маани бербептирбиз.Ошентип, бирге болобуз деген максатыбызды бербей үйлөнүп алдык.
- Каалабаган келинин бул жактагылар кандай кабыл алышты анан?
- Биринчи чын эле мени эч ким жакшы көргөн жок. Кайненем жоолук салбай койду, бир ээн бөлмөгө киргизип жалгыз отургузуп коюшту. Көшөгө да тартышкан жок. Бирок кирип-чыккандарга жүгүнүп жаттым.Ошентип, таптакыр башка жашоодо жашай баштадым. Кайненем, кайнатамдар мени жакшы көрбөгөндөрүн билип, эч ким менен сүйлөшө албай жашаган жаман экен. Үсөк да күндүзү көп жанымда болчу эмес. Тилден көп кыйналып кээде ачка да калчумун. Бир күнү кайненем сүт менен чай куюп берди. Мен ага чейин андай чай ичип көргөн эмесмин да. Негедир башкача көрүндү. "Не хочу" десем "ай, тузу ачуу дейт, башкасын" деп кайра эле башка чыныга сүттөп чай алып келет. Баш чайкап араң түшүндүргөм. Ошол маалда айылыбызда бизге тууган Шаршакан деген жеңе орус тилчи экен. Ал мага жакшы жардам берди. Кыргызча толук түшүнгөнгө чейин көп эле жаман айткандарды жакшы сөз экен деп жүрүптүрмүн. Анан мен тил үйрөнүп, кыргыз болгонумча он жыл өтүп кетти (күлүп). Азыр орус тилин мурункудай билбейм, бир тобун унутуп калыптырмын. Бирок акцентим калып калды. Бул биздин тилдин өзгөчөлүгү окшойт. Бирок кандай сөз болсо да түшүнө алам, болгону макаларды туура колдоно албайм, анан кыргыз тилиндеги саясат жөнүндөгү берүүлөргө түшүнбөйм.
- Билишимче, сиздин өз атыңыз Аниса эмес...
- Ооба, мен Свердикова Алла Владимировнамын. Азыр Абдылдаева Алла Владимировнамын. Паспортто гана Алла болбосом, Аниса атыма көнгөм. Кайнатам мен жаңы келгенде "бул эмне, Кудай болуп кетиптирби?" деп атымды жактырбаптыр. Ошентип, атам Аниса деп чакырып калгандан кийин баары менин атымды Аниса деп таанып калышты. Бир гана кайнагам байкуш Аля деп чакырчу. Кийин бул жактын жараны болуп паспорт алып жатканымда биротоло күйөөмдүн фамилиясын алдым. Ал эми атым менен атамдын атын кайнатам өзгөрттүргөн жок.
- Болгону 20 жаштагы курагыңызда келсеңиз ата-эненин кусалыгын бир топ эле тартсаңыз керек?
- Оңой болгон жок. Алгачкы жылдары туулган жеримди, ата-эне, досторумду сагынып аябай эле кыйналдым. "Келбей эле койбой" деп ыйлап жүргөн күндөрүм да болду. Менин жашымды сүртүп, ыйымды Үсөк гана укчу. Ага арызданып, кээде таарынып ыйлаганым менен аягында "сүйөм деп, баарына макулмун деп сөз берип келбедим беле" деп ойлонуп, сооронуп калчумун. Бир күнү үйдө жүрсөм сырттан кайнатам кирип "Аниса, сага кат келди. Украинадан!" деп сүйүнчүлөдү. Дал ушул маалда эч кимге айтпай кат күтүп жүрчүмүн. Катуу кубанып кетсем керек. Чуркап жетип эле кайнатамды мойнунан кучактап, бетинен өөп алдым. Анан катты алып алаксып кеттим. Бул Украинадан мага келген биринчи кат эле. Акырындык менен сагыныч сезимин да жоготтум, мурдагыдай ыйлабай калдым.Үсөктү сүйүп Кыргызтанга келсем, балдарыма болгон сүйүүм менен бул жакта биротоло калганга көндүм. Ошентип отуруп ушул айылды да сүйүп калдым азыр. Кийин Украинага учурашууга барганда ашып кетсе бар ай шашпай жүрчүмүн. Андан кийин кадимкидей Кыргызстанды, айылды сагынып, үйдү ойлоп, үйдө калгандарга сарсанаа болуп эле кетүүгө шаша баштачумун. Күйөөм, жандай көргөн балдарым бүт кырызстанда болуп жатса сагынбай коймок белең?! Мен эми биротоло кыргыздыкы болуп калбадымбы.
- Айылдаштарыңыз кайненеңиздин каардуулугун айтышат. Кайненеңиз менен кандай мамиле күттүңүз?
- Ооба, башында Үсөккө кетир деп көп айтты. Акыры жашап каларыма, уулунун кетирбесине көзү жетти го. Ошондо гана мени ээрчитип ашканага кирип "бул чыны, бул табак, бул мискей, булар казан..." деп болгон идиштерди тааныштырды. Ошол эле күнү мени "мискейди алып келип бер" деп жумшады. "Мискей, мискей..." деп ичимден кайталап ашканага кирдим да, кайсынысы экенин унутуп калып ар кайсы идишти кармалап эстегенге аракет кылып көрдүм. Бирок такыр билбей койдум. Анан кайнагамдын кичинекей кызын чакырып сурап, көтөрүп бардым. Ошентип, башында кайненем мени жаман көрүп жүргөнү менен кийин мага көнүп, ал турсун жакшы көрүп да калды. Анан мага бул жактын тамактарын жасаганды үйрөтө баштады. Биринчи үйрөнгөн тамагым кесме болгон. Кесмени кандай кесээримди билбей 2-класста окуган кайынсиңдимден сурачумун. Колго нан жасаганды, уй саап, айран уютуп, жарма ачытканды бат эле үйрөндүм. Бир гана ичеги артканды узак убакытта үйрөндүм. Кээде сагынганда өзүмдүн тамактарымды да жасачумун. Мен котлет, пирожки жасаган күндөрү үйдө майрамдык маанай пайда болчу. Кийин карыганда кайненем менин колумда болду. Ооруп жатканында да мен бактым. Көзү өтөөрдө "Сага рахмат. Ыраазымын. Өзүңдөй жакшы-жакшы келиндерди ал" деп бата берген. Кайненемдин батасынан болсо керек, азыр кыздарымдыкында болуп келейин деп кетсем эле келиндерим болбой чакырып алышат. Мени "апалап" жакшы карашат.
- Небере карап чоң эне болгон убагыңыз экен. Канча уул-кыз тарбиялап, өстүрдүңүз?
- Төрт уул, эки кыздуу болдук. Азыр баары үй-бүлөлүү, бала-чакалуу болушту. Дастан деген неберемди кичинесинен баккам. Ал бизди ата, апа деп өстү. Абышкамдан айрылгандан бери ден соолугум жакшы эмес. Ошондуктан, кыздарым, келиндерим улам бириникинен бириникине алып кетишет. Кимисиникине барсам да неберелеримди карап аларга жардам кылган болом. Анткени, менин балдарымды да чоң энеси багып, тарбиялаган да. Мен балдарды төрөп кичине торолткондо эле кайненем алып кетчү. Улуу кызым Чынара төрөлгөндө мен бош жаткызып койгон элем. Кайненем "бешикке бөлөбөй да бала багабы?" деп мени жаман көрүп "кыргызда баланы бешикке салып чоңойтот" деди. Анан бир-эки көрүп эле үйрөнүп алдым да, кийинки балдарымды төрөгөндө өзүм эле дароо бешикке бөлөп алчумун.
- Кыргыздын тергөө деген салтын колдондуңузбу?
- Эми, тергедим дегенде кайнатамдын атын эч жерден атаган жокмун. Кайнагамды болсо "аба" дечүмүн. Бир жолу кайнагам алыска кеткен. Анын келе жатканын көрүп кичинекей балдар "Асек байкем келатат!" деп кыйкырып сүйүнүштү. Анда кайненемдин жанында отурган мен да терезеге чуркап барып карап: "Асек байкем келатат!"-дедим. Кайненем "ок, антчү эмес, "аба" же "аке" деп айт. Кайсынысын айтасың?"- деди. Мен эки сөздү кайталап айтып көрүп оңоюраак деп "аба" деген сөздү тандап алдым. Абамдын аялын да атынан чакырган жокмун.
- Мындан башка салт-санаа, ырым-жырымдардын кайсынысын колдондуңуз?
- Жакшылык, жамандыктын бардык эле шарттарын жакшы билем жана аларды колдонуп жүрөм. Ал турсун тагдыр буюруп кошок да айттым. Былтыркы жылдын акыркы айында Үсөктү жерге бердик. Жесир болуп кара кийинип, кара жоолук салындым. Жаттап алып "Доктурдун баарын кыдырдык, бирок пайда болгон жок. Ажыратап уул-кыздан, асылган оору койгон жок", дагы "Кара жорго миндим сулуу деп, кара ичик кийдим жылуу деп. Кара жорго оозу тыйылды, кара ичик жүккө жыйылды. Жаткан жериң жай болсун, топурагың май болсун",- деп коштум. Куран окуганда алакан жайып бата кылам, бирок билбейм. Ал эми келмени дайыма айтам. "Кудай балдарыма ыйман бер, ден соолуктары чың болсун, аман болушсун" деп күнүгө тиленем, орусча, кыргызча. Бар нерселерим үчүн Кудайга тобоо деп айтам. Кайненем, кайнатам, Үсөк түшүмө кирсе эртеси жыт чыгарам.
- Мекениңизге акыркы жолу качан баргансыз?
- 1990-жылы апам каза болгондо кичүү кызым Света менен бардым. Анда Света 7-8-класстарда окуса керек эле. Поезддин бир купесинде экөөбүз анан бир орус менен бир негр отурдук. Кызым негрден коркуп купе алмашалы деп аябай чыр салды. А ал негр болсо аны ого бетер жакшы көрүп шоколад, лимонад алып берип ойногонго аракеттенет. Кызым "негр алып келгендерди жебейм" деп ыйласа негр экөөлөп "негр эмес, орус алып келди" деп сооротуп отуруп араң жеткенбиз. Ошондон кийин бара элекмин. Ал жактан болсо мага өзүмдүн атам эки жолу келип кеткен, тээ илгери. Апам келген эмес. Эми балдар алып барабыз деп жатышат. Барып келсем жакшы болмок.

Гүлайым КАЛЫБЕКОВА






about | A Free CSS Template by RamblingSoul
сайт ээси Жанызак:
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
тел:+996779085712
0312 893264
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!