Жумалык гороскоп
Кой (21.03-20.04)
Чарчоо дегенди унутасыз, анын аркасында өзүңүздү жеңил сезип, жумушка болгон жөндөмдүүлүгүңүз артат. Бул жумада табитке карап тамактануу зарыл. Техникалык каражаттарды сатып алууга да ыңгайлуу убакыт. Тил табыша албай калып, жетекчи же авторитеттүү адам менен урушуп каласыз. Сөгүнүү коштогон сөздөрдөн өзүңүздү алыс кармабасаңыз, сиз үчүн аягы жаман бүтүшү ыктымал.
Букачар (21.04-20.05)
Бир катар маанилүү маселелерди чечүүңүз керек. Бул көбүнчө сүйүү мезгилин башынан кечирип жаткандарга тиешелүү. Аптаңыз жагымдуу жаңылыктарга бай болот. Балдарга көбүрөөк көңүл бөлүп, мүмкүн болсо циркке, театрга же зоопаркка алып барган жакшы. Жуманын ортосунда күтүүсүз чыга кала турган көйгөйдөн улам стресске түшүп калуудан сактаныңыз. Жаңы жумуштун үстүндө иштөө тууралуу дагы ойлоносуз.
Эгиздер (21.05-21.06)
Чыныгы чарчоону сезип, апта а деп башталганда эле бир аз убакытка жалгыз жана алыс кетип калууну ойлоносуз. Айрымдар ойлогонду турмушка ашырып, өзүнчө отуруп акыркы жумуштарды анализдешип, жасала турган иштер туурасында пландарды түзүшөт. Мончого же саунага баруу бир аз болсо дагы ден соолукту чыңдоого пайдалуу. Спорт оюндарынан, учтуу жана курч буюмдардан алыс болууга аракет кылуу кажет. Башыңыз бош болсо, ушул аралыкта жүрөгүңүздүн ээсин же сүйүктүүңүздү табасыз.
Бөйөн (22.06-22.07)
Өнөктөш, дос же жөн гана тааныш табасыз. Бул тоого чыгып эс алуунун же достор аралык отуруштун артында болушу мүмкүн. Шаршемби же бейшемби күнү жылдызыңыз келишпей, жубайыңыз менен урушуп каласыз. Мындай учурда үй-бүлөлүк көйгөйлөрдү көтөрбөй эле койгон оң, болбосо уруш андан дагы курчуп кетиши мүмкүн. Аны менен ээрчише тойго же кафеге баруу дагы бул аптада жакшы маанайды жаратпайт.
Арстан (23.07-23.08)
Алдыга чоң-чоң максаттарды коё берүүгө болот, анткени алардын баарын ушул күндөрү жүзөгө ашырууга толук мүмкүнчүлүк түзүлөт. Алыс эмес аралыкта таарынышып кеткен жакыныңыз менен элдешесиз. Бейшемби күнү татаал кырдаалга туш болуп, аны чече албай кыйналасыз. Ошол эле күнү саламаттыктын начарлаганы байкалат. Ага карабастан жуманын соңунда жашооңузда жакшы жетишкендиктер байкалат.
Бийкеч (24.08-23.09)
Олуттуу философиялык маселеге кызыгып көрөсүз. Анын аркасында сизде илимге, билимге болгон кызыгуу байкалат. Туристтик саякатка чыгып, бөтөн маданий жана диний салттар менен таанышып кайтууга ылайыктуу мөөнөт. Интернет желеси аркылуу алыскы өлкөлөрдүн биринен тааныш күтөсүз. Ички интуицияга ишенип, оюнга алаксыгандар көп суммадагы акча уттуруп алышы ыктымал. Жуманын экинчи жарымында жакындардын кеңешине таянып иш кылуу зарыл.
Тараза (24.09-23.10)
Көптөн бери жүрөктү өйүп жүргөн маселени иликтеп, териштирип аласыз. Детектив жанрындагы китептерге же чыгармаларга кызыгуу жаралат. Аптанын ортосунда көңүл ооруткан үй-бүлөлүк ызы-чуу жаралышы мүмкүн, бул сүйүктүүңүз же жубайыңыз менен анын жакынынын ортосунда болот. Аралашуу керек эмес, анткени, алар ашып кетти дегенде эки күндө эле табышып алышат. Жумадан жекшембиге чейин ири суммадагы акчага көзгө көрүнүктүү материалдык нерсе сатып аласыз.
Чаян (24.10-22.11)
Жеке жашооңузда чукул бурулуш орун алышы мүмкүн, ал сүйүүңүздүн мурдагыдан да чыңдалышын шарттайт. Шаршемби күнү эмоциядан чыгарып жиберүүгө өбөлгө болгон көйгөй жаралат. Анын артында коңшу, жакын же тууган менен катуу таарынышып кетесиз. Жеке транспортто болобу, коомдук транспортто болобу, этияттык кылып жүрүү керек, антпесе кокустук айланчыктап жатат. Аптанын аягын жагымдуу эс алууга гана арнайсыз.
Жаачы (23.11-21.12)
Ден соолукка жакшылап кам көрбөсөңүз, иммунитет начарлап баратат. Бул сиздин организмдеги ооруларга уттуруп коюшуңузга гана жол ачат. Жубайыңыз менен акча маселеси тууралуу көйгөйдү көтөрүүдө жакшы жагдай жаралбайт. Үйдө майда барат оңдоолорду, генералдык жууп-тазалоону жүргүзүүгө ыңгайлуу учур. Дем алыш күндөрү өтө чоң эмес салтанаттын күбөсү болосуз.
Текечер (22.12-20.01)
Баласы бар энелер үчүн тарбиялоонун жаңы таланттары ачылат. Чыгармачыл адамдар да бул аралыкта концертте, кинодо же бийде чоң-чоң ийгиликтерди жаратышат. Бейшемби-жума күндөрү сизди курчаган адамдарга жакпаган нерселерди жасабаганга аракет кылыңыз. Бул үй-бүлөлүк мамилелерге байланыштуу. Дем алыш күндөрү кымбат деп эсептеген адамдарыңызга сюрприз жасасаңыз жакшы болот.
Суукуйду (21.01-19.02)
Үй-бүлө, бир тууган деген нерселерге өзгөлөрдөн өзгөчө жакын экениңизди байкайсыз. Себеби, алардын колдоосу менен аптанын башында тоодой бийиктикке жетип сүйүнөсүз. Бул турмуштук мейкиндикти жогорулатуу жаатында болушу ыктымал. Бакчада иштөө дагы сизге жакшы маанай тартуулайт. Жуманын ортосунда сиз үчүн жагымсыз болгон жаңылыкты угасыз. Жылдыздар ишемби-жекшемби күндөрүн жакындар менен өткөрүүнү сунушташат.
Балыктар (20.02-20.03)
Жуманын башы сиз үчүн күтүүсүз жолугушууларга бай. Алар менен убакыт өткөрүп жүрсөңүз деле бардык маселелерди убагында чечүүгө үлгүрөсүз. Кайсы-бир көйгөйдү чечишип коюуга жардам сураган адамга терс жооп кылбаган жакшы. Жума күнү баш ооруткан көйгөйүңүз акча жаатында болот. Уруштан алыс болуу үчүн жаман сөздөрдөн качуу зарыл. Дем алыш күндөр сизди жагымдуу сюрприздери менен кубантат.
(23-апрелден 29-апрелге чейин)