Керим Турапов, КРнын эл артисти:

"Жубайымдын карьерасынан баш тартып, үйдө отурганын абдан баалайм"


Айымдар баласына мээримдүү эне болсо, жолдошуна сүйүктүү жар эмеспи? Акын Байдылда "Аялсыз жерде эр көрксүз"-деп айтмакчы, аялзаты бар жер албетте шаңдуу, ошондуктан мейли гений болсоң да аялзатка баш ийесиң. Кыргыздын сыймыгы болгон ырчы Керим Турапов да бүгүн өзүнүн жашоосунда айымдардын орду, алмашкыс асылдары тууралуу баяндап берди.
Апам
- Апам эң ыйык нерсем, ага теңдеш бул жарык дүйнөдө эч бир жан жок. Дүйнөнүн ажайып керемет жерлерин көрүп кел, бирок эч нерсе эненин мээримине, сүйүүсүнө, эмгегине тең келе албайт. Ар бир бала энеси тууралуу кудуретинин жетишинче жакшы сөздөрдү айткысы келет. Апам ыраматылык он алты бала төрөгөн, ошонун бешөө гана жашап калып, он бирин жерге берген. Мен он алтынчы баламын. Ошондуктан, учурунда апамдарга он бир баласын жоготуп, жашоо абдан оор болсо керек деп ойлоп калам. Бирок ошого карабастан, калганыбызды бапестеп, жакшы ой-тилектер менен багып чоңойтушту. Баарысы турмуш куруп кетип калышып, колдорунда мен эле калгам, ошондуктан мага өзгөчөрөөк мамиле жасашса керек. Эсимде, бала кезимде бээ байлайт элек, апам желенин жанындагы көк чөпкө олтуруп алып ийик ийрий берчү. Ошондо кечке эле кыйналып олтура берсе абдан таң калчумун. Көрсө, жакшы максат менен жип ийрип, аларды жакшы боёкторго боёп, килемди бизге эстелик катары өз колу менен сокчу экен да, бейиши болгур. Кээде көлөкө жердеги көк чөпкө жамбаштап жатып калсам, жакшы бир мелүүн соккон шамал келет, ошондо жаш кезимдеги апамдын ийик ийрип олтурганы, менин анын бутуна жатып алып ар нерсени сурап, булуттарды карап жата бергеним эсиме келет. Апам да тажабай ар бир суроомо жооп берип турчу. Асмандагы булутту карап жатсам, алар ар кандай болуп кубулуп, өзгөрүп керемет болуп турчу. Кийин мен армияга бара турган болуп калып, чачыбызды алдырып даярданып, бардык кете турган балдар топтолдук. Апам башынан көп нерсе өткөрүп кайраттуу болуп калгангабы, мени зыңкыйып гана туруп узаткан. Кара-Сууга ошол кезде поезд жүрчү, түшүп кетип жатканыбыз бүгүнкү күнкүдөй эсимде. Бирок өкүнүчтүүсү мен армияга кеткенден кийин 61 жашында апам каза болуп калып, топурак салганга жетип келе албай калдым. Бирок ошонун алдында мен эс алууга келсем ооруп жаткан экен, ошондо эң акыркы жолу коштошконубуз болуптур.
Эжем
- Эжем София менден эки жаш улуу, экөөбүз удаа болуп, абдан жакын өстүк. Кээде урушуп да кетчүбүз. Эсимде, улуу эжемдин балдарын апам багып чоңойтконго алар биздин үйгө качып келе беришчү, бир жолу да ошентип эки баласы качып келишкенинен, кечинде үчөөбүз диванга жатып уктап калганбыз. Бир убакта ойгонуп кетиптирмин, чалкамдан жаткан экем, көзүмдү ачсам баш жагымда чачын жазган, бети кагаздай апапак, эки көзү капкара болгон бирөө турат. Ошол убакта айыл жериндеги ээн жерлерде албарсты болот экен деген сөздөр, жомоктор көп болчу, азыр ойлосом балдарды үйдөн алыс кетип калбасын деп айтылган окшойт. Тигини көрөрүм менен эле дал ошол нерсе эсиме түшүп, саксайган неме азыр эле келип өлтүрүп коё тургандай коркуп кыймылдабай жатам, ойгонуп кеткенимди билсе чындап өлтүрүп койбосун деп. Ошентип жатып жарым саат же бир саат өттүбү билбейм, акырын көзүмдү ачып карасам эч нерсе жок. Жаткан жеримден ыргып туруп, сыртты көздөй чуркадым. Апамдар эшиктеги тапчанда олтурушкан экен, кыйкырып качып чыксам мени көрүп чоочуп кетишип, эмне болгонун сурап калышты. Мен "албарсты үйдүн ичине кирип алыптыр"-десем, апам "София, жат десе болбойсуң, баламдын жүрөгүн түшүрүп коёюн дептирсиң",-деп кыйкырып калды. Анда эжем үйдөн чыгып келе жатат, чачын жазып, бетине сүзмө сүйкөп алган. Көрсө, ал бетине сүзмөдөн маска жасап жатыптыр да, анан мен жаткан жакка бир нерсе издеп келсе керек. Ошентип, апамдан абдан тил уккан. Экөөбүз ошол окуяны көп эстейбиз, эстегенде каткырып күлөбүз. Учурда Ошто жашайт. Экөөбүз тез-тез телефон аркылуу сүйлөшүп турабыз. Мен Ошко барсам сөзсүз түрдө үйүнө барып сүйлөшүп олтуруп кетем. Аны да кел деп чакыра берем, келсе өткөн-кеткенди сүйлөшүп алып, кадимкидей эс алып калам.
Жубайым
- Мен Ошто музыкалык окуу жайда окуп жүрсөм, жубайым да окууга келип, экөөбүз таанышып калганбыз. Төрт жыл жакшы мамиледе жүрүп, анан үйлөнгөнбүз. Экөөбүз эмнегедир ошол күндөрдү көп эстейбиз. Ошол учурда менин жолдош балдарым бар эле, баарыбыз сүйлөшкөн кыздарыбыз менен бирге жүрүп, ошол таза сезимдер менен баары ошол кыздарга үйлөнүшүп, азыркыга чейин жакшы мамиледебиз. Жубайымдын кесиби музыкант, баш кошконубузга 22 жыл болду. Менин ушул деңгээлге жетишиме жубайымдын кошкон салымы зор, мен аны ачык эле айта алам. Кесибим өтө таатал, элдер "ырчы келип эле сахнага чыгып ырдап коёт, булардын жүргөнү күлкү, тамаша, жашайм деген ой барбы?"- деп калышат. Ал эми чындап карай келсең, түйшүктүн баары бизде болот. Ошону түшүнүп, көмөктөшүп, жардам берип турган бул чогуу жашап жаткан жубайым. Концерт деп жүрүп эрте кетип, кеч келесиң, айлап командировкада жүрөсүң, же болбосо концертиң жакындаганда жубайың туура мамиле жасашты билиши керек. Эгерде ошол убакта жаман сөз айтып, көңүлүмдү чөгөрүп койсо, кантип сахнага чыгып элге жаркылдап күлүп ырдайсың. Ошондуктан, бул жагынан мени жубайым колдоп турганын мактанып айта алам. Тамагым ооруп калса дарылаганга даяр, мен жубайымды бул жагынан баалайм. Ал эми жаңы турмушубуз башталган убакта кызганычтар болгон, жашоодо ар кандай кырдаалдар болот эмеспи. Жубайың менен бара жатканда күйөрмандар күтүүсүз жерден сөз айтып жибериши мүмкүн. Бирок аларды да мага болгон жүрөгүндөгү нерсесин айтып жатат деп туура түшүнүп, ошол учурда күйөрманымдын да, жубайымдын да көңүлүн калтырбаганга аракет жасачумун. Кээде гезиттерге да күйөрмандардын ашыктык каттары жазылган учурлар болот. Бирок турмуш бара-бара тарбиялайт окшойт, кийин андай кызганычтар калып калды. Жубайым алгачкы жылдары кесиби боюнча иштеди. "Аял - үйдүн куту" дегендей көптөн бери иштебей үйдө олтуруп калган, абдан мыкты кожойке, өзү жаратылышка абдан жакын болгондуктан, качан болсо биздин үйдө жазында жаздай, күздө күздөй өзгөрүү болуп турат. Өзгөчө гүлгө абдан жакын, гүлдү өстүрүүдөн өзү рахат, кубат алып турат. Үйгө барсаң баары жадырап турганы бизге да рахат тартуулайт. Айрым аялдар үйдө олтурбайт тумчугуп, менин жубайым карьерасынан баш тартып үйдө олтурганын абдан баалайм. Мен үйдү карап эле олтурса деп ойлочумун, өзү да үйдө олтурууну каалады, экөөбүздүн оюбуз төп келишип калды.
Кызым
- Жалгыз кызым бар, аты Айтурган, профессионал музыкант. Кызым төрөлөрдө мен "Кыргызстандын маданият күндөрү" деген фестивалга кетип жаткам, ал фестиваль Москва-Ярославияда болмок. Ал учурда азыркыдай болуп баш тартмай жок, программа түзүлдүбү кетиш керек болчу. Мен кетип жатканда жубайым төрөт үйүнө кеткен, ошондо эле төрөрүн билип калгам. Жубайың төрөп жатса жанында болсоң жакшы эмеспи, Асанкан Жумакматов "артистердин жамандыгы болсо да кетишпей, сахнага чыгып ырдап же спектаклин аткарып анан кетишет. Аларга караганда сеники жакшылык болуп жатпайбы?"-деди, макул болуп гостролго кетип калдым. Жубайым толготкондо балдызым жанында болуптур. Таңга жуук асманда ай турган кезде төрөлгөн экен, ошого карап балдызым Айтурган деген ат коюп коюптур. Мен Москвадан телефон чалсам сүйүнчүлөштү. Кызым жалгыз кыз болгонуна карабай такыр эрке эмес, өзүнө тың. Музыка жагын абдан жакшы билет, сабаттуу. М.Абдраев атындагы музыкалык мектептин пианино бөлүмүнө окуду. Андан кийин кыргыз улуттук концерваториясында окуп, кызыл диплом менен профессионал пионистка болуп бүттү. Кээде өзүм таң калат элем, бир суткада 6-7 саат убактысын бөлүп, пионино менен машыккан күндөрү болду. Ошол кезде кызымдын музыкага болгон ушунчалык берүүлүсүн көрүп, "сенин ордуңа тамакты мен эле жасап коёюнчу"-деген күндөр болгон. Өткөн жылдын жазында Германияга барып, профессинал музыканттарга талантын көрсөтүп келди эле, кайра күзүндө үчөөнөн тең чакыруу келген. Бирок буйрук экен, турмушка чыгып кетти. Эми чыгармачылыгын улантабы, өзү чечет. Кыялы меникине окшош, өзү да мага жакын. Негизи ар дайым эл көзүндө мактоого татып, чыгармачылыктын туу чокусун багындырган айымдардын жеке жашоосу артта калып, жалгыз калган учурлары көп болгон. Алар чыгармачылыгы менен тарыхта калганына ыраазы болуп, кете беришкен. Ошондуктан, "жылдыздардын" артын капкараңгы түн да күтүп калышы мүмкүн. Ушуну ойлоп балдарым чыгармачыл адам болбой эле койсо деп ойлочумун.






about | A Free CSS Template by RamblingSoul
сайт ээси Жанызак:
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
тел:+996779085712
0312 893264
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!