Союз:

"Алты адамдан айрылуу биздин үй-бүлө үчүн абдан оор болду"


Кырсык айттырбай келет эмеспи, 13-апрель күнү кандуу делген Бишкек-Ош жолунун Токтогул аймагында мамлекеттик S1705АА номерлүү "Хонда" унаасы менен 1042AA номерлүү ДАФ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кагышып, натыйжада, сегиз адам каза болуп, үч адам жабыркаган. Өкүнүчтүүсү, ошол жол кырсыгынан бир эле үй-бүлөнүн алты мүчөсү каза таап, эки мүчөсү жарадар болду. Окуя болгон үйдүн толук жүгүн көтөрүп, учурда абалы оор туугандарынын оорусу менен алпурушуп чуркап жүргөн Союз окуяны төмөндөгүчө баяндап берди.
- Биз Кара-Көл шаарында турабыз. Ошол каргашалуу 13-апрель күнү туугандарым Бишкектен Кара-Көлдү көздөй биздин айылдык такси айдаган кишинин 10 орундуу "Хонда" үлгүсүндөгү машинасы менен жөнөшөт. Анда менин туугандарымдан башка орус аял, анан жаш келин да болгон. Жолдо кетип жатышып Токтогул районунун Көтөрмө-Комсомол айылдарынын ортосуна жеткенде, болжол менен саат 16лар чамасында күтүүсүздөн так маңдайларынан каршылаш жолдон алар кетип бараткан жолго түшүп алган жүк ташуучу камаз чыгат да, сүзүшүшөт. Машина ошол жерден эле жарактан чыгыптыр, ичиндегилер болсо ызы-чууга түшүп эле жатып калышыптыр. Көп өтпөй Токтогул райондук тез жардам кызматынын унаасы келип, баарын ооруканага жеткириптир. Бизге жол кырсыгы тууралуу баласы Бишкек-Ош жолунда таксист болуп иштеген тууганыбыз келип айтты. Угарыбыз менен үрөйүбүз учуп жетип келсек, ал жакта каза болгону да, жаракат алганы да бар экен. Каза болгондор: атамдын иниси, менин 38 жаштагы бир тууган агам, эки жеңем, байкемдин 2-класста окуган, анан 2 жашка чыгып калган кызы. Ошентип, биз Токтогул райондук моргунан үйгө 6 сөөктү алып кеттик. Машинанын ичинде 11 адам болуптур. Алардын ичинен айдоочу, менин алты тууганым, анан орус аял ошол жерден эле жан берсе, кечээ жакында дагы бир оор абалда жаткан келин каза болуп, алардын жалпы саны 9га жетти. Сүзгөн Камаздын ичинде эки адам бар экен, алар эч кандай жаракат албаптыр, бири качып кетип калып, экинчиси кармалыптыр. Мени таң калтырганы, ошол кармалган адамдын жакындарынын келип, абал сурап койгонго жарабаганы болуп жатат. Тоокту сүзүп кетсең деле "ээси ким?" деп издейсиң да, ага караганда адам болуп жатышат го?! Камаздын айдоочусу 1965-жылы туулган Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Челпек айылынын тургуну Осмонов Жумабек Орозбекович деген адам экен. Учурда сурак берип жатат деп уктум, бирок менин ал жакка барганга чамам келбей жатат. Тирүү калган 33 жаштагы байкем менен каза болгон жеңемдин бир жарым айлык кызы оор абалда. Башында Токтогул райондук ооруканасында эле, чуркап жүрүп аларды Бишкекке котортуп келдим. Экинчи байкем "эмне болду, тынчпы, мен уктап келе жаттым эле?"-деп көзүн жалдыратып кайра-кайра сурайт. Өзү араң жатса кантип кош бойлуу аялын каза болду деп айтмак элек? Айла жок үндөбөй кутулуп жатабыз.
Кырсык болгон жерге МАИ кызматкери келип баарын текшерип чыгыптыр, күнөө 100% камаздын айдоочусунан кетиптир. Алты адамдан айрылуу - биздин үй-бүлө үчүн катуу сокку болду, ата-энемдин көз жашы тыйылбай жатат. Камаздын айдоочусун деле соттотуп жиберели деген оюбуз жок, жок дегенде келип, байкемдердин дары-дармегине кеткен каражатты төлөшсө болду. Айылдан бир топ акча алып келдим эле, тиги-мунусуна кетип жатып калбай калды. Учурдан пайдаланып нааразычылыгымды да айта кетким келет. Кырсык болгон күнү Токтогул райондук ооруканасы жаракат алгандарга тиешелүү деңгээлде кам көргөн жок, оорукананын жетекчиси чакыртсак да келбей койду. Жакшыраак кароо болгондо бир-экөөсүн тирүү алып калмак экенбиз деп шек санап калдык, байкемдин эки жаштагы кызы ооруканага тирүү эле жетиптир, анан караган дарыгер болбогонунан каза болуп калыптыр. Каза болгондорун көмүп келгенден кийин ооруканага келсек, жетекчиси жүрөт. Ичим өрттөнгөнүнөн "жакшыраак кам көрсөңөр болмок"-десем, "билгениңерди кылып алгылачы"-деген жоопту кайтарды. Андан да байкемдерди караган дарыгер Бишкекке жолдомону бир бөтөлкө аракка жазып берди.

Динара ЧОКОЕВА




саясат

Эми Энелер күнүн белгилеп турабыз


Кыргызстанда дагы бир майрам пайда болду. Ал Энелер күнү деп аталат. Кечээ күнү ушундай мазмундагы жарлыкка өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кол койду. Мындай маалыматты президенттин басма сөз кызматы таратты. Ага ылайык, эми жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленип турмакчы. Бул жөнүндө чечимди кабыл алууга аялдардын коомдогу орду түрткү болгон. Ошондон улам журтбашы энеге аяр мамилени калыптандыруу, анын үй-бүлөдөгү баркын көтөрүү жана эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен абалын бекемдөө максатында ушул демилгени жарыя кылды.

Оппозиция митинг өткөрүүнү токтотту


Мындан ары оппозиция эч кандай митингдерди өткөрбөйт. Бул тууралуу билдирүүнү коомчулукка кечээ күнү Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата-Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев жарыялады. Өз сөзүндө ал "биз бийлик менен диалогго барууга аракет кылдык, бирок эч кандай жыйынтык чыккан жок. Мындан ары нааразычылык билдирбейбиз, өкмөттү мактап гана турабыз, бул жакшы натыйжа береби же жаман натыйжа береби, ошондо көрөбүз" деп айтты. Буга кошумча оппозициянын өкүлү кийин өлкөдө кандайдыр бир революция орун ала турган болсо, аларды күнөөлөбөө керектигин да эскертти.

кылмыш

Инкассатордук


машинаны тоноп кетишти


23-апрель күнү Бишкекте маска кийишкен жана куралданышкан адамдар коркутуу жолу менен инкассатордук (акча жеткирүүчү) машинаны тоноп кетишти. Маалыматтар боюнча, окуя чакалайдын чак түшүндө, тагыраак айтканда, саат 13төр чамасында Жибек-Жолу - Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Болжол менен жеке фирмалардын бирине тиешелүү унаада 26-27 миң доллар өлчөмүндө акча каражаты бар болчу. Ички иштер министрлиги да бул маалыматты тастыктап, учурда Бишкек шаары боюнча көзөмөлдү күчөтүп, тоноочуларды колго түшүрүү аракетин кылууда.

дүйнө

Николя Саркози


утулуу ызасын тартабы?


Өткөн жекшемби күнү Францияда президенттик шайлоо болуп өттү. Ага аталган мамлекеттин шайлоочуларынын 80 %ы катышты. Алдын-ала жыйынтыктар боюнча, азыр учурдагы президент Николя Саркозинин утулуп баратканы байкалууда. Бул тууралуу билдирүүнү дүйшөмбү күнү Франциянын ички иштер министрлиги таратты. Ага ылайык, бүткүл республикалык добуш берүү өнөктүгүндө алдыга социалисттерден чыккан талапкер Франсуа Олланд чыгып келатат. Расмий түрдө айтылбаганы менен 6-май күнү өткөрүлө турган шайлоонун экинчи туруна Николя Саркози менен Франсуа Олланддын катышары эрте эле белгилүү болуп калды.

Пакистанда 6 буттуу наристе төрөлдү


Эгиз балдарды күтүп жаткан Пакистандын жараны Имран Шейхке жубайы өткөн жуманын аягында алты буттуу наристе төрөп берди. Учурда дарыгерлер менен ата-эне "ким күнөөлүү?", "эмне кылуу керек?" деген суроолордун үстүндө ойлонуп жатышат. Бирөөсү алты буттуу наристенин төрөлүшүнө нурлануу менен байланыштуу кесиптин үстүндө, тагыраак айтканда, рентгенолог болуп иштеген Имран Шейхти күнөөлөп жатса, экинчиси анын себебин күн санап бузулуп бара жаткан табият менен байланыштырууда. Ал эми көпчүлүк тургундар муну жогору жактан берилген белги катары кабыл алышып, бул өткөөл мезгилде адамзатты оңолууга чакырган күч деп жоруп жатышат. Эмнеси болсо да учурда эне-баланын абалы жаман эмес. Болгону жакын арада жарык дүйнөгө жаңы келген наристени наркы 300 миң долларды түзгөн операция күтүп жатат, анда адистер анын ашыкча органдарын алып салууну пландашууда.

коом

Үч жашар кызды


кутурган ит каап алды


Талас районуна караштуу Орто-Арык айылында үч жашар кызды ит каап алган. Шек санаган медиктердин сунушу менен башы кесилип, текшерүүгө алынган ал иттин кутурмага чалдыкканы белгилүү болду. Бул тууралуу Долоно айыл округунун башчысы Тариел Жоробеков билдирди. Буга байланыштуу, Орто-Арык жана ага коңшу жайгашкан Таш-Арык, Ак-Жар айылдарында ит атуу иштери жүргүзүлүп, ушул убакка чейин 260ка чукул ит атылып, жергиликтүү тургундарга бул жөнүндө түшүндүрмө берилди. Ал эми кутурма илдетине кабылган ит каап алган кыз дарыланып жатат жана ал жашаган үй, ит көмүлгөн аймак толугу менен дезинфекцияланды, - дейт айыл округ башчы.



about | A Free CSS Template by RamblingSoul
сайт ээси Жанызак:
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
тел:+996779085712
0312 893264
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!