Мууздалган аял,
муунткан кызганыч,
куураткан кур намыс...
Абаскан эженин денеси кызыл-жаян канга боёлуп, жаны күйөөсүнүн кандуу бычагынын мизинде чыркырап турду. Койдой мууздалып жаткан тирүү адамды, болгондо да куралсыз, алсыз аялды, энени бир жан басып келип арачалаганга жараган жок. Кантип эле ошончо базар толгон адамдан теңселген мас, адам кейпин кийген айбанга алы жеткен бир азамат чыкпады экен? Түбүң түшкөн кайдыгерлик адам аттуунун ар биринин желкесине минип, баары мууздалып жаткан аялды тегеректеп карап турду, баары бычак мизи куду өзүнө тийчүдөй жалтанып коркуп, качып жүрүштү. Баары өз тагдырын ойлоду. Атаганат, эми намыстанган балдары арманда кеткен эненин арбагын не деп эскеришет болду экен? Намыс албетте, жакшы, бирок, керектүү жерде. Куру намыс көңдөй адамдын иши. Абаскан кандай аял болгондо да эч ким, күйөөсү эмес пайгамбары болсо да анын өмүрүн кыркууга, тагдырын чечүүгө акысыз болчу. Сузак районунун Жийде айылындагы тоок базарда 13-апрелде болгон бул окуя эртеси эле бүтүндөй республикага жайылган эле...
Марал, маркум Абаскан эженин апасы:
- Абасканым башка балдарымдан айырмаланып турчу. Адамга күйүмдүү, боорукер жан болчу, шордуум. Атайын убакыт таап келип, мени мончого алып барып өзү жуундурчу. Ар бир майрамда башка балдарымды күтпөсөм да, жаркылдап кирип келчү Абасканымды күтчүмүн. Менин шорум куруду. Билбейм кандай болгонун, бул кезге чейин деле урушуп жүрүшчү, бирок койчо мууздап салат деген не шумдук, айланайындар?! Күйөө балага бир нече жолу "кызым жаман болсо ажыраш" деп айттым, болбоду. Кызымдын ажалына бүткөн жан экен, жеп тынды, жашабагыр. Андан да ажырашканына кыздары каршы чыгып туруп алышты. Мына, ажырашуу намыс деп жүрүп, акыры кызымдан айрылдык. Мындан башка эч нерсе айта албайм (эне сөзүнүн аягына чыккыча көз жашын тыйган жок).
Дилбар, бир тууган эжеси:
- Абаскан менен күйөөсү 1984-жылы баш кошушкан. Ала качып кеткен эле. Сиңдим айылдын алдыңкы келини болчу. Кайнатасы да качан болбосун "Абаскан келсин, Абаскан билет..." деп турчу. Тилекке каршы, күйөөсү анын баркын билген жок. Башында эле күйөө балабыздын аракка жакын экенин билгенбиз. Жашоолорун ар качан чыр коштоп жүргөнүн көрсөк да көрмөксөнгө салдык. Байкушум, башкача бир көтөрүмдүү, кайгыны да күлүп көтөргөн жан эле. Базарда он жылдан бери тоок сатып балдарын чоңойтту, бутуна тургузду. Эркекке карап сүйлөп койду дегенче чыр чыкчу. Базарда иштесе, албетте, ал жерде эркектер болот го. Кайсы жерде жалаң аял иштеген базар бар экен? Кызганса неге иштетпей үйдө отургузуп бакпады эркек сөрөй? Күйөө бала Абаскандын баскан изин аңдыгандан башка бир алгылыктуу иш кылган жок. Ошонун баарын билип, бирок ажыраштырбаган бизде күнөө. Кайра мен "кыздарың күйөөгө тийип, уулуң үйлөнгүдөй болуп калды" деп артына кайтарчумун. Үч кызы тең турмушка чыгып, алардын баарын өзү той менен узаткан. Жакында эле акыркы кызынын бешик тоюн өткөрдү эле.
Чынара,
бир тууган эжеси:
- Күйөөсү кредитке акча алса сиңдим төлөйт эле. Төркүнүнүн да, кайын-журтунун да жакшылык-жамандыгына ушул чуркап жүрчү. Баарыбыз кем-карчыбызды Абасканга айтсак, бирибиздин көңүлүбүздү калтырбай, баш буруп жок дебей баарын өзү бүтүрчү.
Күйөө баланын мас учурунда чыр салып, бычак ала чуркаган учурларына көп күбө болдук. Тууган-туушкандын той-топурунда да чыр чыгарганды өнөкөткө айлантып алган эле. Анын мындай жиндиликтеринен улам сиңдибизди ажыраштырып алалы деген ой бизде болгон, бирок балдарынан өтө албадык. Көп жолу үйгө качып келсе да кайра алып барып койчубуз. Россияда жүргөн кыздарына телефон чалып: "Атаңар менен ажырашпасам соо койбойт го. Силер жакка кетейин" десе кыздары болбой коюптур. Үч кызынын бири "апа, сен бизге тирүү керексиң" дебеди. Баары "сиз атам менен ажырашып кетсеңиз кайын-журтубуз не дейт? Элдин бетин кантип карайбыз?" дешти. Бир жолу алып кетейин деп барсам, баласы "анда мен муунуп өлөм" деп туруп алды. Сиңдим байкуш акыры бир күнү өзүнүн соо калбасын билип турса да баласы үчүн башын ажалга байлап, унчукпай көзүн жалдыратып кала берди эле.
Бир жолу жаңы шырыма пальто алса "сен ушуну кийип алып бирөөлөргө барасың" деп бычак менен бырчалап кескилеп салыптыр. Ошондо бир жүрөгүбүз үшүдү эле. Күйөөсү урганда өзүнүн кайынсиңдилериникине барып башын калкалачу. Ал тургай канча жолу башкалардын тынчын албайын деп тартынып, кичине уулун бооруна басып ээн талаада түнөгөн учурлары болду. Бир кызы ошол эле өзү жашаган айылга турмушка чыккан. Ал атасынын мас болуп жүргөнүн көрсө дароо апасына телефон чалып "бүгүн атам мас экен, үйгө барбаңыз" деп эскертип турчу. Ушунун баарын билип туруп шордууну эч кимибиз ажыраш дегенге жарабадык...
Окуяга күбө
болгон келини:
- Мен бир тууган келини болом. Эжем экөөбүз базарда жанаша жайгашкан жерде тоок сатып иштечүбүз. Бул кезге чейин да мас болсо базарга барып алып чыр салган учурлары көп болгон, а соосунда кадам басчу эмес. Эжем алардын баарына көз жумуп, балдары үчүн чыдады. Баарын ичине салып, эч нерсени билдирбегенге тырышчу. Ошол каргашалуу күнү да мас болуп келди. Келгенде эле "үйгө үч күндөн бери бара элексиң" деп ызы-чуу салып кирди. Эжем "мен булардыкында болгом" деп алысыраак кайынсиңдисин далил катары ээрчитип, үчөө ары басышты. Мен сандыкты ачып жатсам эле чыңырык чыкты, карасам, эжем чуркап келе жатыптыр. Көрсө, карындашынын бетин бычак менен тилип салыптыр, ал кыз азыр оор акыбалда ооруканада жатат. Анан эжеме асылып калды. Алгач мен колундагы бычакты байкаган эмесмин. Жөн эле уруп жаткан экен деп чуркап барсам, бычагы бар экен. Жанталашып асылсам колум тыз этти, карасам кызыл-жаян кан. Анан менин көз алдымда аялынын кара кушуна бычак сайды. Эжем ошондо да үнүн чыгарбады. Ошол мууздалган абалын эч ким көрбөсүн дегенсип унчукпаган бойдон узап кетти. Айланасында адам көп болчу, баарыбыз эле карап туруп жардам бере албадык. Менин колумду кайрып салып эжеме бычак сайганда чыркырап эт саткан сатуучуларга, чучук саткандарга барып айтсам да алар коркуп, басып келгенге жараган жок. Жезденин ошондогу коркунучтуу көздөрү азыр да көз алдымда турат. Жырткычтан да анчалык суук кебете көргөн эмесмин. Качан эжем мууздалып, болоору болгондо милиция, анан тез жардам келди. Баарынан да адам сойгон адамдын колуна дароо кишен салбаганы мени таң калтырды. Кан болгон колдорун булгалап, "бириң басып келбе, келгениңди соём. Мен жалапты өлтүрдүм. Мен максатыма жеттим" деп кыйкырып турган канкорго кошулган, ага ишенип аны колдогон жандар да болду. Ал тургай жардам бергенге жарабай, телефонго тартканга дити баргандар болуптур.
Ошол жердеги тез жардам машинасына салган дарыгерлер "адам болбойт, үзүлдү" дешти дароо эле. 15 жерине бычак сайылган адам кантип соо калмак эле? Денесине бычак кирбей калса кайра күйөөсүнүн атайылап матырып сайгылаганы, туйлаган эжемдин денеси... баары көз алдымдан өтүп турат. Таң калганым, ошол жердеги эң негизги күбө мен болсом да ушул кезге чейин мени эч ким күбө катары суракка чакыра элек. Ал эми бизге жеткен маалыматтарга караганда, жездени түрмөдөн чыгарыш үчүн ар кандай нерселерди ойлоп таап, эжем тууралуу жаманатты сөздөрдү чыгарышууда. Россиядагы уулу менен кызын аэропорттон тосуп алышканда "апаңды атаң кармап алып, анан ушундай иш болуп кетти" деп жеткиришиптир. Кантип ооздору барды экен? Алар алгач ишенип-ишене албай, эми окуянын чоо-жайына көздөрү жеткенде баштарын койгулап, кыздары атасынын бетин карабайбыз деп отурат. Нурмамат камакка барып атасына жолугуп, "ата, жаман иш кылыпсыз" десе күнөөсүн мойнуна алгандын ордуна кайра эжемди каралайт имиш. Арбагы уктатпасын. Мен эжем менен беш жыл иштештим, бир жолу кыйшык басканын көргөн жокмун. Биз тоокту эркек кишилерден алабыз, аялдар тоок сатпаса кантели анан? Менин жолдошум кайра элди токтотуп жатат. Болбосо биздин да колдон андай канкорду мууздап салыш келет болчу.
