Ашыкча терчилдиктен


кантип арылууга болот?



Сиз сизди курчап турган адамдарга салыштырмалуу көбүрөөк тердейсизби? Ооба! Андай болсо "гипергидроз" деген ооруга чалдыгып калыптырсыз. Азырынча билинбегени менен келечекте ал сизди жабыркатып коюшу ыктымал. Себеби, бул дарттын терс жактары арбын. Ошон үчүн гипергидроздон арылуунун ыкмаларын эртерээк колдонуңуз!
Гипергидроз деген эмне?
Гипергидроз - оору. Ал "ашыкча тердөө" деген маанини түшүндүрөт. Гипергидрозго бүтүндөй дене же анын белгилүү бөлүктөрү: алакан, таман, колтук кабылышы мүмкүн. Дарттын мындай түрүнө чалдыккан жерлер дайыма нымдуу жана жабышкаак болуп жүрөт.
Адамдын денеси качан
ашыкча тер бөлүп чыгарат?
- нерв системасынын иштөө функциясы бузулганда;
- көп кыймылдаганда;
- уялып кеткенде;
- сүрдөп кеткенде;
- суюктукту көп ичкенде;
- эмоцияга алдырганда;
- тубаса терчил болсо;
Ашыкча тердөөнүн кесепеттери:
а) нерв системасын бузат
б) дискомфортко жол ачат (уялуу, кысылуу, өзүн-өзү жаман сезүү)
в) суукка тез урунууну шарттайт
г) колтуктун гиперосмия (жагымсыз жыт) оорусунун, буттун манжаларынын грибок (былжырашы, ириңдеши) оорусунун пайда болушуна өбөлгө түзөт
Ашыкча терчилдикти
дарылоонун Кыргызстандагы медициналык жолдору:
Валериана - таблетка түрүндөгү каражат. Ал нерв системасын калыбына келтирип, качып калган уйкуну нормалдаштырат. Анын тер бөлүп чыгаруучу бездердин ишин азайтуучу дагы касиети бар. Муну сөзсүз түрдө дарыгердин көрсөтмөсү боюнча ичүү керек. Жергиликтүү дарыканаларда сатылат.
Антипотин - порошок түрүндөгү, ачык күрөң түскө ээ медициналык препарат. Бир пакетте 40 грамм болот, алгач аны 1,5-2 литр кайнак сууга эритүү керек. Анан 40-45 градустук температурага чейин муздатып, бутту ошого жарым саат салып отуруу кажет. Мындай процедураны бир күндө бир эле жолу жасоо жетиштүү. Өз алдынча жасай берүүгө болбойт, бул ыкманы дарыгердин сунушу менен гана колдонуу зарыл.
Борозин - порошок түрүндөгү дары. Мунун курамында бор кислотасы жана цинк бар, алар буттун ашыкча тердөөсүн жана жагымсыз жыттанып туруусун натыйжалуу түрдө токтотот жана организмдин тер бөлүп чыгаруу процессин жөнгө салат. Борозинди колдонуу ыкмасы эң эле жөнөкөй, алгач анын бир пакетин алуу керек, эртең менен үйдөн чыгып бара жатканда экиге бөлүп, эки батинкенин ичине сээп салуу керек. Ал болсо байпак аркылуу бутка таасир эте берет. Мындайды беш күн катары менен жасаган адам аны кыйнап келген маселеден арылат. Дарыны кабыл алуудан мурун дермато-венерологдун кеңешин угуу зарыл.
Теймуров пастасы - мазь түрүндөгү препарат. Аны кечкисин колдонуу зарыл, күндүз колдонсо кийимге так калтырып коюшу ыктымал. Алгач дененин маселе жаратып жаткан бөлүгүн жылымык суу менен жууп, кургагандан кийин ал жерге Теймуров пастасын сыйпоо керек. Ушундай ыкманы эки жума колдонуу менен ашыкча тердөөдөн арылууга болот. Бирок Теймуров пастасы аталган оорудан 100% айыктырат деген кепилдик жок. Дарыканалардын баарынан эле табууга болот.
Кальцийдин глюконаты - таблетка же 10 пайыздуу суюктук түрүндөгү дармек. Муну күнүнө бир таблеткадан же бир аш кашыктан үч маал тамактан кийин ичүү ашыкча тердөөдөн кутулууга жардам берет. Дармекти кабыл алуунун мөөнөтү дерматологдун, дермато-венерологдун көрсөтмөсү боюнча чечилет.




Алакандын, колтуктун жана тамандын ашыкча тердөөсүнөн арылтуучу дагы бир препарат бар. Ал Ботокс деп аталат. Укол түрүндөгү дарыны кабыл алуунун шарттары төмөндөгүдөй.

Зифара Абдрасулова,
пластикалык хирург:

- Ботокс - суюктук түрүндөгү препарат. Алгач ашыкча тердеген аянтты белгилеп алат. Анан ошол жерге Ботокстин белгилүү бир дозасын жарым сантиметрлик тереңдикте укол катары саят. Анын курамында "батулин токсини" деген зат бар, ал алакандын, тамандын жана колтуктун ашыкча тердөөсүн токтотот. Ботокс организмге 12 сааттан кийин таасир бере баштайт, ал эми 10 күндүн ичинде толук күчүнө кирет. Аталган дары 6-8 айга чейин натыйжа берип, алаканды, таманды жана колтукту тердетпей, жыттантпай турат. Ботокс күчүн жоготкондон кийин ал жерлердин абалы баягы эле калыбына түшөт. Бул препаратты косметологдордун кеңеши менен сайдыруу зарыл. Баасы тердеген жердин аянтына жараша болжол менен 5 миң сомдон жогору болот.




Демек, Ботокс ыкмасынын жардамы менен ашыкча тердөөдөн убактылуу гана арылууга мүмкүн экен. Муну менен бул түйшүктөн биротоло кутулууга болбойт деген тыянак чыгарбоо керек. Себеби, андан толугу менен айыгуунун хирургиялык жолу бар. Бирок ал кыргыз медицинасынын шартында колтукка гана жасалат.

Бакыт Өмүрзаков,
пластикалык хирург:

- Операция - колтуктун ашыкча тердөөсүн хирургиялык жол менен дарылоонун түрү. Муну колдонгон адам ашыкча тердөөдөн өмүр бою кутулат. Буга 100 % кепилдик бар. Колтуктун терисинин астында майда-майда бездер болот, адамды жабыркаткан терди жана жытты ошолор бөлүп чыгарып турушат. Бул ыкмада ошол бездер хирургиялык жол менен кесилип алынып ташталат. Муну жасоодо алгач колтуктун айланасына наркоз сайылат, андан кийин колтуктун тердеген аянты чийилип алынат да, анан ошол жер кесилип, анын астында жайгашкан бездер алынып ташталат. Операцияны жасап бүтүүгө жалпы 40 минуталык убакыт сарпталат. Андан 10 күн өткөндөн кийин колтук тердебей да, жагымсыз жыттанбай да калат. Учурда бул операциянын наркы 12 миң сомдон 14 миң сомго чейинки сумманы түзөт. Операциядан кийин колтукта ичке сызыкты элестеткен жиптин изи калат.


Ашыкча тердөөнү
дарылоонун элдик ыкмалары:
- Алакандын ашыкча терчилдигинен арылуу үчүн 1 литр кайнак сууга төрт аш кашык майдаланган сулуну саласыз да, аны бир саат тыныктырып коёсуз. Анан 20 мүнөт колуңузду салып отурасыз.
- 1 литр кайнак сууга беш аш кашык грек жаңгагынын майдаланган жалбырагын салып, бир саат тыныктырасыз. Анан жай отко бир кайнатып, муздаган соң бутуңузду салып отурсаңыз, бул ыкма буттун ашыкча терчилдигинен сактайт.
- Бутту муздак сууга жууп, кургата аарчып, анан манжалардын арасына кайыңдын жалбырагын салып алып байпак кийип жүрө берүүгө болот. Жалбырактарды күнүнө эки жолу алмаштырып туруу керек.
- Кечинде бутуңузду самындап жылуу сууга жууп, кургата аарчыйсыз. Анан арпанын майдаланган данын манжалардын арасына, байпактын ичине салып туруп, аны кийип жатып алыңыз. Муну үч жума жасоо керек.
- Эки литр сууга үч аш кашык ашкана тузунан салып, ага күнүнө 20 мүнөттөн бутуңузду салып отурсаңыз болот.
- Эки аш кашык кулпунайдын мөмөсүн, бир нече даана кулпунайдын жалбырагын бир литр сууга 20 мүнөт демдейсиз. Ага дагы бир литр суу кошуп, жылымык абалында жарым саат бутуңузду салып отурасыз.
- Ит мурундун жалбырагы менен мөмөсүн аралаштырып стаканга жарым кылып салып, үстүнө 1 литр суу куясыз. Аны орточо отто 10 мүнөт кайнатасыз. Дагы эки литр суу кошуп, бул жылуу маңызга бутуңузду 10-15 мүнөт салып отурасыз.
Ашыкча тердөөнүн
алдын-алуу үчүн:
- өздүк гигиенаны сактаңыз;
- күн сайын жылымык сууга жуунуп туруңуз;
- таза кийинип жүрүңүз;
- резина бут кийим кийүүдөн алыс болуңуз;
- синтетика байпак, кийим кийбеңиз.

Ырыс ИМЕТАЛИЕВА






about | A Free CSS Template by RamblingSoul
сайт ээси Жанызак:
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
тел:+996779085712
0312 893264
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!