Чынара:
"Жолдошум өз канынан жаралган кызын жерге таштап салып оорулуу кылган"
Бармактайынан турмуштун оор соккусуна кабылып, калкалап алар ата-энесиз томолой жетим чоңойгон Чынар эженин аянычтуу тагдырын окурмандарга сунуштоону туура таптык. Аялдын алсыздыгынан пайдаланып кордогон адамдар ээн-эркин жашоо кечиришип, кордолгону аз келгенсип алардын айынан оорулуу болуп, баш калкалар жайы жок чиедей кызы менен көчөдө калган айым акыйкаттык издейт. Учурда "Элим, барсыңбы?" кайрымдуулук фонду гана бул айымга тирек болууда.

"Балалуу боло албай биринчи жолдошум менен ажыраштым"
- Мен алыскы Лейлек районундагы Самат айы­лынан болом. Үч жашка толгон кезимде байкем экөөбүз эне мээриминен ажырап калыптырбыз. Атам байкуш кор болуп калышат деп бизге карап кийин кайрадан турмуш курбастан бүт өмүрүн бизге арнап, байкем экөөбүздү өстүрдү. Каражаттын тартыштыгынан улам мен эл катары калаага барып окуумду уланткан жокмун. 11-классты бүткөндөн кийин көп узабай коңшу Ак-Суу деген айылга ала качып кетишти. Бир жылдан кийин атам оорунун айынан бул дүйнө менен кош айтышты. Ошентип мен 18 жашымда томолой жетим калдым. Кайын журтум жакшы адамдар болчу. Бирок мен аларга бала төрөп бере албадым. Жолдошум менен бирге жашаган алты жарым жылдын ичинде барбаган доктурум, көрүнбөгөн табып, ичпеген дарым калбады. Медициналык күчтүү ийнелерди алып, таблеткаларды жыл бою ичип, чөп дарылардын неченин колдонуп көрсөм да майнап чыкпады. Акыры байке-жеңемди, кошуна, туугандардан чакырышып эч кандай уруш-талашы жок эле "бала төрөп бере албады" деп түшүндүрүп бизди ажыраштырып коюшту. Ошол окуядан кийин катуу стресс болуп, жерге батпай, эч кимди, эч нерсени жактыр­бай өлүмдөн башканы ойлобой жашап калдым. Бир жыл бою көзүмдүн жашы тыйылбады. Кийин билсем жолдошум бат эле башкага үйлөнүптүр. Бирок дагы деле бала жытын жыттай албай кыйналып жүрөт деп угам. Байкем үй-бүлөсүн араң баккан жашоо­до жашагандыктан, мага каралашканга шарты болбоду. Анын үстүнө жеңем менен жылдызым келише албайөз арбайымды өзүм согуп жүрдүм. Караанын медер туткан байкем да былтыр кара сарыктын айынан каза болуп калды.

"Экинчи кайын журтум мени теңине албады"
- Ошентип алаксыйын деп шаарга келип ар кандай жумуштарда иштеп баштадым. Мен үчүн шаарда күн кечириш деле оңойго турган жок. Чынымды айтсам биринчиден, орус тилин билбей, экинчиден, өбөк болор ишенимдүү адамым жок калдайган шаарда жапжалгыз томаяк жетим болуп көрүнгөндүн көзүн карап эптеп жан сактап жүрдүм. Ашканаларда идиш жуугуч, пол жуугуч болуп иштеп күнүмдүк курсагымды тойгузуп күн кечирип жашап калдым. Бир күнү лейлектик бир эже менен таанышып калып апамды тапкандай сүйүнүп ага жакын болуп кеттим. Көп өтпөй ал эже менин болгон тагдырымды түшүнгөндөн кийин "ушинтип кыйналып жүрө бербей турмушка чыгып ал. Менин байкемдин уулу бар. Турмуш-шарттары жакшы, ошол менен таанышып көрчү" деп сунуштады. Мен баш тарткан жокмун. Себеби жокчулуктун басымынан абдан тажап бүткөм. Өзүм деле биринчи жолдошумду унутуш үчүн ылайыгы келген адам болсо турмушка чыгып алсамбы деп жүргөн элем. Биз бир күн таанышып сүйлөштүк да, тез арада тойго камынып калдык. Ошентип кайрадан Лейлектин Овчу деген айылына келин болуп кеттим. Жашоомдогу бардык кара тактарды чийип жаңы жашоо баштап, жолдошум менен ынтымакта өмүр бою бирге болом деген кыялыма ишенип, түйшүгү бүтпөгөн Бишкектин азабын көрбөй жашайм го деп бараттым... Бирок мен босогону аттап киргенден баштап төбөмөн ылдый муздак суу куйгандай бардык кыялдарым жалп өчтү. Ырас, турмуштары аябай жакшы, айылда алдыңкы болуп жашагандар экен. Мени жетимсиң, ата-эне­нин тарбиясын көргөн эмессиң деп ыдык көрсөтө беришти. Жолдошум мени алып баргандан 20 күн өткөн соң Бишкектеги ишине кетип калды. Ал кеткен күндөн баштап менде бир дагы жарытылуу күн болгон жок. Таң аткандан кеч киргенче мал жайлайм, малдын богун ийлеп саман аралаштырып тезек жасайм, үй оокатынын баары менин мойнумда. Канчалык жан үрөп жасасам да эч жакпай койдум. Ошол жерде бүлө болуп калууга чыдамкайлык менен болгон аракетимди кылайын дедим. Бирок өз турмуштарын куруп кеткен эки кайынсиңдим келип жасаган тамагымдан кынтык таап, бири күл тарткыч менен сабап кирди. Буга да көз жумуп, дагы бир аз чыдоого бел байладым. Бирок алар кайра күчөп, бирөө эле эмес кайненем үчөөлөп айтпаганды айтып, ур-токмокко алышты. Ал аралык­та көөнүм айланып куса баштадым. Көрсө, менин боюмда бар экен. Аны билгенимде ошончо кордукка карабай сүйүндүм. Анткени, мен төрөбөйм да деген түшүнүктөн чынжыр­дан бошонгондой бошондум. Эми ошол курсактагы балама да асылышып, кайненем "сен аны мурда эле бирөөдөн боо­зуп келген окшойсуң" дей баштады. Бутуна жыгылып "эмне күнөөм болсо кечирип койгулачы, бирок курсактагы сиздин небере­ңиз" деп буркурап ыйласам да укпай койду. Аларга келин мал катары эле сезилип калган окшойт. Себеби мага чейин кайненем батыр­бай коюп удаасы менен үч келинди жолго салган экен.

"Баламды өзүмдөй жетим кылгым келген жок, бирок..."
- Менин да чыдамым кетти, айлам кетип жолдошума чалып айтсам "бул жакка кел, мен тосуп алам" деди. Бир күнү кечинде мал короо­го пакетимди катып коюп Бишкекке качып келдим. Бирок күйөөм тосуп алган жок. Иштеген жерине издеп барсам "энемдер жашаба деп жатат, сени менен ажырашам, мага экинчи келбе " деди. Мен мындайды күткөн эмес элем. Балага көзүм катып жүрүп эптеп боюма болгондо аны да өзүмдөй жетимдиктин запкысын тарттырбай жолдошум экөөбүз бирге тарбияласак деп ойлодум. Ошого бар аракетимди кылып, далалаттандым. Баягы мени табыштырган кайын эжелериме барсам "боюңдан алдыртабыз" деп доктурга алып барышты. Таалайыма жакшы доктурга туш болуптурмун, ал таптакыр көнбөй койду. Алар болсо "болду, эми күйөөң сени менен жашабайт. Кайрылып келбе" деп 500 сом акча берип жолго салышты. Айлам кетип бир таежемди издеп таап болгон сырымды айтып, төрөп, балам торолуп, өзүм тыңып алганча тура турайын деп суранып жатып, жанында жашап турууга макул кылдым. Анан алардын бар оокатын жасап берип, баш калкалап калдым.

"Кызымдан дарт кетпей калды"
- Төрөгөндө жолдошума кайра-кайра чалып "биз кыздуу болдук, келчи" деп болушунча сурандым. Баа­рын башынан баштайлы, атасы болуп кызыңды каттатып ал деп өтүндүм. Жаман сөздөрдү айтып, экинчи чалба деп кагып-силкип жатты. Бирок мен "баары бир атасы эмеспи, көрсө бир мээрин салаар" деп ишенгем. Ошондой илгери үмүт менен кызыма 20 күн болгондо кайрадан ал иштеген жерге барсам жолугууга ызырынып чыкты. Дагы да болсо үмүтүм өчпөй "карачы биздин кызды, бир ирет гана бетинен сүй­­­үп койчу. Сенден ашык деле эч нерсе талап кылбайм" десем, баланын бетин ачып көрмөк тургай бизди көмөлөтө түртчүдөй түр менен сөгүп кууп жиберди. Бирок мен тынган жокмун. Кызым Заринага үч ай толгон кезинде кайрадан бардым. Анда "бала торолуп көзгө көрүнүп калбадыбы, бир эле карап койсо аталык мээрими ойгоноор" деп үмүттөндүм. Мында жай учурашып чыкканына кубанып турдум. Анан баланы сунсам колун созду. Мен кармады деп ишенип кармата салаарымда колун шарт тартып алган экен, бала жерге түшүп кетип эрип тынымсыз чыркырап ыйлап кирди. "Мына, эми менин кызым да жок, эми жанымды кой, келбе" деп оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып сөгүп жатты. Адам эмес айбан экенине ошондо ынанып, бала менен чогуу буркурап ыйлап түз эле ооруканага келдим. Таежем болуп текшерттирсек башында шишик бар деп аныкташып, бир айдан ашык убакыт дарыландык.Бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт дегендей, акыры эки жылдан кийин таежемдин үйүн бошотуп чыгышым керек болду. Кызымды бага турган адам болбогондуктан бала бакчага орноштуруу үчүн Свердлов районунда иштеген Чынара Барбошова деген эжеге тагдырымды айткан элем. Эже эки күндөн кийин телефон чалып Тери заводу жактан бала бакчага орун таап койгондугун айтты. Ошону менен кызым ал жакта тарбияланып, мен эртеден кечке идиш-аяк жуугуч болуп иштеп жүрдүм. Таңдан кечке суудан колум кетпей жатып бөйрөгүм катуу ооруп, заматта ден соолугумдан ажырап, оорулуу болуп калдым. Анын үстүнө төрөйм деп дарыланып жүргөнүмдө ар кандай дарыларды иче берип организмим дарыдан аллергия болуп калыптыр. Жүрөгүм да ооруп, демим бат-бат кысылып кыйналып жүрдүм. Көп өтпөй кызымдын температурасы түшпөй, мурдунан тынбай кан ага баштады. Доктурлар текшергенде пневмания деп диагноз коюшуп, туура бир ай ооруканада дарыландык. Арзанына карап чыккан батирибиз саз жерде эле, ошол жактан тийген суук өпкөсүнө өтүп кетиптир. Жашоонун жаман шарттарынан улам ушинтип кызымдан дарт кетпес болду.

"Мен акыйкаттык издейм"
- Азыр жашай турган жерим жок. Мурда чогуу иштеген бир эже балдары айылга кеткенде кыйбай үстүнө киргизип алган. Бирок, бул жерден 10-августка чейин чыгышым керек болуп айлам куруп олтурам. Менин ушундай оор абалда калышыма себепкер болгон адамдарды мыйзамдуу түрдө жоопко тартса болобу? Кимге, каякка кайрыларымды билбей башым маң. Анткени мен эч бир жерде каттоодо турбайм. Же туруктуу жашай турган жерим, же иштеген ишим жок чиедей кызым менен ар кимден жардам сурап жашап жүрөм.


Ызаат ТУРГУНБАЕВА