Шаке
Шайлообек Дүйшеев. Бул ысымды укпаган, билбеген кыргыз баласы жоктур. Жалындаган жаш кезинен эле жалкоолор менен кайдыгерлерге каршы туруп, СССРдин интернационалистик көз карашты жамынган эшигинен жулунуп чыгып, улуттук ураан таштаган так ушул Шаке эмеспи. Андан бери далай суулар агып, далай мөңгүлөр эрип, эчендеген оош-кыйыш күндөр алмашты. Азаттыкты колуна алган кыргыз элинин жакшы-жаман турмушунун баары Шекебиздин жүрөгү аркылуу өтүп, калеми аркылуу эсибизге түбөлүк калып келет. Убакыттын учкулдугу ушулбу, бүгүн акыныбыздын чачын ак аралап, суйдаң тарта 60 жаштын босогосун басып өттү. Эл акынын бул торколуу мааракесин утурлап, калемдештеринен ырдесте сундук....


Ээ,Шаке!

Адабият айдыңга,
Алтымыш соко бир салып,
Дың жыттанган Шайлообек.
Алтымыш батман бир сабы,
Ыр жыттанган Шайлообек.

Алп Жолойдун таноого,
Алтымыш шаты бир коюп,
Шашып чыккан Шайлообек.
Алтымыш каман үркүтүп,
Качып чыккан Шайлообек.

Абакеси Кошойго,
Алтымыш теке бир атып,
Ашатып берген Шайлообек.
Алтымыш бапик кандагай,
Жасатып берген Шайлообек.

Каркыранын жайыкка,
Алтымыш казан бир асып,
Гөш бышырган Шайлообек.
Алтымыш кылым өчпөгөн,
Сөз бышырган Шайлообек.

Адам өтсө дүйнөдөн,
Алтымыш кошок бир айтып,
Боздоп турган Шайлообек.
Алтымыш күнү басылбай,
Жоктоп турган Шайлообек.

Аң-дөңүнө карабай,
Алтымыш жылды бир аттап,
Ашып турган Шайлообек.
Алтымыш дайра куйгандай,
Ташып турган Шайлообек.

Ээ, Шаке!

Алтымыш жашың кут болсун,
Акындык жактан жүздөсүң!
Шааниси артык калдайган,
Шаа мүйүзүң түшпөсүн!
Кырдан түшпөй өйдөлө,
Кыялбек жетип сүзбөсүн...

Темирбек АЛЫМБЕКОВ






Шайлообек Дүйшеевге
Акындык жолу сапар тарткан,
Ажырап колго тиер ата-даңктан.
Арабызда акын бар Шайлообектей,
"Асабаны" жамынып жанын баккан.

Анан биз майдалыкка алдырбайлы,
"Асабада" иштейт деп таарынбайлы.
Агасы Байдылданын бир түгөйү-
Акындыгын түшүрүп баа кылбайлы.

Көп акындан ырларың бийик турат,
Көкөлөп көк асманга тийип турат.
Көзгө урунган ырларың окуй калып,
Көңүлүбүз жумшарып ийип турат.

Эң урунттуу турмуш сырын тандап, талдап,
Эгерде ыр жазылса калбаат-калбаат.
Эл ичинде билинбей жүрө бербей,
"Эл акыны" наамын эбак алмак!
Казакбай АБДЫШЕВ,
2000-жыл 2-декабрь




Шакеге!
Акындар ээ-жаа бербей шугулданып,
Ак тилекти убагында чубурталык.
Кошулдуң алтымыштын үйүрүнө,
Короодогу козу куйрук мурунданып.

Жарк-журк этип жалын бүркүп оттугуң,
Жазганыңда жан үркүтөт шоктугуң.
Мааникердей ыр Пегасын алкынтып,
"Манастагы" сенсиңби дейм Бокмурун.

Чырылдаган жыртык топу Торгоюм,
Чындыкты айтып, чымчым калпты кошподуң.
Чырга сүйрөп үндөктөгөн чоңдорго,
Чыйт түкүрүп эштектерди коштодуң.

Ай чалгандай аппак карлуу тоо башын,
Алтымыш жыл тостуң мына жоогазын.
Боз тумандуу боору жок бул заманда,
Боздоп турган, сыздап турган Боогачым.

Акын пири колдогун деп-Шайлообек!
Аста тилеп ыр жазаарда кылам кеп.
Карапайым, кара жаак ача тил,
Казыр бизге ушу сенсиң-Казыбек!

Жеткирбессиң, желдей сызып озоорсуң,
Жээлигээрмин жетимиштин желкесинен тосоормун.
Ардангандар ала жүргөн арканын,
Адабиятта алп калемгер-Кошойсуң!

Мелжип жаткан зоосу менен аскасы,
Мекиренип барчу жериң Атбашы.
Акындыгың көрө албаган арамга,
Айтаарым бул-Атасынын как башы!

Ашуу ашып асман жиреп көк кашка,
Алгыр бүркүт коно бербейт көп жашка.
Кудай сага токсонду эле буюруп,
Кузгун, жору чыга берсин жүз жашка!
Жолочу РЫСБАЕВ




Шайлообек Дүйшө уулуна
Сакадай бою сары алтын,
Салмактуу иштер аткарып.
Сөөлөтүн жазып элинин,
Сөздөрү турат таш жарып...

Азуусун сайган тулпардай,
Алтымыш жашка келди деп.
Атпай журт, калың кыргызы,
Акынын жатат белгилеп.

Куйкум сөздүн неченин,
Кулагын толгоп жаздыңыз.
Куттуктап салам жиберем,
Кут болсун иним жашыңыз!

Кырлары бийик сөз чыккан,
Кызыл чок акын тилинен.
Кыргызы үчүн кыйналган,
Кыраакы жигит пиринен.

Алдым-жуттум, эл бузаар,
Аларды туздап жатасың.
Акыйкат айткан эмгекке,
Аларсың элдин батасын.

Көөхардай болгон Шакемдин,
Көтөрчү дагы жүгү бар.
Көркөм сөздүн устатын,
Көп сыйлап, баалап туруңар.

Куулардын берген жазайын,
Куйкум сөздүү атыңы.
Кутман курак кут болсун,
Кунарлуу кыргыз акыны!
Токталы ЖАПАРОВ




Шакен ага!
Жөпжөнөкөй. Жөө жүргөндү жактырган,
Жупжупуну. Жүрөгүнө бак турган.
Жалпы журттун агасындай салмагы,
Жакшы ыр менен көңүл кушун карк кылган.

Ырлары анын Атажуртту кубантып,
Ырлары анын Алатоону ыйлатат.
Ырысына бүткөн өңдүү улуттун,
Ынсабына жалгыз гана ыр батат.

Калеминен шоргологон көк сыя,
Кан тамырдын каны сымал оргуштайт.
Кыр, белестен түшүп келген саптары,
Кармала элек аргымактай ыргыштайт.

Кыл чокунун мөңгүсүндөй кебелбейт,
Көп акынды кошсоң ага теңелбейт.
Көкүрөктө кайнап турган таланты,
Көк асмандай кенендикте, ченелбейт!

Шаштырса да өмүр өргө жетелеп,
Шакен ага чырымынан кете элек.
Шарпылдаган толкунуңдан бөлүшүп,
Шыралгаңан балдарыңа бере кет...

Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ