Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Топчуке толкуп туру
Демократ Топчуке Тургуналиев жетектеген ""Манас"- кино эпопея" Эл аралык уюм тарабынан даярдалган "Манас" эпосу жөнүндөгү" мыйзам долбоору ЖКнын атайын комитети тарабынан жактырылды. Бул долбоорду түзгөндөрдүн ою боюнча, "Манастагы" улуу ой- максаттар-Кыргызстандын мамлекеттик тили улуттук идеологиянын пайдубалы болуусу керек". Анткени, ыдырап турган улуттун биримдигин камсыз кылуу жана түпкү улут кыргыз эли менен башка биз менен мекендеш улуттук топтордун ынтымагына жетишүү үчүн кыргыз тили гана курал болуп бере алмакчы.
Баса, ошол эле "Манас"-кино эпопея" Эл аралык уюму ушул жылдын 26- февралы күнү кечки сат 18:00дө Т. Сатылганов атындагы улуттук филармонияда соопкерчилик концертин өткөргөнү жатат. Бул акысыз концертке кыргыздын аттуу -баштуу акындары, ырчылары, манасчылары, эстрада жылдыздары, комузчулар менен куудулдар катышып, элге таланттарын тартуулоого макул болушуптур Кыргыздын руху, духу жыттанган бул кечеге келген да арманда, келбеген да арманда!

Мамлекетти майдалабай башкаруу!
Сандан сапатка өтүп, мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын азайтуу менен бирге, иштин эффектисин көрсөтүү керек! Дал ушул масатты көздөгөн Мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия өз ишин кечээ баштады. Алгачкы отурумга өлкөнүн биринчи вице-премьери Өмүрбек Бабанов катышып, Өкмөттүн атайын токтому аркылуу түзүлгөн бул комиссия жакынкы аралыкта коомчулуктун суроо- талабына жооп берген, заманбап базар экономикасынын өнүгүү тенденцияларынын талаптарын эске алган мамлекеттик башкаруу системасын иштеп чыга турганын белгиледи. "Азыр өлкө казынасынын теңинен көбү мамлекеттик башкару органдарына жумшалат. Бирок, иштин жыйынтыгы эл күткөндөй эмес. Буга кошумча биз заманбап башкаруу технологиясынан аксап келебиз. Андыктан сапаттуу башкаруу системасын киргизип, заманбап кадрлар, иш билги адистердин аракети менен өлкөнүн өнүгүүсүнө багыт алышыбыз керек. Буюрса, бул комиссия ушул жылдын сентябрь айына чейин биз күткөн долбоорду иштеп чыгат",-деди Ө. Бабанов.
Ал белгилегендей, мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу иштеринин алкагында учурда Мамлекеттик каржы полициясы кызматы, КРнын өзүн-өзү башкаруу боюнча Улуттук агенттиги, КРнын Улуттук аттестация комиссиясы, КРнын Социалдык фонду, КРнын Жеке менчик боюнча кызматы Президенттин башкаруусунан Өкмөттүн башкаруусуна өткөрүлүп берилген.
Кыскасын айтканда, быйылкы жыл мамлекеттик бирин-бири кайталаган, казынадан олчойгон каражат сурап, ага жараша иш аткарып, элдин жашоосуна пайдасын тийгизбеген бир топ органдар кыскартылмакчы. Бул болсо нечендеген миллион акчалар социалдык турмушту жакшыртууга жумшалат деген сөз.

Кесиптешке кербен тост!
"Асабанын" аргымагы менен журналистиканын кыз куумайына түшүп, кийин "Агымдын" ардактуу айымына айланган, акыры келип "Айат" аттуу аруу гезитин ачып, аламан жарышта алдыга озуп чыккан кесиптешибиз Жылдыз Мусабекованын 23-февраль- туулган күнү. Элим дегенде эркектерди басып өтөр эр жүрөктүк, намыс менен чечкиндүүлүк ошондон болсо керек. Андан да кызыгы, Жылдыз айымдын туулган күнү атпай кыргыз агасы, акын Шайлообек Дүйшеевдики менен бир күнгө туш келет экен. Ата-баладай ээрчишип, сыйдан жазбай кастарлашып жүргөнү төгүн жерден эмес тура! Эмесе биз "Лозунг" гезитинин эмгек жамааты кесиптештерибизди туулган күнү менен куттуктап, ага Ат-Башынын тоолорундай бийиктикти, мөңгүлөрүндөй көтөрүмдүүлүктү, булактарындай тазалыкты каалайбыз. Бар болгула, кыргыздын бакандай уул-кызы!

Бакиевдердин баары баңгибаронбу?
Кыргызстандын аймагынан өткөн баңги трафигине мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары көзөмөлчүлүк кылып келген. Бул сөздү ОДКБнын башкатчысы Николай Бардюжа айтып өттү. Анын сөзүнө таянсак, экс-президент Курманбек Бакиевдин тушунда анын жакындары өз кызыкчылыктары үчүн баңгизатына каршы күрөшүүчү мамлекеттик агенттикти жаап, күч структураларына өз кишилерин коюу менен бүтүндөй баңги трафигин өз колдоруна алышкан.
"Учурдагы Өкмөттүн чечкиндүүлүгү менен аталган кызмат калыбына келтирилип, акыркы айлардын ичинде эле бир канча баңги кербендери колго түшүрүлдү. Бирок, биз бул ишке каршы күчөтүлгөн иштерди алып баруу үчүн ар тараптуу жардамдарды беришибиз керек",-деп айтты Бордюжа.
Бирок, ал азыркы учурда деле бакиевдердин айрымдары Памир тоолорунун карагай черлерине жашынып алып, баңги ташуу иштери менен алек болуп жаткандыгын негедир айткан жок. Коомчулукта болсо, мындай такталбаган маалыматтар өткөн жылдын май айынан бери эле үзгүлтүксүз айтылып келүүдө. Божомолдорго караганда, мурдагы күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиев Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттеринин чек араларында ар кандай уюшкан топтор менен бирге баңги кербендерин жөнөтүү менен шугулданып келет...






кыргыз тилиндеги гезит "Лозунг"




Яндекс.Метрика