Белгилүү ырчы, обончу Чубак Сатаев тирүү болгонунда быйыл 52 жаштын тамагын ичип, эли-журтун дагы далай ырлары менен кубантмак экен. Чубак Сатаевдин иниси Кушчубек Сатаев "50 жылдык эскерүү мааракесин былтыр Таласта өткөргөн элек, а Бишкекке өткөрөлү десек, ар кандай жүйөөлүү себептер болду" деп, азыр да кеч эместигин айтты. Ошентип, эл адамы Чубак Сатаевдин "Элдин ырчы Чубагы, элүүгө чыкмак курагы" аттуу эскерүү концерти 10-март күнү, саат 18-30да Цирк имаратында болмокчу. Концерттин администратору, Бакай-Ата райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы врачы Манас Молдалиев буларды кошумчалады:
Манас МОЛДАЛИЕВ:
"Эскерүү концертке келгиле"
- Кыргыз эмес, казактар ырларына аранжировка кылып, созуп жүрүшкөн ырчы Чубак агабыз арабыздан 33 жашында кетиптир. Жылдар-жылга, айлар-айга алмашып, колдон жулдуруп ийгенибизге ушунча убакыт өтүптүр. Эми арбакты сыйлоо, аны унуткарбоо ар бир кыргыз элинин парзы эмеспи. Андыктан Талас районунан чыккан талант Чубак Сатаевдин 50 жылдык эскерүү концертин Бакай-Ата районунун акими Мурат Жунусов, райкеңештин төрагасы Өмүркул Бабыров баштаган эр- азаматтарыбыз колдоп, өткөрөлү деп жатабыз. Бул иш-аракетибизди Таластын губернатору да колдоого алды. Талас облусунда 5 район бар экен, борбор менен 6 болот. Ар бир райондон экиден өкүлчүлүктү күтүп атабыз. Учурдан пайдаланып, бардык кыргыз журтчулугун концертке келип күбө болуп кетишине чакырам. Билет баасы да анча кымбат эмес, болгону 300 сом.


Кушчубек САТАЕВ, Чубак Сатаевдин иниси:
" Байкемдин каза болгонун укпай, ырдап жүрөм, жыргап…"

- Чубак Сатаевдин ырларынын баары өзүнүн турмушунан алынган деп айтышат… Сиз билсеңиз керек?
- Байкем үйдүн улуусу болуп эрте үйлөнүп, эрте балалуу болуп, турмушка эрте бышты. Турмуштун оош-кыйышын көп эле жолу башынан өткөрдү. Ал "Арман","Күндөр ай" деген ырларын биринчи жеңебиз менен ажырашып жүргөн убакта чыгарган. Ошондон улам бул ырлар өзүнүн жеке жашоосуна байланышкан ырлар болсо керек деп коём. Аны эл көзүнө тааныткан ыры "Арман" болду. Байкем кандай ыр ырдабасын чын-жүрөктөн, мойнундагы күрөө тамыры үзүлүп кеткичекти ырдачу. Ошентип, ырдап жүрүп эле бир убакта чыгармачылыгында тыныгуу болуп калды. Бул ар бир чыгармачыл адамдын башына келчү нерсе экен. Кээ бири ошол боюнча чыга албай калып калганы канча. Ал эми Чубак байкем бир топ убакыт өткөн тыныгуудан соң "Түштүк кызын" жаратты. Бул ыры менен байкемдин жылдызы экинчи жолу жанды. Байкем өмүрүндө 33 ыр жаратыптыр. Анын көбү эл оозунан түшпөй ырдалып жүрөт. Мен ойлойм, ырлары турмуш чындыгынан алынгандыктан, ушул убакка чейин унутулбай ырдалып жатса керек деп. Байкасак байкемдин тагдырында 3 деген цифра көп орун алыптыр. 33 ыр жаратып, 33 жашында 1993-жылы, 13-июлда, 3 баласын таштап кете берди.
- Агаңыздын Кубанычы атасынын жолун жолдоп ырдап жүргөнүн билебиз. Сиз да колуңузга аккордеон көтөрүп калчу элеңиз, азыр неге көрүнбөйсүз?
- Байкемдин аркасы менен убагында мен жакшы эле чартаңбай тептим. Мени өз баласындай эле көрчү. Ал үйдүн улуусу болсо, мен кичүүсү элем да. Мени аскерге жибербей алып калган да байкем болду. Анын группасында айдоочу болуп иштеп, гастролдордо ырдап, дайыма жанында элем. Азыр байкем жанымда жок, бирок анын арбагы дайыма мени колдоп жүрөт десем болот. Кайсы жерге барбайын "Чубактын иниси" дешип, сый менен тосуп алышат. Баласы Кубанычка "атаңдын жолун сен жолдо, менин курагым деле келип калды" деп айтып, өзүм чакан бизнесим менен алектенип жаткам. Бирок көкүрөктө ырга болгон сезим баары бир коё бербейт экен. Азыр деле аккордеон менен алышып, анча-мынча айыл жергелерине гастролдоп жүрөм десем болот. Байкемдин айылдагы уулу дагы, Кубаныч дагы ыймандуу. Биз кичине "бөдөнөнүн сүтүнөн" ууртап коюп жатпайбызбы. А алар ичкиликтен да, тамекиден да алыс.
-Ал эми агаңыздын жубайлары менен мамилеңиз кандай?
- Биринчи жубайы Айша жеңем айылда турат. Ичинде кири жок, балпаңдаган аял. Ал эми экинчи Кенже жеңем тың. "Чубакты Чубак кылган Кенже" деп айтышат. Бул сөз туура айтылган. Бирок азыр ал жеңем турмушта. Чубак байкем каза болгондон кийин ашын өткөрүп, байкемдин досу Бахрамга күйөөгө тийген. Бахрамдын дагы аялы каза болуп, баласы жаш калгандыктан, ортодон кеңешип туруп эле достору, туугандар үйлөнтүшкөн. Кенже жеңеме," Байкемдин 50 жылдык эскерүү кечесин өткөрөбүз" десем, "Колумдан келген жардамымды аябайм" деп атат.
- Акыркы жолу байкеңиз менен сүйлөшкөнүңүз эсиңиздеби?
- Байкем каза болгондон бери бир топ жыл өтүптүр. Бирок, ошол биз сүйлөшкөн эң акыркы күн азыр да көзгө элестейт. "Мага жакынырак" деп байкем, өзүнүн үйүнүн жанына квартирага чыгарып койгон. Бир күнү уктап атсам, таңкы саат 4тө кайниси келди, "жездем чакырып жатат" деп. Барсам башын мыкчып, тепкичте отурат. "Эмне болду?" десем, "Машиненин абалы жакшы элеби?" деди. "Каратыш керек" десем, базаны көздөй айдатты, күзгүдөн карасам, башын мыкчып, ойлуу. Таң атпай барып алып, база ачылгыча күтүп турдук. "Эмне болуп кетти, байке?" деп сурасам, "Таласка кетебиз" дейт. Ал күнү кечинде гастролго көлгө жөнөгөнү жатканбыз. "А көлчү?" десем, унчукпай нары басып кеткен, жарым сааттан кийин кызуу болуп келди. Мени "Маңка" деп койчу. "Маңка, сен шашпай оңдото бер. Мен Таласка башка машине менен кетмей болдум. Качан мен чакырам, ошондо келесиң" деди. Анан кетип баратып эле, башын дагы мыкчыды да, жаныма басып келип, мени кучактап, жыттап-жыттап алды. Анан "Бир ишенерим сенсиң, аккордеондун аккорддорун туура бассаң..." деп эле жөөлүгөндөй сүйлөп койду.Таласка баргандан кийин, мени чакыртты. Анда Кенже жеңем "Машинени бербейм, ал жакта эмне кылып жүрөт, келсин" деп болбой койду. Кенже жеңем байкемди аябай кызганар эле. Мен байкеме "Жеңем машинени бербей койду" деп телеграмма жөнөтүп коюп, бул жакта жүрө бердим. Ошентип жүрсөм Таалай Бектурганов келиптир. "Сокулукта концертим бар эле, сени да афишага жазып койгом" деп. Сокулукта концерт жүрүп жатат. Мен чыгып алып, "Эки тал көрсөң кыйбай жүр, элимде жүрсөң сыйлай жүр" деп, ырдасам, эл тымтырс. Мурда байкемдин ырларынын биринчи сабын ырдаганда эле, эл дүркүрөтө кол чабышчу да. Ырдап бүтүп, көшөгөнүн артына өтсөм, 20 чакты аял- эркек кирип келди. Мостоюп, унчугушпайт, Бирөөсү арактан баарына куйду да "Чубактын иниси сенсиңби, биз Чубактын жакшы тааныштарынан болобуз, алып жибер" деди. Мен таң калып, унчукпай алып койдум. Эркектердин баары бирден стакан алып туруп, чыгып кетишти. Мен Таалайга "Сокулуктун эли эмне болуп калган?" деп коём. Бир убакта Таалай: "Сен тезирээк Таласка жөнө, Чубак машинеден авария болуптур" деп, кассадагы болгон акчаны мага карматып, аялым экөөбүздү автобуска салып жиберди. Көрсө Чубак байкем ошол күнү эле каза болуптур, эл "Агасы өлсө, бул жыргап ырдап жүрөт" деп жаман көрүшүптүр. Теледен деле, радиодон деле айтылыптыр, бир эле мен укпайм. Айылга келсек үйдүн жанында машине толтура, бирок бир да киши көрүнбөйт. Көрсө, эркектин баары байкемди койгону мүрзөгө кетишиптир. Ыйлай-сыктай алардын аркаларынан жөнөдүм, топурак салганга жетишип калайын деп. Барсам киши кумурскадай жайнайт… Ошентип, байкемден айрылып кала бергем.





Чубактын жоруктарынан
*Күмөндөр экөө жакшы дос болчу. Экөө биригип Нарынга гастролго барышат. Күмөндөр кыздар менен тааныштырып дегендей, жакшы эле коноктойт. Анан кайра Таласка гастролго келишет. Анан Күмөндөр жөн турбай "Мен сени Нарындан кыздар менен тааныштырдым, эми сен качан мени тааныштырасың?" десе, Чубак "Таласта андай кыздар жок" деген тура.
- Кенже жеңем байкемди аябай кызганчу, кайтарып жанынан чыгарчу эмес. Бир күнү эртең менен шалдырак черткен досу Каныбек келген. Бир паста эле жоголуп кетишти. Жеңем экөөбүз эки жакты карап таппай калдык. "Болду- болбоду жанагы пиво саткан бачоктун жанында эле" деп ошол жакка кеткен. Барса байкем менен Каныбек эки келин менен отурушуптур. Каныбекке "Чубак менен тааныштыр" десе, тиги ээрчитип келиптир. Байкемди ырдап бер дешкен го, стаканды колуна алып, "Жаштык жалын чагыңда, ойноп -күлгүн, жалында" деп баштаганда, жанына Кенже жеңем пайда болот. Анда байкем жеңеме стаканды сунуп, "Ме, Кенже, сен сүйлөп койчу" деген экен.
- Бир жолу Чубак байкем досу менен троллейбуска түшөт. Ичиндеги жүргүнчүлөр "Чубак, Чубак" деп шыбырашып калышса. Чубак катуу үн чыгара "Мен Сыргакмын, КамАЗ айдайм" деген тура, иниси Сыргактын атын сатып.
Эльмира МАДИЕВА