Акын Шайлообек Дүйшеевдин жылдык тоюна
карата
Манту-маскировка
Ушу тапта Батьконун короосунда "батирде" туруп аткан экс-президент Курманбек Бакиевдин манту жеп, салаасынан май агып аткан маалда тарыхта калган жайы бар эмес беле. Ал эми Шакемдин манту жыттанган тарыхы илгери эле болгон экен.
Анда Шакемдин жаш кези. Нарын шаарында гезитте иштеп турган убагы. Түшкө маал кесиптештер жапырт жакын жердеги ашканага киришчү экен. Жөн кирбей, бөтөлкөсүн коюнга ката киришип, четтеги үстөлдү тегерете отурушуп, ачкылтекти бир тамчысын жерге тамызбай бөлө куюп бөтөгөгө жөнөткөндөн кийин, закүскөсүнө алган мантудан сугунуп-сугунуп жиберишип кайра жумушка жөнөшчү экен. Көздөрү моймолжуп калган кызматкерлери "соо" эмес экенинен шектенип калган баш редактору жакындап келип байкатпай жыттаса, манту эле буркурайт дейт.
Ушундай окуя үч-төрт жолу кайталанганда чыдамы түгөнгөн баш редактор мындан кийин түшкө маал манту жегениңерди токтоткула деген таризде буйрук кылат. Мантудан бөлөгүн жей бергиле, мантуну оозанбагыла деп катуу талап коёт. Көнбөскө чарасы жок, көнүшөт. Шакем болсо редакторго кирип, өзүнүн айылдан келип иштеп жүргөнүн, шаарда тааныган эч кимиси жок экенин, ашканада болсо мантудан бөлөк тамак жок экенин, тамак жебей ачка иштөөгө мүмкүн эмес экенин айтат. Ошондо араң сөзгө келген редактор: "Манту жегенге Шайлообек Дүйшеевге гана уруксат!" деп буйрукка түзөтүү киргизген экен.

Кан буугандай токтотуп…
Ал кезде "Асаба" гезитинде иштеп жүргөн маал. Жаңылбасам, кыргызда детектив жанрын биринчи баштаган жазуучу Баратбай Аракеев "кангемелерин" биринин артынан бирин кызыл-жаян кылып жазып аткан убагы. Гезитке сандан-санга шакылдап кетип аткан кези. "Асабанын" редактору Мелис Эшимкановдун төрт-беш номурдукун алдын-ала жазып берип салыңыз дегенине мойну жар бербеген Бакебиз күнүнкүсүн күнү жазчу. "Запастап" жазчу эмес.
Акыры Мелистин шектенгени туура чыгып, Бакебиз детективдин уландысын алып келбей калды. Детектив эмес, өзү кошо дайынсыз. Ал кезде азыркыдай сотка деген жок. "Кангеме" жок, иш токтоп турат. Эми кандай кылабыз деп Мелис баарыбызды чогултту. Кандай кылышты билбей турганыбызда Шакем айтып калды: "Мен эле жазып берип коём",- деп. Ошо менен Шакем шартылдата жазып таштап койду. Эртеси гезиттен окусак, Бакебиздин отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн баш каарманын Шакем көп ойлонуп отурбай эле күм-жам кылып, оо дүйнөгө узатып жибериптир. Каткырып эле жатып калдык.
Бир жумадан кийин келген Бакебиз да эр экен. Эми эмне кылып улантат болду экен деп турсак, "…ойгонуп кетсем, түшүм экен, өх!.." деп, баш каарманын кайра тирилтип жиберип атпайбы.

Туфта!
Кайсы-бир жылдары Шакем баш болуп бир тобубуз "Чабалекей-Доор" гезитинде иштеп калдык. Шакемдин мындан бөлөк гезитте редактор болгон-болбогонун билбейт экемин, Дүйшеевдин жетекчилиги астында бул басылманы гүлдөтөбүз деп шарактап иштеп калдык. Ошол кезде гезиттердин асты катары эсептелген "Асабаны" кууп жетебиз деп талбай эмгектенип атабыз.
Ошентип, гезиттин биринчи номуру да чыкты. Өзүбүзчө кубанып атабыз, буюрса, жакшы эле номур болду го деп. Бизди каржылап аткан Сазыкбай Турдумалиев чукул жыйналыш өткөздү да, гезитти жиликтеп келип: "Мунуңар туфта!" деп жыйынтыктады. Эч кимибиз унчуккан жокпуз. Андан ары экинчи, үчүнчү, төртүнчү номур чыкты. Алар да Сакебиздин "Туфта!" деген баасына татыды.
Төртүнчү номурдан кийин Сакебиз баарыбызды Байпак заводдун акты залына чогултту да, карыган байпакчы аялдардын көзүнчө баягы бааны дагы берди. Ошондо Шакем чыдабай кетти: "Туфта болсо, Сарыгулов экөөң чыгара бергиле! Кеттик, балдар!" деп ошончо элдин арасынан бизди алып чыгып кетти. Көрсө, гезиттин "крышасы" Сакеден да өйдө жакта экен. Ал эми Шакем менен Сакем экөө "Чабалекейдин" чырына карабастан, бара-бара жакшы достордон болуп калышты…

Кишилерди кичирейткенде
Шакебиз самолётко түшкөндөн корко турганын көпчүлүк биле бербесе керек. Ошол эле "Асаба" гезитине ушуга байланыштуу достук шарж дегендей андигидот чыкканы бар: "Бир күнү эле Шакем чет өлкөгө самолёт менен учмай болот. Өмүрүндө биринчи жолу учкан атат дейт. Трап менен самолетко көтөрүлүп, ичине кирет да орундукка отура кетет. Бир маалда самолёттун терезесинен карап алып айтат дейт: "Туу-ата, жердеги кишилериң кумурскадай эле көрүнүп калат турбайбы!" деп. Анда жанындагы отурган кошунасы: "Шаке, алар чын эле кумурскалар. Биз али уча элекпиз" деген экен.


Каскадроптун купуя сыры
Акаевдин бийлиги "Общий домду" оюндагысындай ачып-жаап, чалчактап турган чагы эле. Бийликтин машинасына каршы Мелистин "Асабасы", ал жабылгандан кийин "Агымы" күрөш жүргүзүп аткан кез. Ошо кезде гезит бетине кайдан-жайдан Каскадроп деген автор пайда болду. Жазганы жалаң ыр. Ак үйдү уятка чакырган ырлар. Ырлары дембе-дем Мелистин гезитине чыгат. Бийликти безге сайган ырлар. Ырларынын астына сүрөтү кошо чыгат.Карасаң, өңү кыргызга окшобойт. Татарга окшоп турат. Аты да Хасан деп тилибуруу. Ак үйдүн желдеттери Хасандын ким экенин билалбай, бурчектен кармап кабыргасын кайрыйлы десе дарегин табалбай, кожоюндарынан күндө тил угуп айлалары кетет. Хасан Каскадроп болсо кабагым-кашым дебестен "арабызда" үзүрлүү иштеп жүрдү. Ак үйдүн тыңчылары күндөн-күнгө Хасанга досье топтоп, капканга кантип түшүрүштүн амалы менен күн кечирип атышты. Бара-бара абал кооптуу боло баштаганына байланыштуу, Каскадропту өлкөдөн сыртка алып чыгып кетүүнү туура таптык. Ошентип, Каскадроп эми бийликтин нервине ойногон ырларын Татарстандан "жаза" баштады…
Чынында Каскадроптун ким экенин редакцияда иштегендердин кээ-бири да биле берчү эмес. Билгендер айтчу эмес. Ал эми Каскадроп деген Шакебиздин чыгармачыл псевдоними, каймана аты экенин кийин билгендер катуу таң калып жүрүштү.