Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/11/0302_4.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/11/0302_4.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/11/0302_4.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/11/0302_4.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/11/0302_4.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/11/0302_4.htm on line 2
Сурат алдыңкы катарда турат
Сурат Жылкычыев деген калемдеш агабыз бар. Айтылуу "Агым" гезитинен бери карай спорт тармагынын ийгилиги менен кемчилигин жазып келет. Жазганда да катыра жазат. Ошо билеги күчтүү балбандардын утушун тимеле килемден ашыра жазат. Кечээ жакында калемдешибиздин эмгеги бааланганын угуп, аялыбыз эркек төрөгөндөй сүйүндүк, акыры эмгегинин акыбети кайтыптыр дедик. Тактап кетсек, 25-февралда Спорт жана дене тарбия агенттиги 2010-жылдын мыкты спортчулары менен машыктыруучуларын аныктап, аны менен бирге "Учур" гезитинин спорт кабарчысы Сурат Жылкычиевге "2010- жылдын мыкты спорт журналисти" наамын беришиптир. Сыйлыгыңыз кут болсун, Сурат ага! Спорчуларың да, өзүң да ийгиликти колдон чыгарбагыла!


Карганын көзүн карга чукубайт
Эчактан бери чубалып, чуусунан буусу көп болгон Бишкектин Ататүрк сейил багындагы мыйзамсыз үйлөрдүн тагдыры биротоло чечилгенсип калды. Чечилбей чемирен кетсин, кайрадан эле элдин каалоосу таш каап, ошол жерди мыйзамсыз ээлеген майталканчылардын майрамы болду. Тактап айтканда, бул жердеги мыйзамсыз жеке курулуштарды караган өлкөнүн Жогорку Соту Бишкек шаардык сотунун сейил бактын тегерегиндеги курулуштарга коюлган мораторийди алып салган чечимин күчүндө калтырды. Көрсө, 7-апрелден кийин Жогорку соттун төрайымы Феруза Жамашева баштаган соттор деле элдин кызыкчылыгын ойлобогон, мурдагы соттордун, тагыраагы Курманбек Осмонов өңдүүлөрдүн калдыктарынан окшобойбу. Болбосо, миңдеген жарандар үй-жайсыз көрүнгөн батирге тыгылып, зарыгып өмүр бою жер алууга кезек күтүп жатышканда, өзү билемдик менен шаардын чок ортосун, болгондо да жалпы шаардык эс ала турган сейил бакты акчанын күчү менен басып алышып, карагай-арчаларды кыркып, хан сарай салгандарына жол бермек эмес. Кыскасы азыр, ошол ойлонбой иш кылган сотторго нааразы болгон эле бишкектиктер.
Ал эми ошо мыйзамсыз курулуштардын кожоюндарынан кеп салсак, ана башында Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов, "Газпромдун" Кыргызстандагы жетекчиси Болот Абилдаев, ЖКнын экс-төрагасы Айтибай Тагаев, экс-министр Александр Кастюк, УКМдин башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, экс-мамкатчы Осмонакун Ибраимовдордун фамилиясы турат. Эмне дейбиз, курулушуңарды куруп, шапар тебе бергиле, силерде уят бар беле?!

Эки баштуу "Ар-намыс"
"Медалдын эки бети бар" дегендей, учурда "Ар-Намыс" партиясында эки баш чыгып жатканы айтылууда. Биринчи башы - албетте, партиянын атасы темир экени же желим экени белгисиз генерал Феликс Кулов. Ал эми экинчи башы болсо, кечээле бул партиянын астанасын аттаган, амалы менен акчасы алтымыш атка жүк болгон Акылбек Жапаров.
Президенттик шайлоо жакындаганы Фекеге караганда Акылбек мырза өзүн мыкты "пиарит" кылып, жеке упай топтоого өткөнү тууралуу коомчулукта кабар тарай баштады. Мисалы, Акылбек аке Өкмөттүн 2011-жылга карата бюджетин оңой менен өткөрө койбой, ал арада мугалимдерге "силердин айлыкты көтөргөнгө бул Өкмөттүн чамасы жетпейт" таризинде сөздү кыйытып жатыр. Коомчулукта болсо "Акылбек Жапаров каржы министри кезинде бюджетти өткөрүп алуу үчүн шапке сунуштачу, ошону үмүт кылып жаткандыр" деген кеп тарады. Ал эми Феликс Кулов болсо Өкмөт менен Президенттин биргелешип Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү реалдуу баштап, далай кримбектерди кынына киргизгенин сынга алып, "Бул Өкмөттүн кезектеги эле өздөрүн пиар кылган кадамы, конкреттүү аракет эмес" деп чыкса болобу?! Өзү Өкмөт башы болуп турганда ошол эле криминалдардын "богуна куурай сая албай", ал турмак Батукаевге жан тартып, кыргыз улутунун кыжырын келтиргенин унутуп калган окшойт...
Так эмес маалыматтарга караганда, бул маселеле фракция ичинде да кызылдай талкууга алынып, Феликс Акылбекти "тизгиниңди тарт!" десе, тиги да тилин тартпай, "баарыбыз эле балык болуп отура беришибиз керекпи?!" деп балп эттирген имиш.

Атын атаса куту сүйүнөт
Гезитибиздин өткөн санында "Кыргыз кримдүйнөсүнүн күнгөй-тескейи" аттуу макала чыгып, анда КР ИИМ тарабынан издөө салынган уюшкан кылмыштуу топтордун анабашылары, кримавторитеттердин коомчулукка белгисиз таржымалдары жазылган болчу. Жарыкка чыгары менен резонанс жараткан бул макаланы орус тилдүү басылмалар өз тилине которуп, басып чыгышты. Бирок, алардыкы белгилүү эмеспи, "көчүктөрүн ит жеп атса да шек алдырышпай", тагыраагы биздин атыбызды атагысы келбей, макаланын булагы катары орусча сайттарды көрсөтүп коюшуптур. Анысына деле анчалык терикпейбиз, башкысы биздин коомчулук билсин деген, уксун деген макалалар окурмандардын калың катмарына жетсе болду. Айтмакчы, vesti.kg сайтындагы ошол макаланы дээрлик миңге жакын окурман окуптур...


Башкы бажычыбыз башка жактанбы?
Кечээ Жогорку Кеңештеги "Республика" партиясынын депутаты Тынчтык Шайназаров КР мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов Россиянын жараны экендигин айтып, оозубузду ачырды. "Мен анын Россиянын паспорту менен жүргөнүн факты жүзүндө ачыктап бере алам" деген депутаттын бул сөзү анын кесиптештеринин дагы кызыгуусун туудурду.
"Эгер бул сөздүн чындыгына чыксак, башкы бажычы экендиги аныкталса, тезинен кызматын тапшыруусу керек. Аны менен кошо ал бул кызматты мыйзамсыз ээлеп отургандыгы үчүн мамлекетке алып келген зыянын төлөп бериши шарт. Анткени, биздин мыйзам боюнча жогорку рангадагы мамлекеттик кызматкер эки мамлекеттин жарандыгы менен жүрүүгө тыюу салынган",-деди Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев.
Ошону менен бул иш ЖКнын этика жана регламент, фискалдык жана акчалай-насыя саясаты комитети тарабынан каралып, тиешелүү жообун алмак болду. Бирок, алардан биринчи эле өкмөт башы Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов чычалап чыгып, "Ал 90-жылдардын башында СССРдин жараны катары Россияга иш командировкасына чыгуу үчүн РФнын паспортун алган, команидровкадан келгени аны өткөрүп берген",-деген билдирүү таратканга үлгүрдү.
Кызык, эгер Кубаныч мырза бир күнү Кыргызстандын бардык бажысынан контрабандалык товарлардын партиясын өткөрүп, өзүнүн "долясын" алып, Россияга карай зуу койсо, кантип тапмакпыз?

Камчы Көлбаев Бишкекте кайсы министр менен чайлашты?
Кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү күчөтүү талабы менен келе жаткан "Ата -Мекен" фракциясынын анабашы Өмүрбек Текебаев кадимки кримавторитет, издөө салынган кылмышкер Камчы Көлбаевдин жакында Кыргызстанга келип сайрандап кеткенин жар салды. "Анын сакчылары спикердин сакчыларынан да көп экен. Ал Робин Гуд болуп жатат"-, деп жаны кашайган депутат учурда кылмышкерлер ээн-эркин эле басып жүргөнүн, алар ар убак "черныймын" деп мактанып калышарын да кошумчалады.
Ал эми бизге жеткен, бирок, тактала элек маалыматтарга караганда, Камчы Көлбаев ал келишинде "Софра" аттуу кафеде кайсы бир министр менен бир саатка чукул чайлашып, кыргыз официанттарына орой мамиле жасаган кафенин түрк улутундагы ээсин "отметкага" отургузуп кетиптир. Учурда бул министрдин аты-жөнүн тактап жатабыз.
Ал эми Ө. Текебаевдин минтип айтышынын негизи дал ошол маалда Жогорку Кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинде криминалдык идеологияны таратуу үчүн Кылмыш кодексине жаза киргизүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору каралып жаткандыгынан улам болду. Эгер бул долбоор парламент тарабынан бекитилсе, өздөрүн жөн эле "черныймын" деп койгон адамдар кылмышкер катары табылып, 5-10 жылга эркинен ажыратылмакчы. Ай таң, амалдуу кримбектер анын деле айласын таап, "черныйын" "зеленный" же "беззаконный" деп атап алышпаса эле болду...




кыргыз тилиндеги гезит "Лозунг"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/11/0302_4.htm on line 46

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/11/0302_4.htm on line 46

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/11/0302_4.htm on line 46


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/11/0302_4.htm on line 46

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/11/0302_4.htm on line 46

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/11/0302_4.htm on line 46


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/11/0302_4.htm on line 46

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/11/0302_4.htm on line 46

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/11/0302_4.htm on line 46