"Дордой" базарынын директору бүгүнкүнүн манабыбы?..
Учурда "Дордой" базарында сатуучулар арасында араздашуу абдан эле курчуп турган учуру экен. Болгондо да улут аралык. Акчасынын жоктугунан базар жетекчилиги тарабынан кемсинтүүгө дуушар болушкан кыргыз сатуучулар: "жакында дунган-кыргыз, өзбек-кыргыз болуп уруш чыгып кетиши да мүмкүн. Өз жерибизде корбуз. Акчасына таянган башка улуттун соодагерлеринин басынтканы бир тең, акчага көзү кызарган биздин жетекчилердин опулдашы бир тең болуп ичибизден кан өтүп, ызага буулугуп араң турабыз" дешкен . "Дордой" базарынын борбордук өтмөгүнүн кире беришинде нан, самсы, пирожки саткан Атабекова Бурулкан, 2-топтогу майып Айдай Кемелова , Нургүл Акеева, Гүлбүбү Додоева аттуу эжелер "Лозунг" газетасынын редакциясына , базардагы ордун базар жетекчилиги дунгандарга тартып алып берип аткандыгы тууралуу арызданып кайрылышты. Анда сөз башынан болсун. Окуянын чоо-жайын билүү максатында "Дордойдогу" айтылган дарекке бардым. Бизди чакырган эжелер менен жолугуп арызын уккучакты, заматта сатуучулар мени тегеректеп алышып, биринен сала бири арызын айтып киришти.


Пулуң болсо, кулуңмун
Бурулкан АТАБЕКОВА, сатуучу:
- Эже, эмне себептен сиздердин соода орундарыңыздарды дунгандарга тартып берип коюшту?
- Билбейм, эмне үчүн? Мурда ошол орунга бизди кичине жылдыргыла десек, ал жак жол деп чоңойтпой койгон. Анан эми, мейли ушу боюнча тура берели дегенбиз. Мына эми эч кандай жол дебей эле төрт кишини кысып, эки кишилик орунга отургузуп туруп, дунганга алып берип койду. Азыр үчөөбүз эле калдык, жаныбыздагы жаш келин: "апалар, силерден талашпайын" деп уятынан базардан кетти. Кредит да алганбыз. Кредитибизди бир жарым айдан бери төлөй албай атабыз. Бирдеме десең эле "дунганга унчукпагыла, унчуксаңар силердин ордуңарды тартып берип коёбуз",- дейт. Биз ушул жерде иштеп атканыбызга жыйырма жыл болду. Эки кишилик деген менен, бир кишилик орунда үч адам иштейбиз. Бул дунгандын он эки точкасы бар болчу. Бизге бир точка ыраа көрбөстөн, буга дагы эки точканы беришти.

Айдай КЕМЕЛОВА, сатуучу:
- Мен майыпмын эки-үч жыл мурун ушул жерде коляска менен нан саттырбай коюшкан "высоковольттон ток уруп өлөсүң" деп. Бул дунгандарга ток-мок дебей эле ушул жерге коюп коюшту. "Дордойдун" башчысы Аманбай Кайыповго телефон чалсак "билбейм, мен чечпейм. Менин үстүмдөн карашат"дейт. Бул дунган аял самсысына кристалл кошуп жасайт. Ушул эле орунга убагында нан саткан беш аялга орун бербей, текшерүүчүлөр келип токоч менен башка чаап сабашкан. Ошондон кийин, мушташып, талашып участковойго чейин барып атып, "Евразиянын" маңдайынан уруксат алып, нанымды сатып эптеп оокат кылып атам. "Бул жерге турганга болбойт, ток тартат"- деп коюп, дунгандарды тургузуп, үч фазалуу ток тартып келип беришип, алар тамагын павильондун ичинде жасап сатып атышат. Жаңы эле дунган аялдан бир кыргыз кыз самсы алган, ичинен картон чыгып,кайра алып келсе мойнуна албай койду. Тигил эч ыңгайы жок, үстү ачык жерде үшүп кыргыз эже канча жылдан бери самсы сатып иштеп жүрөт. Аманбай өңдүүлөр колунан келсе ушул жерде эптеп оокатын кылып жүргөн жакыр кыргыз аялдарды деле канатына калкалап койсо, дунгандар берген акчаны алар деле төлөп беришмек.

Нургүл АКЕЕВА сатуучу:
- Мэриядан киши келип, дунгандардын ордун "кооптуу жай, мыйзамдын негизинде бул жерге турганга болбойт, үч күндүн ичинде алгыла" деп кагаз чапташкан. Алардын отпечаткасын алып туруп эле кайра ачып алышты. Мэриянын мыйзамы үч күндүк элеби?

Гүлбүбү БҮЧКЕЕВА, сатуучу:
- Мен жол жакты карап соода кылчумун. Менин маңдайыма дунганды коюшту да мени кыпчып, ордумду алып ыйлатып туруп, кичине жерге тыгып коюшту. Жалгыз бой аялмын, беш балам бар. Үч-төрт жолу администрацияга орун сурап ыйлап кирдим. Жанымдагы жыйырма жылдан бери чогуу соода кылган, өздөрү тыгылып араң турган кошуналарымдын жерин тартып берем деди. "Андан көрө бул дунганды кичине жылдырып бер, мени аябай эле тыгып салды" десем. "Бар кете бер, сага ошол жер болот" деп мага такыр кулак какпай койду. "Ордумду алып бергиле, соодам өтпөй калды" деп Аманбайга да, Ыйманбайга да кирдим эч натыйжа чыкпады.
- Ушул кичинекей орунга канча төлөйсүз?
-Ушул 60см. орунга күнүнө 35 сом төлөйм. Мына мен кредит, финка алгам экөөнү тең төлөй албай кыйналып атам.

Бурулкан АТАБЕКОВА, сатуучу:
- Карапайым эл өз мекенибизде абдан кор болдук. Эл бөлүнбөйт, элди чоңдор бөлүп -жарат. Мына акчага сатылган чоңдордун айынан өзбектер баш бербей көөп, акыры Ошто эмне болду? Сатуучулардын баарына бирдей шарт түзүп берсе болот эле да. Эмнеге тең карашпайт? Бирдемке болсо эле кеткиле, жоголгула, бул менчик базар дешет. Менчик базарга жооп барбы же жокпу?

Жалаңдаган жансакчылар
Аңгычакты эле "бизди саткан ордубуздан сүрөткө тартып койчу, ишенишпесе көрүшсүн, кандай тыгылып отурганыбызды",-дегенинен тартайын деп атсам, "Дордой"базарынын "бөрк ал десе, баш алган" беш-алты коопсуздук кызматкери мени тегеректеп эле жулкулдатып, фотоаппаратымды талашып калышты. Жөн-жайымды айткычакты "бас, администрацияга!"- деп сүйрөй башташты. "Гезиттен келдим эле. Алгач элдин мүдөөсүн угуп, талабын түшүнүп алып, өзүм деле базар жетекчилигинин пикирин угайын деп аткам",- дедим.
Артыман сатуучу эжелер чуркап келишип, мени кучактап калышты да, эки тарап ортодо мени жулкулдатып талаша башташты. "Эмнеге жулкулдатып атасыңар?" - дегениме, "бул деген жеке менчик, кандай акың бар бул жакка келип сүрөткө тарткыдай?!" - деп киришти. Же колдорунда бул жер тыюу салынган объект экендиги тастыкталган расмий кагаз жок. Заматтын ортосунда бизди тегеректеген эл, арт жактан сатуучу эжелер: "Кыргыздар кандай эле бири-бирибизге чоңбуз. Жайында Түркиянын журналисттери келип, мына кыргыздардын жашоосу деп баарыбызды бутубуздан аягыбызга чейин тартып кетти эле. Анда бириң бирдемке дедиңби?! Кечээ бизди жолго турба деп кууп ыйлатчу элеңер, эми дунганды коюп койдуңар, ага бирдемке деп атасыңарбы?!"- деп кыйкырып атышты. Ошол убакта павильондогу дунган сатуучу аялдын жай гана бизди күлүп карап турганы, бир чети кыргыздар өзүбүздү - өзүбүз сыйлай албай, абдан уят болуп тургандай намыстандырды. Ошентип, администрацияга алып бараарын алып барышып, директору жок бир топко күттүрүп, анан эртең кел деп ар кай шылтоону айтып, кайра жолго салганга шашышты.

Нурайым РЫСМАМБЕТОВА