Шайырбек АБДРАХМАНОВ, "Элтр" телерадио- корпорациясынын жетекчиси:
- Кирип келген 8-март- Айымдардын эл аралык күнүндө өмүрлүк жарым Акакты майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Жубайыма Кудайдан бардык жакшылыктарды тилейм. Жараткан сүйүктүү пенделерине берчү жакшылыктардан, ырыскыдан куру койбой, жакшы жашоодон кем кылбасын. Эки дүйнө бактылуу болуп, чың ден-соолукта узак өмүр сүрүшүңдү каалайм! Менин жана балдарымдын бактысына сүйүктүү жар, мээримдүү эне болуп эсен жүр. Сендей адамга тагдырымды буйруган өмүрүмө миң мертебе ыраазымын!


Темир САРИЕВ, "Акшумкар" партиясынын лидери:
- Күлүйпа эже!
8-март жалпы аялзатынын майрамы болгону менен, ушул күндө атайы куттуктоого арзыган апа-эжелерибиздин саналуу тобунда, сиз алдыңкылардын катарындасыз! Кыргыз маданиятынын жана башка маанилүү чөйрөлөрүнүн өсүшүнө, сиздей салымын кошкон ишмерлер - биздин коомубуздун накта асыл фондусун түзүшөт. Сиздин күжүрмөн эмгегиңиз нечен жолу Өкмөт менен эл тарабынан татыктуу түрдө белгиленсе да, бүт көрсөтүлгөн урмат-сыйлар аздык кылат. Анткени, сиз Кыргызстандын искусствосунун өркүндөшүнө, мамлекетибиздин бекемделишине жумшаган жеке үлүшүңүз баа жеткис! Кандай гана жооптуу жерлерде иштебеңиз, өз элине чындап күйүп кызмат кылыштын үлгүсүн көрсөтүп жүрдүңүз. Сиздин кесиптик жана руханий мурасыңыз ар убакытта биздин өлкөбүздүн түгөнбөгөн байлыгы болуп кала берет. Майрамыңыз менен, сүйүктүү эжебиз!


"Жаңы Кыргызстан маданияты" газетасынын баш редактору Нуралы КАПАРОВ небере кызы Айдай Капарованы куттуктайт:
- Айдайка, март майрамың менен куттуктайм, кызым, алтыным!
Сага дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм! Сен акыл -эстүү, жакшы кыз болуп чоңой. Мен сени түшүнөм, кызым. Папаң менен мамаңдын ажырашып кеткени сага да, мага да кыйын болду Айдайка. Мен сени сагындым, кызым. Сен чоңойгондо баары бир менин колума келесиң деген бекем ишеничтемин. Майрамды жакшы өткөр, бизди унутпа!
Бек кучактап, бетиңен өөп атаң Нуралы.

Рыспай ИСАКОВ, манасчы:
- Аялзаты, амансыңбы жалпыңар,
Аманат бар өзүңөргө айтылаар.
Кубандырып кирип келген алдыда,
Куттуу болсун сегизинчи мартыңар!
Жалпы аялзатын, энелерди, эже-карындаштарды,жеңелерди 8-март майрамы менен куттуктайм!
Ошолордун ичинде алган жарым Гүлкайырды да өзүнчө куттуктап, мага чыдап жүргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирем.

Көз карандысыз эксперт, Кусейин ИСАЕВ окуучусу Эркайым Жоробекованы куттуктайт:
- Окуучу кыздарымдын арасынан алгачкылардан болуп илимдин профессорлук даражасына талбас эмгеги менен жеткен , учурда Ош шаарындагы "Социалдык институттун " профессору, Эркайым Жоробекованы 8-март- Айымдардын эларалык күнү менен чын дилимден куттуктайм! Бул кыз абдан эмгекчил, билимге өмүрүн арнаган кыз. Эркайым окуучумдун иштерине ийгилик, дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды, үй-бүлөсүнө тынччылык, өзүнө чың ден-соолук каалайм! Дагы да элиң үчүн жасай турган иштериң алдыда, билимге арнаган өмүрүңдөн баар таап, бактылуу бол!


Балбай АЛАГУШЕВ, КРга эмгек сиңирген ишмер, кыргыздын тунгуч музыка таануучусу, ардактуу профессор:
- Улуу урматтуу аялзат, неберелер, чөбүрөлөр, кут болсун кутмандуу Эларалык 8-март майрамыңыздар!
Ардактуу көзүмдүн кареги, жан дүйнөмдүн азыгы Аделя!
Бал тилдүү, айдай жаркыраган, күндөй күлүңдөгөн, нур жүздүү "Аташка", "апашка"- деп, эркелетип сүйлөгөн сөздөрү менен жүрөгүмдү элжирете эзген, кыял-жоруктары менен өмүрүмө-өмүр кошкон, өйдө чыксам өбөк, ылдый түшсөм жөлөк болгон, карар кашым, көрөр көзүм, көкүрөк күчүк неберем, булбулум Аделя!
Бүгүнкү жадыраган жазды ала келген кутмандуу 8-март майрамың менен алтыным Аделя!

Эрмек НУРБАЕВ, "Тамашоунун" алып баруучусу:
- Кесиптешим Нурзат Токтосунованы айымдардын эларалык улуу күнү менен куттуктайм! Нурзат - абдан оптимист, патриот , мыкты айымдардын бири. Кесиптешиме амандыкты каалайм! Ар дайым бир бололу, достугубуз өчпөсүн. Алдыда дагы да бирге жасай турган иштерибиз ишке ашып, келечекте ийгиликтин эстафетасын колдон түшүрбөй элиңе эмгегиңди арнай бер. Ар жыл сайын жадырап кирип келчү жазгы майрамың сага сулуулукту, жаштыкты алып келе берсин. Ойлогон ойлоруң ишке ашып, мындан аркы өмүрүңдө дайым бакыттын шооласы жанып турсун, кесиптешим!


Бегалы НАРГОЗУЕВ, "Содружество" партиясынын лидерлеринин бири:
- Кызым Дайана, сени 8-март, жадыраган жаз майрамың менен куттуктайм!
Жашың он экиден он үчкө карап, сени да кыргыз кыздарынын катарында 8-март майрамың менен куттуктап жатканыма мен өзүм да толкундап турам. Ата үчүн кыз дайыма бөбөктөй, көчөттөй кала берет. Эми алыста жүрөсүң, сапарың Айчүрөктөй жолдуу болуп, Каныкей энеңдей акыл жыйнап, Курманжан апаңдай асыл нарк топтоп, Кыргызстаныңа айдан аман, жылдан эсен болуп кайтып кел. Өмүрүң узун болсун, башыңа өнөр менен билимдин багы консун! Бактылуу бол, багың жансын, таттуу кыз бол, балың тамсын. Сага Жараткан талдай бой берсин, шамдай ой берсин, жаздай жыпар берсин!