Текебаевдин максаты өкмөттү отставка кетирүүбү?
4-март күнү 1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов журналисттерди маалымат жыйынына чогултуп, Өмүрбек Текебаевдин Парламентте "Манас" май куюучу комплексине байланыштуу өзүнүн дарегине айткан сын-пикирге жообун берди.

"Биринчиден, белгилеп айта кетчү нерсе, мен Өмүрбек Чиркешовичти Кыргыз Республи-касына парламенттик башкарууну негиздеген инсан катары урматтап, сыйлайм.
Бирок, бүгүнкү жана кечээ күнкү менин дарегиме жасаган мамилесине, түшүнүксүз акыбалда калдым.
Биринчиден, мен ишкер болгондугум үчүн кызматтан кетишимди талап кылды.
Келгиле, анда чындыкка тике карайлы! Коалиция жаңыдан түзүлүп баштаган кезде, мен ишкерликтен чыкканымды билип туруп, вице-премьер-министрликке кандидатурамды Өмүрбек Чиркешович өзү көрсөткөн. Бул чындыкты тактоо үчүн коалиция жаңыдан түзүлүп баштаган кезде өзү кол койгон документтер бар. Өзү кол койгон документтерге өзү каршы чыгып жаткандыгы мага түшүнүксүз.
Экинчиден, менин жетекчилигимде турган "Республика" партиясы, парламенттик шайлоодо башка партиялар сыяктуу эле, таза жеңишке жетишип, Конституциялык мыйзам боюнча Өкмөт түзүүгө мүмкүнчүлүк алды. Мындан тышкары, партия дипломатиялык жол менен өлкөнү саясый кризистен чыгарды.
Үчүнчүдөн, Убактылуу өкмөт бийликке келгенде "Манас" май куюучу комплекси менен Мамлекеттик мүлк министрлигин "Ата-Мекен" партиясы жетектеп турган. Чындыкты бетке айтуу керек. "Ата-Мекен" партиясы, "Манас" транзиттик жүк ташуу борборун жетектеп турганда, коррупциянын эски схемасы менен иштеп жаткан. Мүмкүн кээ бир адамдардын коррупциялык ишине тоскоолдук кылып жаткан чыгарбыз. Бирок, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кээ бир адамдарды кызматынан алып, "Манас" май куюучу комплексин реформалап, таза, ачык-айкын иш алып баруу системасын орноттук. Мен "Манас" май куюучу комплексин текшерип чыгуу үчүн кечээ 3-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн депутаттык комиссияны колдойм. Ал депутаттык комиссия учурдагы акыбалын эле эмес, ушул кезге чейин болуп келген коррупциялык схеманы коом алдына алып чыгуу керек.
Сөз соңунда парламенттик оппозиция чындыкка тике карап, Мамлекетибизди коррупциялык схемалардан тазалоо үчүн бирдиктүү иш алып барууга чакырабыз. Эгерде Сиздерде экономикалык-чарбалык иштерден шектенүүлөр болсо, анда ошол фактыларды көрсөтүп, биз менен бирге иш алып барыңыздар".
Андан ары вице-премьер Өмүрбек Текебаевдин "чабуулун" түп-тамырынан бери коалицияны бузуу максатында кабылдаарын белгиледи. Өмүрбек Бабанов "Текебаев бирөөгө сын айткандан мурда өзүнүн коррупцияга байланышкан партиялаштарын тескеп алуусун" өтүндү. Сөзүнө далил катары, "Манас" аэропортунун мурунку директору, "Ата-Мекен" партиясынын өкүлү жана андагы депутат Эркин Алымбековдун жээни Болот Абдырахмановдун коррупциялык схемалар менен иштеп жүргөнүн айтты.




Алым сабак
Өткөн жуманын бейшемби күндөгү парламенттин жыйыны, чү деген жерден эле чуулдак менен башталды. Анткени, 1-мартта фракциялык жыйында "Атамекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өлкөнүн биринчи вице-премьери Өмүрбек Бабановдун ишмердигин сындап, аны командасы менен кошо кызматтан кетсин деген талап койгон болчу. Адегенде эле сөз алган "Республика" фракциясынан Нурбек Алымбеков Текебаевдин Учкун Ташбаев тууралуу айткан сындары туура эместигин билдирип, "Учкун Ташбаевдин күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот гана айта алат. Азыр өлкөнүн өнүгүүсү үчүн тескерсинче ага окшогон жаш, мыкты кадрларды колдошубуз керек. Ал өзүнүн ишин мыкты билген жаш адис",-деп кошумчалады. Анын соңунан "Республика" фракциясынын башчысы Канатбек Исаев эл аралык "Манас" аэропортунун мурдагы башчысы, "Атамекен" партиясынын депутаты Эркин Алымбековдун тууганы Болот Абдрахманов кызматынан пайдаланып миллиондорду уурдаганын айтып өттү. Ошондой эле депутат Өмүрбек Текебаевдин дарегине сын айтып, "Атамекен" фракциясынын лидери баасы 150 миң доллар турган брон унаа менен жүргөнүн кыйытты. "Эгер силер Бабанов тууралуу айтсаңар,ал сөз бүтүн партияга тийип жатат. Азыр болсо эң башкысы мамлекеттин келечеги, анын стабилдүүлүгү. А силердин лидер өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлойт. Ал керек болсо коалицияга кирген эмес, анткени, спикерликтен башканы эңсеген эмес. Өкмөттүн иштегенине 2 ай болду, азыр сындагандын ордуна биригүү керек",-деди эл өкүлү. Анын партиялашы Кенжебек Бокоев "Атамекен" фракциясы коомчулукка ар кандай сөздөрдү таратып, "коалицияда биримдик жок, ал тарайт" деп жатышканын, эл болсо буларды тыйып коюуну суранып жатканын кошумчалады.
Аларга жооп кылган спикердин орун басары, "соцдемчи" Асылбек Шарипов бул маселелер фракция жетекчилеринин деңгээлинде чечилиши керектигин айтып, "Биз парламенттин жетекчилиги катары, сиздерге атайын жолугушуу уюштуруп берүүгө даярбыз",-деди ал. Айтор, шайлоодо жеңилүү ызасын тарткан "Атамекен" фракциясы кесиптештерине сын айтуу жагынан биринчиликти бере элек!

Мамбюджетке макулбуз!
2-марттагы жыйында күн тартибине ылайык, "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга бюджети жана 2012-2013-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзам кабыл алынды. Албетте, беш колдун башы менен санай алгыс сандан турган бир жылдык казынаны кабыл алуу оңойго турган жок. Туура бир айга созулган тактоолор менен чаптоолордон кийин жактырылган мыйзамдын бекишине Өкмөт башы Алмаз Шаршенович баш болгон министрлер каз катар чогулуп отурушту. Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган Бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Акылбек Жапаровго да, Өкмөт башы Алмазбек Атамбаевге да эл өкүлдөрүнөн суроолор арты-артынан жаап турду.
Татыктуу жооптордон кийин мыйзам долбоору үчүнчү окууда ар бир статьялар боюнча каралып, Акылбек Жапаров жаңы бюджеттин негизги көрсөткүчтөрүн жарыя кылды. Ошентип, бюджеттин киреше бөлүгү 68 млрд., 840 млн. сомду, чыгаша бөлүгү 90 млрд., 97 млн. сомду түзөт. Бюджет каражатынын тартыштыгы - 21 257 381,7 миң сом. Анын 5 853 329,6 миң сомун ички булактар аркылуу, 15 404 052,1 миң сомун тышкы булактар аркылуу толтуруу жагы каралган.
Ал эми 2012-жылга карата бюджеттин киреше бөлүгү 62 млрд. сом, чыгаша бөлүгү 86 млрд. сом өлчөмүндө каралып, каржы таңсыктыгы 24 млрд., 171 млн. сом көлөмүндө болжолдонууда.
Талкуу жүрүшүндө депутаттар мурдагы окуу маалында берилген айрым сунуштар камтылбай калгандыгын айтышты. Мисалы, Марат Султанов Ош шаарынын бюджетин көбөйтүү сунушу көңүлгө алынбай калгандыгын белгиледи. Анткени, Оштун быйылкы бюджетинин көлөмү былтыркыга салыштырмалуу азайып калган. Буга премьер-министр тиешелүү чаралар көрүлө тургандыгын билдирди. Ошону менен бул маанилүү документ бир добуштан жактырылып, Өкмөт мүчөлөрүн "өх" дедирди.

10 сомго курсак тоёбу?
Ошол күнкү жыйында "атамекенчи" Алишер Сабиров баягы Бакиев ар убак бетине кармаган "башталгыч класстын окуучуларынын ысык тамагын" дагы бир жолу эске салды. "Бүгүнкү күндө 1-класстан 4-класска чейинки окуучуларга ысык тамак берүүдө мамлекет тарабынан 1 балага 10 сом өлчөмүндө каралыптыр. Ушул эми туурабы? 10 ссомго бүгүн эмне тамак келет?"-деп суроону кабыргага койгон эл өкүлү, жок дегенде мектептеги балдар үчүн 10 сомду 15 сомго, бала бакчалардагы наристелерге делген 18 сомду 30 сомго көтөрүү керектигин кошумчалады. Чындап келсе, анын күйгөнүнүн чындыгы бар. Ушу тапта сүттүн да, ундун да баасы өргө таяп, тамак-аштын куну учуп турганда 10 сомдук тамак менен окуучуларды алдагыча, жөн эле койгон оң эмеспи. "Ким жакшы окуса, үйүнө эрте барып чай ичет" деп...

Чегирткелер деле миллиондорду жейт!
Парламентте ушундай кичинекей бирок, таң калычтуу кабарды "Республика" фракциясынан Канат Исаев айтып чыкты. Эл өкүлүнүн айтымында, жыл сайын айыл чарба секторунун ичинен түшүм эгилген жерлерди химизациялоого мамбюджеттен 20 миллион сом каражат бөлүнөт экен. Бирок, бул акча ортодогу эле шылуундардын чөнтөгүнө шыр барып түшүүдө. "Мен талаа жумуштарын жакшы билем, өзүмдүн талаачылык чарбам бар. Бирок, мен акыркы жылдары дегеле талаага чыгып, химизация жасап жаткан техниканы жолуктура элекмин. Мага өткөндө бир таанышым айтты, көрсө Айыл чарба министрлиги менен ушул сугат жерлерге химикаттарды чачуу боюнча ишканалар сүйлөшүп алып, мамлекеттен миллиондорду алышат экен да, курулай отчет түзүп берип коюшат экен. Мен быйылкы бюджеттеги каралып жаткан 20 миллионду кыскартууну сунуштайм",- деди ал.

Парламен- таризмди колдош керек!
4-марттагы парламенттин жыйынында каржы комитетинин башчысы Акылбек Жапаров "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" "Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору" деген аты укуруктай узун мыйзамды жактап чыгып, кесиптештерине колдоп коюу өтүнүчүн айтты. Мында маселенин ток этер жери мамлекеттик бюджеттин аткарылышына ЖКнын оппозициялык фракциялары ээлик кылган каржы комитети көзөмөлдүк кылышы керек экен. Муну уккан КСДПчы депутаттардын айрымдары чычалап "Сиз өзүңүздүн укгуңузду чоңойтуунун камын көрүп жатасыз, ансыз деле парламенттик башкаруу болгондон кийин мунун эмне кереги бар?" сыяктуу сөздөрдү чуулдап калышты. Аларга кабак-кашым дебеген Акылбек мырза "Бул жерде менин жеке максатым жок, керек болсо мени Атамбаев Каржы министри болуп иштеп бер деп жатат, балким мен эртең чечим кабыл алып кетсем, бул жерге башка бирөөңөр келесиңер",-деп чоң жаңылыктын четин кылтыйтты. Ошол эле маалда ал парламенттик башкарууну киргизген Өмүрбек Текебаевге ырахматын айтып, "канча жылдан бери оппозиция жана парламент бийликтин ишин көзөмөлгө ала албай келген эле. Ошонун айынан бийлик көөп, өз билгенин кылган. Аягы келип 2 президент качып кетти. Мына азыркы парламентаризмди колдош керек",-деп бакылдап жиберди. Кызык, партиялашы Кулов президенттик башкарууну колдоп жүрсө, мунусу минтет?! Байкашыбызча, өткөн жылдагы 6-апрель Акылбек мырзанын дүйнө таанымын 90 пайызга өзгөрткөн окшойт. Болбосо ошол качкан президенттер менен өзү деле колтукташып жүрбөдү беле???
Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ